Агым", 18.03.16 Акундун форумунда оппозиция оптом Ошко аттанды
16-мартта экс-акыйкатчы Турсунбек Акун бийлик менен оппозицияны жолуктуруп, диалог өткөрүү үчүн Гапар Айтиев атындагы Тарых музейине атайын форум уюштурган болчу. Бирок атайын чакыруу жиберилгенине карабастан ал форумга оппозиция катышпады. Бийликтен таасирдүү өкүлдөрү да келбеди. Ал турсун ММК каражаттары да аз катышты. Көрсө оппозициянын анабашыларынын баары 24-мартта Ош шаарында өтүүчү курултайга даярданып, кээ бирлери ошол тарапка жөнөп жатканы айтылды. Ошого карабастан форумга коомчулуктун бардык катмарынан өкүлдөр келип, Тарых музейинин залы элге толуп, учурдагы көйгөйлүү маселелер айтылды.

Биз форумду уюштурган Турсунбек Акунга төмөнкү суроолор менен кайрылдык:
- Турсунбек мырза сиз уюштурган форумга оппозиция өкүлдөрү келбептир. Эгер келишсе кайсы маселелерди ортого салмаксыз?
- Тилекке каршы бийлик да, оппозиция да өткөндөн сабак албай жатат. Келишпесе коюшсун бир күн ушундай жолугушууга зар болушат. Бул кыргыз саясатында турмуш сыноосунан далай өткөн. Биз президентти жаман деп айтпайбыз. Бирок эсине келсин. Себеби бак тигип атып да оппозициянын көрүн казат, башка жерге барып да оппозицияны жамандайт. Мамлекет башчысы болгондон кийин кичине ойлонуш керек. Элге түшүнбөөчүлүктү жараткан бир топ окуялар болуп кетти. Мен Акматбек Келдибековду камап жатканда да "камабагыла, камасаңар баарын камагыла, азыр силер байлыгын санап эле коррупционер деп камап жатасыңар. "Коррупционер" деп бир гана сот аныктама берет" деп айткам. Аягында Келдибековду сот коррупционер деп тапкан жок. Бирок ошол Келдибековдун айынан өлкө тынч болгон жок. Эчен күн алайлыктар жол тосушту. Канча жолу митинг өткөрүштү. Ушунун кереги бар беле? Камабаш керек болчу. Камаса баарын текши камасын. Андан кийин Камчыбек Ташиевди да "Камабагыла, болгону заборду аша албай калыптыр" деп айткам. Киийн артынан эл чыкты. Акыры Акматты да, Камчыны да бошотту. Ал эми артынан эл чыкпаган Нариман Түлеевди бошоткон жок. Мына эми Ташиев оппозицияга кошулуп курултай өткөргөнү жүрөт. Бирок бийлик эмне үчүн КСДПдан эч кимди камабайт. Аларга бир да кылмыш иши козголбойт. Мына ушундай нерселер эл арасында абдан нааразылыктарды жаратып жатат. Болбосо КСДП фракциясынын депутаттарынын артында не деген гана сөздөр жок. Канчалаган заводдорду, башкаларды сатып алып жатышат. Эмне үчүн аларга кылмыш иши козголбойт.
- Коомчулукта президенттин айланасындагы кишилерге нааразылыктар көп айтылууда?
- Алыска барбайлы, мына жакында эле Бишкек шаарынын мэри шайланды. Ал Атамбаевдин айланасындагы киши болчу. Ал "коррупция" деген сөздү жазалбаса, "демократия" деген сөздү жазалбаса кандайча мэр болуп иштейт. Эмне үчүн жазалбады десе компьютер мени алдады дейт. Эмне, жаңы мэр сабатсыз болсо компьютер күнөөлүү бекен? Бул абдан эле уят да. Андан мурдагы Кубанычбек Кулматов деген немеси Бишкек шаарын мусор шаарга айлантып кетти. Ошондон кийин эле күчтүү, колунан иш келген бир киши койсо болот эле да. Мурда Ош обкому менен Бишкек шаар башчысы келечектеги биринчи катчы болушкан. Анан шаар башчылыгына ушундай кишилерди алып келсе муну кандайча түшүнсө болот. Экинчи класстын деңгээлиндеги билими барлар мэр болушууда. Мына ушундай кадамдар менен президент өзүнүн ооматын кетирип жатат.
- Сиз бийликке эмне сунуштайт элеңиз?
- Азыр деле кеч эмес. Али убакыт бар. Бийлик эсине келип элдер менен сүйлөшсүн. Мен азыркы айткандарымды КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековго да, Өмүрбек Текебаевге да айттым. Ак үйдөгүлөргө да айттым. Укпаса дагы айтабыз. Ал эми такыр укпаса түбөлүк айта беребизби? Ар бир нерсенин чеги болот. Азыр булар чектен өтүп бара жатат. Азыр булар Кыргызстанды тияка чайкап, бияка чайкап алты миллион элди эксперимент кылып ойноп жатышат. Эл деген эл. Эл менен ойногон эч качан жакшылыкка алып келбейт.

Арстанбек САГЫНДЫКОВ, "Мекен шейиттери" коомдук уюмунун теңтөрагасы:
"6 жыл бүтпөгөн апрель соту"
- Мен Апрель окуясынын жабырлануучусумун. Ал күнү менин балам да каза болду. Өзүңөр билгендей 7-апрель соту ушул мезгилге чейин бүтпөй келет. Баштапкы сот маселени төрт жыл карады. Бирок биз ал өкүмдү да адилет деп эсептебейбиз. Кийинки сот маселени эки жылдан бери карап келет. Ошентип апрель соту алты жылдан бери бүтпөй койду. Ал эми гитлердик кылмышкерлерди соттогон Нюрнберг процесси болгону төрт айга созулган. Биз эми өкүм акыйкат чыгат деп ишенбейбиз. Себеби биздеги соттордун кандай иштегени баарына маалым. Апрель соту сот эмес эле спектакль болуп жатат. Себеби 7-апрелге жакын эле жанданып калат. Сыягы 7-апрелге чейин да бүтпөйт. Эми эмне болсо да көрөбүз. Азыр бул соттун артынан каза болгон балдардын ата-энелери эле жүрөбүз. Башка элдин иши да жок. Эгер ошол 87 бала каза болбосо азыркы бийликке келгендер креслого олтурмак эмес. Бакиевдер качып кетүүнүн ордуна эртеси баарын камап салмак. Ушуну бир ойлоп коюшса болмок. Буга деле макул дейли. Революция болуп, ошончо бала каза болгондон кийин экономика дүркүрөп өсүп кетсе болот эле. Мына мен өмүр бою бизнесте иштеп далай салыктарды катып келгем. Эгер салыкты эле талаптагыдай чогултса бюджетибиз эч качан тартыш болмок эмес. Мисалы, учурда бир миллион деколитр арак дагы деле көмүскөдө жүрөт. Ошондуктан кайдагы оңолууну айтасыңар. Оңолуу үчүн президенттин жанындагы көзүн май баскан төрт-беш киши ал жерден кетмейинче оңолбойбуз.

Дөөлөтбек Шадыбеков, Кыргыз Республикасынын Аксакалдар кеңешинин төрагасы:
"Бийлик элди угушу керек"
- Сиз Аксакалдар кеңешинин төрагасы катары учурда бийлик менен оппозицияга эмне деп айтар элеңиз?
- Бүгүнкү форумга укук коргоочулар, оппозиция, бийлик катышат деп, бирок оппозиция келбеди. Бийлик алмашкан менен эч нерсе өзгөрбөйт. Баарын сүйлөшүү жолу менен чечүү керек. Мына нарындыктар талаптарын айтып, нааразылык билдиришти эле ал оң жагына чечилди. Азыркы кеп бийликти кетирүү эмес, башкы маселе элди угуп, элдин көйгөйлүү маселесин чечүү. Бизде эмне болуп жатат? Иштеген ишибиз - капиталисттик, башкаруу түзүмүбүз - советтик болуп жатат. Акчанын баары эле ар кыл мамлекеттик кызматты кармоого кетип жатат. Мына орус-кыргыз өнүктүрүү фондун алалы. Бир жылдан бери иштебей турду. Бирок жетекчисинин алган айлыгы айына 11 миң доллар, калгандары 7-миңден тогуз миң долларга чейин экен. Кыргызстан кыйналып жатканда ушундай да болобу? Президент чет мамлекеттерден акча таап, алгылыктуу аракеттерди жасап жатат. Бирок кадрлардын чабалдыгынан көп иштер жасалбай жатат. Ошондуктан эл арасында кадр маселеси көптөгөн нааразылыктарды жаратууда. Менин айтаарым азыр бийлик элди толкутпай алардын талабын угуп, анын ичинде оппозициянын да талаптарына көңүл бөлүп, камыр-жумур иш жасабасак жакшылык жаралбайт. Эң башкысы ынтымак болбосок Ооганстандагы, Украинадагы иштер бизде да болуп кетпейт деп эч ким кепилдик бере албайт. Өлкөнүн бүтүндүгүн ойлойлу. Жалпы кыргыздын ата-бабаларынын сөөгү коюлган жер Арстанбап болгон экен. 2014-жылы ошол жерге бүткүл Кыргызстандын аксакалдарын чогултуп куран окутуп, ар ким өз ойлорун, өлкөнүн келечеги тууралуу сөз сүйлөдүк.Ошондо Александр Македонский бир канча төөгө жаңгакты жүктөп алып Грецияга алып кетип, илимде грек жаңгагы болуп аталып кеткен экен. Биз ошол жерде жалпы Кыргызстандын тоо-токойлорун жаңгак токоюна айландыруу үчүн, Кыргызстанды жаңгак мекенине айландыруу үчүн катты президентке, өкмөткө, парламентке жаздык. Ошентип отуруп Улуттук токой программасына 2026-жылга чейин киргиздик. Эми жаңгак данегинен эле көбөйө турган нерсе. Андан ары ал табигый жол аркылуу да көбөйөт. Ошондуктан жолдун четтерине, көчө четтерине, токойлорго, бош жаткан адырларга тигип чыксак, келечекте бей-бечаралар ошону терип 5-10 каптан чогултуп оокат кылса болот. Учурда килосу 400 сом, данеги 800 сом. Экономиканы оңоо үчүн аракет кылса эле болот. Азыр Таласта ар бир киши терек сайып, жетилгенде 405 миңден сатып жатат. Кээ бири 17 гектарга чейин эккен. Үй эмеректерин ошол теректен жасаса да болот. Ансыз деле чайыры жок кара мебелдерди эл колдонуп жатпайбы. Дүйнөдө суудан кымбат нерсе жок. Сууну сатып оокат кылса деле болот. Ушундай нерселерди жасабай биздин бийлик жалаң алтынга басым жасап калды. Дагы бир кемчилдик Жогорку Кеңеш депутаттары бүт акча менен келди. Мындай жол жарабайт да. Ошондуктан эч нерсе чече албай олтурушат. Эң башкысы бийлик элди угуш керек.

Тыналиева Гүласат, Ички иштер министрлигинин ардагери:
"Адам укуктары кадам сайын бузулуп жатат"
- Сиз учурда турмушта болуп жаткан кайсы маселелер менен макул эмессиз?
-Мен ИИМде 35 жылдан ашуун иштедим. Ошондуктан мени ойлондурганы көптөгөн жарандардын, пенсионерлердин, бей-бечара, жакыр жашаган адамдардын укугу көп бузулууда. Бирок мамлекет буларга жардам берип, акысыз кеңеш берүүнүн ордуна укук коргоо органдары көңүл бөлбөй жатат. Мен органда иштеген адам катары жакшы билем. Эгер жакыр жашаган кишилер мыйзам бузса алар мыйзамдын бардык катаал беренелери менен жазаланууда. Ал эми аткаминерлердин жакындары, миллиондорду жегендер жазаланмак түгүл, айыпталса соттон акталып кетүүдө. Бийлик баарына тегиз карабай жатат. Мына азыркы эле бийликтин тушунда Жети-Өгүз районунун Саруу айылынын ондон ашуун жаш жигиттери кыргыз элинин байлыгын коргойбуз деп абакта отурушат. Кээ бирлерине күнөөсү так коюлбай кесилип кеткен. Эми ошол жаш балдардын тагдыры эмне болот? Ал эми Сарыбаев Айбек деген баланын соту төрт жылдан бери боло элек. Эң негизгиси бизде теңсиздик азыркы бийликтин тушунда деле жоюлбады.

Келдибек НАЗИРОВ