Агым", 18.03.16 Эртеңки пенсияңды, бүгүн ойлон
Пенсия саясаты, жарандардын дөөлөттүү карылыгын камсыздоо - мамлекеттин социалдык саясатынын негизги багыттарынын бири. Ошондой эле пенсияны - кутмандуу карылыкта ар бир жарандын бүт өмүрлүк эмгегинин үзүрүн көрүү десек да болор. Андыктан жарандарды туруктуу жумуш орундары менен камсыздап, ошол эле учурда алардын бактылуу карылыгын пенсия менен камсыздоо да мамлекеттин социалдык саясатынын эң маанилүүсү. Бирок учурда Кыргызстанда жумушсуздук күч. Расмий статистикага кайрылсак 2016-жылдын январь айына алганда Кыргызстандын калкынын эмгекке жарамдуу бөлүгү 2 млн. 504,2 миңди түзөт. Ал эми мунун ичинен жумушсуздардын саны жалпысынан 201,5 миң адам же Кыргызстанда жумушсуздуктун көлөмү калктын эмгекке жарамдуу бөлүгүнүн 8 пайызын камтыйт.
Жумушсуздук социалдык өтө орчундуу көйгөй. Биринчиден, анын түбү келип пенсияга түздөн-түз таасирин тийгизет. Экинчиден, учурда Кыргызстанда иш берүүчүлөр (бизнес) жалданып иштөөчүлөр менен эмгек келишимин түзүүдөн көп учурларда жаа бою качышат. Себеби барып келип эле баягы көмүскө экономикага такалат. Төмөнкү интервьюдан көрүнгөндөй "бизнеске тоскоолдук жаратпоо саясатын көздөгөн" мамлекет Соцфонддун бул жааттагы текшерүү функцияларын кескин түрдө кыскартып салыптыр. Дегеле, эмгек келишимдерин көзөмөлдөө, талап кылуу мамлекеттин тиешелүү органдарынын функциясы, милдети болуш керек эле. (Мындай көрүнүштөр кадам сайын жолуга тургандыгы тууралуу гезиттин өткөн санында ("Жаңы Агым", 11/0316) "Кулча иштетип, акчасын төлөбөгөн ишканалар") аталган Ж.Нурманбетованын макаласында кеңири берилди).
Пенсия маселесине келсек жумушсуздуктун айынан чет өлкөлөргө чыгып кетишкен эмгек мигранттарыбыздын тагдыры да ойлонтбой койбойт. Мындан тышкары пенсия курагына келген жарандарыбыз кандай шарттарда пенсияга чыга ала тургандыктарын биле беришпейт же пенсиялык сабатсыздыктан арыла албай келебиз. Бул багытта айрым суроолорго жооп алуу максатында Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы Мухамметкалый Абулгазиевге кайрылдык:


- Мухамметкалый Дүйшекеевич, айтсаңыз, премьер-министр Т.Сариев 2017- жылы пенсиянын орточо көлөмү эки эсеге өсүш керек деди эле. Ага чейин бир эле жыл калды ишке ашчудайбы?
-Пенсиянын өсүшү бул бир нече объективдүү факторлордон көз каранды. Анын ичинде Социалдык фондго келип түшкөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жалпы суммасынан жана республикалык бюджеттен пенсияны төлөөгө каралган каражаттардын көлөмүнөн. Эгерде ушул эки көрсөткүч кескин түрдө эки эсе өссө, анда балким пенсиялар өлчөмүнүн дагы эки эсе көбөйүшүнө өбөлгө түзүлмөк. Бул үчүн албетте, жалпы мамлекетибиздин экономикалык абалынын кыйла жакшырышы, жаңы иш орундарынын пайда болушу, эмгек акынын өсүшү, көмүскө экономиканын денгээлинин төмөндөшү шарт. Бирок тилекке каршы аталган шарттардын бири дагы азыркы убакта аткарылышы кыйла кыйынчылыктарды туудурары ар бир жаранга эле айкын болуп жатса керек. Ошону менен 2017- жылдагы пенсия өлчөмүнүн өсүшү тууралуу айтуу азыр бир аз эртелик кылат. Ал эми 2016-жылга карата 1-октябрдан тартып пенсия жогорулатууга бюджеттен 850 млн. сомго жакын каражат каралган. Кандай механизм менен жана кандай деңгээлде пенсия жогорулайт деген маалымат Социалдык фонддун бюджетинин ушул жылдын 1-жарым жылдык аткарылуусунун жыйынтыгын алгандан кийин аныкталып, тагыраак маалымат берилет.
- Расмий маалыматтар боюнча Кыргызстандын 578 миң жараны же айтылып жүргөндөй 1,5 миллиондон ашык жараныбыз Россияда жүрөт. Алар кандай шарттарда пенсияга чыга алышат? Дегеле, чет жерде жашап жүргөн жарандарыбыздын пенсия менен камсыз болуу мүмкүнчүлүгү кандай чечилген?
- Туура суроо. Анткени биздин көптөгөн чет өлкөлөрдө жүргөн эмгек мигранттарыбыз пенсиялык куракка жеткенде пенсия албай калуу коркунучу сакталып келет. Буга чейинки КМШ мамлекеттеринин арасында колдонулуп келген 1992-жылдын 13-мартында кабыл алынган пенсиялык камсыздоо жаатындагы Макулдашуунун негизинде КМШга кирген мүчө-мамлекеттеринин жарандарынын пенсиялык камсыздоосу алар туруктуу жашаган аймактын мыйзамдары боюнча жүзөгө ашып келген.
Азыркы учурда, ЕАЭБге мүчө мамлекеттеринде пенсиялык камсыздоо үчүн "Пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө Келишим долбоорунун" негизинде иш жүргүзүлүп жатат. Келишимде эмгекчилердин пенсиясын "пропорционалдуулук" принциби боюнча экспорттоо каралган. Башкача айтканда, "пропорционалдуу" принцип дегенибиз бул ар бир мамлекет жарандарга өздөрүнүн аймагында ээ болгон стажга ылайык пенсия эсептеп төлөп берерин билдирет.
Мисалы: Эгерде, эмгекчи ЕАЭБге мүчө мамлекеттин аймагында жумушка орношуп камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөн болсо, камсыздандыруу учуру келгенде (пенсиялык курагына жеткенде, майыптык же болбосо багуусунан ажырагандыгы боюнча) ошол иштеген мамлекеттин мыйзамдарына ылайык камсыздандыруу пенсиясына жана пенсиянын топтоо бөлүгүн алууга талапкер болууга мүмкүн.
Ушул Келишим долбооруна ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн, анын ичинде Россия Федерациясынын аймагында эмгек келишими боюнча иштеп жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары кирет.
- Жаңылбасам быйылтан баштап өлкөгө эмгеги сиңген, наамы бар адамдарга жогорку пенсия чектөө алынып салынды окшойт. Мындай кадамга баруунун себептери кайсылар? Дегеле, Кыргызстанда эң жогорку өлчөмдөгү пенсиянын көлөмү канчалык?
- Ооба. 2015-жылдын июль айында персоналдык үстөк акыларды чегерүү жөнүндөгү мыйзам нормаларын жокко чыгаруу тууралуу жаңы мыйзам кабыл алынган. Ошол убактан тартып жаңы персоналдык пенсиялар чегерилбей калды, бирок буга чейинки чегерилген персоналдык үстөк акылар мыйзамга ылайык төлөнө берилет.
Мындай кадамга баруунун себеби акыркы учурда коомдук угууларда жана пенсионерлер менен жолугушууларда мындай чоң өлчөмдөгү үстөк акыларды белгилөөнүн туура эместиги жөнүндө көп айтылып, айрым категорияга пенсиялык артыкчылыктарды берүү жана сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсия алуучулар, судьялар менен майыптардын үстөк акыларындагы чоң диспропорциялар коомчулукта көптөгөн түшүнбөстүктөрдү жана нааразычылыктарды жаратып, аларды чектөөнүн адилетсиздиги белгиленип келген.
- Окурмандар пенсиялардын өлчөмү, чыгуу курагы, эмгек стажынын мааниси тууралуу көп сурашат. Айрыкча алыскы райондордон кайрылышкандар көп. Азыркы интернеттин кылымында пенсия маселеси тууралуу суроолорго өз учурунда толук маалымат берүү үчүн кандай аракеттер жүрүп жатат?
- Негизи бул өтө актуалдуу жана мааниси чоң суроолор. Анткени окурмандардын пенсиялык сабаттуулугунун жогорулашынан алардын келечектеги пенсиясына кошкон салымы түздөн түз көз каранды. Учурдагы пенсиялык системанын иштөө мыйзамдарына ылайык жарандардын пенсияларынын өлчөмдөрү алардын кошкон салымына жараша болот. Жөнөкөй айтканда, канчалык камсыздандыруу төгүмдөрүн көп төлөсө ошончолук пенсиясынын өлчөмү жогору болот. Пенсияга чыгуу боюнча жалпы курак өзгөрүлбөйт, учурдагы деңгээлде: эркектер 63 жашта, ал эми аялдар 58 жашта пенсияга чыгуу сакталат. Ошол эле учурда бийик тоолуу шартта жашап эмгектенген жарандар, көп балалуу энелер үчүн жалпы куракка салыштырмалуу пенсияга эрте чыгуу боюнча жеңилдиктер дагы сакталып кала берет.
Маалыматтык технологиялар өнүккөн заманда Социалдык фонд дагы мындай технологияларды колдонуудан артта калбай, калкты тейлөө жаатындагы бир нече функцияларын электрондук системалар аркылуу, интернет аркылуу ишке ашырууга жетишип жатабыз. Мисалы, Социалдык фонддун иши тууралуу маалыматтардын баардыгын биздин www.socfond.kg веб-сайтыбыз аркылуу билсеңиздер болот. Жаңы сайтыбыздын мүмкүнчүлүктөрү мурдагыга салыштырмалуу кыйла жакшыртылган жана кеңейтилген. Сайт аркылуу биздин төлөөчүлөр өздөрүнүн отчетторун тапшырууга, жарандарыбыз жеке камсыздандыруу эсептерин текшерүүгө, келечекте ала турган жалпы пенсия өлчөмүн пенсия калькулятору аркылуу билүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Ошол эле учурда Социалдык фонддун 1202 кыска номерлүү Call-центри ишке киргизилди. Бул номер боюнча чалып Социалдык фонддун ишине тиешелүү ар кандай маалыматты ала алсаңыздар болот.
- Учурда көпчүлүк иш берүүчүлөр эмгек келишимдерин түзүшпөйт. Анын натыйжасында канчалаган жарандарыбыздын эмгек стажысы эсептелбей, Соцфондго төлөгөн эч нерсеси жок, далай жылдары текке кетип атат. Бул көрүнүш менен мыйзам чегинде кантип күрөшө алабыз?
- Тилекке каршы мындай көрүнүштөр практикабызда арбын эле кездешет. Анткени бир четинен мамлекеттин бизнеске тоскоолдук жаратпоо саясатын көздөп Социалдык фонддун көп учурда текшерүү функциялары кескин түрдө кыскартылган. Ошонун кесепетинен мыйзам чегинде мындай көрүнүштөр менен күрөшүү мүмкүнчүлүгү жокко эсе. Мыйзам бузуулар аныкталган кезде Социалдык фонд көпчүлүк учурда сот аркылуу гана иш-берүүчүнү тартипке чакырып, камсыздандыруу төгүмдөрүн өндүрүүгө мажбур. Албетте бул көп убакытты талап кылат, соттошуу процессинде соттошуп жаткан мекемелер жоюлуп кетип, кээде камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөтүп алууга дагы жетишпей калабыз. Мунун кесепетинен, иш берүүчүсүнүн мыйзам бузуусунун айынан ага жалданып иштеген жарандарыбыз камсыздандыруу төгүмдөрү түшпөгөндүктөн стажын толуктай албай пенсия өлчөмдөрү өтө эле кичине болуп калат.
Ошондуктан, мен биздин жарандарыбызга кайрылат элем. Жок дегенде жылына бир жолу өзүңөрдүн Социалдык фонддогу жеке эсептериңерди текшерип, иш берүүчүңөр силер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн толугу менен өз убагында төлөп жаткандыгын карап койсоңуздар. Анткени силер пенсия курагына жеткенде бул маалыматты тактоого дагы, кайра ордуна келтирүүгө дагы көп учурда мүмкүн эмес болуп калат. Пенсия - бул силердин келечегиңер, ошондуктан бүгүнтөн баштап пенсияңардын өлчөмү көбүрөөк болушуна аракетиңерди жумшасаңар.

Маектешкен Темирбек АЛЫМБЕКОВ