Агым", 18.03.16 Саан уйду саткысы келген өкмөт
"Мегаком" компаниясын сатуу ушул жылдын 4-майына белгиленгенин Алмаз Абековдун адвокаттары билдирди. Айта кетсек Сариевдин өкмөтү компанияны сатууга көптөн бери белсенип жүрөт. Анын баштапкы баасы 306 миллион долларды түзөт. Компаниянын абоненттери 2,5 миллиондон ашуун. Казнага жылына 2,5 млрд.сом салык жана 1,5 млрд.сом дивиденд төлөйт. Компаниянын байланыштары Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарына жеткирилген. "Мегаком" эң алдыңкылардан болуп, LTE, 4G сыяктуу бийик ылдамдуулук стандарттарын кийирген. Ушундай болгон соң пайдалуу саан уйду сатуунун не кереги бар? Бизде бир нерсе сатылса эле баланча миллион долларга сатылды деп көмүскөдө дагы ондогон миллион долларлар айланып кетчү эле. Демек өкмөт сатам деп ниеттенген соң ар жагында жеке адамдарды кызыктыруучу нерселер бар го?..

Гаремдин тарбиясын жогору баалаган Эмине айым
Түркиянын президенти Ражеп Тайып Эрдогандын аялы Эмине Эрдоган Анкарада аялдардын эл аралык күнүнө карата сүйлөгөн сөзүндө гаремди турмуштун мектеби болгон деп атады. "Гарем Осмон империясынан бери эле аялдарды турмуш жолуна тарбиялаган" деген Эмине айымдын билдирүүсү миңдеген түркиялык аялдарды нааразы кылды. Социалдык түйүндөрдө Эмине айымга каршы көптөгөн жаман сөздөр айтылды. Чындыгында гарем деген сөз арам деген сөздөн келип чыкканы айтылат. Анда жүздөгөн аялдар кармалып, Султандын төшөгүнө жиберилип турган. Гарем бир эле Түркияда эмес, Кокон хандыгында, Хорезм, Бухара шахтарында жана башка мамлекеттерде да болгон.

Эсине келген Эркинбек
Экс-депутат Эркинбек Алымбеков Өмүрбек Бабановго байланыштуу өткөндөгүлөргө кейип төмөнкү оюн айтат: "Ошол кезде мага дагы саясый кыраакылык жетишпей, Бабановдун отставкасына салым кошконума өкүнөм жана ал кемчилигимди мойнума алам. Кумтөр боюнча дагы Бабанов чечкиндүү иш- аракет кылып, мамлекеттик комиссия түзүп, өзү депутаттар тобу менен барып, экологиялык мыйзам бузуулар боюнча канадалыктарды дагы титиретип баштаган . Эгер премьер болуп турганда Кумтөр дагы үзүрлүү аягына жетип калат беле. Бабановдун отставкасы менен "шайтандын" бөтөлкөдөн чыгараарын биз байкаган эмес экенбиз. Эмне демекпиз, айгыр чатагы чыгып жатканда Алымбеков үчүн Өмүрбек Текебаев кудайындай эле көрүнгөн. Ал турсун парламентте мародерлук маселеси көтөрүлгөндө Абдылда Юсуповдун аялын сойку деп атаган.

Оозунан жалын бүрккөн Бектур Асанов
"Алмаз Атамбаев "кара" президент болду, анын бийлиги азыр "каралардын", бандиттердин колдоосу астында гана сакталып турат. Алмаз Атамбаев тезинен отставкага кетиш керек!" деди 14-мартта Жалал-Абадда өткөн бийликтин элге каршы саясатына нааразычылык митингде азыркы оппозиционер Бектур Асанов.
Андан ары ал "он күндөн кийин, 24-мартта Ошто элдик курултай өтөт. Алмас Атамбаев өз эрки менен отставкага кетип калыш үчүн 10 күн убакыт беребиз. Эгер өз эрки менен кетпесе анда мыйзам жолу менен кетиребиз!" дейт Бектур Асанов.
Биринчиден, президентти мыйзам жолу менен кетирүү жол-жобосу өтө эле татаал. Асанов ушул сөзү менен бийликке келүү аракети, каалоосу аябай күчтүү экенин байкатып койду. Эске салсак Бектур Асанов 2010-жылдан кийин Жалал Абад облусуна губернатор болгон . Бирок азыркы бийлик менен тил табыша алган эмес. Асановдун дымагы күчтүү болгон менен азыркы оппозиция "Эл бизди колдойбу же жокпу?" деп өздөрү да күмөн санап турат. Экинчи бир маселе Жалал-Абадда өткөрүлгөн оппозициянын иш-чарасында абдан эле аз киши катышты. Көрсө Азимбек Бекназаров Бектур Асановго "шашылбай эле кое тур, Оштогу курултайга жакшылап даярданалы, Жалал-Абадда өткөрүүнүн кереги жок" десе аны укпай "Ата мекендин" эң чоңу, капчыгы калың депутатынан акча алып, митингди өткөрүп салат. Муну менен Бектур Асанов оппозицияны эл ээрчибейт деген токонаалатты алып берет. Ал эми ушундай болорун мурда эле билген "Ата мекендин" кыраакы депутаты оппозициянын өз күчүн өзүнө сарптап четте жылмайып Бекназаровду табалап турат дейт.

Акыйкатчыда астейдүүлүк байкалбайт
Турсунбек Акун менен Турсунбай Бакирди канчалык көп сүйлөгөн менен алар бири бирин көрө алышпаса да Акыйкатчы болуп иштеп турушканда алардын иштеп жатканы коомчулукка байкалып турчу. Укугу одоно бузулган жарандардын датын тиешелүү жерге жеткирип, коомчулукка жар салып турушчу. Ал эми азыркы акыйкатчы шайлангандан бери Кубат Оторбаевдин деги эле үнү угулбайт. Ошол эле мезгилде укугу бузулуп түрмөдө олтурган кишилердин, кыйноого алынгандардын жакындары редакциялардын эшигин каккылап жүрүшөт. Бирок Акыйкатчы тараптан эч кандай көңүл буруу байкалбайт.

Бекназаровду эл ээрчибейт дейт Турдуналиев
Өгүнү Таласта "Жерүй" алтын кенине байланыштуу жыйын өттү. Ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, жаш активисттер катышты. Алардын ичинен кадимки Дуулат Турдуналиевдин бүгүнкү бийликтин эл менен эсептешип атканы, оппозициянын митингдерин колдобой тургандыгы, тынчтыкка чакырып сөз сүйлөгөнү коомчулуктун колдоосуна татыды.
Д.Турдуналиевдин айтымында, бийлик элдин талабын угуп, чукул чара көрүүдө. Ал мисал катары УКМКнын алдында коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын жетекчилигинин алмашканын мисал тартып, аны бийликтин коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү аракети катары баалады. Ошондой эле аны "Эл үнү" кыймылынын лидери Азимбек Бекназаров 24-мартта Ошто белгиленген митингге чакырганын, бирок ал ага катышпай тургандыгын билдирди. Жаш активисттин ырасташынча, 3-жолу бийликти алмаштырууга негиз жок жана андайга жол бербешибиз зарыл. "Эртеби-кечпи Азимбек Бекназаров жооп берет. Мени ал Оштогу митингине чакырган, мен барбайм. 2002-жылы Бекназаров үчүн Аксыда адамдар өлдү. Эки жолу Башкы прокуратураны жетектеди, ишинин жыйынтыгы жок. Революция болот экен деп атышат, биз андайга жол бербейбиз. Бизге тынчтык гана абадай керек. Курманбек Бакиевдин убагында бийликке сын айтсаң артынан түшүп алат эле. Эл менен эсептешишчү эмес. Азыр такыр башка, биздин үнүбүздү бийлик угат" деген Дуулат Турдуналиев Кыргызстан өзүн дүйнөгө жакшы жагынан көрсөтүшү зарылдыгын кошумчалады.
Д.Турдуналиев демекчи, бу жигит Таласта көр казып алып, президентке кайрылуу жолдогон эле. Ал эми анын жогорудагы жыйында баштапкы оюнан кайтып, бийликке терең ишенимин билдирип, ошол эле маалда оппозициянын кадамдарын колдобой тургандыгын белгилегени - бийликтин туура саясат жүргүзүп, башкысы элдин мүдөөсүн колдогонун айгинелейт. Д.Турдуналиев убагында апрель окуясында Таласта алдыңкы сапта жүргөнү маалым. Мындай эр жүрөк жигиттер ачуусу менен бийликке ичкүптүсүн айтса айткандыр. Ошентсе да, минтип бийликтин элдин үнүн угаарын сезип, ошого жараша чечим чыгарганы колдоого татыйт.

Кадыр БОСТОН