п»ї
Агым", 18.03.16 Агым
Чолпонду Алтынай жеңди
Жогорку Кеңештин вице-спикеринин "тагы" бир топтон бери аңгырап бош турчу эле, депутаттар ары сүрүшүп, бери жылышып жатышып акыры Алтынай Өмүрбекованы шайлап тынышты. Бул орунга депутат "Бир болчу" Чолпон Жакупова да ат салышып116 депутаттын 41инин добушун алса, "Республика-Ата журт" фракциясынан Алтынай Өмүрбекова 72 депутаттын "жактыруусуна" ээ болуп вице-спикерликке өтүп кетти.

Өкмөттө ар-намыс деген барбы?
Дүйнөдө азык-түлүккө болгон төмөнкү керектөө, анын базалык 9 түрүнөн турат. "Кабар ордо" сайтынын маалыматына караганда (15.03.16 09:45) Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясына берген маалыматында премьер-министр Т.Сариев Кыргызстан өзүн ушулардын ичинен нан, нан азыктары, картөшкө, жашылча жана бакча өсүмдүктөрү, сүт жана сүт азыктары менен гана камсыздай алаарын билдирген. Калган 5 түрүн - жер жемиш, шекер, өсүмдүк майы, эт жана эт азыктарын, жумуртканы импорттойт экенбиз. Мына тамаша?! Башкасын айтпаганда да Кыргызстан 5 млн. 935 677 миң кою, 449 миңден ашуун жылкысы, 762240 миң ую, 5 млн. 570 миңден ашуун тоогу болуп туруп ("Кабар" мамлекеттик агенттигинин маалыматы), өзүн кур дегенде эт менен камсыздай албайбы? Биздин өлкөбүз кезегинде кумшекер менен Орто Азияны мындай коелу, Россия, Украинаны камсыз кылчу эле, азыр минтип импортко отуруп калыппыз... Биздин өкмөттө намыс болсо, кичине камчыланбаса болбойт го?

Сариевдин сактыгы
17-мартта борбор калаабыздагы Ж.Баласагын атындагы Улуттук университетине өкмөт башчы Темир Аргембаевич келип, ири конференцияга катышыптыр. Анысы го жакшы дегилечи, бирок Аргембаевичтин "ахранасы" мугалимин баш кылып, студентин төш кылып бир эшиктен киргизип, бир-бирден сумкасын аңтарып, дептерлерин барактап, барактын арасында бирдеме калып калгансып жерге силкип, ал аз келгенсип ноутбуктарынын системасына чейин текшергени интернет айдыңында ур-тепкиге алынып жатат. Жаштар курч эмеспи "коопсуздугу үчүн мынчалык корксо, мурда-кийин эл менен кантип жолугушуп жүрдү экен?" деген суроону коюп жатышат.

Боордош боор ооруткан сөз айтты
Казакстандык Марат Шибутов деген саясат таануучу "Regnum" басылмасына "Кыргызстан өлкө болуп калыптанган жок, Кыргыз мамлекетинин бузулуп жок болуп кетишин шарттаган көптөгөн чечилгис маселелер бар, анын башкысы укуктук нигилизм жана коррупция; Бишкектеги өкмөт бир гана Бишкекти көзөмөлдөйт; калган жакты көзөмөлдөөгө каражаты жок. Кыргызстан деген өлкө азыр жок экендиги факт; калган аймактарды криминал башкарат" деп айтып жамандык менен шумдуктун баарын жармаштырып, акырында акыл айтканга да жараптыр. Эмне демекчибиз, 25 жылдан бери өнүгө албасак, коррупциядан арылбасак, ишке жарамдуу балдарыбыз тентип сыртта жүрсө, акыры угар сөзүбүз ушул да. Эгер таз кейпибиз ушинтип улана берсе мындан да жаман сөздөрдү угар күн алыс эместир.

Өкмөт башчы болууну Шадиев да каалайт
Депутат Аскар Шадиев Аскар Акаев убагынан баштап кызматтык тепкичтерге байма бай көтөрүлүп турду. Ошентип жүрүп бир топ тажрыйба топтоду. Анан дайым кызматта жүргөн киши кызмат көксөп туруп алат окшойт. Азыр угушубузга караганда Сариев өкмөтү отставкага кетет дегенден бери Шадиев болочок премьер болуу ниетин ачык эле билдире баштаптыр. Бирок убагында энергетика министрлигин башкарып турганда бир топ эле чуусу чыккан неме өкмөт башына келсе кандай болот деп күмөнсүрөгөндөр көп. Балким мурдагы эмгек жолундагы катачылыктарды кетирбейм деп чын эле өкмөт башчылыгына даяр болуп калгандыр.

Жанар Акаев жаштык кылып атабы?
Учурда өтө тың чыкма болуп көрүнгөн КСДП фракциясынын депутаты Жанар Акаев бир кездеги "Азаттыктагы" кесиптештерине "Машинам жок болгондуктан жөө жүрөм" дептир. Муну угуп алып келмебиз оозубуздан түштү. Себеби Жанарбек былтыр шайлоодон кийин минип жүргөн "Хайлендер" жол тандабасын бирөөдөн насыяга сурап минип жүрдү беле? Анан дагы үстүмдө үйүм жок дейт экен, кокуй. "Азаттыкта" иштеп жүргөндө 3 бөлмөлүү батирди ипотекага алганын жарыялабады беле? Эмне дейбиз, эптеп айлыкка жашап жүргөндө баары ак жүрөк болуп эл таламын талашат. Жаке, саясат деген ушунда-ай, бир адамды алдасаң калпычы, аферист, жалпы элди алдасаң ЖК депутаты болуп чыга келесиң. Таң калганыбыз мурдагы журналисттик кесиптен саясатчы болгондор кимдигин он жылдан киийн баамдатса, Жанарбек жарым жылга жетпей эле өзүн даңазалап ийет окшойт.

Кутушевдин купуя сыры
Экс-депутат Абдыманап Кутушев КСДП фракциясынын катчылыгынан жетекчилигине дайындалды. Бирок депутаттык жыргалдын даамын татып калган Абдыманап мырза жетекчилик орунга ыраазы болобу же өкмөт түзүмүнүн бир өңүрүнүн жетекчилигин көксөйбү, азырынча сырын байката элек. Бирок жоктон көрө жогору деп топук кылгандай түрү бар. Угушубузга караганда Кутушев Эсеп палатасынын башчылыгы же фискалдык органдардын биринин башчылыгына дайындалууну абдан эле каалайт шекилди.

Миллион жыл күткөн бечара, дагы күтөт окшойт
Ысык-Көлдүн Жыргалаң суусунун жээгинен табылган мамонт дейби, мастодонт дейби, айтор азырынча аныктала элек жаныбардын баш сөөгү табылганына бир жумадан ашык убакыт өттү. Аны барып изилдеген илимий экспедициядан деле дайын жок. Башка өлкөлөр мындайды дүйнөгө жарыялап дүң кылып жатып калчу эле, биз дегеле кыймылдабай койдук. Маданият, маалымат жана туризм министри А.Максүтов "мастодонт Бишкек шаарынын бир музейинин көркүн ачат" деп деле "көркөм" сүйлөдү эле, айтканы айтылган жеринде калды. Ошону менен миллион жыл күткөн белгисиз жаныбар дагы бир нече мезгил күткөнү калды окшойт. Бийликке караганда жергиликтүү тентектер катуу кызыгып, түн ичинде барып, бир азуусун сындырып, эки тишин чагып көтөрүп кетишип, бир топ чуу болду. Азыр ал жер күн-түн кайтарууда...

Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү кызматы кимдин куйругун басты
Адатта өкмөттүн өзүндө кайсы бир өкмөт түзүмүн кыска мөөнөттө текшерип жыйынтыгын чыгаруу үчүн ведомстволор аралык комиссия өзгөчө учурларда гана түзүлөт. 16-мартта өкмөт башчынын буйругу менен Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматты 23-мартка чейин текшерип, жыйынтыгын чыгарууну тапшырган. Эмне үчүн текшерүү себеби документте көрсөтүлгөн эмес. Мындай улустун улуу күнү Нооруз майрамынын алдындагы шашылуунун сыры эмне деп иликтесек, жогорудагы аталган кызмат бийик даражалуу мамлекеттик кызматкерге караштуу жеке компанияны текшерип, былыктарын таап чыгып, ага кылмыш ишин козгойт. Бул кабар өйдө жакка жеткенден кийин дароо кайра өздөрүн текшерип чыгуу үчүн көз ачып-жумганча комиссия түзүлөт. Эми жакын арада кайсы аткаминер креслодон кетип, чуу чыгарына жакында күбө болобуз.

Айылдашын тендер уткандан кийин билген А.Малабаев
"Тендерден уткан кытай компаниясынын өкүлү менин айылдашым экенин кокустан билбедимби" деп чыкты Транспорт жана коммуникация министри А.Малабаев. Белгилей кетсек, наркы 6,8 миллиард сомдук Балыкчы-Тамчы- Чолпон-Ата - Корумду автожолун куруу боюнча тендерден кытайлык Long Hai компаниясы утуп чыккан. Депутат Ө.Текебаев "аталган компания жарым жылдан бери иштеп жатат, ушул аралыкта кимдер менен иштешип жатканыңарды билген жоксуңарбы?" деп сурады эле А.Малабаев айылынан 1974-жылы кеткенин, ал эми 1983-84-жылдары төрөлгөн баланы кайдан билмегин айтып, алакан жайды...



а ­е¦Є.НҐй«