Агым", 18.03.16 Жер жарылып чөп чыкты...
Ноорузга карата божомолдор
Тээ илгери ХIV-XV кылымдарда эле мусулман эли Нооруз майрамы жуманын кайсы күнүнө туура келгенине карап жылдын кандай болору тууралуу божомолдорду айтышкан. Атайын түзүлгөн жылнаамада жазылган божомолдорго көз чаптыралы.


Дүйшөмбү
Нооруз дүйшөмбүгө туш келсе, ал күн Айга таандык. Бул жылы арзанчылык болбойт, бирок жамгыр көп жаап, эгин көп болот. Жамгыр жыл башында жаайт. Падышачылыктын кудурети кетүүсү мүмкүн. Аймактарда табигый кырсыктар болот. Айрым иш билермандар оңоло түшөт. Күнжүт менен таруу мол, буудай аз болуусу күтүлөт. Зарыл жер-жемиштерге зарылчылык туулат. Жыл аягында кар эрте түшүп, бирок тез эле эрип кетет. Базарчынын жолу тосулбай, алуучулар көп болот.

Шейшемби
Нооруз шейшембиде келсе, ал күн Марска таандык. Арзанчылык болбойт. Эгин мол болуусу күтүлөт, бирок кан төгүлүп, элден ырайымдуулук качат. Ажырашуу, түшүнбөстүктөр көп болот. Жаман тар пейил элди аралайт. Падышанын өмүрүнө коркунуч туулуусу мүмкүн. Бул жылы эрте айдалган эгин жакшы болуп, чакан жерлерге айдалган жашылчалар аз болуусу күтүлөт. Кар аз жаашы ыктымал. Жыл аягында көп сел болуп, адам баласы көп чыгымга учурашы мүмкүн деген маалымат жазылган.

Шаршемби
Нооруз шаршембиде келсе, ал Меркурийге таандык. Ал жылы каатчылык болот. Ачкачылыктан кан төгүлүүсү ыктымал. Ушак-айың, көрө албастык көп болоор, бирок тез эле өтүп кетет. Ал жылы жашылча көп болот деген ишеним бар. Жыл аяктаган сайын буудай, арпа кымбаттай баштоосу мүмкүн. Нокот менен таруудан береке болуусу күтүлөт.

Бейшемби
Нооруз бейшембиге дал келсе ал Юпитерге таандык. Бул жылы жер-жемиш мол болчудай. Ай, Күн тутулат. Оору көп болуп, бирок акыры жакшылык менен аяктоосу күтүлөт. Бул жылы мол кылып тамак-аш камдоо керек. Натыйжасын кийинки жылы көрөсүз.

Жума
Нооруз жумада келсе ал Венерага таандык. Падышанын абалы кыйындайт. Балдар тапан чыгып, эр азамат аталуусу күтүлөт. Жамгыр көп жаап, катуу суук болушу мүмкүн. Ал жылы арзанчылык болот, анткени жер-жемиш, буудай, таруу көп болот. Эгин кеч бышып, өлүм-житим аз болор. Базарчынын жолу кыйын болуусу да толук мүмкүн.

Ишемби
Нооруз ишембиде келсе ал Сатурнга таандык. Ал жылы ушак сөз менен шек саноо көп болот. Жаз айларында шамал көп согуп, кан төгүлүүсү күтүлөт. Залимдер, наадандар жана уурулар дөөлөт башына келиши ыктымал. Жер-жемиш көп болгону менен жыл аягында каатчылык каптаар деп божомолдошкон.

Жекшемби
Нооруз жекшембиде келсе, ал Күнгө таандык, бул жылы арзанчылык, токчулук болушу күтүлөт. Тоодогу аймактарда береке толоор, бирок жыл башында жакшы болуп, аягында баары кымбаттап кетер. Өлүм-житим болбостур деген маалымат берилген.
2016-жылда Нооруз майрамы дүйшөмбү күнүнө туура келет экен. Эгер божомолдорго ишенсек, анда эң биринчи эле табигый кырсыктардын алдын алууга туура келет. Эгин көп болгону менен зарыл жер-жемиштерге суроо-талап көп болоорун эске алганыбыз оң. Ошол эле учурда соодагерлердин иши жакшы жүрүшөт деп соода тармагында иштегендерди кубанта кетсек болот.



Майрамдык
дасторконго камылга
Кыргыздар башкалардан өзгөчө меймандос келгендиктен алдыда турган майрамды кантип белгилейм, конокторго кандай даам жасайм деген суроо айымдарды тынчсыздандырып турган кези. Оңой жасала турган салаттын айрым түрлөрүн сиздерге сунуштайбыз.


"Киви билериги"
салаты
Керектелүүчү азыктар: 1 даана тоок филеси, 1 даана жумуртка, 4 даана киви, 1 даана жашыл алма, 1 даана сабиз, 1 тишче сарымсак, 1 аш кашык лимон ширеси, майонез, туз.

Даярдоо ыкмасы:
Эт анча чоң эмес кесимдерге тууралып, фарш жасалат. Эт туурагычтан өткөрүп жаткан учурда нан менен пиязды, филени кошо өткөрөсүз. Жумуртка, туз калемпир да салынат. Духовканын идишин майлап, формага келтирип фаршты саласыз. Ортосуна болгар калемпири менен сабизди, көк чөптөрдү жана сууга бышырылган жумурткаларды саласыз. Камырды 1 см узундукта жайып, төрчө жасайсыз. Фаршты салып, үстүн кооздоп коёсуз. 180 градус ысыктыктагы духовкага 45 мүнөткө саласыз.

Тоок этинен
жасалган салат
Керектелүүчү азыктар: Кайнатылган тоок эти - 200 грамм, бадыраң - 2 даана, жумуртка - 1 даана, соя соусу - 2 аш кашык, өсүмдүк майы - 2 аш кашык, сарымсак - 2 тишче, уксус кислотасы (6%) - 1 чай кашык, күнжүт данектери, салат жалбырактары, ашкөк, туз, мурч.
Жуулган бадыраңды жана бышкан тоок этин жука, узун кылып туурап алабыз.
Жумуртканы чегип, ага туз жана тууралган ашкөктү аралаштырып, кызытылган көмөчкө куймак жасоо керек. Даяр болгон куймакты узунунан туурап, бадыраң менен тоок этине кошуп аралаштырабыз. Идишке май, соя соусун, уксус кислотасын, туз, мурч, майда тууралган ашкөк жана жанчылган сарымсакты аралаштырабыз. Жуулган салат жалбырактарын тарелкага төшөп, ага тууралган азыктарды салабыз. Үстүнө чык куюлуп, күнжүт данекчелери себилет.

Даярдоо жолу:
Алгач, тоок филесин, сабизди жана жумуртканы сууга бышырып аласыз. Муздаган соң филени төрт чарчы формасында туурайсыз. Андан кийин 2 даана кивини да төрт чарчы формасында туурайсыз. Бети тегиз идиштин ортосуна стакан коюп, айланасына тууралган филени, үстүнө кивини саласыз. Майонезге сарымсакты майдалап туураган соң аралаштырасыз да кивинин үстүнө сүйкөйсүз. Жумуртканы агын жана сарысын эки бөлөк туурайсыз. Агын кивинин майонезделген үстүнө саласыз. Кайрадан майонез сүйкөйсүз. Сабизди сүргүчтөн өткөрүп, үстүнө салып, майонез сүйкөйсүз. Андан ары алманын кабыгын аарчып, төрт чарчы формасында туурап, лимондун ширесин тамчылатып сабиздин үстүнө саласыз, кайрадан майонез сүртүлөт. Жумуртканын сарысын сүргүчтөн өткөрүп алманын үстүнө себелете жаап, калган эки кивини туурап кооздойсуз.

Фарштан
жасалган рулет
Керектелүүчү азыктар: 300 грамм эт, 200 грамм тооктун сулп эти, 1 пияз, 2 кесим нан, 1 жумуртка, татымына жараша туз, кара калемпир, 1 даана болгар калемпири, сууга бышырылган 1 сабиз, 9 бөдөнөнүн жумурткасы, укроп, петрушка, катталган камыр, бир жумуртканын агы, 1 аш кашык өсүмдүк майы. Кооздоо үчүн - майонез, карагат.




Сүмөлөк кантип жасалат?
Сүмөлөк буудайдан жасалат. Ушул буудайды күн чыгышты караган терезеге 11 күн өндүрөт. 12,13 же 9 күн эмес, 11 күндө жакшы өнүп чыгат. Эми аны канча санда өндүрүш керек? 5, 7, 9, 11, 13… килограмм. Бул жерде жалаң так сандар. Буудайды суулап, үстүн марли менен жаап коет. Мунун өзү күндүн нуру азыраак тийсин үчүн. Бир чакан айылга 5 килограмм өндүрсө жетет. Эртең Нооруз деген күнү кечки саат 18:00дөн баштап, 12 саат чоң казанда кайнатылат. Отун таптуу жагат. Чоң да эмес, кичине да эмес, бир тапта жагыш керек. Анан тынымсыз аралаштырып турат. Буга бир киши чыдабайт, бир канчасы катышып даярдаш керек. Бышырып жатканда 3 жолу суу менен демдейт. Туз, май сөзсүз көлөмүнө жараша салынат. Сүмөлөктүн айрыкча белгиси, досуң келсе да, касың келсе да андан ооз тийгизишиң керек. Ооз тийүүнүн жолу - сүмөлөктү 3 жолу чыпалак менен ооз тийиш керек.
Эмне үчүн башка манжалар менен ооз тийүүгө болбойт? Анткени бул сүмөлөктүн өзүнүн эрежеси. Сүмөлөк Нооруз майрамында эле жасалат…