Агым", 29.01.16 Талкуудан тактыккаҮркүн темасы ар кимдин эрмеги эмес
Жыл тогошордо "1916-жылдагы көтөрүлүш: 100 жылдан кийинки көз караш" аталган темада талкуу өткөн. Ага өлкөнүн аттуу-баштуу окумуштуу тарыхчылары, Орусия элчилигинин өкүлү катышкан эле. Анда Үркүн темасы ар ким эле өз оюндагысын айтып, эрмектей берүүгө болбой турган, ал академиялык деңгээлде талкууланып, мамлекеттик баа берүүнү талап кылган, өтө талылуу, чекин маселе экендиги айтылып,ошол эле учурда талаш-тартыш, каршы аргументтер менен коштолгонун белгилей кетишибиз керек.

Кенжебек Кожомкулов, тарыхчы, журналист,
Талкуунун модератору:
- Үркүндүн 100 жылдыгын коньюктуралык максаттарды көздөп, саясатташтырып, анын кесепеттерин бүгүнкү мамлекеттердин жана улуттардын ортосуна чок салууга пайдаланууга жасалган аракеттер да бар. Көтөрүлүштү, элдин трагедиясын жеке өзүнүн кызыкчылыгы үчүн пайдалануу - цинизмдин жеткен чеги болуш керек. Бул жерде Кыргызстанга таанымал,окумуштуу тарыхчылар, илимдин докторлору отурасыздар. Кеп кезеги сиздерде...
А.Жуманалиев, КР Илимдер академиясынын тарых институтунун директору:
- Үркүн тууралуу кыргыз коомчулугунда ар түрдүү пикирлер бар. Биринчиси, оңчулдар. Булар 16-жылдагы окуяны көтөрүшчүлөрдү басуу эмес, улуттун бир бөлүгүн тукум-курут кылууга багытталган деген көз карашта. Ал эми солчул көз караштагылар - күнөө эки тараптан тең кеткен дегенди айтышат. Үчүнчүсү, эки тараптын тең пикирин эске алуу керек дегенди карманышууда. Жеке өзүм үчүнчү жакта же ортомчулук көз караштамын. Падышанын 16-жылдагы жарлыгын кабыл алууга кыргыздар саясый, социалдык, идеологиялык жактан даяр эмес болчу. Биз падышалык Орусиянын карамагында элек. Эгерде ал өлкөнүн жараны катары оорук жумуштарына барышканда, мүмкүн Үркүн болмок эмес. Ошондуктан бул маселеде бардыгын комплекстүү караш керек. Келерки жайда Үркүн темасына арналган конференция өтүп, анда резолюция кабыл алынат. Ошол резолюцияда Путин болбосо дагы Орусиянын Мамдумасынын жетекчиси С.Нарышкин кыргыздардан кечирим сурап койсо, бул маселеге объективдүү караган болор элек.
Тынчтыкбек Чороев, тарых илимдеринин доктору, профессор:
- Жайкы конференцияга жалаң аттуу-баштуу окумуштуулар катышып, салмактуу ойлор айтылат. Ага чейин Петербургга, Москвага окумуштуулардын тобу жөнөп, андагы архив менен таанышып келишет. Ал эми "тукум курут" деген сөзгө келсек орус падышачылыгы тарыхтын бүктөмүндө калды, биз бүгүн таптакыр башка мамлекетке доо арта албайбыз. Ошондой эле Үркүн окуясына баа берүүдө, бир гана архивдик материалдарга, далилдерге таянып, калпыс сөздөрдөн алыс болушубуз керек. Ал фактыларды салыштырып, туура баа берүү, тарыхчылардын милдети. Ошол эле учурда бул көтөрүлүш - башында падышалык Орусиянын оторчулук саясатына каршы чыккан, көз карандысыздык үчүн күрөш болсо, аны аёосуз баскандан кийин трагедиялык бөлүгү башталат. Бул эки этапты эч качан чаташтырып албашыбыз керек. Биз Кыргызстандын, Орусиянын, Орто Азия окумуштууларынын жалпы аракети менен бул окуяга так, даана баа бере алабыз деп ойлоймун.
Тынчболот Жуманалиев, тарых илимдеринин доктору:
- Окумуштуу К.Үсөнбаев жазгандай падышанын жарлыгын падышалык орус бийлиги дурустап түшүндүрүп, элди ынандыра алган эмес...Жети-Суу облусуна агрардык оторлоштуруу жүргүзүлгөн. Айдоого жарактуу жерлердин баары келгиндерге тартылып берилип турган. Алар жер алып эле тынчып отуруп калуу үчүн көчүрүлүп келинген эмес. Максат башка болчу. Кийин көтөрүлүштү басууда чоң роль ойногон. Массалык кырып-жоюунун масштабы ушундан улам болгон. Ошондой эле отурукташкан кыргыздар да жерин алдыргандыктан кайра көчмөн болууга аргасыз болушкан. Падышалык бийликтин чиновниктери "бөлүп алып, башкара бер" принцибин жакшы билишкен.
Жаныбек Жакыпбеков, тарых илимдеринин доктору:
- Октябрь революциясынан кийин Орусия империясынын аймагындагы улуттук-боштондук кыймылдарына өзгөчө маани берилип, алардын келип чыгыш себептери, адис тарыхчылар, мамлекеттик ишмерлер, анын катышуучулары тарабынан иликтөөгө алынган.1920-30-жылдардын аралыгында 1873-76- жылдардагы Кокон көтөрүлүшү, 1898-жылдагы Анжыян көтөрүлүшү, анан 1916-жылдагы көтөрүлүш боюнча 33 эмгек жарыяланса, анын 24ү ушул Үркүнгө арналган. Алардын кандай позицияда жазылганы албетте, башка маселе. Айта турган нерсе, совет мезгилинин алгачкы күндөрүндө эле дал бүгүнкүдөй талаш-тартыш болгон. (М. 1924-жылы Москвада чыгуучу "Новый Восток" журналына көтөрүлүштүн катышуучусу меньшевик Бройдо менен мамлекеттик ишмер Турар Рыскуловдун талаш-тартышы жарыяланган). Ал эми 30-60 жылдардын аралыгында бул темага кайрылуу бир кыйла басаңдаса, профессор К.Үсөнбеков өзүнүн монографиясы менен ошол кездеги цензурага карабастан кенемтени толтурган.
Талкуунун жүрүшүндө учурда ЖМКларга басылып бир топ кызыгууларды туудурган, падышалык Орусиянын убактылуу өкмөтүнүн башчысы А. Керенскийдин "Стено-графиялык отчету" негизги документтин бир аз гана бөлүгү экендиги, ал эми түп нускасы АКШнын Стенфорд университетинде болушу ыктымалдыгы, себеп дегенде Керенский 10 томдук архивин ошол университетке сатып жибергендиги айтылып, жайкы конференцияга чейин ал жакка суроо жөнөтүп, алып келүүнүн зарылдыгы белгиленди.
Турдубек Шейшеканов, тарых илимдеринин доктору:
"- 30-жылдардын ортосуна чейин үркүн темасы объективдүү жазылып келсе, андан кийин окумуштуулар ага тереңдеп киргенден чочулай баштаган. Себеби белгилүү. Ошону менен бул темада болгону 5 гана диссертация жазылган. Ушундан улам 1916-жылдан бери 100 жыл өтсө дагы, анын жазылбай жаткан ак тактары толуп жатат деп айткым келет. Президент А.Атамбаевдин жарлыгынан кийин гана кыймылдай башташты окшойт".
Шайырбүбү Батырбаева, тарых илимдеринин доктору:
- Бул талылуу маселени эң биринчи кезекте академиялык чөйрөдө талкуулаш керек. Ким көрүнгөн эрмектей бергенде болбойт. Белгилүү болгондой тарыхый окуяларды үчкө бөлүп карайбыз. Окуялык, аналитикалык, теориялык деп. Айрым иликтөөчүлөр фактыны гана кармап алышат дагы, иликтөөгө келгенде көп нерсени көз жаздымда калтырышат. Ошол факт тарыхый окуяга канчалык тиешеси бар, канчалык ишенимдүү - маани беришпейт. 16-жылдагы окуя бул падышалык Орусиядагы системалык кризистен кабар берет. Ал акыры келип Романовдордун династиясын жок кылды... Бул жерде Орусиянын элчилигинин өкүлү отурат. Биз орусиялык окумуштуулар менен иштешип эле келебиз, алар агрардык оторчулук болгонун танышпайт. Ошондой эле армияга чакыруу жарлыгы да туура эмес болгонун, жергиликтүү падышалык орус чиновниктеринин дараметсиздигин да танышпайт.
Жумакадыр Акенеев, коомдук ишмер:
- Бул маселени тарыхчылар ар тараптан талдап чыгып, объективдүү баа берүүсү зарыл. Коомчулук ошону күтүп жатат. Ошол эле учурда падышалык Орусиянын жасагандары үчүн бүгүнкү Орусияны күнөөлөгөнгө болбой турганын эске алсак.
Алексей Мзареулов, Орусиянын Кыргызстандагы элчисинин кеңешчиси:
- Биринчиден, элчиликтин атынан бүгүнкү талкуунун катышуучуларына ыраазычылык билдирем. Жыйындын пресс-релизи менен да макулмун. Абдан салмактуу жазылган. Бу жерде жазылганга тактоо киргизсем 100 млн. рубль эмес, Лениндин түздөн түз көрсөтмөсү менен 1922-жылы ошол суммадагы алтын акча бөлүнгөн. Ал эми элди кайтарып келген Кыргызстандын улуу уулу Михаил Фрунзе болгон. Анткени, кытайлар акчаны алганы менен кээ бир жерлерде аткаргысы келбегендиктен күч колдонууга туура келген.
Биз Москвадан падышанын Жарлыгы кандай даярдалганы тууралу документти алдырдык. Ага дээрлик бардыгы каршы болушкан. Бардыгы аскер адамдары эле. Алардын арасында орустар, немистер, башка улуттар да болгон. Бирөө "бул пайдадан мурда, көбүрөөк зыян алып келет" деп жазган. Бирок падыша Николай II буга көнбөй, кол коюп салган.
Ооба, бул жерде айтылгандай 1916-1941-жылдарда, ортодон 25 эле жыл өткөндөн кийин кыргыздар орустар менен биргеликте фашисттерге каршы турушту дегенге толук кошулам. Башкача айтканда, мурдагыдай жек көрүүчүлүк болгон эмес. Эл түшүнгөн. Бир да кыргыз Гитлер тарабына өткөн жок. Бул көп нерсени айтып турат. Эми Үркүндүн курмандыктарынын саны боюнча талаша албайм. Колумда далилдүү документтер жок болгондуктан силердин маалыматыңар менен макулмун.
Дагы Үркүндү элдик көтөрүлүш дегенге толук кошулам. Бул социалдык жарылуу, таптык күрөш болгон. Орусубу, кыргызыбы байлар падышалык Указдан пара берип чыга беришкен. Мындан тышкары, биз билгендей, Орусиянын Индияга таасиринен чочулаган Англиянын, Түркиянын чалгындоо кызматы, окуянын күчөшүнө май куйган.
Ал эми азыркы Орусиянын кечирим суроосу тууралуу айтылгандарга мындай жооп берет элем. Орусия Советтер Союзунун укуктук мураскору. Ал эми бир мамлекеттин экинчи мамлекеттен кечирим суроосу бул компенсация. Бардыгы ушул жакка багытталып жатат. А Орусия Кыргызстанга 2005-жылдан бери 5,8 млрд долларлык жардамын көрсөттү. АКШ 2 млрд. берди... Ал деле аз эмес акча.
Темирбек Алымбеков.