Агым", 29.01.16 Талант СУЛТАНОВ:
"Кыргызстан жакыр өлкөлөрдөй
эле картада жок болчу"
Өткөн жылы Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту (КР СИУИ) 50 жылдык мааракесин белгиледи. 1965-жылы Кыргыз ССРинин алдындагы госплан институту болуп түзүлгөн мекеме азыркы учурда Кыргыз Республикасынын өкмөт аппаратынын астында аналитикалык борбор болуп саналат. КР СИУИ изилдөө темаларынын басымдуу көпчүлүгү: саясат, эл аралык мамилелер, экономика жана социалдык тармактагы суроолорду камтыйт. Өлкөнүн өнүгүшүн стратегиялык көз караш менен караган КР СИУИ мүдүрү Талант СУЛТАНОВ "Жаңы Агым" гезитине маек берди.


Экономика
- Талант Исакович, азыркы учурда Кыргызстандын абалын кандай мүнөздөй аласыз?
- Өткөн жыл геосаясат жана геоэкономикалык жактан татаал болду. Бул жагдайда Кыргызстан өзүн жакшы, туруктуу мамлекет катары көргөзө алды. Биз эл аралык эксперттер тарабынан таанылган ачык-айкын парламенттик шайлоону өткөздүк. Өлкө ичинде байкоочулардын, эл аралык өнөктөштөрдүн, дегеле кыргызстандыктардын күтүүлөрү коркунучтуу болчу эле. Бирок беш жыл бою президент менен өкмөт ачык-айкын шайлоо өткөрүүгө жумшалган күчтөрү ишке ашты, шайлоодон соң дүйнөлүк коомчулук бул уникалдуу түрдө жаңы технологиялар аркылуу өткөрүлгөнүн билдирген. Биринчиден, саясый туруктуулук пайда болду. Экинчи маанилүү окуя - бул жагдайда Кыргызстандын экономикасында жакшы көрүнүштөрдү байкаса болот эле. Региондо жайгашкан башка өлкөлөр менен салыштырмалуу Кыргызстанда ВВП болжол менен 4%га өскөн, бул КМШ өлкөлөрдүн ичинен эң жогорку көрүнүш. Азырынча расмий жыйынтыктар ачыктала элек, бирок алдын ала маалыматтарга таянсак биз алдыңкы үчкө киребиз. Аз маанилүү эмес - инфляция бизде 3% дан аз, бул бизге шайкеш өлкөлөрдүн арасында эң төмөн көрсөткүч. Эң эле тынчсыздандырганы - бул улуттук валютабыз сомдун АКШ долларына карай төмөндөшү. Бул көрүнүш бүткүл дүйнөдө байкалып жаткан учуру, бирок биздин сом башка өлкөлөргө салыштырмалуу кескин түрдө өзгөрүлбөдү, Азербайжанда бир түндө валютасы 50%га төмөндөгөн. Бир жыл ичинде девальвация башка өлкөлөрдөн, мисалы, Казакстандан салыштырмалуу аз көрсөткүчтү көргөзгөн. Белгилеп кетүүчү нерсе, бул сыяктуу процесстер КМШ өлкөлөрүндө эле эмес, Латын Америкада, Азияда, ал турсун Кытайда юань бара-бара өз күчүн жоготуп баратат.
-Сиз өлкөнүн ийгиликтери жөнүндө айтып өттүңүз, бийликтин тышкы жана ички саясатта кетирген катачылыктарына да токтоп кетсеңиз.
- (Ойлонуп). Дүйнөдөгү оор абалды эске алсак, Кыргызстандын олуттуу катачылыктары жөнүндө сөз козгоштун кажети жок. Бул жерде белгилеп кетүүчү жагдай - ишибизди жакшыртуу керек, көп мүмкүнчүлүктөр бар, бирок алар ишке ашырылбай жатат. Мисалы, Евразиялык Экономикалык Биримдикке мүчө болуп киргенибиз. Азыркы учурда айрым адамдар уюм бизге күтүлгөндөй натыйжа бербегендигин айтышат. Бирок уюмга мүчө болуп кирбегенибизде кандай натыйжа болмок, ошол жагын да караш керек.
- Уюмга мүчө болуп кирбесек эмне болмок?
- Биринчиден, биздин өлкө деңизге чыкчу жолу жок, кичинекей экономикасы бар өлкө. Экинчиден, Казакстан жана Орусия биздин эмгек мигранттарыбыз барчу, эң негизги өнөктөш өлкөлөрүбүз болуп эсептелинет. Эгер биздин өлкө менен ЕАЭБ мүчө болгон өлкөлөр арасында чек ара болгондо биздин ишкерлер кантип соода- сатык жүргүзмөк? Азырынча биз Кытайга керектелинүүчү товарларды чыгарууну үйрөнө элекбиз, ошондуктан биздин соода-сатык токтоп калмак. Кыргызстан айрым өлкөлөр арасында изоляцияга дуушар болмок. Кыргызстандын ЕАЭБга мүчө болушу өлкөгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү алып келет, аларды биз мыкты жана жигердүү түрдө колдонушубуз керек. Бул жерде белгилеп кетүүчү нерсе, уюмга кирүүдөн мурун, биздин өлкө өз убагында даярдана албай калган, эч кандай товарды сертификациялоо лабораториялары курулбаган, өндүрүш өнүкпөгөн. Бирок азыркы учурда процесс журүп жатат, жакында логистикалык борборлор, продукцияларды сертификациялоо лабораториялары курулат, ошондо биз толук мүмкүнчүлүктөрүбүздү колдоно алабыз.
- Кыргызстандын уюмга даяр эмес мүчөсү болушу кимдин күнөөсү, ал жөнүндө биз бир жыл бою талкуулап жүрөбүз го? Акчанын өз убагында каржыланбагандыгыбы же биздин шалаакылыкпы?
- Биздин экономика 25 жылы бою бир калыпта иштеп келген, көбүнчө реэкспорт менен алектенебиз. Бир күндө экономиканын түзүлүшүн трансформациялоо реалдуу эмес. Бул жерде белгилеп кетүүчү фактор, бүткүл дүйнөдө ресурстарды сатып жашаган, өнүгүп бараткан өлкөлөр арасында оор жагдай калыптанууда. Ал эффекттер мунайдын арзандап кетүүсүнөн. Бул нерселерди түшүнүп, айырмалап, дүйнөдөгү факторга караш керек.
- Н.Назарбаев, В.Путин жана биздин президент басма сөз кызматтары менен маек куруп жатканда, 2015-жылдын оор болгонун белгилеп өтүшкөн, бирок 2016-жыл андан да оор болоору күтүлүүдө. Кандай кыйынчылыктар бизди күтүп жатат?
- Азыр дүйнөдө саясый абал так эмес. Мисалы, бизге жакын Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө коопсуздук абалы оор, ал жактан коркунуч күтүлүп турат. Экономикалык жагдайда АКШ доллары андан ары күчтөнүү тенденцияда, ага карата улуттук валюталар арзандап баратат. Мунайдын жүрүм-турумун алдын ала айтуу абдан кыйын. Орусия менен Казакстандын бюджеттери мунайга байланыштуу болгондуктан, бизге түздөн-түз таасири тийет. Дагы бир аянычтуусу, биздин экономика көз каранды болгон алтындын да баасы арзандап баратат. Мурдагы кризис жылдары инвесторлор оор убакыттан өтүп кетүү үчүн алтынга чуркашчу. Бирок акыркы жылдары инвесторлор алтынга кызыктар эмес көрүнөт. Абетте, бул утурумдук көрүнүш.
- Былтыр, улуттук экономиканы чыңдоо жылы болуп жарыяланган. Сиздин оюңузча бизде жетишкендиктер барбы?
- Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча белгилеп кетүүчү эки позитивдүү жетишкендигибиз бар. Биринчиден, биз Дүйнөлүк Банктын классификациясы боюнча жакыр өлкө болуп саналбай калдык. Кыргызстан калктын башына орто кирешеден бир аз төмөн тапкан өлкөлөрдүн катарына кирди. Биз эгемендүүлүктү алгандан бери жакыр өлкөлөрдүн катарында болчубуз. Өткөн жылы бир жогору нерсе, орто киреше да экиге бөлүнөт - кирешеси орто кирешеден бийик жана төмөн болгон өлкөлөр. Азырынча биз кирешеси орто болгондордон бир аз төмөндөбүз. Биздин өсүп-өнүгүү багытыбыз белгилүү. Мисалы, үчүнчү категорияга, кирешеси жогору болгон G-8 өкөлөрүнө.
Экинчи жетишкендик - былтыр Кыргызстанга суверендүү кредит рейтинги берилди, бул үч эң ири көз карандысыз Moody's жана Standar&Poors кредиттик рейтинг берүүчү компаниялардын экөөсүнүн баасы. Бизге "B2" рейтингин ыйгарышкан (болжолдору "туруктуу"). Тарыхый окуя деп эсептесек болот. Эмне үчүн? Эгер бир ири инвестор кандайдыр бир өлкөгө же компанияга инвестиция жасоону пландап жаткан болсо, ал биринчи кезекте өлкөнүн же компаниянын рейтингине карап, алардын отчетун окуйт. Рейтинг эки компоненттен турат, "B 2" көрсөткүчү өлкөнүн азыркы учурдагы абалын көргөзөт, ал Монголиянын деңгээлинде. Монголия азыркы учурда инвестиция жасоого жакшы, эң эле прогрессивдүү өлкөлөрдүн катарында. Евросоюз өлкөлөрүнүн көбүн эле рейтингдери биздин рейтингден эки-үч тепкичке төмөн. Экинчи компонент - "туруктуу"-болжолду билдирет. Эң эле маанилүүсү бул көз карандысыз көрсөткүчтөр, алардын жыйынтыгына эч ким таасир тийгизе албайт. Көрсөткүч Кыргызстандын экономикалык жагдайын болуп көрүнбөгүдөй анчалык начар эместигин көргөзөт, бирок албетте кризис шартында.
- Жөнөкөй жарандарга кандай таасирин тийгизет?
- Суверендүү кредит рейтингине ээ болуу жөнөкөй жарандарга жакшы мүмкүнчүлүктөрдү алып келет. Башка өлкөлөргө салыштырмалуу биздин банктарда пайыз үстөктөрү жогору болуп келген. Коммерциялык банктардын сырткы рыноктордо рейтинги жана көзкарандысыздык баа берүүсү жок болгондуктан, акча тартып келүүсү кымбатка түшөт, Кыргызстан өтө тобокелдүү болуп эсептелинип келген, сырткы инвесторлор 1% же 3% менен бериштин ордуна 10-20% кайтарууну талап кылып келишкен. Рейтинг насыялардын наркын арзандатуу мүмкүнчүлүгүн түзөт. Азыркы учурда тобокелдикке көзкарандысыз реалдуу баа берүү алгандыктан, сырткы инвесторлор аз пайыз үстөктөрү менен өлкөдөгү банктарды жана финансылык институттарды каржылоого шарттар түзүлөт, алар өз учурунда жергиликтүү компанияларга жана элге болгон арзан насыя алуунун мүмкүнчүлүктөрү пайда болот.
- Кыргызстан инвесторлорго "Терра инкогнито" болбой калганын айтып өттүңүз.
- Инвесторлор насыя рейтинги жок болгон өлкөнү такыр эле карашпайт. Картада жок болгон сыяктуу эле. Жакынкы убакытка чейин Кыргызстан айрым Африка жана Океяния өлкөлөрү катарындагыдай картада жок болчу.
- Бизде бирок көптөн бери инвесторлорду үркүтүп келген чоң минусубуз бар, ал коррупция. Коррупция менен күрөшүү күтүлгөндөй жыйынтык бербей атат. Себеби эмнеде?
- Эгерде коррупция чөйрөсүндө канчалаган чоң көлөмдөгү акча айланып атканын элестетсек, мамлекет ал жамандык менен күрөшүүгө анчалык сумма бөлө албагандыгы анык. Бирок бүгүнкү күнү коррупция менен күрөшүүгө көптөгөн аракет жасалып, белгилүү бир натыйжаларды көргөзүп келүүдө. Аз-аздан жагдай оңолуп баратат, мисалы, Transparency International өлкөдө коррупцияны кабыл алуусу төмөндөп баратканын белгилеген. Былтыр 14 позицияга жакшырган. Ошондой эле, СИУИ, Экономика министрлиги жана Улуттук статистика комитети менен биргеликте экинчи инструментти ойлоп тапкан, ал элдин мамлекеттик органдарга болгон ишенүүсүн көргөзөт. Анын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик органдарга болгон ишенич өсүп баратат. Бул көрсөткүч жакшы жакка жылыш бар экендигин билдирет. Албетте, биз коррупциянын кесепеттери менен эле күрөшүүнү эмес аны алдын алуу, мамлекет кызматкерлерин коррупцияга аралашуусуна жол бербешибиз керек.
- Жакында СИУИ миграция жөнүндө изилдөөнүн презентациясын жасаган. Кыргызстандан миграция азайып баратат экен.Себеби эмнеде, Орусия менен Казакстанда болуп аткан кризиске байланыштуубу же адамдардын аң-сезими өзгөрүп, өз өлкөсүндө жашоонун каалоосубу?
- Бул жерде көп фактор бар десек болот. Өткөн жылдары миграция күчөгөн, көчүп кетүүнү каалагандар көчүп кеткендиктен, бүгүнкү күнү башка жакка көчөмүн деген адамдардын саны азайган. Айтор, акыркы жылдары өлкө ичинде өзүнүн экономикалык жагдайларын жакшыртуу мүмкүнчүлүктөрү пайда болду. Анын үстүнө миграциянын күчөшү кескин түрдө саясый толкундан болот, мисалы, Баткен окуясынан, 2005- жана 2010-жылдары болгон төңкөрүштөрдөн соң миграция күчөгөн. Саясый жана экономикалык туруктуулук орногондо адамдар отурукташып калган орундарынан, туугандарынан, досторунан айрылып, башка тааныбаган өлкөгө кетүүнү каалабай калат. Ошондуктан көчүп кетүүнү каалаган адамдардын саны аз.
Саясат
- Саясат бир эле адамдын колунан, тактап айтканда президенттен көз каранды экенин улам-улам эле айтып жатышат. Бул чындыкка жатабы?
- Кыргызстанда, парламент экинчи чакырылыш бою парламенттик демократия режиминде иштеп жатат. Эгер эске салсак, 2010-жылы бизде парламенттик демократия жашай албайт, бир нече жылдан тартып кризис башталат деп алдын ала болжолдоп атышкан. Бирок бүгүн, тескерисинче ал күчөнүп, андан да эффективтүү иштеп баштаган учуру. Бир адам бүт баарын чечет деп айтуу кыйынчылыкты туудурат. Парламентте бийлик тарабынан да, оппозициядан да кеңири көрсөтүлгөн, ошондуктан дискуссия төңкөрүлүш ой жаатында эмес цивилизациялаштырылган саясый дебаттарда өтүүдө.
- Кимдерди оппозицияда деп айта алат элеңиз? Азыркы учурда саясатта катуу тирешүү жок болгону сезилет.
- Парламентте алты партия көрсөтүлгөн, көпчүлүгү бийлик жакта эмес. Алардын лидерлери активдүү жана тажрыйбалуу. Оппозициянын бийлик менен сөзсүз түрдө катуу тирешүүгө кирүүсү абзел эмес. Азыркы шартта баары ички саясат пикир келишпестиктерин артка таштап Кыргызстанды алдыга жылдыруу идеясында биригип, бир багытта иш алып барыш керек. Бүгүнкү күндө саясат күчтөрү экономиканын шарттарын жакшыртуу керектигин түшүнгөндүктөн, чоң пикир келишпестиктер жок. Ошондой эле бул акылга сыярлык логиканын согуш логикасына үстөмдүүлүк болгондугун билдирип, саясат чөйрөсүнүн оңолуп бараткандыгын көргөзөт.
- Ошондой болсо да саясый абалдын жагдайын айтып өтсөңүз. Жакында боло турган президенттик шайлоодо кандай коркунучтар күтүлүшү мүмкүн?
- Биз болуп аткан саясый процесстердин кайсынысына ички, кайсынысына тышкы факторлор таасир этип аткандыгын так түшүнө билишибиз керек. Бул эң эле кескин маанилүү суроо. Тышкы факторлордун, биздин өлкөдө болуп жаткан саясый жагдайларга таасир этүүсүнө жол бербеш керек.
- Сиздин оюңузча кимдер президенттик шайлоого ат салышат?
- Бул темада көптөгөн спекуляция болот. Кандай болгондо да жаштардын саясый процесстерде активдүү түрдө катышуусун каалайт элем, ошол эле президенттик жана соңку парламенттик шайлоодо да.
- Президент конституциялык реформа керектигин айтып өткөн. Өзгөрүүлөр саясый амбициялардын коркунучун азайта алабы?
- Конституциялык реформанын ишке ашуусу, азырынча талкуу үстүндө жүрүүдө. Мен азырынча Конституцияны өзгөртүү ниеттерин көрө элекмин. Башкы мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө 2020-жылга чейин мораторий кабыл алынган, азыр бир реформа жасоого эч кандай өбөлгө көрө элекмин.
- Көпчүлүк улуттук идеяны киргизүү керектигин айтып жатышат. Сиздин пикириңиз боюнча, Кыргызстандын өнүгүүсүнө улуттук идея керекпи?
- 2016-жыл - маданият жана тарых жылы деп жарыяланды. 2014-жыл мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылы деп жарыяланган. Өлкөбүздү сактап калабызбы деген чакырыктар болуп, бүткүл күч өлкөдө туруктуулукту сактап калууга жумшалган. 2015-жыл улуттук экономиканы чыңдоо деп жарыяланып, көптөгөн экономика жагындагы демилгелер ишке ашкан. Бүгүн бизге тарых, маданий мурастар, ким экендигибизди, кайсы жактан келгенбиз жана кайсы багытта баратабыз деген суроолорго жооп издөөнүн убакыты келип жетти. Союз кулагандан соң, адамдардын аң-сезиминде вакуум пайда болуп, азыркы күнгө чейин түрдүү ойлор менен калыптанып калган, аянычтуусу, ар дайым конструктивдүү түрдө болгон эмес. Ошондой эле эң коркунучтуу болгон терроризм жана экстремизм идеологиялары айрым биздин жарандардын аң-сезимине зыян келтирүүдө. Бул вирус сыяктуу болгон идеологиядан айрылууга күчтүү дары керек, ал үчүн өзүбүздүн идеологиябызды алдыга жылдырышыбыз керек, тарыхыбызды элге даңазалап, ар бир атуул тарыхтын бир бөлүгү жана өз өлкөсүнүн чыныгы жараны экендиги сезимин киргизүү абзел.
- Соңку күндөрү улам-улам, түрдүү максаттар менен маалыматтар таркап атат. Бүгүнкү күнү маалымат согушуна каршы сокку берүүнү үйрөнө элекпиз. Эмне үчүн биз бул көйгөйдүн алдын алуу үстүндө талкуу жүргүзбөй, кесепеттери менен күрөшүп келебиз.
- Бизде көптөгөн маалымат булактары болгондуктан кайсынысы туура , кайсынысы жалган экендигин түшүнүп билүү татаал. Ошондуктан билим берүү системасында сын көз карашта ойлоно билүү түшүнүгүн киргизүүгө убакыт жетти. Бала чактан бир нерсеге сын көз менен кароо ийкемдигин үйрөтүш абзел, ал учурда гана адам маалыматты ылгай алат. Эмне үчүн биз күн тартибин жасабайбыз десеңиз. Биздин өлкө демократиялык өлкө, ар бир адам өз оюн айтууга укуктуу. Медия чөйрөсүндө активдүү түрдө катышабыз, бүткүл аналитика жарыяланат, өз көз карашыбызды жарандарга жеткирип бөлүшүп, түрдүү темаларды тегерек стол, жыйындарда талкуулайбыз.
Эл аралык мамилелер...
- Жаңы парламентке гомосексуализм менен чет өлкөлүк агенттерге тыюу салуу сыяктуу мыйзам долбоорлорун караштыруу туура келет. Кандай деп ойлойсуз, бул мыйзамдар Кыргызстандын демократия аралы катары эсептелген имиджин начарлатып жибербейби? Бул мыйзамдарды талкууга көтөрүп чыгуу керекпи?
- Мен парламентке кайсы бир суроону кароосуна кеңеш бере албайм. Бирок белгилеп кетүүчү нерсе өнүккөн өлкөлөрдө, ошол эле бизге көмөктөш Батыш өлкөлөрүндө ушу сыяктуу суроолорго аяр мамиле менен карап, кызматташтыкка келгенде бул чөйрөдө жагдайлар кандай экендигин эске алышат. Албетте, көптөгөн жакшы ниет менен кабыл алынган суроолор бурмаланып чечмеленет. Мунун баары кандайча пияр менен таанытып, жеткизүүгө байланыштуу. Ошондуктан биз чыгарган чечимден, Батыш өлкөлөр менен болгон кызматташтыктарыбыздын деңгээли түздөн-түз байланыштуу.
- Орусиянын, Батыштын кызыкчылыктары жана Түркия менен болгон көйгөй Кыргызстанды кычыктуу жагдайда калтырды. Бул көп багыттуулуктун капканы эмеспи?
- Эгерде кытай макал-лакабына таянсак, ар бир кризис өзүнө мүмкүнчүлүктөрдү камтып келет. Бизге окшогон өлкө Орусия жана Түркия менен жакшы өнөктөш мамиледе болгондуктан алардын татаал мамилерин жөнгө салууда ортомчу болууга толук мүмкүнчүлүгү бар. Көп багыттуулукту Казакстан да колдонуп келет. Бул жерде бир нерсени эскертип кетүү абзел, Кыргызстан кичинекей өлкө болгондуктан, бир өлкө менен сүйлөшүү жүргүзүп экинчи өлкө менен такыр сүйлөшпөй коюунун мүмкүнчүлүгү жок. Биз баары менен бир пикирге келишибиз абзел.




Жаз

- Парламенттик оппозиция эмес, көчө оппозициясы жагдайды копшутуу максатында өлкөдө бүт баары начарлап, электр энергиясы менен азык-түлүккө баалар кымбаттап, Орусиянын көз карандуулугунда бараткандыгын айтып келишет. Андан сырткары баарын жазгы митингге чогултуп атат. Бул жагдайлардын негизинде элдин нааразычылыктары коркунуч түзүшү мүмкүнбү?
- Жыл сайын көптөгөн ушактар бурмаланып келе жатат. Чынында баалар көптөгөн позициялар боюнча өспөй, тескерисинче төмөндөгөн. СИУИ азык-түлүк коопсуздугу боюнча мониторинг жүргүзүп келет, анын негизинде азык-түлүккө баалар арзандаган же болбосо өзгөрүүсүз калган. Бензинге болгон баалар төмөндөп баратат. Электр энергияны эске алсак, СИУИ көптөгөн изилдөөлөрдү жүргүзгөн, изилдөөнүн негизинде биз электр энергияны өздүк наркынан бир топ арзан сатып алат экенбиз, анын жыйынтыгында биз энергетикага инвестиция жасоонун ордуна ага субсидия берип, энергия кризисинен айрыла албай келебиз. Электр энергияга болгон баа 70 тыйын, өткөн жылы бир аз көтөрүлгөн. Кошуна өлкөлөрдө инфляцияга байланыштуу жылына минимум эки эсе өсөт. Баанын чукул түрдө өсүп, анын негизинде элдик нааразычылык жагдайлар көрүнбөйт. Анын себеби, оппозиция да конструктивдүү. Бүгүнкү күнү баардыгы, саясый толкундар өлкөнү бир топ эле артка кайтарарын түшүнүп атышат. Парламенттик системанын жакшы жагынын бири, ар бири, оппозиция жагындагысы да парламент дубалдарында өз дооматтарын билдире алат. Эгер Жогорку Кеңештин радиосун уксаңыз, ал жерде курч маселелер үстүнөн талкуулар жүргүзүлөт.
- Үркүндүн 100 жылдыгы кандайдыр бир толкунга алып келиши мүмкүнбү?
- Тарых жылында кайгылуу окуяга 100 жыл болгондуктан, милдеттүү түрдө каралып, талкууланат. Өлкөдө болгон жагдайлар туруктуу. Эгер кандайдыр бир шыктоолор болуп жатса, анда алар сырт жактан келиши мүмкүн. Ошондон абайлаш керек.
- Казакстан жыл сайын басма сөз каражаттарында өз өлкөсүндөгү жагдайлар жөнүндө позитивдүү жаңылыктарды жазып, кошуна өлкөлөрдү сындоо максатында 215 млн. АКШ долларын жумшайт. Биздин мамлекет да ушу сыяктуу чараларды көрүш керекпи?
- Бизде басма сөз каражаттары курч найзадай. Мамлекет басма сөз каражаттардын жумушуна кызуу түрдө аралаша турган болсо, анда биздин өлкөдө сөз эркиндиги жок деп айтышы мүмкүн. Эгер биздин өлкөгө көптөгөн туристтердин келүүсүн, биз менен бизнес жүргүзүп экономикага салым кошуусун кааласак, мамлекет дүйнөдө өлкөнүн позитивдүү имиджин түзүүгө көп күч жумшаш керек.
- Жыл башында стратегиялык көз караш жактан айта кетсеңиз, кыргызстандыктар эмнеге көбүрөөк көңүл буруш керек?
- Бүгүнкү күндө мамлекет менен өкмөт биргеликте бизнес жана жеке сектордун өнүгүүсүнө жакшы шарттарды түзүүдө. Салык процедураларын жөнөкөйлөштүрүп, текшерүүлөрдүн санын азайтууда. Азыркы маалда дүйнөдө болуп аткан туруксуздук учурунда,Кыргызстанда жумуш ордун түзүүдө көптөгөн аракет жасалып, бизнеске чоң мүмкүнчүлүк түзүлүүдө. Президент да, премьер министр да Кыргызстанда бизнеске "бейиш" түзүү үстүндө иштеп атышат.Ошондуктан мен бүтүн кыргызстандыктарды мүмкүнчүлүктөрдү кызуу колдонуп, бул жерде өзүнүн бизнесин ачып, экономиканы биргеликте өнүктүрүүгө чакырып кетет элем.
Зарина КАПАРОВА