Агым", 29.01.16 Кайрат ПРИМБЕРДИЕВ
Эльвираны канча убакыт сынаган?
Бири-биринин жеңилин жерден, оорун колдон алып, ысыгына күйүп, суугуна тоңуп азап-тозогун, кайгы-кубанычын чогуу көргөн деп ушул түгөйлөрдү айтса жарашат. Кайраттын жөнөкөйлүгүн, кичипейилдигин көпчүлүк айтпаса деле билет. Өткөн жылдын эсебинен ырчы жигит Кыргызстандан Россиянын "Главная сцена" сынагы аркылуу чыгып, кызыл желегибизди желбиретти. Мындай ийгиликтин артында жигиттин жубайы турганы талашсыз. Ырчы менен үй-бүлө темасында маек курдук.

- Кайрат, келинчегиң менен кандай шартта таанышып калгансың? Дегеле Эльвира кайсы сапаты менен багындырды?
- Башында эл катары Эляны сыртынан эле таанычумун. Кийин Казакстандын Актау шаарында бир ресторанда музыкант болуп чогуу иштеп калдык. Жумушубуз бир болгондон кийин убактыбыздын көп бөлүгүн чогуу өткөрчүбүз. Башында дос катары мамиледе болуп жүрдүк. Андан кийин жарым жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Түбөлүккө түгөй кылып жаткандан кийин Эляны сыртынан сынап жүрдүм. Башка кыздардан айырмаланып тың, акылдуу, орду менен сүйлөп, терең ой жүгүртө алганы менен арбады. Тың кожейке болооруна көзүм жетчү. Жаңылбапмын. Тамакты азыр түрлөп мыкты бышырат.
- Акыркы жетишкен ийгиликтериңе жубайыңдын салымы зор болсо керек? Сынактын башынан-аягына чейин кандай колдоо көрсөттү?
- Албетте, келинчегимдин колдоосу чоң. Эң биринчиден, моралдык, руханий жактан колдоосу зор. Чыгармачылыгымды жакшы сөзү менен колдоп, дем-күч берип келет. Экинчиден, Москвадагы сынакка чогуу бардык. Ал жактан башынан аягына чейин уюштуруу иштерин өзү бүтүрүп, менеджерим катары жаны тынбай чуркап жүрдү. Буюрса жеке концертимди берүү алдында турам. Ага да экөөлөп кам көрүп жатабыз. Азыр деле менеджерим десем болот.
- "Кайрат экинчи жубайын алганда жакшы чыгып тааныла баштады" деген сөздү көп угам?
- Мүмкүн менин жүгүмдү чогуу көтөрүп, кошо чуркап жүргөн үчүн ошондой сөздөр айтылып жаткандыр. Жубайым сүйлөшүп жүргөн кезде эле "эл сени унута баштады, чыгармачылыгыңды жандандырышыбыз керек, жаңыча иштешибиз зарыл" деп күйпөлөктөп жүрчү. Турмуш кургандан кийин экөөлөп ишке кириштик.
- Сынакка катышып жүргөндө балаңарды ким карады?
- Орусиядагы сынак башталганда балабыз 8 айлык кези болчу. Бир жумада келип калабыз деп келинчегим экөөбүз октябрь айында кеткенбиз. Бирок сынактын жүрүшүнө жараша көп убакыт кармалууга туура келди. Балам кичинекей кезинде Эля окуусуна, мен жумушума кетип апам небересин ымыркайынан тартып бакты. Андыктан балабыз ишенимдүү колдо деп сарсанаа болгон жокпуз. Баш-аягы үч ай жок болдук. Күндө скайптан сүйлөшүп, кабар алып турдук. Кийин келсек балабыз бизди унутуп чочуркай түшүптүр. Бир-эки күндөн кийин кайра бизге көнүп кетти.
- Эркек катары үй-бүлөнүн тизгини сенин колуңда экени байкалып турат. Үй-бүлөнү бекемдөөнүн сенде кандай сыры бар?
- Эң башкысы ынтымактуу жашаш үчүн ортодо сүйүү болуш керек. Анан сабырдуулук да көп маселени чечет. Анткени аялзатынын кыялын көтөрүү оор.
- Ошондо келинчегиңдин кыялы да оорбу?
- Чынын айтыш керек, бири-бирибизге жакпаган сапаттар жок эмес. Бирок ошол жакпаган кыял-жоруктар аркылуу жаккан кыялдардын кадырын билебиз. Баары эле зымга тийзгендей текши болуп турса жашоо кызыксыз болуп калат го. Эл катары бизде деле ортобузда түшүнбөстүктөр, чарт-чурт чагылгандар түшүп турат. Албетте менден кетсе да, андан кетсе да эркек катары мен биринчи кечирим сурайм. (Күлүп) Анткени келинчегим бир аз көкбетирээк. Менде деле кемчилдик болсо керек. Бирок кыялкечмин. Күндө болбосо да бат-баттан сюрпризди уюштуруп келинчегимдин көңүлүн көтөрүп турам. Майрамдарда белексиз калтырбайм.
- Кайнене менен келиндин тил табышуусу да кыйын. Экөөнүн ортосунда түшүнбөстүктөр болсо кантип чечесиң?
- Казакстанда иштеп жүрүп Бишкекке келгенде кир кийимдеримдин баарын тоголоктоп тыгып келчүмүн. Бул жактан апам тазалап жууп берчү. Бир жолу кетип жатканда Эля чемодандагы кийимдеримдин баарын ирээттеп, агын ак, кызылын кызыл кылып өзүнчө бүктөп жөнөткөн. Чемоданды ачаары менен эле апам "кийимдериңди ким минтип тыкандап берди" деди. Сүйлөшкөн кызым десем, анда ошол кызга үйлөнөсүң деген. Эляны мурда көрбөсө да анын тыкан, тың кыз экенин дароо баамдаптыр. Апам дайыма келинин адамгерчиликтүү деп мактап келет. Экөөнүн мамилеси эне-баладай. Эля да апамдын кабак-кашын карап, ооруса үстүнө үйрүлүп турат. Экөөнүн ортосунда түшүнбөстүктөрдү байкай элекмин. Негизи эле биздин үйдө көп уруш чыкпайт. Бири-бирибизди түшүнүп ынтымактуу жашаганга аракет кылабыз.
- Үйдө каржы маселесин ким чечет? Акыркы чечимди ким чыгарат?
- Апам менен келинчегимдин берген кеңешине кулак түрөм. Бирок акыркы чечимди өзүм чыгарам. Келинчегим да өзүңдүкүн бербейсиң деп калат. Каржы маселесин да мен чечем. Үйдөгү акча кандай жол менен эмнеге коротулушу керек баары алдын ала такталат. Азыркы тапта жумуштун көптүгүнөн убакыт өтө тартыш. Эки-жакка чыгып акча коротууга деле чолоо тийбей жүрөт.
- Биринчи никедеги уулуңуз менен катышып турасызбы? Балаңыз канча жашка чыкты?
- Ооба, биринчи никедеги уулумдун аты Амир. Буюрса февралдын он биринде алты жашка чыгат. Апасынын колунда. Экөөбүз бат-баттан жолугуп турабыз. Майрамдарда белексиз калтырбайм. Колуман келишинче аталык милдетимди аткарып турам. Эля да балам менен жолугушуума каршы болбойт. Экөөңдү алыстаткым келбейт дейт. Үйгө алып барып турам. Чоң энеси менен сагынычын таратууга да мүмкүнчүлүк бериш керек деп ойлойм.
- Санкт-Петербург шаарына эмне максат менен сапар алганы турасың?
- 28-январь күнү ошол шаарда орус эстрада ырчысы Ваенганын концерти болот. "Главная сцена" сынагына катышканда калыстардын курамында отурган. "Я люблю тебя одну милую" деген чыгарманы аткарганымда ал өтө ыраазы болгон. Ушул ырымды концертимде ырдап бер деп расмий чакыруу жөнөткөн болчу. Буюрса орус элинин майрамына катышканы бара жатам. 29-январь күнү кайра Бишкекке кайтабыз.
Анара ДҮЙШӨНАЛИЕВА