Агым", 29.01.16 Бир бүркүм…
Тransparency International уюмунун 2015-жыл боюнча жакында жарыяланган баяндамасында Кыргызстан коррупция боюнча 168 өлкөнүн ичинен 123-орунду ээлегени маалым болду.

28-январда Кыргызстандын биринчи айымы Раиса Атамбаева аутист балдардын ата-энелеринин коомдук бирикмесине 1 млн. сомдун сертификатын тапшырды.

Жалал-Абад облусунун Токтогул шаарчасында көп кабаттуу үйлөрдүн жалпы дааратканасынан табылган ымыркайдын энеси колго түштү. Ал 23 жаштагы жергиликтүү тургун экени аныкталды. Кылмышка шектүү келин бир баласы менен ажырашкандан кийин, экинчи уулун төрөп, андан баш тартууга аргасыз болгонун милицияга айтып берген.

29-январда саат 14тө Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын чакан залында 60тан ашуун китептердин бет ачары өткөрүлөт.

Бийчи Атай Өмүрзаков Парижде цирк өнөрүнүн дүйнөлүк фестивалына катышууда.
Дүйнөлүк фестиваль Франциянын борборунда 1977-жылдан бери өткөрүлүп келет.

Ысык-Көл облусундагы өкмөттүн толук ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев 27-январда өкмөт башчы Темир Сариев менен жолугушуп, кызматтан бошотуу арызын жазды.

Кыргызстан аялдардын саясый укугу жана мүмкүнчүлүктөрү боюнча глобалдык индексте 145 өлкөнүн ичинде 75-орунда турат. Бул тууралуу Стратегиялык изилдөөлөр боюнча улуттук институту кабарлады.

Аксылык жаш ишкер Азамат Наркулов жылына 100 мал союп, элди 6-7 тонна таза эт менен камсыз кылат.

Узакка созулган аномалдуу жылуу, кургак аба ырайынан кийин аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлүүдө. 28-январдан 31-январга чейин Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда катуу жаан-чачын болушу күтүлөт.

Омбудсмен болууга талапкерлигин коюп, бирок шайлоодо өтпөй калган Рита Карасартова добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу талабы менен сотко кайрылган. Кыргызстандын акыйкатчысын шайлоодогу ачык-айкындуулук маселесин кароо Бишкектеги райондор аралык сотто башталды.

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан облустук прокуратурада иштеген 30 жаштагы Адилет Мухамаджанов каза болду.

2015-жылы Жалал-Абадда жол эрежесин бузгандардан 37 миллион сом чогулган. Бул тууралуу облустук Жол коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Кылычбек Рысбаев маалымат таратты.

28-январдан тарта Бишкектин Биринчи май райондук соту журналист Дайырбек Орунбековдун мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин үстүнөн жазган арызын карай баштайт.

"Жаңы Агым"пресс