Агым", 22.01.16 Эрте турмуш куруунун оң жана терс жактары

Жогорку Кеңештин депутат айымдары тарабынан сунушталган эгер баш кошкон жарандардын Мамлекеттик каттоо кызматы (ЗАГС) тарабынан күбөлүгү болбосо, алардын никесин кыйган дин же башка кызматкерлерди кылмыш жоопкерчилигине тартуу тууралуу мыйзам долбоору коомдо кызуу талкууну жаратып келет. Аталган мыйзам долбоорунун демилгечилери ушундай чектөө менен жашы жете элек өспүрүмдөрдүн баш кошуусун жана ажырашуулардын санын азайтууну көздөшүүдө. Биз бүгүн бул маселеге байланыштуу эрте никелешкен жаш үй-бүлө менен маек курдук.

Кызын эрте турмушка узаткан Алмакан Бек кызы:
"Мен он үч жашымда турмуш курууга мажбур болгом…"
- Алмакан эже, өзүңүз союз убагында 13 жашыңызда турмушка чыгыпсыз. Кызыңызды да эрте турмушка узатыпсыз. Биздин депутат айымдар болсо эрте никеге каршы болуп, биринчи күбөлүк анан нике деген маселени козгоп чыгышты. Сиз буга кандай карайсыз?
- Нике бул биздин ата-бабаларыбыздан келген салт, үрп адатыбыз. Негизи мусулмандар биринчи нике кыйдырыш керек. Нике кыйдыргандан кийин, балалуу болгондон кийин нике күбөлүгүн алууга акыры муктаж болот. Нике кыйылбай туруп күбөлүк алгыла деген бул туура эмес. Нике бул биринчиден тазалыктын, ыймандуулуктун белгиси. Менин жакшы көргөн жалгыз кызым бар. Ага кичинесинен эле кыздын барар жери күйөө. Кыз киши эне болуш керек деп айтчумун. Анан күйөө баламдын кызыма көз салып жүргөнүн байкап калдым. Кызым он беш жаштан он алтыга кеткенде сөйкө салышты. Сөйкө салгандан кийин, бир жылга жакын сүйлөшүп жүрүшүп, кызым мектепти бүтөөрү менен күйөө балам колун сурады. Акыры бара турган жери болгондон кийин макулдугумду билдирдим. Эки тарап биргелешип той өткөрдүк. Нике кыйдырышты. Нике күбөлүгүн алууга барышса кызымдын жашы жетпейт экен. 18 жаштан кийин берилет деп нике күбөлүгүн беришпептир. Экөө бирин-бири жактырып турса, качан 18 жашка чыгат деп күтүп жүрө бербей баш кошуп алышканы туура эле болду. Буюрса кызым 18ге чыкканда небере жыттап калам.
- Өзүңүз эрте турмуш курупсуз…
- Мен 13 жашымда, 6-класста окуп жүргөндө күйөөм алакачып кеткен. Менден он жаш улуу болчу. Ал учур дүркүрөгөн союз убагы. Жашы жетелек кызды алакачып кеттиң деп бир ай камалып жатты. Анан мен бул никеге макул болгондуктан камактан чыгарып алдык. Мен ал өткөн күндөрүмө ыраазымын. Кыз бала канчалык турмушка эрте чыкса ошончолук жакшы. Азыр өткөөл курактагы кыздар дискотекага барып жатышат. Тамеки чегип жүрүшөт. Кыз бала жаштайынан минтип бузулуп калгандан көрө жакшынакай небере төрөп, бирөөнүн жаркылдаган жары болуп отурганы жогору эмеспи.
- Эрте турмушка чыгуу кыз баланын төрөшүнө терс таасири тийбейби?
- Анын эч кандай зыяны жок. Биздин чоң энелерибиз тогуз жашында турмушка чыгып, он үч жашында төрөп калышкан. Тескерисинче, ошол убакта Сексенбай, Токсонбайлар төрөлгөн. Бүгүнкү күндө Отузбай, Кыркбайлар жоголуп, ар кандай дары-дармектер түбүбүзгө жетип жатат.

"Экөөбүз азыр бактылуубуз" Долатбек уулу Сабырбек
- Экөөңөрдүн жаңыдан башталган үй-бүлөлүк жашооңор кандай өтүп жатат?
- Менин жашым 23тө. Үйлөнгөнүбүзгө беш айдын жүзү болду. Жакшы күндөр өтүп жатат. Бизде баары жетиштүү. Экөөбүз тең окуп жатабыз. Студент жаш жубайларбыз. Мен Эл аралык университеттин акыркы курсунун студентимин. Келинчегим кесипчилик окуу жайында окуйт. Өлүмдөн башканын баары эрте болгону жакшы деген сөз бар эмеспи. Мен замандаштарыма эрте үйлөнгөнгө кеңеш бермекчимин. Мисалы, кыздар беш жыл жогорку окуу жайда окушат. Окуп жүрүп баарын акча менен бүтүрүшөт. Же окууну жыргатып окуй алышпайт. Же үй-бүлө курушпайт. Ошентип жаштык күндөрү көчөлөп жүрүп өтүп кетет. Андан көрө эртерээк үй-бүлө куруп эне болгондору жакшы эмеспи.

Мамашева Элнура:
- Элнура башка үйдүн босогосун аттап бүлө болуп отурасың? Келин болуу сезими кандай экен?
- Башка бүлөгө көнүшүп кетүү алгачкы күндөрү сүрдөп, кичине оорураак болду. Азыр көнүп калдым. Азыр өзүбүзчө бөлүнүп жашап жатабыз. Буюрса баары алдыда. Курбуларымдан деле мендей куракта турмушка чыккандар бар. Баары эле бактылуу, ойдогудай жашап жатышат. Ажырашуулар адамдын өзүнө байланыштуу го. Эң негизгиси эки жаш бирин-бири жактыруулары керек. Андай сезимдер болбой кыйноо менен баш кошкондор болсо, албетте ажырашуулар болот.

Кыргызстанда жыл сайын 7-9 миң өспүрүм кыз турмушка чыгат
Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, эрте жашта турмушка чыгуу, төрөө жана бойдон алдыруу көрүнүштөрү 2011-жылдан бери азайбай келет. Ал эми ЮНИСЕФтин көрсөткүчтөрү боюнча, өспүрүм куракта турмуш кургандардын саны жалпы баш кошкондордун дээрлик 13%ын түзөт. Бул айыл жеринде 16%га чейин барат. Ошентип жыл сайын 7-9 миңдей өспүрүм кыз күйөөгө тиет. Ал эми аймактар боюнча Нарында эрте турмушка чыккандар мурда 10%ды түзсө, азыр 19%дан ашкан. Жалал-Абадда 9,5%дан 13%га өскөн. Ысык-Көлдө 14%дан 10%га түшкөн.

Индияда азыр да кыздарын турмушка эрте узатышат
Эрте жашынан никелешүү индустарга мусулманчылык менен чогуу барган дешет. 21-кылым болгонуна карабай Индиянын Раджастхан, Мадия-Прадеш, Бихар деген жерлеринде кыздарды эрте турмушка узатуу дагы деле уланууда.
Индияда кыздар 18 жашында турмушка чыгып, балдар 21 жашында үйлөнүүсү керек деген мыйзам бар. Мамлекетке 150 евро айып пул төлөп, 2 жылдык эркиндиктен айрылуу коркунучунда турганына карабай эрте никеге тургандар бар. Анткени айып пулдан да, мыйзамдан да качып кутула турган жагдай бар, алар жашы жеткенде гана каттоого турушат. Индияда кыздарды "бөтөн байлык" деп коюшат. Ата-эне кыз баланы багып отурбай, эрте турмушка берип кутулгулары келсе, күйөө тарап кызды акысыз күч катары жумшоого кызыгышат.

Жаш эне болуунун оң жактары
* 18-23 жаш аралыгында төрөгөндөрдө кан басымы, богок, кант диабети, жатынга суук тийген сыяктуу ар кандай оорулар аз болот. Бул учурда эне боло турган аялзатынын ден соолугу физикалык жактан да, психикалык жактан да жок дегенде 80% чың болот. Андыктан ден соолугу чың бала төрөлөт.
* Жаш энелер төрөттөн көп кыйналышпайт. Анткени алардын булчуң эттери чоюлчаак жана тартылчаак болот. Төрөгөндөн кийин жатын тез жыйрылып мурунку калыбына бат келет.
* Жаш энелер орто курактагы энелерге караганда түн уйкусунан бат турат жана сезимтал болушат.
* Бул курактагы кыздардын көпчүлүгүндө тамеки чегүү, алкоголдук ичимдиктерди ичүү сыяктуу жаман адаттар жок болот.
* Жаш энелердин балдары өздөрү менен тең чоңоюп, натыйжада түйшүктү балдарына эрте өткөрүп беришет.

Жаш эне болуунун терс жактары
* Кыздардын организми 20 жашка чейин өсүп калыптанат. Бул учурда убактысынан мурун төрөп коюу же бойдон түшүү көбүрөөк кездешет. Айрымдарыныкы гормоналдык жактан али жетиле элек болот.
* Жаш энелердин балдарынын дүйнө таанымы жашы ортолоп калган кезде бала күткөн энелердин уул-кыздарына караганда кичине артта болот жана тынчы жок келишет. Себеби жаш эне ымыркайына көп көңүл буруу, анын ар бир жаңы кылыктарына маани берүү жагынан тажрыйбасыз болот.
* Келечекте эне боло турган жаш кыздар аз кандуулук оорусуна бат эле чалдыгат. Андыктан бойго бүткөндүн алгачкы жумаларында жана кийин дарыгердин көзөмөлүндө болбой калган энелердин балдары аз кандуулук оорусу менен төрөлүп калышы мүмкүн.
* Жаш энелердин көпчүлүгү дарыгерлердин айткандарын кынтыксыз аткарбайт, натыйжада ичиндеги түйүлдүккө коркунуч пайда болот.
* Эне-ата болууга али жарай элек жаштар курган үй-бүлөдө баланы чыдамсызданып күтүү болбойт. Аларда болгону төрөлө турган бала төрөлдү дегендей мамиле байкалат.
* Айрым кыздар төрөр-төрөгөнчө моралдык жактан өзүн даярдабай жүрө берип, төрөгөндөн кийин депрессияга дуушарланып, психикалык ооруларга да кабылып калышат.
* Кээ бир жаш энелердин жамбаш сөөгү али жетиле электигине байланыштуу кичинекей болгондуктан төрөт учурунда жамбаш сөөгү ажырап кетет. Төрөттөн мындайды күтпөгөн энелер психикалык жактан жабыркашат.
Соңку сөз ордуна
Биз бүгүн эрте турмуш куруунун оң жана терс жактарына токтолуп өттүк. Кийинки учурда кыздарын эрте турмушка узатууну каалаган ата-энелер көп кездешип калууда. Бирок кыз баланын организми 20 жашка чейин калыптанып, өтө эрте турмуш куруу өмүрлөрүнө кооптуу экени медицинада айтылып келет. Андыктан депутат айымдардын көтөргөн маселесинин да чындыгы бар.
Жамиля НУРМАНБЕТОВА