Агым", 15.01.16 Капчык дагы кагылат
Камсыз болобузбу же камсыздандырабызбы?
2016-жылдын бюджети 22 млрд. сом тартыштык менен жактырылганы белгилүү. Бул аз келгенсип, быйыл салык чогултуу жагынан да кооптонуулар бар экени боюнча азыртадан божомолдор айтылууда. Бюджеттеги акчанын баары эле накталай эмес. Негизги өзөгүн салык менен бажы төлөмдөрү түзөт. Эгер бюджеттин кирешеси 124 млрд. сомдон ашуун экенин эске алсак, анда бул акчаны доллар менен өлчөгөндө 1 млрд. 600 млн. доллардан ашуун болуп, доллардын куну көтөрүлгөнүнө байланыштуу кайра артка кеткен болобуз. Демек жүктү жеңилдетүү үчүн өкмөт кошумча каржы булактарын издейт. Анын бири милдеттүү түрдө камсыздандыруу мыйзамы болмокчу деп божомолдогондор бар.
Премьер-министр Темир Сариев камсыздандыруу мыйзамы 2016-жылдын 1-февралынан тарта күчүнө кирерин айтып келет. Эгер мыйзам күчүнө кирсе айыл жериндеги үйлөр бир жылда 2500 сом, шаардагы там ээлери 3 миң сомго чейин төлөйт. Эгер кайсы бир кокустуктан улам төлөгөн кишилердин тамы урап калса, өкмөт ага камсыздандыруу эсебинен 600 миң сом төлөп берет. Компаниянын баштапкы эсебине өкмөт 100 миллион сом акча салмакчы. Камсыздандырууну мамлекеттик ишкана жүргүзө турганы дайын болду. Азырынча өкмөттөгү маалымат ушул.
Кыргызстанда ондогон камсыздандыруу компаниялары бар. Алардын аткарып жаткан иштери боюнча коомчулукта кенен маалыматтар жок. Мындан сырткары автоунааларды да камсыздандыруу маселеси башталмакчы. Биз окурмандарга бул тууралуу кенен маалымат берүү үчүн түз байланышка Каржы рыногун жөнгө салуу кызматынан жана мамлекеттик камсыздандыруу компаниясынан тийиштүү кызматкерлерди чакырып, сиздердин сурооңуздарга жооп алып беребиз.

Миллионерлер клубу
Акча бирдиги менен ченелген парламент
Азыркы Жогорку Кеңештин депутаттары парламентке келгенде эле маалымат каражаттарына жарыяланган пикирлер четинен далилдене баштады. Алгач жылкы теппей, жылан чакпай "Ата мекен" фракциясынын депутаты Жоомарт Сапарбаев депутаттын айлыгы менен жарыбайт экенсиң, эми бизнес менен алектенем маанисинде өз каалоосу менен депутаттык мандатын тапшырары дайын болду.
Биз билгенден Жоомарт Сапарбаев турган турпаты, сүйлөгөн сөзү, баскан кадамынан бери Өмүрбек Текебаевге окшогонду абдан каалайт эле. Бирок аны ушул кадамга барууга аргасыз кылышты. Андан ары социалдык түйүндөрдө Элмира Жумалиеванын ордуна мандат алган Алмазбек Токторов БШК төрагасы Т. Абдраимовдун бир тууган кайнагасы болору жазылды. Көрсө "Кыргызстан" фракциясы шашылыш жыйынга чогулуп, Элмира Жумалиева менен Чолпон Эсенаманованы, Урмат Ишенбековду депутаттыктан четтетүү тууралуу чечим кабыл алып, аны БШКга жиберсе алар да шашылыш чогула калып 15 мүнөттүн ичинде тиги экөөнү мандаттарынан ажыратып, ордуна арткы тизмеде турган 2 адамга мандат бере салган маалымат тарады. Эң кызык жери ошол 15 мүнөттө БШКдан бирөө Ишенбековго телефон чалса, ал бир заматта жете келип мандатын сактап калыптыр. Бул жерде Конституциядан тарта далай мыйзамдардын тебеленгени айтылып, статья, берене дегендеринен бери мисалдар келтирилди. Ошентип акчанын күчү менен келген парламент жакынкы күндөрү бири-биринин абийирин айрандай төгүп, жакалашып, соттошуп керек болсо бирин бири тытып, жутуп койчу деңгээлге жеткени айкын болуп баратат. Айрыкча "Кыргызстан" фракциясында абал өтө оор. Ишенимдүү булактарда айтылган маалыматтарга караганда азыр "Мандат бербесең акчамды кайтарып бер же майлуу-сүттүү кызмат бер" деген соодалашуу бардык фракцияларда жүрүп жатат. Ошонун алгачкы курмандыктары Сапарбаев, Жумалиева, Эсенаманова болду көрүнөт. Корутундулап айтканда бул жерде шарттан пайдаланган БШК да соо эмес деген абалга сарасеп салган ар бир жаран ынанып кетет. "Бул башаты эле, комедиялар али алдыда",- деп кызыктарды күткөн кишилер көп. Себеби элдин шайлоодогу тандоосун, добушун, каалоосун бүгүн БШК менен фракция лидерлери каалагандай чечип жаткан кези. Анан дагы кайсы арыбызга парламенттик республика болобуз деп күпүлдөйбүз.
Келдибек НАЗИРОВ


Ипотека икаясы
Тамы жокко - дагы жок
Буга чейин мамлекеттик кызматкерлерди жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу маселесин чечүү үчүн 6 миллиард сом таап, ал ушул жылдын январь айынан бериле баштайт деп айтылган.
Эми мамлекеттик программанын алкагында түзүлгөн ипотекалык компания январдын экинчи жарымынан баштап насыя бере баштай турганы белгилүү болду
Өкмөттүн маалыматы боюнча мамлекеттик ипотекалык компания мамлекеттик кызматта иштеген, турак жай сатып алууга же өзү жашаган жерге там салууга айлык акысы жетпеген, турак жайын кеңейте албаган кишилердин социалдык муктаждыктарын жоюу максатында түзүлгөн. Башкача айтканда, мугалим, врач, маданият кызматкерлерди ичине камтыйт. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын талаптары боюнча насыя 12 пайыз менен 15 жылга чейин улуттук валюта сом менен берилет. Мунун негизинде турак жайга муктаж жарандар 70 чарчы метрге чейинки аянттагы тамдарды алууга мүмкүнчүлүгү бар. Ал үчүн мамлекеттик кызматта 3 жылдан кем эмес туруктуу иштеген, баштапкы пайызын төлөөгө мүмкүнчүлүгү бар жарандар болушу керек. Бирок ушул маселе да чоң суроону жаратат. Эгер жөнөкөй, жыйган-тергени жок 3 жыл эмес, 10 жылдан бери орто мектепте иштеген тамы жок мугалим дагы эле турак жайга муктаж болуп кала берери дайын болуп калды.
Айрыкча билим берүү, саламаттык сактоо тармагында иштегендерге басым жасалат деп айтылганы менен чечилбеген жоопсуз көп суроолор бар. Мисалы, алгач ипотеканын негизинде үй алчу кызматкер үйдүн наркынын 30 пайызын төлөп бериши керек. Мисалы, 1 млн. сомдук квартира сатып алгысы келсе анын 300 миң сомун дароо төгүшү керек. Андан ары 15 жыл бою 12 пайыз үстөк менен калган акчаны төлөп турат. А бирок бизде социалдык тармакта иштеген кызматкерлердин маянасы көп болсо 4 миңден 8 миң сомго чейин эле. Анан бул ипотекалык кредитти кайсы мугалим же врач батынып алары белгисиз болуп турат.
Кадыр БОСТОН


Кудай сакта
Абайлагыла, жин шайтандар коому каптап баратат
Инферн коому жалпак тил менен түшүндүргөндө жин шайтандар падышачылыгы дегенди билдирет. Тагыраагы, "инферн" латын тилинде "тозок", "кир" деген мааниде. Инферн коомун түзүү теориясы кылымдарды карытып келген адамзаттын каада-салттарын жана баалуулуктарды атайын жолдон чыгара турган баалуулуктарга тымызын алмаштыруу үчүн багытталган.
Ал жалган баалуулуктар негизи катары бу жашоого адам жыргаганы келет деген гедонизм теориясынан алынган. Баалуулуктарды алмаштыруу процесси адамдын табигый өзөгү менен карама каршы келди. Адамдар жөнөкөй ичип-чычуу инстинктер, рефлекстер менен жашагысы келбей калды. Азыркы убакта дүйнө жүзүндө бүтүндөй адамзат ушу процесске каршы биригүүдө. Адамдын психикасын жана аң-сезимин өзгөртүп, аны багындыруу программасынын үстүндө Тависток институту учурда катуу иштеп жаткан кези! Койгон максаттарына жетиш үчүн программанын негизин дененин рахатчылыгы түзөт. Бала көтөрүү жана төрөттө оорусун басаңдатуу же жок кылуу, клондоштуруу үстүндө илимий иштерин улантышууда. Мындайча айтканда, уят-сыйытты жыйыштырып, ойлорду итче агытып жиберүү. Адамды адам кылып кармап турган адеп-ахлак, үй-бүлөлүк тарбияны жокко чыгаруу. Башкача айтканда, каалаган адам же жаныбар, чыдабай баратса буюм менен каалагандай жыныстык байланышта болуу укугу пропагандасы, свинг, квик, педофилия, зоофилия, фетишизмдерди ичине камтыйт. Бир нече миллиарддык бюждети бар HUMAN RIGHTS CAMPAIGN укук коргоо кампаниясы Инферн коомчулугуна же жин шайтан падышачылыгына юридикалык жана укук коргоо кызматын кылып келүүдө. Булардын кол салуусуна азырынча тарыхый түптөлүп келген элибиздин менталитети, руханий жана диний байлыктары туруштук берип келе жатат. Бирок бийликтин ар бутагындагы коррупцияга чыланып калган саясый партиялык анклавдар бу процесске туруштук бере албай, моюн сунуп берди. "Элитабыз" деп эсептеген сөрөйлөрдүн чабалдыгын жана дүнүйөкорлугун билип туруп, жөн турбай ЛГБТ мүчөлөрү ачык түрдө эле, акчанын күчүн менен партияга кирип, андан ары мамлекеттик кызматтарга отуруп жаткан учуру. Болбой калды дегенде карызга батты деген тил кат менен шантаждап, партиянын өкүлдөрүн өздөрүнө моюн сундуруп алган. Ушундай ыплас көрүнүш менен эми биздин эл күрөшкөнү жатат.
Көз карандысыз жарандык серепчилер тобу


ИИМ эмне дейт?
коррупция боюнча көрсөткүчтөр
ИИМдин 5-башкы башкармалыгы тарабынан 2015-жылы коррупциялык мүнөздөгү 684 кылмыштын бети ачылган. Бул тууралуу маалымат жыйынында ИИМдин 5-башкы башкармалыгынын начальниги, милициянын полковниги К.Тойбаев билдирди. Коррупция фактысы боюнча 8, паракорчулук 59, кызмат абалынан кыянат пайдалануу 269, мүлктү ысырап кылуу же өзүнө ыйгарып алуу 83, анын ичинен өзгөчө ири өлчөмдө 7, кызматтык жасалмачылык боюнча 28 жана башка 237 кылмыштын бети ачылган. Коррупциялык багытта жасалган кылмыштардын 319у сотко жиберилип, 123 кылмыш иши боюнча соттук чечимдер кабыл алынган. Эркинен ажыратылгандар 8, шарттуу түрдө соттолгондор 30, 52 айыпталуучуга 2 миң сомдон 4 млн. 500 миң сомго чейин айып салынган. Өткөн жылдын 11 айында коррупциялык мүнөздөгү кылмыштардан жалпысынан мамлекетке 418 млн. 60 миң сом зыян келтирилсе, анын 53 млн. 721 миң сому өндүрүлгөн. Өткөн жылы аймактык казыналык бөлүмчөлөр аркылуу мамлекетке 180 млн. 777 миң сом кайтарылган.



Конуштан-айылга
Зардалы айылга айланышы зарыл
13-январда Жогорку Кеңеш жыйынында "Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралды. КР өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Бакыт Рыспаев аталган мыйзам долбоору боюнча баяндама жасады. Долбоордо Баткен облусунун Баткен районундагы Кара-Бак айыл аймагындагы Зардалы, Дөбө, Бай Кара-Бак калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү сунушталган. Мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жиберилди.