Агым", 08.01.16 Оп, майда
Өгөйдүн кылаары ушу да...
6-январь күнү Бишкектеги №3 балдар ооруканасына төрт жана алты жаштагы бир туугандар келип түшкөн. Дарыгерлер балдардын денесинде көгала так, күйүктөр бар экенин аныкташкан. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгынан соң бул иш окуя болгон жерде, Жумгал райондук ИИБдө каралат. Балдардын ата-энесинин айтымында, алар буга чейин Чаек айылында чоң ата, чоң энесинин колунда болчу. Өгөй чоң энеси төрт жаштагы баланы төшөктү булгаганы үчүн кайнак сууга отургузуп, алты жаштагы кызды инисине болушканы үчүн колун мешке кактап, көгала кылып сабаган.

Акыйкат чечим чыгаар
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Урмат Аманбаеванын иши Бишкек шаардык сотунда 12-январда каралат. Буга чейин Октябрь райондук соту Аманбаеваны коррупция боюнча айыптап, 9 жылга эркинен ажыраткан. Райондук соттун чечимине макул болбогон айыпталуучу тарап, Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылган. Алгачкы отурум айыпталуучулардын жарымы келбей калганынан жылдырылган. Аманбаевага болсо, ичегисине операция жасалганы айтылган.

Куралды оюнчук кылбагыла
Кыргызстанда 2015-жылы травматикалык курал колдонуу менен жасалган 15 кылмыш иши катталган. Жакынкы бир айдын ичинде эле Чүй облусунун аймагында адам өлтүрүү жана талап-тоноочулук фактылары боюнча 4 иш козголгон. Ушундай жагдайлардан улам Ички иштер министрлиги өлкөдөгү травматикалык куралдарды жүгүртүүнү ирээтке салуу демилгесин көтөрүп чыккан. Парламентте анын концепциясы каралып, биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. ИИМдин берген маалыматына ишене турган болсок, ушу тапта калктын колунда 7766 даана травматикалык курал бар жана анын 85-90 пайызы колдонулган.

Сиз жылмайсаңыз, сизге да жылмайышат
Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде "Жылмаюуң менен бөлүш" аттуу кайрымдуулук сүрөт көргөзмө-жарманкеси өтөт. Кайрымдуулук иш-чарасына жаш балдардын колдорунан чыккан сүрөттөр коюлат. Ал эми сатуудан түшкөн каражат аутизм менен жабыркаган наристелер фондуна жардам катары берилет.

Спортту алга сүрөйлү
12-16-январь күндөрү Кожомкул атындагы спорт ордосунда Кыргызстандын бокс боюнча жаштар курамасына мушкерлерди тандоо боюнча биринчилик башталат. Өтө турган таймаш Тарых жана маданият жылынын урматына уюштурулду. Мелдешке Кыргызстандын түрдүү аймактарынан 17-18 жаштагы 150гө жакын мушкер катышат. Биринчиликтин жыйынтыгында жаштар курамасы аныкталып, жеңүүчүлөр Азия жана дүйнө чемпиондугуна катышууга жолдомо алышат.

Түркиядагы Касым
Тыныстановго арналган журнал
Түркияда жарык көрчү Vercez журналынын жаңы саны толугу менен кыргыздын алгачкы агартуучусу, драматург, акын-жазуучу, туңгуч профессору Касым Тыныстановго арналды.Тыныстановдун өмүр таржымалы тууралуу макалаларды журналисттер Халит Ашлар, Майрамгүл Дыйканбаева жана Омар Кучукмухамедоглу жазган.Vercez журналы айына 2000 нускада чыгат. Редактору Булент Гүндоган.

Кыргыздар
интернетти аз колдонушат
Кыргызстанда элдин 25 пайызы интернетке туташкан. Бирок анын 20 пайызы гана колдонуучу болуп саналат. Бул тууралуу Internet Society эл аралык уюмунун Кыргызстан боюнча иликтөөсүндө айтылат. Андагы маалыматтарга караганда, бул көрсөткүч коңшу мамлекеттерге караганда аз. Борбор Азияда дүйнөлүк желенин жайылышы боюнча Кыргызстан Тажикстан менен Түркмөнстанды гана артка калтырат. Буга интернет баасынын кымбаттыгы жана элдин суроо-талабынын анча жоктугу себеп болгон деген тыянак чыгарылды.

Электр энергиясына төлөө мөөнөтү узарабы?
Эгерде жарандардын колдонгон жарык үчүн төлөөгө мүмкүнчүлүгү жок болсо, төлөө мөөнөтүн алты айга чейин узартса болот экен. Бул тууралуу "Ошэлектр" ишканасынын башкы жетекчиси Дыйканбай Даминов маалымдады. Буга чейин бир нече маалымат каражаттары "Ошэлектр" ишканасына таянуу менен жарыкка карызын төлөбөгөн белгилүүлөрдүн тизмесин жарыялаган.

Аткаминерлердин чыгашасы да көзөмөлдөнөт
Мамлекеттик кадрлар кызматынын директору Сооронбай Жээнбековдун маалыматы боюнча, Кыргызстанда кезектеги мүлктү жарыялоо өнөктүгү башталды, быйыл алгачкы жолу мамлекеттик кызматкерлердин кирешелери гана эмес, чыгашалары тууралуу дагы маалыматтар чогултулат.

Өлкөдө орус телеканалдарына өзгөчө макам берилеби?
Өкмөт Орусиянын федералдык телеканалдарына өзгөчө макам берүү маселесин карап жатат. Маданият министрлиги Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда массалык байланыш боюнча кызматташуу жөнүндө келишим долбоорун даярдап, коомдук талкууга алып чыкты. Аталган долбоордун алтынчы пунктунда, Орусиянын 1-канал, РТР Планета телеканалдарына Кыргызстандын аймагында мыйзам тарабынан чектөөлөр киргизилбейт, ага кошумча орусиялык контент жана орус тилине болгон чектөөлөр коюлбайт деп жазылган. Бул макамсыз эле өлкөдө Орусиянын 1-каналы, РТР, СТС жана башка телеканалдары тынбай көрсөтүлүп, "Русское радио", "Европа-плюс" жана башка радиостанциялары тынымсыз иш алып барышат.

Токтогулда
суу көп
7-январда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 млрд. 21 млн. куб метрди түзүп, суу сактагычка секундасына суунун агып кириши 168 куб метр, ал эми чыгымы 572 куб метр болгонун "Электр станциялары" ААКнун адистери аныкташты. Салыштыруу үчүн айта турган болсок, мындан эки жыл мурун 2014-жылдын 8-январында суунун көлөмү 9 млрд. 3 млн. куб метрди түзгөн.

Унаа уурдагандар кармалды
Уурулар ушунчалык күч ала башташканын ушундан билиңиз, чаламандын чак түшүндө эле шылуундар "Мазда-323" жана "Мерседес 320" унааларын автожуучу жайдан айдай качышкан. Ал эми дагы бир "Ауди С-4" машинесин шаардын Исанов менен Садыгалиев көчөлөрүнүн кесилишинде токтоп турган жеринен уурдап кетишкен. Унаа ээлеринин арызынын негизинде милиция кызматкерлери Бишкек шаарынын, Чүй облусунун жана Кара-Балта шаарынын үч тургунун колго түшүрүшкөн. Учурда катталган кылмыш иштери боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жаңы- Жерден жаңырган радио
2016-жылдын 1-январынан баштап Баткен облусунун Лейлек районунун Жаңы Жер айыл аймагында FM 88 жыштыгында "Ариет" жаштар радиосу иштеп баштады. Радио Жаштар өнүгүү институту уюму жана айыл аймак менен биргеликте долбоордун негизинде ачылган. Бүгүнкү күндө эфирде кыргыз, орус, өзбек, чет эл музыкалары жаңырып турат. Айыл аймактын башчысы С.Эгембердиевдин айтуусунда, жакын арада ММКлардын катышуусунда жергиликтүү жаштардын арасында конкурс уюштурулуп ди-джей, журналисттер тандалып, окутулуп толук кандуу иштей башташат. Радиону аталган айыл аймактын Арка, Достук, Жаштык, Борбордук айылдары угушат. Калктын саны 13 миңди түзүп, анда кыргыз, өзбек, тажик улуттары жашайт. Радио ачуу максаты - чек арада жашаган жаштарга маалымат алууга жана таланттууларга шарт түзүп, коңшулаш республиканын каналдары көп болгондуктан, тургундарга маалымат алууга мүмкүнчүлүк түзүү болгон. Эми жергиликтуу жаштардын арасынан эң таланттуулары жумуш менен да камсыз болот.

Таксилер өзгөрбөйт
Оң рулдуу таксилерге болгон тыюу салуу боюнча мыйзам 2016-жылы эмес 2020- жылы ишке кириши мүмкүн. Буга себеп депутаттардын бул мыйзам боюнча талкуулоосунун бир жыйынтыка келбестиги. Анткени мыйзам чала иштелип чыккан деп айтылууда. Учурда депутаттар бул мыйзамды кайра иштеп чыгууну талап кылууда.

Тил билсең дил билесиң
2016-жылдан баштап бардык чиновниктер мамлекеттик тил боюнча тест беришет. Учурда бул иш-чара боюнча даярдыктар көрүлүүдө. Атайын тестирлөө өткөзүш үчүн мобилдик көчмө комиссия түзүлдү. Тестирлөө жыйынтыгы анонимдүү болот, анткени бардык жыйынтыктарды компьютер чыгарат. Бул тестирлөө мамлекеттик тил боюнча комиссиясы тарабынан өткөрүлөт. Ал эми 2017-жылдан баштап бул тестирлөөдөн милдеттүү түрдө ар бир чиновник өтүүсү зарыл.

Акча көбөйдү
Аз камсыз болгон балдарга карата жөлөк пул1 пайызга көтөрүлөт. Учурда жөлөк пулдун бюджети 8 млрд. 234 млн. сомду түздү. Буга салыштырмалуу 2014-жылы жөлөк пулдун бюджети 6 млрд. 755 млн. түзгөн. Учурда республика боюнча 1 балага болгон жөлөк пулдун өлчөмү 709 сомду түзөт.


"Жаңы Агым" - пресс