Агым

 

Б.Төрөбаев экс-мэрге эмнеге кейиди?
Парламентте "Өнүгүү" фракциясынын лидери Б.Төрөбаев "Кара-Кулжа шаарынын экс-мэри М.Койчиевди мыйзамсыз иштен алдыңар",- деп кейиди. "Айыл аймактарын ар кайсы мамлекеттик органдар текшере берип иштетпей турган болдуңар",- дегенди айтып жашыды. "Алар эми иштегиси келбей, кийинки шайлоолорго да барбай турган болушту",- деп каңырыгы катуу түтөдү. Килейген партиянын лидеринин мынчалык эмне жаны кейип атат десе, көрсө иштен кеткен Мамбет Койчиев "Өнүгүү" партиясынын өз адамы тура. 2013-жылы аталган шаардын мэрлигине дал ушул "Өнүгүү" партиясы түртүптүр. Анан түртүп баратканы ээ дегиче ээрден ооп, эмгеги талаага кетип жатса жашыбай коймок беле. Бир сөз менен депутаттын айтымында, мэрди алыш-коюшту мыйзам боюнча шаардык кеңеш чечиши керек экен. Белгилүү болгондой экс-мэрге прокуратура тарабынан иш козголуп, ошол эле прокуратуранын сунушу менен өкмөт башчысы кызматтан алган.

"Фарсты" айттыбы же "фаршты" айттыбы?
Вице-спикер Нурбек Алимбеков микрофон күтүп кезекте турган А.Саляновадан мурда КСДПнын "кыйын чыкмасы" И.Өмүркуловго сөз бере коем деп Аида айымдын каарына калды. "Мен ага партиялашы Жураевдин ордуна сөз бердим дегенине" А.Салянова ынанган жок. "Регламентте бир партиядагылар бир-бирин алмаштыра алат деп жазылганбы? Андай болсо фракциялар кимден кийин ким сүйлөөрүн өздөрү чечип албайбы! Биз жыйынга келип, атайы жазылып, бирдеме айтып калалы деп келебиз. А сиз бардык процедураны "фарска" айлантып салдыңар",- деди ал. (Кебетеси ичинен "фарш" кылып салдың дегенди эле айтты окшойт). Анан "Сизге кайрылганда айтышпай, өзүңүздүн аракетиңиз үчүн жоопкерчиликти да ала билсеңиз",- деп жөөлөп өттү.

В.Матвиенко Кыргызстанды мактады
Россиянын Совет Федерациясынын төрайымы Валентина Матвиенко мурдагы советтик мамлекеттер мейкиндигиндеги шайлоолор боюнча ОБСЕнин докладын сынга алуу менен Кыргызстанда демократиялык шайлоо системасы бар экендигин айтып, көңүлүбүздү көтөрүп койду. "Менимче Белоруссияда, Кыргызстанда, Казакстанда жана Россияда дээрлик башка деңгээлдеги шайлоо системасы киргизилген. Муну абсолюттук түрдө либералдык, демократиялык шайлоо системасы десек болот", - деди ал.

Чубак ажынын чуусу, Ж.Акаевдин дуусу
Эки күндөн бери интернет айдыңынын Чубак ажынын чуусу, Ж.Акаевдин дуусу чаңдатып атат. Азыр анысы аны айтты, мунусу муну айтты деп кайталап отуруштун кажети жок. Бирок бул көрүнүш коомубузду эки ача пикирге алып келип такаганын, анын артында мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч келтирүүчү жагдайлар "уктап" жатканын байкатып койду. Атургай депутат Ж.Акаевди ачык эле коркуткан, өмүрүнө коркунуч келтирген билдирүүлөр интернет булактарына жарыяланып кетти. Демек, оозубузду ачпай, көзүбүздү ачпасак кеч болуп калчудай. Ажы менен депутаттын "ажына" айтышы жума намазына баруу үчүн түштөнүү убактысын узартуу демилгеси тиешелүү комитеттин кароосунан өтпөй калгандан кийин чыккан. Бул маселе кайра айланып ЖКда каралып, депутаттардын кызуу талкуусун жаратты. Депутат Р.Момбеков муну диний ишмерлердин мамлекеттин саясатына аралашуусу катары баалап, "Чубак ажы жихадга чакырып ийиптир" десе, депутат Альфия Самигуллина:
"Мен өзүм дагы мусулманмын. Бирок, биз - кыргыз жарандары ар бир орчундуу маселеге келгенде, жалпы мамлекеттин кызыкчылыгын ойлошубуз керек. Негизи, жумушчу күндү узартуу-кыскартуу маселелерин өкмөт өзү жөнгө салат. Өкмөт мыйзам долбооруна карата каршы корутундусун берген. Бир катар депутаттар аны колдодук. Биз ислам динине каршы эмес, социалдык маселе жаатындагы сунушка каршы добуш бердик",-деди. Чатактын аягы азырынча Чубак ажыны УКМКга чакырып эскертүү берүү менен бүттү окшойт.

...Кокуй, чиновник байке, башыңызга жаан тийип, күн өтпөсүн...
Өткөн жумада жамгырдан жардамчысы кол чатырын кармай калып "жаны калган" Бишкек шаарынын прокурору Н.Сулайманов тууралуу дагы эле интернетте чоң талкуу болгон. Биздин гезит деле кадимки жөнөкөйлүк, пакизалык сапаттар унутулуп, айрым чиновниктер кызмат даражасы өскөн сайын манап пейил күтүп калганы тууралуу жазып чыкканбыз. Капырай, мындай сапат чиновниктердин креслосу менен кошо келеби же жан сакчылары, шыпылдаган кошоматчылары сиздин таманыңызга кирген тикенек менин көзүмө кирсин, сиздин башыңызга күн тийгенче менин мээм сызгырылып кетсин деп турушабы, айтор Ош облусунун губернатору Таалайбек Сарыбашевдин бул сүрөтү да талкууга алынды...Не дейбиз, "ишенген кожоң сууга акса, алды алдынан тал карма" деген ушул окшойт. Же чиновниктер жаанга же күнгө чыга калса ушинтип кол чатыр кармаган коомго келип калдыкпы?!



Түркүн кеп...
Бишкек саммитинде бир топ жумуш бүттү
Жума башында Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын кезектеги саммити өттү. Ага - Россия, Белоруссия, Казакстан, Молдавия, Тажикстан өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары катышса, калгандары вице-премьер, биринчи вице-премьер министрлер рангасында катышты. Көпчүлүк эксперттер КМШ уюму формалдуу түрдө гана жашап келатат, келечеги жок дегендей айтып келишет. Аныгында андай деле эмес окшойт бул жолку саммитте 20 маселе талкууга коюлуп, негизги көңүл соода-экономикалык кызматташтык, энергетика тармагы, саламаттык сактоо, гуманитардык багытта иштешүү, ошондой эле азык-түлүк коопсуздугун жогорулатуу, эң башкысы инновациялык өз ара кызматташуу тууралуу сөз болду.
Ал эми С.Жээнбеков менен Россиянын премьер-министри Д.Медведевдин жолугушуусунда Россия 2030-жылга чейин газдаштыруу тармагын өнүктүрүү үчүн Кыргызстанга 100 млрд рубль инвестиция салууга ниеттенип жатканы тууралуу айтылды. Саммиттин жыйынтыгында КМШ алкагында интеграциялык процесстерди арттыруу багытында 16 документке кол коюлганы белгилүү болду.

Эми эрте никеге тыюу салынабы?
"Жаңы Агымдын" өткөн санында депутат А.Салянованын жазган мыйзамдары кабыл алынбастан сайга кетүүдө деп жаздык эле, акыры мээнети кайта баштады окшойт. Кечээ Жогорку Кеңеш кезектеги жалпы жыйынында жашы жете электерге нике кыйган молдолорду жана ага жол берген ата-энелерди жоопко тартуу боюнча Кылмыш-жаза кодексине киргизилген өзгөртүүлөрдү биринчи окууда жактырды. Ага 69 депутат "макул", 30у "каршы" деген добуш беришти. Эрте никеге тыюу салуу үчүн Yй-бүлө жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүүнү жогоруда айтканыбыздай депутат Аида Салянова сунуштаган. Бирок 26-майда парламент көпчүлүк добуш менен биринчи окууда четке кагып, кийин коомчулукта сынга кабылышкан. Айрым депуттар "мен үчүн басып коюшуптур" деп актанганга да үлгүргөн. Бир жагынан жарандык активисттер кулак-мээлерин жеп чыгышкан. Атургай Акыйкатчы Кубат Оторбаев да документке кайрадан добуш берүү өтүнүчүн Жогорку Кеңешке жолдогон болчу. Акыры "Ата мекен" фракциясы 8-июнда мыйзам долбоорун кайра добушка коюп, кечээ биринчи окуудан өтүп кетти.

Казакстанда Ак-Төбө шаарында курман болгондорду эскеришти
Демейде тынч жатчу коңшу Казакстан өткөн жуманын аягында күтүүсүз чабуулга туш болду. Президент Нурсултан Назарбаев бул кандуу окуя боюнча элге кайрылып, аларды чет жактан буйрук алган экстремисттер деп атап, өлүм жазасына тартылышы керектигин билдирген. Окуяга кайрылсак 5-июнда Ак-Төбө шаарында курал сатуучу эки дүкөнгө жана Улуттук гвардиянын аскердик бөлүгүнө белгисиз кишилер чабуул жасап, кол салууда 18 киши мерт кетип, кырктан ашык адам жаракат алганы айтылган. Казакстандын күч структуралары тарабынан кол салган 30дай кишинин 13ү жок кылынган. Алардын жетөө кармалып, качып кетүүгө үлгүргөн ондон ашыгына издөө жарыяланган. Кечээ Казакстан мамлекеттик тууларын ылдый түшүрүп, ар кандай шаан-шөкөт уктурууларын, көңүл ачуу иш-чараларын токтотуп, кол салуудан курман болгондорду эскерди.

Депутаттар быйыл "Тарых жана маданий жылы" экенин билет окшойт
Кечээ айрым депутаттар "Тарых жана маданият жылына" байланыштуу бир катар сунуштарын айтып чыгышты. Депутат А.Турсунбаев Ала-Бука районундагы Шах-Фазил тарыхый эстелигине каралган каражаттын 2,5 миллион сому бөлүнө электигин айтса, Ата-Бейит мемориалдык комплексине баруучу жолго жаңыдан тигилген арчалар куурап жаткандыгын депутат Мээрбек Мискенбаев ортого салды. "Манас" аэропортуна кетүүчү жолдон 3 миллион сом каржыланып которулган 1815 даана түп арчаны багып өстүрүүгө дагы каражат бөлүнгөндүгүн тактаган М.Мискенбаев арчалар сугарылбай куурап бара жаткандыгына аябай кейиди.
Депутат Айнуру Алтыбаева чыгыш колорити сакталган Ош шаарындагы маданий, тарыхый жайларга шаар бийлиги өзгөчө көңүл бурса деген ой-тилегин билдирди.
Депутат Бактыбек Райымкулов белгилүү классик акын Турар Кожомбердиевдин 75 жылдыгы "Тарых жана маданият жылына" туш келип отурганын белгилеп, акындын 75 жылдыгын татыктуу белгилөө маселесин аткаруу бийлигине жолдоду.

"Жаңы Агым" - пресс

Яндекс.Метрика