"Агым", 11.06.15 "Чет өлкөлүк агент" мыйзамы кимди коргойт?

Былтыр өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев ММКлар аркылуу айрым өкмөттүк эмес уюмдар (ӨЭУ) адам укугун жамынып алышып өлкө саясатына кийлигишип жатканын айткан. Буга 43 ӨЭУ дароо реакция кылып, өлкө башчысына кайрылуу жолдошкон. Кайрылууда өлкө коопсуздугун ӨЭУлардын ишмердүүлүгүн чектөө менен эмес улуттук коопсуздук органдарынын эффективдүү иши менен камсыз кылуу керектиги айтылган. Ошондой эле Президентке кайрылган ӨЭУлар "мурдагы эки президент да өлкө коопсуздугуна өкмөттүк эмес уюмдар коркунуч келтирип жатат деп эсептешип алардын ишин чектегендигин, бирок кийин өздөрү өлкө коопсуздугуна коркунуч жараткандар катары мамлекеттен куулуп чыкканын" баса белгилешкен. Буга улай алар "бийлик өкмөттүк эмес сектор менен каршылашпай өлкөдөгү көйгөйлөрдү биргелешип чечет деген ишенимде экендиктерин" билдиришкен. Андан көп өтпөй декабрь айында парламент депутаттары Турсунбай Бакир уулу менен Нуркамил Мадалиев ӨЭУларга "чет өлкөлүк агент" макамын ыроологон "Коммерциялык эмес уюмдар (КЭУ) жөнүндө" мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыгышкан. Бул боюнча коомдо кызуу талкуулар жүрүп, акыры бул маселе унутула баштаган. Жакында бул мыйзам долбоорун кайрадан эле жогоруда аты аталган эки депутат Жогорку Кеңешке сунуштап, ал биринчи окуудан опоңой эле өтүп кетти.

Мыйзам авторлорунун бири Нуркамил Мадалиевдин айтымында, мындай мыйзам кабыл алуу учур талабы. "Азыр өлкөдө 15 миңден ашык коммерциялык эмес уюм бар. Алардын айрымдары таза иштебейт. Эмне үчүн мамлекет өз территориясында иштеп жаткан уюмдардын иши боюнча кабардар болбошу керек?" дейт Н.Мадалиев. Ал эми укук коргоочу уюмдардын билдиришинче, сунушталып жаткан мыйзам долбоору Конституцияга карама-каршы келет. "Мыйзам долбоорундагы аныктамалар так жазылып, коммерциялык эмес уюмдарды кайсы орган көзөмөлдөөрү ачык көрсөтүлгөн эмес. Бул мыйзам менен саясатчылар парламенттик шайлоо алдында саясый коррупцияга көз салып туруучу көз карандысыз коммерциялык эмес уюмдарды сүрүп таштоого аракет кылып жатышат" дейт Т.Исмаилова. Албетте, бул эки тараптуу пикир тең жүйөлүү. Чынында азыр Кыргызстанда ӨЭУлар өтө көп. Айрым ӨЭУлардын кандай максат менен түзүлүп, эмне иш кылары да белгисиз. Аны эч бир мамлекеттик орган көзөмөлдөбөйт. Ошол эле мезгилде КЭУлар деп аталып жаткан көптөгөн ӨЭУлардын чет өлкөлөрдөн тартып жаткан каражаттарын, гуманитардык жардамдарын, акыйкатсыз соттолуп абактарда жаткандарга болгон юридикалык, медициналык жардамдарын эске алсак, аларды таптакыр чектеп салууга да болбойт. Мыйзамсыздык, жакырчылык, жумушсуздук күч алып турганда кыргызстандыктарга ӨЭУлардын жардамы сөзсүз керек.
Бирок айрым учурда ӨЭУлардын адам укугун, демократияны жамынып алышып бачабаз, лесбиянка, кумсаларды (гейлер) коргоп чыккан учурлары да жок эмес. Мындай учурда албетте, мамлекет ӨЭУларды көзөмөлдөгөнгө акылуу. Мамлекеттик көзөмөл демекчи, буга чейин Юстиция министрлиги мамлекеттик каттоосу жок ӨЭУлардын ишине тыюу салууну өз мыйзам долбооруна киргизип, ага "чет өлкөлүк агент жөнүндө" мыйзамын да тиркеген болчу. Буга каршы чыккан ӨЭУлар парламентте коомдук угуу өткөзүүнү демилгелеп чыгышкан. Ызы-чуудан алыс бололу дедиби, аталган коомдук угууда Юстиция министрлигинин өкүлү мамлекеттик каттоосу жок ӨЭУлардын ишине тыюу салуу катачылык болгонун жана бул мыйзам долбоорун министрлик колдобой турганын балп эткизди. Муну министрлик өкүлү ӨЭУлардын ишин текшере турган кызматкерлерге атайын штат ачууга каражат жогу менен түшүндүрүмүш болду.
Баса белгилей кетүүчү нерсе, өткөн жылы мыйзам авторлорунун бири Турсунбай Бакир уулу "24.kg" маалымат агенттигине ӨЭУлар тууралуу калыс пикирин билдирген. "Кыргызстанда 20 миңден ашык ӨЭУ бар. Алардын 99 пайызы коомчулук үчүн иштеп, оорулууларга, майыптарга жана калктын жетишпеген катмарына жардам берет. Бирок анын арасында 15-20 чакты ӨЭУ бар. Алар мурдуларын көрүнгөн жерге тыгышат. Өлкөдөгү акыбал канчалык начар болсо, алар чет өлкөлүк финансы булактарынан ошончолук көп акча алышат. Айрым грант берүүчүлөр үчүн кол бала болуп калган коммерциялык эмес уюмдардын өлкөнүн байкерлиги үчүн иштеши пайдасыз. Ошондуктан бүгүн өзүбүздү өзүбүз коргоо инстинкти иштелип чыгып жатат" дейт. Албетте, муну эч ким жокко чыгара албайт. Муну канчалык жокко чыгарсак да кашкайган чындыгы бар. Бирок Юстиция министрлиги баштап ошол "чет элдик агенттерди" көзөмөлдөгөндөн баш тартып, бул мыйзамды демилгелеген депутаттар өздөрү мыйзам долбоорун жакшылап чечмелеп бере албаса ал кантип аткарылат? Баарынан кызыгы, бул мыйзам долбоору алгач Россияда кабыл алынып, андан соң коендой окшош көчүрмөсү Кыргызстанда сунушталып жатат. Демек бул Москванын көрсөтмөсү да болушу толук ыктымал. Артка кылчайсак, 2013-жылы Бельгиядагы иш сапарында Алмазбек Атамбаев "чет өлкөлүк агент жөнүндө" мыйзамын Жогорку Кеңештеги акыл-эстүү депутаттар кабыл алышпасын, кабыл алынган күнү да өзү вето коерун билдирген. Бу жолу кандай болот убакыт көрсөтөр. Россияда болсо "чет өлкөлүк агент жөнүндө" мыйзамы кабыл алынганы сырттан келүүчү финансы каражаттары азайып, биртоп долбоорлор токтогон.
Мелис СОВЕТ уулу





Бул
мыйзамды
сиз колдойсузбу?
Чолпон ЖАКУПОВА,
"Адилет" укуктук клиникасынын жетекчиси:
"Ойлонулбай чыгарылган мыйзам"
- Мен албетте бул мыйзамды колдобойм. Анткени бул Конституциянын нормасына каршы келип жатат. Буга чейин чиновниктер өздөрү кандай гана мамлекеттерге барып акча алып жатышат. Анын баарын биз кийин билип жүрөбүз. Көзөмөлдөөнү эмне үчүн өздөрүнөн башташпайт? Эми ушул мыйзамга ылайык, менин мекемеме Юстиция министрлиги, прокуратура каалаган убагында текшерүүгө келип кылдан кыйкым издей башташат. Экинчиден, биздин мекемеден бир жылда 10 миңден 15 миңге чейин адам бекер укуктук жардам ала алат. Эгер ушул мыйзам күчүнө кирсе чөнтөгү жука, укугу бузулуп жаткан адамдарга ким жардам берет? Коммерциялык укуктук уюмдар ачылат. Адам укугун акча төлөп коргошу керек болот. Баарынын эле чөнтөгү буга жол бербейт. Демек, жаңы мыйзам биринчи кезекте карапайым элге зыянын алып келет. Үчүнчүдөн, мен мамлекетке ай сайын айлыгымдын 200 долларын салык катары төлөйм. Кол алдымда иштегендер да ошондой. Меникиндей бейөкмөт уюмдардын азыр Кыргызстанда канчасы бар? Ошолордун баары мамлекетке канча салык төлөп жатканын эсептеп көргүлө. Анын баары кыскарса бюджетке да залакасы тийет. Эгер мамлекет өздөрүнүн жаранын коргой албаса алар кимге кайрылышы керек? Менин оюмча бул терең ойлонулбай, акылсыздык менен киргизилген мыйзам. Азыр креслодо отуруп алып ушул мыйзамга добуш берип жаткан айрым депутаттар убагында куугунтукталып, камалып жүргөндө мен укуктук жардам көрсөткөм.

Жеңиш МОЛДОКМАТОВ,
"Калыс" саясый кыймылынын лидери:
"Мыйзам кабыл алыныш керек"
- Бул мыйзамды толугу менен колдойм. Бүгүнкү күндө өлкөдө 24 миң бейөкмөт уюмдар бар экен. Алардын мамлекеттин ичинде өзүнчө мамлекет болуп саясатын жүргүзүүсүнө каршымын. Анткени бейөкмөт уюмдардын көбү мамлекеттин ички жана сырткы саясатына кийлигишип, улуттук дөөлөттү, баалуулуктарды талкалоого түздөн-түз тиешелери бар. Ошол эле кумсаларды колдогондору көп нерсени айтып турат. Бурул Макенбаева деген бейөкмөтчү бар. Юстиция министрлигинде анын уюму майып балдарды колдойт деп каттоодон өткөн. Өзү болсо мамлекеттин саясатына кийлигишип жүрөт. Саясый пикирин өзүнчө коомдук жаран катары айтып чыкса болот, бирок уюмдун атын жамынбаш керек. Мамлекеттин кызыкчылыгын коргой турган мыйзам Америкада, Индияда, Орусияда кабыл алынган. Биздики алардыкына үтүр-чекитине чейин окшош. Менин жеке пикиримде мамлекет бейөкмөт уюмдардын каржылоосун, кылган ишин көзөмөлгө алышы керек.

Курманбек ОСМОНОВ,
ЖК депутаты, "Ата журт" фракциясы:
"Уюмдун терисин жамынгандар толтура"
- Бул маселе сыртынан жөнөкөй көрүнгөнү менен абдан оор, татаал маселе. Бейөкмөт уюмдардын баарын чет элдик агент дештин өзү туура эмес. Бирок бейөкмөт уюмдардын терисин жамынып алып өзүнүн саясатын жүргүзүп жаткандар да болуп жатат. Чындыгында булар чет мамлекеттен каржыланат. Мыйзамды кабыл алардан мурда кылдат шашпай талдап көрүш керек. Компетенттүү органдардын маалыматына, корутундусуна таянып жыйынтык чыгарыш керек. Кайсы уюмдун дарамети, каржы, маалымат булагы кандай экенин иликтеп таап чыкса болот. Ал эми кыргызга Батыштын түшүнүгүн таңуулап жаткан уюмдар да жок эмес. Азыр ушул мыйзамга добуш берип жаткан айрым депутаттар да убагында бейөкмөт уюмдар менен байланышы болушу мүмкүн.

Мелис АСПЕКОВ,
"Мекенчил" партиясынын теңтөрагасы:
"Орусия отур десе отуруп, тур десе туруп калдык"
- Бул мыйзам бейөкмөт уюмдарга ачык эле кысым жасоо деп түшүнөм. Мыйзам Россиянын кийлигишүүсү менен күчүнө кирген турат. Калыстык үчүн айта кетүүбүз керек. Бейөкмөт уюмдардын пайдасын жакшы эле көрдүк. Адамдардын укугун коргоо, аларга материалдык колдоо көрсөтүүдө жакшы иштерди жасашты. Ошол эле салыкты эске алганда бул уюмдардан мамлекетке да жакшы каражат түшөт. Экинчи жагынан алып караганда кыргыздын улуттук баалуулуктарына, маданиятына терс таасирин тийгизип жатышат. Ошол эле кумсаларды колдоодо кыргызга жат көрүнүштөрдү таңуулап жатышат. Бирок эң маанилүү жагдай, бул мыйзам Орусиянын буйругу менен күчүнө киргени турат. Анткени алар үчүн бейөкмөт уюмдарды кысымга алуу пайда алып келет. А биздин өлкө башчы Орусия тур десе туруп, отур десе отурат.

Айнуру АЛТЫБЕВА,
ЖК депутаты, "Ар-намыс" фракциясы:
"Каршы добушумду бергем"
- Депутаттар бул мыйзамды экинчи окууга жөнөткөнү турушат. Жеке мен каршы добушумду бердим. Турсунбай Бакир уулу Алтыбаева бейөкмөт уюмдар менен байланышы бар деп ойлошу мүмкүн. Бирок мындай мыйзамды кабыл алууда биз бардык тарабын ойлонушубуз керек. Мисалы, "Балдарды коргоо лигасынын" жетекчиси Назгүл Турдубекова деген айым бар. Бир бала кырсыктаса же зордукталса ошонун таламын талашып, укугун коргоп колунан келген жардамын берет. Чиновниктер отуруп алып балдарды коргоо маселесин талкууга алып жаткан учурда Назгүл ал балдарга алынын жетишинче жардам берип жүргөн болот. Замира Акбагышева аялдардын укугун коргоп көп жардам берет. Эгер бул мыйзам кабыл алынса ушул өңдүү элге чындап жардам берип жаткан социалдык уюмдар жапа чегет. Анүстүнө бул мыйзам коррупциялык схемаларга жол ачып, айрым чиновниктер үчүн кошумча акча жештин булагына айланышы да мүмкүн.

Анара ДҮЙШӨНАЛИЕВА