газета "Агым" на кыргызском языке • №23, 11.06.15. • "Агым" гезити, кыргызча...
Бир бүркүм…

2015-жылдын 13-мартында түзүлгөн долбоордун негизинде курулуп баштаган Кыргызстан-Кытай газ түтүгүнүн курулуш иштери 2017-жылы аяктайт.

Кыргызстанда учурда 70 миңден ашуун ар кандай диний уюмдар Юстиция министрлиги тарабынан каттоодон өткөн.

Кыргыз спортчусу Азамат Алымбек уулу Финляндиянын Сало шаарында өткөн пауэрлифтинг боюнча дүйнө чемпиону болду.

Баткен облусунун Лейлек районундагы айылдарда 8-июнь күнү жүргөн сел 145тен ашык турак үйгө зыян келтирип, айыл чарба аянттарын каптаган.

Токтогул ГЭСинин 2-фазасын реабилитациялоо үчүн Азия өнүктүрүү банкы тарабынан 110 миллион доллар берилет.

Олимпиадалык мектептин окуучусу Дарья Маслова Кытайда өткөн мелдеште 5000 метр аралыкты 15 мүнөт 42 секундда чуркап өтүп коло медалга ээ болду.

Июнь айынын экинчи жарымында, июль айынын башында абанын температурасы 40 градуска чейин көтөрүлөрү белгилүү болду.

Экс-депутат Урмат Аманбаеванын иши боюнча соттук отурум 16-июнга белгиленди.

"Туңгуч" театры июнь окуясына байланыштуу "Биригүү" деп аталган спектакль даярдап элге сунуштады.

2015-жылдын беш айында Кыргызстандын чек арасында документтери туура эмес 2100 жаран аныкталып, 49 адам депортацияланган.

Кара-Балта шаарында мектеп окуучулары үч адамды өрттөн сактап калышты.

Баткен облусунда балдар үчүн диний жайкы лагерлер ачылды.

"Жаңы Агым" - пресс