"Фабула", 04.06.15 "Жандүйнөнү толкутуп жиберген таасирдүү сөздөрдөн эргүүм ойгонот"

Дүйнөнүн кайсы бурчунда болбосун сүрөтчү жөнүндө сөз болсо көз алдыга дароо эркек киши тартылат. Көрсө мунун да өз себеби бар тура. Далай алтын калем, таланттуу сүрөтчү кыздар өздөрүнүн талантын энелик бактыга алмаштырып, өздөрүн үй-бүлөсүнө, баласына арнашат тура. Ошентсе да чыгармачылыкты ыйык тутуп, адамдардын жүрөгүн ойготкон улуу чыгарма жаратсам деген кыз-келиндер да жок эмес. Сүрөтчүлүктүн эң оор, эң татаалы акварель (суу боек) техникасы экени талашсыз. Ушу тапта Кыргызстанда акварель боюнча Россиядан окуп келип, ушул багытта дайыма иштеген таанымал үч-төрт сүрөтчүбүз бар. Сүрөтчүлүктүн ушул эң оор делген графика жанрынын акварель техникасынын чебери, Тоң районунун Ак-Сай айылынын кулуну Рахат ЧУКУШОВА менен чеберканасында маектештик.

- Рахат айым, кантип сүрөтчү болуп калдыңыз?
- Мурда аңдабапмын, азыр ойлосом менин сүрөтчү болушума Манас дүйнөсү, Герцендин "Манас" эпосу боюнча иллюстрациялары таасир этиптир. Эсимде, 3-класс кезимде борбордогу Чуйков атындагы сүрөт академиясынан бизге Алмаз деген сүрөтчү агай келди. Бир күнү ал мектеп директорунун көрсөтмөсү менен сүрөт конкурсун уюштуруп калды. Негедир ал окуучуларды чоң, кичине деп бөлбөй, конкурска 1-класстан 11-класска чейинки окуучулар катышат деген шарт койду. Бирок ошол шарт мени катуу таасирлентип чоң класстын окуучуларына да теңтайлашам деген ой менен үйдөгү Сагымбай Орозбаковдун Манас китебинин экинчи томдугундагы сүрөттөрдүн баарын көчүрүп тарттым. Аларды тартууга туура бир жума кетти. Конкурс белгиленген күнү сүрөттөрдүн баарын көтөрүп бардым. Катышуучулардын сүрөттөрүн илишкенде менин сүрөттөрүм бир ширманы толук ээлептир. Конкурстун жыйынтыгында мен жеңүүчү болдум. Ошондо мектеп линейкасындагы "бул кыздан болочок сүрөтчү чыгат" деген мактоо сөздөр катуу таасир этип алдыма сүрөтчү болом деген максат койгом. Ошентип 3-классыман эле сүрөтчүлүктү тандагам. Ошол кезде башка сабактардан олимпиадага барсам кийин мени ата-энем башка окууга тапшыртып салчудай коркчумун. Ошол себептен сүрөт, физика сабактарынан гана олимпиадаларга барып, калган сабактардан шылтоо айтып барбай койгон күндөр болду.
- Теодор Герценге салыштырмалуу белгилүү сүрөтчү Белек Жумабаевдин эмгектерин баалайм деп жатасыз. Эки таланттын сүрөттөрүнүн айырмачылыгы эмнеде?
- Албетте, Герцендин иллюстрацияларын эч качан жаман дегенге болбойт. Ал өзүнүн техникасында чеберчилигин мыкты көрсөтө алган. Бирок ар бир сүрөтчүнүн талантынын ашып-ташып турганы анын саналуу эмгегинен эле байкалып калат. Мисалы, Белек Жумабаевдин бардык эмгектеринде анын өзгөчө таланты бар экени көрүнүп турат. Алсак анын цинк-гравюрасында иштелген "Тулпарлар" жана "Баатырлар, айымдар" деген эмгектери өзүнчө эле керемет. Бул сүрөттөрдү көргөндө сүрөт тармагын түшүнбөгөн адам деле ойгонуп, сүрөттөн көп нерсени көрүп, түшүнүп, таасирленет.
- Албетте, ар бир сүрөтчүнүн өзүнө таандык стили, өзгөчөлүгү болору анык. А адамдарды өзүнө тартып ала алган кыйын сүрөтчү деп кандай кыл калемди айтса болот?
- Атактуу сүрөтчү Пабло Пикассо жакшы көргөн айымын өнөрканасына алып келип портретин тарта баштайт. Ошондо ал аял сүрөтчүгө "мен сүрөт тартсам эле кичинекей баланыкындай болуп калат, силер кантип окшоштуруп тартасыңар?" дейт. Анда сүрөтчү "Мен албетте, Рафаэлдей тарт десе тарта алам, бирок бала тарткандай сүрөт тартууну үйрөнүш үчүн бүт өмүрүмдү жумшашым керек болот" дептир. Көрсө кичинекей балада эч кандай жасалмалуулук жок болот экен. Бала көк шиберди тартса да көзү көргөндөй тартат. Жашыл жерин жашыл, соолуй түшкөн жери болсо ал жерин кочкул жашыл же кара кылып салат. Ошондуктан кыйын сүрөтчүдө баланыкындай кабыл алуу, көрүү жөндөмү болушу керек.
- Акын, жазуучуларда эргүү сапарда баратканда, жаратылышка, сулуулукка суктанганда, кээде түшүндө келет. А сүрөтчүлөрдө эргүү, тема кандайча пайда болот?
- Сүрөтчүлөр этюддарды тартканы жаратылышка чыкканда түрдүү түстөрдөн болуп көрбөгөндөй энергия топтошот. Башкаларга кандай билбейм, мага тема табыш үчүн бир-эки эле таасирдүү сөз керек. Менин эргүүм укканда жандүйнөнү толкутуп жиберген таасирдүү сөздөрдөн ойгонот. Мисалы, кайсы бир адам менен сүйлөшүп жатканда анын бир-эки сөзү жүрөгүмө кыттай уюй түшөт дагы көз алдыма иллюстрация келе калат. Аны көпкө мээмде бышырып жүрүп качан даяр болгондо чоң форматка түшүрөм. Анан башка сүрөтчүлөрдөй эле мен дагы жаратылыштан, булут, асман, жерден жана алардын айкалыштарынан таасирленип, идея, тема табам. Баарынан кызыгы, космостук байланыш же белгиби, айтор мен сүрөт тартууда түшүмдөн консультация алам. Кээде чарчап, бир аз көз илине түшкөндө түстөр, сүрөттөр түшүмө кирет.
- Өзүңүз бала чактан бери ыр да жазат экенсиз. Экөөнү бирдей алып жүрүү кыйын эмеспи же ыр сүрөттү, сүрөт ырды толуктап, жуурулушуп турабы?
- Кесибим сүрөтчү болгондуктан портрет, пейзаж тартып жатканда акыл-оюм ошол сүрөттө гана болуп, сүрөткө кирип кетем. Ыр жазуу качан катуу толкунданганда, уктаар алдында келет. Кылт эте түшкөн бир-эки сапты жазам да андан ары улай албай калам. Ал кийин дагы бир эргүү келгенде толукталат. Сүрөт тартууга көңүл чаппай калган учурда жакшы бир ыр жаратсам өзүмө ыраазы болуп, кайрадан сүрөт тартууга болгон ышкым ойгонот.
- Кыз киши катары сүрөтчүлүктү тандооңузду ата-эне, жакындарыңыз кандай кабыл алышты?
- Биз эгизбиз. Түгөйүм Махабат экөөбүз мектепти аяктаганда үйдө үч студент бар болчу. Ата-энебиз каражат жок бир жыл окубай кое тургула дешти. Биз ага макул болбой окууга өз күчүбүз менен тапшырып, өз күчүбүз менен эле окуйбуз деп Каракол шаарындагы К.Тыныстанов атындагы университеттин көркөм сүрөт жана чийүү факультетине тапшырып өтүп кеттик. Тапшырар алдында атам мага кызым, кийинки келечегиңди ойло, эжең экономика факультетине тапшырды эми анын жашоосу тың болот деди. Мен болбой сүрөтчүлүктү тандап алдым. Бирок Караколдо окуп жүргөндө мен чыныгы сүрөтчүлүк, чыгармачылык деген эмне экенин жакшы деле түшүнө албапмын. Качан гана Бишкекке келип окуумду улантып, иштеп, сүрөтчүлөр менен аралаша баштаганда гана чыгармачылыкты түшүндүм.
- Ар бир чыгармачыл адамдын дайыма кайрылган бир темасы болот эмеспи. Сиз кайсы темадагы сүрөттөрдү көп тартасыз?
- Менин Ысык-Көл менен "Манас" эпосуна байланышкан сүрөттөрүм көп. Буюрса келечекте "Манас" темасына чындап киришип, өзүмдү сынап көрөйүн деп жатам. Белек Жумабаевдей сүрөтчүлүктө өз изимди калтырамбы же жокпу аны убакыт көрсөтөр.
- Учурда жаш акындардын китептерине да сүрөт тартып жүрөсүз. Ал сүрөттөр ырды окуганда чыгабы же автордун айтуусу боюнча тартасызбы?
- Ар кандай. Кээде ырды окуганда эле көз алдыга бир сүрөт тартыла түшөт. Кээде автордун ырларын кайталап окусам да эч нерсе чыкпай коет. Ошондо автор менен кеңешип, өзүмдү кыйнап жатып сүрөттү баштайм. Анан акырындык менен сүрөт толукталып отуруп бир чыгарма жаралат.
- Чыгармачыл адамдардын көбү өзүнө айтылган сынды туура кабыл ала алышпайт. Сүрөтчүлөр сынды кандай кабылдашат?
- Мен эки чөйрөдө жүргөн адам катары бир нерсени байкадым. Акын-жазуучуларга караганда сүрөтчүлөр сынды көп көтөрө алышпайт. Ошол себептен сүрөт көргөзмөлөрүндө кайсы бир автордун сүрөтү боюнча олуттуу деле талкуу болбойт. Сүрөт көргөзмөсү болордо Сүрөтчүлөр союзунун он кишиден турган тандоо комиссиясы сүрөттөрдү карап чыгып начарларын алып салышат. Бул ал сүрөттөрдүн анча жакшы болбой калганын билдирет. Анан көргөзмө учурунда ким кандай деңгээлде чыгарма жаратканы сүрөтчүлөрдүн өздөрүнө деле байкалып калат.
- Түгөйүңүз Махабат да сүрөтчү болдубу же башка кесипти тандап кеттиби?
- Ал да сүрөттү жакшы тартат. Бирок ал менчилеп сүрөтчү болом деп дегдеген эмес. Ошондон улам ал соттук-медициналык экспертизада тогуз жыл медициналык каттоочу болуп иштеди. Азыр ал кореялык жеке менчик медициналык борборунда медицина боюнча лектор болуп иштеп жүрөт. Өзүнүн аракетинен уламбы, азыр ал диплому жок мыкты дарыгер. Сегиз бир туугандын кимиси ооруп калбасын дароо ага кайрылабыз.
- Үй-бүлөдө канча эркек, канча кызсыңар?
- Беш эркек, үч кызбыз.
- Окуу, чыгармачылык деп жүрүп али турмушка чыга элек экенсиз. Сүрөтчүлүктү биринчи орунга коюп жүрүп энелик, аялдык бакыттан куру калуудан коркпойсузбу?
- Турмушка чыкпай жүргөнүмдү өзүмдөн көрчү элем. Көрсө андан деле эмес экен. Жакында эле "Жаш толкун" адабий клубунун бир жаш калемгеринин биринчи китеби чыгып, бетачары болду. Ошондо акын Нурлан Калыбеков ага "мен сага тагдыр каалайм, акында тагдыр болгондо гана ал күчтүү чыгат" деди. Ошол сөз мага катуу таасир этип, муздак суу куюнгандай сергий түштүм. Балким менин да чыныгы талант, мыкты сүрөтчү болушум үчүн Жараткан мага ушундай тагдыр берип жаткандыр. Кытай философиясында деле адам өз миссиясын аткармайынча өлбөйт деп айтылат го. Анын сыңарындай өзүмө тиешелүү тапшырманы аткарганда гана турмушка чыгат окшойм. Анүстүнө азыр мен мугалим болуп иштеген Сүрөт академиясында ушундай таланттуу сүрөтчү кыздардын турмушка чыккан соң чыгармачылыгы калып калганын көрүп жүрөм. Ошондуктан эне болгуча чеберчилигимди өстүрүп, өзүмдүн техникамды таап алсам дейм.
Мелис СОВЕТ уулу