Агым

п»ї
 
Оп, майда
Дем алыш эми жума күнгө жылдырылабы?
Жогорку Кеңештин адам укугу, конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети жекшемби күнүн жума күнүнө жылдыруу жөнүндө мыйзам долбоорун коомдук угууга алып чыга турган болду. "Ар-намыс" фракциясынан депутат Турсунбай Бакир уулу тарабынан демилгеленген долбоорду талкуулоонун жүрүшүндө комитет төрайымы Наталья Никитенко биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин колу коюлган өкмөттүн бүтүмүн окуп берди. Анын айтымында, документте маселеге жетишерлик жүйө келтирилбегени жана маселе уюмдардын эмгек келишимдеринин алкагында жөнгө салынары жазылган. "Өкмөт аны парламентке сунуштоого эртелик кылат деп эсептейт. Аны коомдук угууга алып чыгуу керек" деди Никитенко.


Ажы болчулар азайганда
Кыргызстандан быйылкы ажылык зыяратына баруучуларды каттоо аяктап, 1-июнга карата 3295 жаран документ тапшырды. Сауд Арабиясы бул жылы Кыргызстан үчүн 3685 адамга квота бөлгөн. Каттоого өткөндөрдүн саны ага жетпегендиктен, былтыр документ тапшырып, бирок зыяратка барбай калгандар да кошулат. Тандоо чүчүкулак аркылуу жүргүзүлөт. Ажылыктын баасы 2550 доллар.
Быйыл зыяратка барууну каалагандардын эң көбү Ош облусунун тургундары болуп, алардын жалпы саны 914тү түздү. Жалал-Абад облусунан 767, Чүйдөн 546, Бишкектен 360, Баткен облусунан 288, Ош шаарынан 241, Ысык-Көлдөн 91, Нарындан 51, Таластан 37 адам каттоодон өттү. Былтыр 8200дөн ашуун жаран катталып, төрт миңге жакыны ажыга барып келген.


Кумтөрлүктөр да нааразы экен
"Кумтөр" алтын кенинин жыйырмадай жумушчусу ишкана жетекчилигинин аларды жумуштан кетирген чечимин мыйзамсыз деп эсептеп, сотко кайрылганы жатышат. Алардын айтымында, жетекчилик жумуштан эч себепсиз, мыйзамсыз кетирип жатат.
Ал эми "Кумтөр" ишканасындагы кесиптик кошуундар бирикмесинин төрагасы Авазбек Кожокматов учурда өндүрүш кыскарып, алтындын баасы да төмөндөп кеткендиктен, айрым өтө маанилүү эмес кызматтар кыскарып жатканын айтты. "Кумтөр" саясатташып кеткендиктен жетекчилик жумушту кантип жүргүзүүнү чече албай турат. Инвесторлор эртеңки күнү эмне болорун билбей ушундай кадамдарга барышууда" деди Кожокматов.

"Жаңы Агым" - пресс




 






??.??