presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Балам бактым, балам базарым…
Эл көзүнө түшкөн, бала жыттуу бактылуу үй-бүлө
Март айында Кыргызстанда төрөлгөн төрт эмдин ата-энеси Гүлайым АБДЫЛДАЕВА менен Нурлан ЗАРНАЕВдин үйүнө башбактык. Наристе жыттанган бул үй-бүлө бөбөктөрдүн түйшүгү менен алпурушуп, бактылуу күндөрдү өткөрүп жаткан экен. Ыңаалап эмчек издеген төрт эмди көрүп, төрөткананы элестеттим. Бир эле учурда төрт ымыркайды багуу канчалык түйшүктүү экени айтпаса да түшүнүктүү эмеспи. Ыңаалаган ымыркайларды багып жаткан энеси Гүлайым менен атасы Нурлан жаңылыктары менен тең бөлүштү.


- Улуу балабыз Нурсултан он жашта, 3-класста окуйт. Экинчиси Эрбол, ал 2-класста окуйт, үчүнчү уулубуздун аты Эрхан, ага бир жаш үч ай болду. Андан кийин жакында төрт эгиз уулдуу болдук, ошону менен жети уулубуз бар. Мен өзүм эгиздин түгөйүмүн. Анын эки уул, бир кызы бар.
- Төрт эмди чоңойтуу абдан чоң эмгекти, түйшүктү талап кылып жаткан экен. Мамлекет тарабынан кандай жардам болду?
- Төрт эм биринчи төрөлгөндө эле Президент чакыртып өзүнүн атынан квартира берилерин айткан. Буюрса жакында Туңгуч кичирайонунан эки бөлмөлүү квартира колубузга тийет деп күтүп атабыз. Президентибиздин бизге көңүл бөлүп, жардам бергенине абдан ыраазыбыз. Бишкек мэриясынан К.Кулматов өзү келип 100 миң сом жардам берди. Мен иштеген №6 төрөтканадан да жакшы жардам болду. Алар 170 миң сом акчалай жардам беришти, эгиздерге ылайыкташтырылган коляска сатып беришти. Кийим-кечек, жалаяктарын сатып беришти. Төрөткананын кызматкерлерине, жетекчилигине абдан ыраазыбыз. Өкмөт үйүнөн ошол кездеги премьер-министр Жоомарт Оторбаев өзү келип 300 миң сом акчасын берип кеткен. Ал кишиге да чоң рахмат. Бирок ал киши бизге келгендин эртеси эле кызматынан кетип калды. Социалдык коргоо министрлигинен июндан баштап балдардын тамак-ашын берип турат экен. Ай сайын балдарга жөлөк пул берип турмай болду. Өзүңөрдүн бейтапканадан медайым үч ай жардам берсин деп ага да атайын 30 миң сом бөлүнүп берилген.
- Медайымдар жардам берип жатабы?
- Азырынча бул жерде убактылуу жашап жатабыз да, бейтапканада штат жок экен. Ошол 30 миңге азырынча бала багуучу жалдап жатабыз. Төрт эм төрөлгөндө мен иштеген жерден медайымдар бир күн бою келип каралашып турушту. Азыр өзүбүз эле карап атабыз.
- Эгиз балдардын аттарын ким койду?
- Алардын аттарын өзүбүз ырым, тилек кылып биринчи уулубуздун атын президенттин урматына Алмазбек деп койдук. Экинчисин спикердин атынан Асылбек деп койдук. Үчүнчүсүн Кубанычбек деп мэрдин атынан койдук. Төртүнчүсүн болсо Эне жана баланы коргоо борборунун жетекчисинин урматына Камчыбек деп койдук.
- Балдардын кимиси ыйлаак? Бири-бирине окшошпу?
- Кичүүсү Камчыбек абдан ыйлаак. Биринчи менен экинчиси абдан окшош. Үчүнчүсү экөөнө кичине окшошуп кетет. Төртүнчүсү таптакыр башкача, чоң энесине окшошуп кетет.
- Балдар эмчек сүтүнө тоюп жатабы, же?..
- Алмак-салмак эмизип жатам. Ага тойбойт деле, болгону профилактика болсун дейбиз. Балдарга ымыркайлар үчүн кургак сүт алабыз. Анын баасы 1200 сом, эки күндө эле түгөнөт. Памперсти бир пачка алсак, ал да эки күнгө жетет. Бир памперстин баасы 27-30 сом. Балдар күнү-түнү ар бир эки саатта тамак ичип турушат. Башында төрт баланы багып көрбөгөнгө абдан кыйналып, уйкудан калдык. Бирок азыр көнүп калдык. Күнү-түнү тынч уктай албайсың, психологиялык жактан даяр болуп калат экенсиң. Азыр кимиси ойгонот, кимиси ыйлайт деп карап калабыз.
- Балдардын чоң ата, чоң апа, таене, таяталары кубанып жатса керек?
- Тилекке каршы чоң апасы 2012-жылы кайтыш болуп кетти.Чоң атасы бар, азыр ал Көлдө, быякка келип абдан кубанып кетти. Таятасы мурда эле каза болуп калган. Ал эми таенеси былтыр октябрда каза болуп калды. Өкүнүчтүүсү чоң апа, таенелери болсо биз медайымга муктаж болбой эле алар каралашып турбайт беле деп кейип калабыз.
- Өзүңөрдүн үйүңөр бар беле?
- Жок, мурда батирлеп жашачубуз. Азыр убактылуу туугандардын үйүндө жашайбыз. Буюрса квартира алсак үйүбүзгө көчүп барабыз деп күтүп жатабыз.
- Улуу балдарыңар төрт бөбөктү кандай кабыл алышты?
- Бөбөктөрүн кубанып кабыл алышты. Элдин баарына сүйүнчүлөп, жарыялап чыгышты. Мектепте окуган балдарым досторуна айтып, алар ишенбей үйгө чейин келип көрүп кетишти.
- Балдардын улуулары деле кичинекей экен, төрт бөбөктүн түйшүгүнөн чарчап жатышса керек?
- Ооба, булар азыр бала баккандан качып калышты. (Күлдү) Үчүнчү уулубуз деле кичинекей да, ал деле памперсте. Бир жаш үч айлык бала эмнени түшүнөт. Ага анча көңүл бурулбай калып жатат. Ушунча балалуу болгондон кийин ата-эненин милдети аларды татыктуу бакканды да билиш керек. Уулдарыбыз менен сыймыктанып, аларды багып жатабыз. Уулдарыбызды оорутпай жакшы чоңойтуп, билим берип, келечекте жакшы адам болуп чоңойсун деп тилейбиз. Учурда туугандардын кыздары келип жардам берип турушат. Балдар жаңы төрөлгөндө айылдан кайним келинчеги менен келип жардам берип кетишти.
- Жети уулдан кийин эми кыз төрөйүн деген планда жокпу?
- Ушул эгиздерим боюма болгондо кыз төрөйм деген ой бар болчу. Атүгүл эгиз деп айтканда да кыз го дегем. Бул Кудайдын берген белеги. Буюрса кийинкиси кыз болот го деген үмүт бар.
Бизге жардам берип, көңүл бөлгөн бардык адамдарга абдан ыраазыбыз. Жакында дагы белгилүү бир куруучу компания бир бөлмөлүү батир беребиз деп убада кылышты. Ал үй жаңы салынып жаткан экен. Аны угуп да абдан ыраазы болдук. Ошол компаниянын жетекчиси Имамидин авага чоң ыраазыбыз.
- Негизи жети балалуу болгондон кийин Баатыр эне наамы берилет эмеспи, бул сыймыктуу наамды алдыңарбы?
- Баатыр эне наамы балдар бирге чыккандан кийин берилет деп айтышты.
Кудай ушундай наристелерди, ушундай кубанычтуу күндөрдү бергенге абдан ыраазыбыз. Башка ата-энелерге, жаштарга да кааларыбыз көп балалуу болсун, кыргыз эли көбөйсүн, биздикиндей эгиз балдар көп төрөлсүн деген тилегибиз бар. Элибиз көп болсо мамлекетибиз да бай болот.




Жалаң эгиздер төрөлгөн үй-бүлөдө
2012-жылы март айында Жалал-Абад облусунда да Нурзада КОЖОБЕКОВА менен Урмат ТЕМИРБАЕВдин үй-бүлөсүндө үч эм төрөлүп, жаштар кубанычка бөлөнүшкөн эле. Белгилей кетчү нерсе бул үй-бүлөдө жалаң эгиздер төрөлөт экен. Эгиздердин ал-абалын сурап, жаш үй-бүлө менен байланыштык.

- Биздин жети балабыз бар. Биринчи эгиздерибиз Батма менен Зуура 3-класста окушат, экинчилери Асан, Үсөн 1-классты аякташты, үчүнчүлөрү 2012-жылы туулган Байыш, Үпөл, Жаныш азыр чуркап, ойноп жүрүшөт. Үчүнчү эгиздерим төрөлгөндө Президентибиз Алмазбек Атамбаев Жалал-Абад шаарынан үч бөлмөлүү квартира берген. Ошол кезде депутаттар, кээ бир колунда бар адамдар жардам беришкен эле. Азыр Кудайга шүгүр балдарыбыз чоңоюп, жалаяктан арылып, өз алдынча тамак ичип, аркы-беркини түшүнүп калышты.
- Балдардын ден соолуктары жакшы элеби? Мамлекеттен жөлөк пул, жеңилдиктерди алып жатасыңарбы?
- Тилекке каршы кичүү үч эмдин бирөөсүнүн башы ооруп, үч ай сайын Бишкекке келип көрүнүп, дарыланып турабыз. Ошол кезде Бишкекке келгенде үй жок, квартирага чыгып кичине кыйналып калабыз. Балдарга ай сайын беш миң сом жөлөк пул алабыз. Ал акча жети баланын кийген кийимине, ичкен тамагынан ашпайт деле. Мен эгиздерди карап иштебей үйдө отурам. Жолдошум учурда мага жардам берип үйдө. Ылайыктуу жумуш да жок. Куруучу болуп иштейт, эми жумуш чыкса ишке чыгат. Үч эм жаңы төрөлгөндө энелер күнүндө, балдар күнүндө жергиликтүү бийлик тарабынан анча-мынча жардам, көңүл буруу болгон. Бирок былтыр балдар күнүндө балдарыма эч кандай көңүл буруу болгон жок. Кичинекей балдарым велосипед сатып бер деп күнүгө сурап жанды коюшпайт. Сатып берели десек акча артпайт.
- Силердин тукумуңарда эгиздер бар беле?
- Менин да, жолдошумдун да туугандарынын ичинде эгиздер бар. Мен ошолорду көрүп илгери эле эгиз кыз төрөсөм, аларды жакшы кийинтип ээрчитип жүрсөм деп кыялданып койчумун. Азыр балдарымдын баары эгиз, Кудайга шүгүр.
- Баатыр эне наамын алдыңарбы?
- Башында балдар бир жашка чыккандан кийин аласыңар дешкен. Азыр балдарым үч жаштан ашты. Документтерди даярдап өткөргөнбүз. Буюрса Президенттин колунан алам деп күтүп жатам.
- Дагы төрөсөмбү деген пландар барбы?
- Өткөндө дарыгер ден соолугумду текшерип карап, эми төрөсөң төрттү төрөйсүң деп айтты. Азырынча ушул балдарды чоңойтуп алалы, андан кийин да ойлонуштурабыз деп атабыз. Кыргыздардын саны көбөйүп, мекенибизде тынчтык орноп, ар бир үйдө биздикиндей эгиздер төрөлсүн деген тилегибиз бар. Биз эгиздерибиз менен бактылуубуз. Биздикиндей бакытты башка үй-бүлөлөргө да каалайбыз. Бизге жардам берген өкмөткө, үй белек кылган Президентке, колдоо көрсөткөндөргө чын ниетибизден ыраазычылык билдиребиз.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА










??.??