presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


Л€У…Р’Жђ

Агым
Көз боемочулук
Кодекске "оролгон" кооптуу мыйзам
Өткөн жумада өкмөт парламентке Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча жаңы мыйзам долбоорун сунуштап, аны адеп караган "Ата мекен" фракциясы колдомок тургай, кооптуу жоболоң катары артка кайтарды. ММКлар болсо муну чуулдатып Өмүрбек Текебаев менен Алмазбек Атамбаевдин ортосундагы ажырымдын жеткен чеги катары мүнөздөп жиберишти. Бирок маселе бул жерде эки саясатчынын тирешинде эмес, кыргыз жергесиндеги куну жок кенч болгон мөңгүлөрдө болчу.


Аталган Суу кодекси боюнча жаңы долбоордо өкмөт мөңгүлөрдү жылдырууга жана баалуу кендерди ачык казууга уруксат берүү укугун өзүнө алууну көздөгөн. Айталы, Айыл чарба министри Таалайбек Айдаралиев "буга чейинки жанагы тыюу салууну өкмөттүн карамагына берүүнү сунуштап жатабыз. Канчалык зыян келиши мүмкүн экенин өкмөт аныкташы керек. Анан кен казуучу компаниялар жер астынан казабы же ачык казабы, өкмөт сунушташы керек. Экспертизалар өткөндөн кийин буга уруксатты өкмөт берүүгө тийиш. Өкмөт эми өзүнө же элге каршы токтом чыгармак беле? Ал кен казуучуларга тиешелүү сунушун айтат да" деп маселени туюк түшүндүрүүгө аракет жасады.
Фракция депутаттарынын белгилешинче, кодекске өзгөртүүлөр кирсе, "Кумтөр" сыяктуу бийик тоо кыркаларында жайгашкан кендердин айланасындагы 18 млн. метр кубдан ашуун көп жылдык муз, мөңгүлөрдү ордунан жылдырууга уруксат берилет жана мындай 20га чукул участок ачык эле көрсөтүлгөн. Бул деген өз жерине, өз экологиясына карата өкмөттөгү уюшкан топтун атайын эле жасаган кыянатчылыгы эмей эмне? "Силер эмне үчүн өзүңөр толук көзүңөр жетпеген маселени көтөрүп келесиңер? Сурасак эч нерсе билбейсиңер. Анткени кожоюнуңар силер үчүн чечип ("Центеррадан"), бере турганын берип койгон. Эгер бере турганын берип койбосо, силердин кожоюнуңар силерге минтип зордоп туруп бул мыйзам долбоорун алып киргиздирмек эмес деп чарт жарылды "Ата мекендин" лидери Өмүрбек Текебаев.
Анткен менен "ата мекенчилердин" каршы пикирин өкмөттүн алдындагы Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги да колдоого алат. Айтсак, аталган агенттиктин жетекчисинин орунбасары Рустам Абдыкалыков мыйзамды колдобой турганын билдирип, "албетте, долбоор туура эмес. Ал мөңгүлөргө терс таасир этет. Экологдор 1996-жылы эле бул боюнча дооматын айткан. 2014-жылдагы долбоордо мөңгүлөр жок болчу. Азыркы долбоордо мөңгүлөр алынат деген бар экен. Анан эми чыгымдалган суунун баасын дагы аныкташ керек. Мына ошол "Кумтөрдөн" мынча көлөмдөгү мөңгү кетти деген эсеп болушу керек. Ошол боюнча тарифтерди иштеп чыгуу зарыл" деди өлкөдөгү экинчи эколог.
Экинчиден, ал айткандай, өнөр жай үчүн иштетилген суунун тарифин өкмөттүн аныктоосуна күмөн болгондор арбын. Анткени Кыргызстанга тоодон түшкөн суулардан мурун тоо башында жаткан түбөлүк мөңгүлөр маанилүү жана ал келечек урпактар үчүн кала турган баалуу мурастардын башаты болуп саналат.
Ошентип фракциядан кооптуу жагдайлары арбын Суу кодекси боюнча жаңы долбоор колдоо тапкан жок. Чындыгында анын зарылдыгын ачыктоодо өкмөт өз позициясын жеткиликтүү коргой албады. Демек Өмүрбек Текебаев айтмакчы, бул долбоордун чыгышына бийлик менен "Центерранын" коррупциялык уюшкан бирлиги барбы же жокпу, суроо ачык калып отурат.
Тынчтык АЛТЫМЫШЕВ





Кандай дейсиздер?
Жайкы убакытка өтүүнү колго алалы
Элдин эсинде болсо СССР доорунда Кыргызстанда саат жайкысын бир саат алдыга, кышкысын бир саат артка жылдырылып турчу. Муну менен мамлекет бир суткадагы жарык мезгилди, жумуш убактысын туура пайдаланып, электр энергиясын да үнөмдөчү. СССР тараганы ар бир мамлекет өз алдынча көз карандысыз өлкө болуп, негедир жайкы, кышкы убакытка өтүүнү чана башташкан. Кышында саатты бир саат артка, жайкысын бир саат алдыга жылдыруу адамдардын ден соолугуна зыян деген шылтоо менен Россия 2009-жылы саат жылдырууну токтоткон. Анын аркасынан Белоруссия, Казакстан, андан соң Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Грузия жана Кыргызстан саат жылдырууну киритке чапкан.



Албетте, саатты жылдыруу улгайган, ден соолугу начар адамдарга жагымсыз болору турган иш. Анткени саат жылдырылганда дайыма бир убакытта туруп көнүп алган адамдын бир саат эрте же бир саат кеч турушу кыйынга турат. Бирок ага көнүп кетүү анчалык деле кыйынчылыкты жаратпайт. Ал эми кышкы, жайкы мезгилдеги иштин эрте, кеч башталышын эске алсак саатты жылдыруунун пайдасы көп. Мисалы, азыр мамлекеттик ишканаларда иш саат 9.00дө башталат. Документтерин, иш кагаздарын бүтүргүсү келгендер мамлекеттик ишканалардын алдында таңкы саат 7ден 9га чейин соксоюп эшик сагалап турушат. А саат тогузда аталарыбыз айткандай, күн аркан бою көтөрүлүп, жалган түш болуп калат. Эгер иш 8.00дө башталса калкты тейлөө бир саатка эртелеп, мамлекеттик структурада иштегендер да эрте үйлөрүнө кайтышмак. Кышкысын болсо ишке барчулар жерге жарык кире электе туруп, үрүң-бараңда үшүп-шишип ишке шашылбай кечирээк туруп кызматына барышат эле. Жумушчулардын жайкысын бир саат эрте, кышкысын бир саат кеч ишке чыгышы жүргүнчүлөрдү ташыган айдоочуларга да ыңгайлуу. Күн узарып, күн жылыган убакта адамдардын эрте туруп, кышында кечирээк турушу ден соолукка да пайдалуу. Ушунун баары эске алынгандыктан15 союздук республикаларда СССР түзүлгөндөн таркаганга чейин жазында убакыт бир саат алдыга, күзүндө бир саат артка жылдырылып келген. Шыбагадан куру калгансып 2005-жылы Бакиев бийлиги "Орто Азия өлкөлөрүнүн ичинен кышкы-жайкы убакытка өтүүнү Кыргызстан гана колдонот экен, саатты жылдыруу өлкө элинин саламаттыгына зыян деген шылтоо менен саат жылдырууну жоюп салган. Эми минтип майрам, дем алыш күндөрүбүз көп болгону аз келгенсип, жайкысын илээлеп ишибизди тогузда баштап отурабыз. А кышкысын ата-энелер балдарын караңгыда ойготуп, үрүң-бараңда бала бакчага, мектепке жеткирип кыйналышууда. Саат жылдырылса тескерисинче балдар кышкысын кечирээк туруп, жайкысын эрте турушмак. Илгерки ата-бабаларыбыз деле саат жок кезде күндүн чыгыш, батышына карап иш кылышып, жайкысын эрте туруп оокат кылышса, кышкысын жерге жарык киргенде гана кыбырай башташканы тарых барактарында деле жазылып турат.
Эске салсак, 2012-жылы "Ата журт" фракциясынын депутаты Надира Нарматова кыргызстандыктар жайкы убакытка өтүүнү суранып жатышканын билдирип чыккан. Бирок бул демилге колдоого алынбай дымып калган эле. Учурда муну кайрадан көтөрүп чыгып, мыйзамдуу түрдө бекитип албасак жайкысын мамлекеттик мекемелердин оозунда, кышкысын окуу жай, мектептерде кыйынчылык боло берери турган иш.
Мелис СОВЕТ уулу





Алга жетелеген кыял
Эки жигит башкаларга үлгү

Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Красная Речка айылында жашаган жигиттер Аскар менен Исламдын талантына таазим эткендер көп. Булар тубаса азиздер. Экөө башкалардай мөгдүрөп кол карап отурбасын деп атасы Кылычбек Жекишов буларды эл алдына алып чыгып ырдатып, талантын көргөзүп келет. Аскар менен Ислам Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт сарайында эки жолу концерт өткөрүшкөн. Былтыр "Дайыма жашоо керек үмүт менен" деген концертине келген эл эки жигиттин талантына тамшанып кетишкен эле.

- Аскар менин уулум, 20 жашта, Ислам кызымдын уулу, жээн неберем, 12 жашта, - дейт Кылычбек Жекишов. - Ушул балдарыма ыр, обон жаздырып аранжировкасын жасатып концерттерге, ар кандай сынактарга катыштырам. Аскар тогуз жашынан баштап ырдайт. Ал кичинекей кезинде "Мээрим" фондунун 10 жылдык аземинде ырдап, гран-прини жеңип алган. Андан башка көп эле грамота, дипломдордун ээси. Кыргыз телеканалы уюштурган атуулдук ырлар боюнча фестиваль болуп, гала концертке артисттер менен кошо ырдап чыккан. Ассоль Молдокматова Ысык-Ата районунда "Я могу" деген аталыштагы таланттуу балдардын арасында сынак жарыялаган. Ошондо да Аскар дени сак балдар менен теңтайлаша чыккан. Көзү азиз болсо да өзгөчөлөнгөн үнү, сахнада алып жүрүү этикасын мыкты өздөштүргөндүгүн баалаган калыстар тобу биринчи орунду берген, - дейт атасы сыймыктанып.
Аскар менен Исламды атасы спорт менен да машыктырат. Ушул жылы февраль айында Кыргызстанда биринчи жолу майыптар арасында спорт боюнча спартакиада болгон эле. Бул спартакиадада Аскар күмүш медалдын ээси болду.
- Биздин түпкүлүгү-бүз Жумгал районунан болот, - дейт Кылычбек Жекишов. - Жакында Жумгал районун кыдырып концерт коюп келдик. Биз менен кошо барып жардам берген Токтор Бекбоев менен "Жаз" бийчилер тобуна чоң ыраазычылык билдиребиз. Мектептерде күнүгө эки жолудан концерт берип жатышты. Жумгалда өткөн концерттин баары аншлаг менен өтүп жатты. Ар бир концерттен Ислам менен Аскар абдан эргүү, энергия алышты. Жумгал районундагы жергиликтүү өкмөт башчыларына, мугалимдерге, уюштуруучуларга абдан ыраазычылык айтабыз, - деди Кылычбек мырза.
Аскар мектепти аяктаган, Ислам 6-класста азиздер мектебинде окуйт. Ислам белгилүү комузчу айтылуу Нурак Абдрахмановдон комуз үйрөнүп, анын акыркы окуучуларынын бири болгон эле. Экөө тең комузда кол ойнотуп, музыкалык аспаптарда ойношот. Булар сыналгы көрүшпөйт, бирок компьютерди мыкты билет, жазганды, интернетке киргенди жакшы өздөштүрүшкөн.
Булардын ата-энеси деле убагында операция жасатып, көрүүгө мүмкүнчүлүк берели деп көп аракеттерди жасаган. Бирок дарыгерлер операция болбойт деген тыянак чыгарышкан. Тубаса төрөлгөн азиздерге дарыгерлер тукум куучулук, жети атадан кийин кайтып келчү дарт деп түшүндүрүшкөн.
Кичинекей Ислам Дастан Бекешовдой депутат болом дейт. Ал да мыкты окуйт, саясатка кызыгат. Ал эми Аскар Диана Гурцкаядай ырчы болом дейт.
Бул эки жигиттин келечеги кең. Ар дайым изденүүнүн үстүндө. Албетте, аракет кылсаң берекет дегендей, эмгегинин акыбети да кайтаар мезгил келээр.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА






а ­е¦Є.НҐй«