presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


Л€У…Р’Жђ

Агым
Сатмай саясат
Кулмурзаевдин 2 млрд. сомдук коррупциясына бийлик көз жумабы?
Өткөн жумада былтыр дуулдап басылган Баткен облусуна караштуу газ түтүктөрү боюнча маселе кайрадан көтөрүлдү. Бул жолу парламенттеги "Ата мекен" фракциясы Лейлек районунун жергиликтүү калкынын кайрылуусуна ылайык, КР мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчилигин чакырып алып, мыйзамсыз түрдө чекесинен казылып, базар баасынан кыйла эле арзан сатылып жаткан газ түтүктөрү боюнча маалыматтарды тактады. Көрсө, бул чындап эле убагында көңүл бөлүп, иштин ыргагын кан буугандай токтотууну талап кылган чоң маселе, өтө көлөмдүү коррупциялык иш экен.


Тактап айтканда, Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн аймагында жогорку басымдагы "Хаваст-Фергана" газ түтүктөрү өткөн кылымдын 60-жылдарынан бери жер алдында созулуп жатат. Жалпысынан үч бөлүккө бөлүнгөн, жалпы узундугу 125 километрге жакын бул газ түтүктөрү СССРдин учурунда Өзбекстандын менчиги катары эсептелип, КРдин аймагында транзиттик гана ролду ойночу экен. Бирок кийин эки өлкөнүн ортосундагы мамиле сууп, газ өткөрүү боюнча кызматташтык солгундаганы, тагыраагы 2009-жылдан тарта бул түтүктөр колдонуудан чыгып, белгисиз мөөнөткө кызматын токтотот. Бирок Өзбекстандын менчиги катары эсептелинип келгендиктен, кыргыз бийликтери муну өз убагында "Кыргызгаз" ААКсынын балансына кириштеп, башын биротоло бекиткен эмес. Бирок былтыркы жылдан тартып, "Кыргызгаз" ишканасы аталган газ түтүктөрүн чекесинен казып, аларды базар баасынан кыйла арзан баада сатууга тымызын киришет. Жергиликтүү элдин каршылыгы, маселенин Жогорку Кеңешке жетиши менен ал ишке бөгөт коюлган. Бирок "кыныккан ит тыныкпайт" демекчи, быйылкы жылы да ошол жер астындагы түтүктөрдү жергиликтүү бийлик менен орустарга 1 долларга сатылган "Кыргызгаздын" жетекчилиги биргеликте соодалай баштаганы фракция отурумунда белгилүү болду.
"Биз "Кыргызгазды" Орусияга эмне үчүн бир долларга саттык эле? Себеби, "Газпром" ишканасы "Кыргызгаздын" мойнундагы бардык карыздарды өзүнүн мойнуна алып кутултмак болгон. Келишимде биз "Кыргызгазды" бардык иштеп турган, ишкананын балансына кирген, аракеттеги мүлктөрү менен бергенбиз. Ал эми биз сөз кылып жаткан Лейлектеги Өзбекстандан калган, канча жылдан бери иштебей жаткан газ түтүктөрү "Кыргызгаздын" балансында болгон эмес. Эгер анын балансына өткөн болсо, кайсы жылы, кайсы документтердин негизинде өткөнүн далилдеп бергилечи? Далилдей албасаңар, эмне үчүн аны ооз учунан эле "Кыргызгаздын" менчиги деп өзүңөр билип казып жатасыңар. Кулмурзаев бул үчүн качан жооп берет? Себеби ал айткан Кыргызстандын "Казнефтегазпром" карызын "Газпром" мойнуна алган. Ошондуктан бул жерде чоң коррупциялык аракет жүрүп жатат " дейт ЖК депутаты Ташболот Балтабаев.
Анын сөзүн кубаттаган фракция депутаттары бул боюнча Маммүлктү башкаруу фондусунун жетекчилиги менен "Газпромго" карап калган мурдагы "Кыргызгаздын" жетекчилиги расмий түрдө билдирүү бербегенин, болгону расмий колу коюлуп же мөөр басылбаган докладдын көчүрмөсүн берүү менен чектелгенин, демек, расмий түрдө "Хаваст-Фергана" газ транзит түтүгү "Кыргызгаздын" балансына өткөндүгү тууралуу документтер жоктугун, андай болгон күндө буга чейин казылып, сатылып кеткен газ түтүктөрү үчүн Тургунбек Кулмурзаев баш болгон ишке катышы бар адамдардын жоопкерчилигин кароо керектигин айтып жатышты.
Себеби, былтыркы жылы бул маселе парламентте каралганда Тургунбек Кулмурзаев "Кыргызгазды" Орусия сатып алат деп күтүп отура бербестен, мына ошол пайдаланылбай калган түтүктөрдү сатуу менен карызды жоё берели дегенбиз. Негизи өзү карыздан кутулуу керек да. "Газпром" деле "ырас кылыпсыңар, карыздан кутулуп коюпсуңар" дейт да. Жаман болмок беле. Мына ошол эски түтүктөр казактарга керек экен. Аларга сатып, карыздан кутулуп жатабыз" деп жооп берип, парламентти күйгүлтүккө түшүргөн.
"Эмне, өкмөткө бул түтүк-төрдүн кереги жокпу? Канчалаган жерлерге суу жеткире албай дыйкандар ыйлап жүрүшөт? Жергиликтүү бийлик, күч структуралары ошол бизге бекер калып калган газ түтүктөрүнө көзүн кызартып жатканда аларды керектүү тармактарга пайдаланууга беришибиз керек. Аны мына суу чарба департаменти эки жылдан бери сурап ала албай жүрүшөт, алардын колуна берсек татынакай кылып казып, канчалаган жерге суу тартып жеткирип, түшүм алууга шарт түзүшөт эле. Бирок бул жерде ири коррупциялык схема ойноп жатат. Себеби, ал газ түтүктөрү мурда "Кыргызгаздын" менчиги болгон болсо, анда "Газпром" аны каздыртмак эмес. Эгер алардын балансына кирбеген болсо, анда мунун ээси өкмөт өзү, Мамлекеттик мүлк фонду болууга тийиш. Ушул жерден бир илинчекти таап алгандар аны кайдагы бир жок карызга, Казакстанга карыздын ордуна берип жатабыз дегендери мыйзамга да, акылга да сыйбаган иш. Жергиликтүү элдин эсеби боюнча эле бул жер алдындагы түтүктөрдүн баасы 2 млрд. сомго барабар экен. Демек, мындай акча кимдир бирөөлөрдүн уйкусун бузуп жатса керек деп билдирди депутат Сайдулла Нышанов.
Жергиликтүү элдин айтымында, учурда облустун бийлиги ошол газ түтүктөрү жаткан жер ээлери менен жең ичинен сүйлөшүп, аларды казып алуунун аракетин катуу көрө баштаганы, буга чейин 10-15 чакырымдай жердин түтүгү алынып кеткени, бул боюнча ишти иликтеген өкмөт менен Башпрокуратуранын жыйынтыгы ошол бойдон жымжырт болгонун айтып жатышат. Демек, бийлик башындагылар деле бул коррупциялык схеманы жоюуга кызыкдар эместей...
Тынчтык АЛТЫМЫШЕВ





Тек жайыңды тескеп ал
Паспортуң, жарандыгың жок болсо эч ким эмессиң
Кыргызстанда паспорту же кыргыз жарандыгы жок адамдардын көйгөйү ушул күндө да бар. Расмий эмес тактоолорго карасак, өлкөдө жарандыгы жок 12 миңден ашуун адам бар экен.


Жарансыздык коркунучуна кабылган адамдардын көбү советтик кызыл паспорттордун ээлери. Советтер Союзу урагандан кийин бул адамдар жаңы документтерди алалбай калышкан. Дагы биртобу кошуна өлкөдө жашаган жана Кыргызстандын жаранына турмушка чыккан аялдар. Бул аялдарда өзүнүн улуттук паспорту бар, бирок Кыргызстанда жүрүп паспорттун мөөнөтүн узарта албай калышкан. Булардын көбү кесиптик билимге ээ жана өздөрүн иш менен камсыз кылып кете алышат. Бирок паспорту жок болгондуктан мыйзамдуу түрдө иштей алышпайт. Алар социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алууда кыйынчылыктарга дуушар болуп, кары адамдар пенсиясын алалбай жүрүшөт. 2009-жылдан тарта Кыргызстанда жарансыздыкты кыскартуу жана анын алдын алуу боюнча көп аракеттер жасалып жатат. 2009-жылдан 2014-жылга чейин кыргыз өкмөтү советтик паспортту көтөрүп жүргөн 65 миң адамды каттап, аларга документ берген. Жарансыздыкты жоюу боюнча БУУнун КЖКБсы (Качкындар боюнча жогорку комиссардын өкүлчүлүгү) ишке киргизген глобалдык өнөктүк аркылуу өлкөдө бул көйгөйдү толугу менен чечүү мүмкүнчүлүгү бар.
2014-жылдын июнь айында БУУнун КЖКБсы "Чечимдер үчүн демилге" фондунун алкагында пилоттук долбоорду ишке киргизген. Бул долбоордун негизинде функционалдуу мобилдүү 28 топ түзүлүп, окуудан өтүп, Ош, Жалал-Абад жана Чүй облустарынын алыскы райондоруна баруу үчүн техникалык жабдуулар менен камсыздалган. Бул аймактардагы жарандыгы жокторго жана документсиз жүргөн адамдарга юридикалык кеп-кеңештерди беришти. Ар бир команданын курамында юрист, паспорттук столдун жана жергиликтүү бийлик органынын өкүлү бар. 2014-жылдын аягына чейин бул командалар 6 миңден ашуун адамды каттоодон өткөрдү, алардын ичинен 5 миң 800ү жарандык алууга документ тапшырган. 2015-жылы долбоор Баткен, Талас облустарында жана Чүй облусунун калган райондорунда, Бишкек шаарында ишин улантып жатат. 2016-жылы командалар Ысык-Көл жана Нарын облустарында иш алып барат.
Жарандыгы жок келиндерге жардам
Кыргызстандын жаранына турмушка чыккан өзбекстандык аялдар жарансыздык тобокелдигине кабылган калктын негизги категорияларынын бири. Бул аялдарда Кыргызстанда жашоо үчүн эч кандай укуктук статус жок, себеби алардын паспортторунун мөөнөтү бүтүп калган. Жарандыгы жок адамдар, өзгөчө аялдар жана балдар коомдогу аялуу топко кирет. Аларда медициналык жардам алуу мүмкүнчүлүгү жок, аларда эксплуатациялоого, эрте турмуш курууга, зордук-зомбулукка же адам сатууга кабылуу ыктымалдуулугу жогору болот. Бул чет өлкөлүк келиндерди мыйзамдаштыруу жолдорун табууда КЖКБ кыргыз өкмөтү менен тыгыз кызматташып келет. Көп функционалдуу мобилдүү топ юридикалык жардам берген ушундай келиндердин бири Рохилажон Декхонова. Ал Өзбекстандагы өз айылынан 1994-жылы кеткен жана документсиз адамга айланып калам деп эч качан ойлогон эмес.
- Мен Кыргызстандын жаранына турмушка чыккандан кийин көп өтпөй эле өзбекстандык паспортумдун мөөнөтү бүтүп калды. Аны Бишкек шаарындагы элчиликтен жаңыртышым керек эле. Бирок муну ишке ашыруу өтө оор болду, себеби элчилик Ош шаарынан алыс жайгашкан. Юристтер биздин айылда иш алып барып жатканын угар замат алардын жардамы менен жарандыкка документтеримди тапшырдым, - дейт Рохила.
2005-жылга чейин Рохила Өзбекстанга мөөнөтү бүткөн паспорту менен деле барып, жакындары менен учурашканы кирип-чыгып жүргөн. Бирок 2005-жылдан тарта чек арадагы көзөмөл күчөтүлгөнүнө байланыштуу Рохилага жакындары менен учурашуу үчүн Өзбекстанга барып келүү такыр мүмкүн болбой калган. Бул долбоор жарандыгы жок адамдарга Кыргызстандын тийиштүү органдарында катталууга, жашаган жери боюнча жарандык алууга өз арызын тапшырууга жана тек жайын аныктаган документтерди алууга уникалдуу мүмкүнчүлүк берет.
Андыктан ушул күнгө чейин эч бир документи жок адамдар тиешелүү органдарга кайрылып, өзүнүн докуметтерин тууралап алганы дурус. Документи, жарандыгы жок адам эч бир өлкөгө тиешеси жок, бул дүйнөдө жок адамдардын катарын толуктаарын унутпашы керек.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА






а ­е¦Є.НҐй«