presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


Л€У…Р’Жђ

Агым
Сот реформасынын "жемиши" союлга айланды"
Бийликтин эсинде калдыбы билбейм, бирок, 2010-жылы бийликти колго алган убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн, анын ичинде азыркы Президент Алмазбек Атамбаевдин да сот реформасын ишке ашырууну убада кылганы элдин эсинде. 2011-жылы президенттик тактыга отурган ажобуз сот реформасын өзү көзөмөлгө алганын, 2017-жылы ал толугу менен аяктап, эл мүдөөсүн аткара турган адилеттүү сот системасы түзүлөрүн сүйүнчүлөгөн.


Белгилей кетсек, 2012-жылы 8-августта Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасындагы сот адилеттигин жакшыртуу чаралары жөнүндө" токтомуна кол койгон. Ал токтомдо сот реформасынын негизги багыты ошол кезде иштеп жаткан административдик, кылмыштык, процессуалдык мыйзамдарды жакшыртуу экени да баса көрсөтүлгөн. Бул тапшырманы жүзөгө ашыруу боюнча атайын адистештирилген эксперттик жумушчу топтор да түзүлгөн болчу. 2013-жылы сот реформасы боюнча кеңештин төрагасы катары А.Атамбаев сот реформасынын негизги 6 багытын санап, "кеңештин негизги максаты мыйзамдардагы карама-каршылыктарды жоюу" экенин баса белгилеген. Президент негизги 6 багыттын бири катары: сотко акыйкаттык үчүн кайрылган жарандарга сот адилеттүүлүгүнүн ачыктыгын жана түшүнүктүүлүгүн; сот адилеттүүлүгүнүн сапатын, оперативдүүлүгүн, жеткиликтүүлүгүн жогорулатууну камсыз кылууну көрсөткөн.
Тилекке каршы, Президенттин айткандары тескери иштеп, учурда "Вечерний Бишкекке" байланыштуу сот иштери КТР, 5-канал, Пирамида телеканалдары аркылуу коомчулукка бурмаланып жайылтылууда. Соттор болсо ачык эле президенттик аппараттын кол баласына айланып, сот адилеттүүлүгүнүн сапатын жогорулатмак тургай мыйзамсыз чечимдери менен сот системасынын ашмалтайын чыгарышууда.
Өткөн жылдын күз айында Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмил Аксамаев өзүнүн мыйзамсыз чечими менен бир кезде "Вечерний Бишкекти" сызга отургузган Александр Рябушкиндин "мурунку үлүшү менен укугун" калыптандырып берген. Аны Бишкек шаардык соту да жан дили менен колдоп берсе, быйыл минтип ошол эле Биринчи май райондук сотунун судьясы Алмаз Калыбаев бийлик жасалма жабырлануучуга айланткан Александр Рябушкинге "Вечерний Бишкек" басма үйүнөн 400 млн. сом өндүрүп берүү чечимин токуп отурат. Бул аз келгенсип бир кезде адам өлтүрүү үчүн айыпталып, өмүр бою соттолгон Эркин Мамбеталиев моралдык чыгым үчүн сот аркылуу аталган басылмадан 50 млн. сом өндүрүүгө киришти. Эгер Аскар Акаев убагында "Вечерний Бишкекти" басып алууга көмөктөшкөн Александр Рябушкин менен бир кездеги адам өлтүрүү боюнча соттолгон Эркин Мамбеталиевге судьялар кызмат көрсөтүп жатса кайдагы сот реформасы болот?! Андай эле Рябушкин менен Мамбеталиев апапак экен Бакиев убагында, 2010-жылы Сот реформасы башталып жатканда эмнеге өздөрүн сот аркылуу актатып, үлүшүн кайтартып алышкан эмес?! Эми бири бизнести "крышевать" эткенимди далилдеп бергиле деп бет тырмарлык кылса, бири "Адил Тойгонбаев менин үлүшүмдү мыйзамсыз тартып алган" деп ыйлактайт.
Албетте, биздин айткан, жазгандарыбызды бир кезде Курманбек Бакиевге чөгөлөгөн Илим Карыпбеков КТР аркылуу жалганга чыгарып коюуда. Бирок соттордун мыйзамсыз чечим чыгарып, бийликке жагынып жатканын Конституция атасы аталган "Ата мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев өзү какшап айтып жатат. "Вечерний Бишкекке" карата доону караган судьялар бетпактык менен мыйзамсыз чечимдерди кабыл алышып, өздөрүн кайсы бир саясый күчтөргө берилгендигин көрсөткүлөрү келип жатат. Мунун акыры жакшылыкка алып келбейт. Азыр судьялардын тагдыры конкреттүү адамдардан көз каранды болгондуктан алар дайындоолорду күтүп арсар акыбалда отурушат. Эгер жогорку даражалуу чиновниктер гана бере турган кепилдик болбогондо алар мындай тобокелчиликтерге барышмак эмес... Өкүнүчтүүсү, азыр сот реформасы токтоп калды. Айрымдар Конституция жолтоо болуп жатат дешет, бирок система өзү иштебей жатат. "Вечерний Бишкек" боюнча сот иши мыйзамды жана акыл эстүү ой жүгүртүүнү тоготпогондук прецедентин жаратып коюшу мүмкүн" дейт 20-майда "Вечерний Бишкек" боюнча коомдук угууда Ө.Текебаев. Ал эми эксперт Нурлан Сыдыковдун айтымында, Биринчи май райондук соту А.Рябушкиндин доосун канааттандыруу менен өзү кылмыш кылып жатат. Муну акыл-эстүү, коомдогу өзгөрүүлөргө кайдыгер карабагандар жакшы түшүнүп турушат. Бирок бийликтин кара жащигине айланган КТР элдин башын айлантып соттор эң адилеттүү чечим чыгарып жатышкандай, байкуш Рябушкин катуу жапа чегип, "Вечерний Бишкек" Бакиевдер менен күнүгө кеңешип иш кылып жаткандай көрсөтүп жатат. Шибегени капка ката албагандай, келерки парламенттик, президенттик шайлоо убагында азыркы абийирсиз соттордун, телеканалдардын да бети ачылат. Ошондо адилеттүүлүк кайсы тарапта экенине элдин да көзү жетет.
Мелис СОВЕТ уулу





Тараза
Тажикстан менен теңтайлаша алабызбы?
СССРдин тарашы менен бирге дээрлик бир мезгилде эгемендик алган Кыргызстан менен коңшу Тажикстан мамлекеттери экөө тең демократиялуу коомду курууга далалат кылат. Экөө базар экономикасынын шартында чейрек кылым турмуш жолун басты. Экөө тең алыскы жакынкы мамлекеттер менен алака катышта болуп, ири империялар менен кызматташып келет. Айырмасы Тажикстанда 1992-1997-жылдар аралыгында жарандык согуш оту күйүп турду. Эл аралык экономика эксперттеринин айтымында, бул жаңжалдашуу өлкө экономикасына бери дегенде 10 млрд. доллар өлчөмүндө чыгым алып келген. Бизде болсо Кудайга шүгүр, эки жолу бийлик алмашкан төңкөрүш, 2010-жылдагы улут аралык коогалаңды эске албаганда, чейрек кылым мамлекет тынчтыкта эле жашады. Ошондон уламбы, биздин бийликтегилер дайыма коңшу тажиктерди мисал кылып, "Тажикстанга салыштырмалуу абдан мыкты жашап жатабыз, жыргап жашап жатабыз" деп төш какканга маш. Бирок турмуш чындыгына келгенде азыр Кыргызстан экономикалык жактан Тажикстандан артта калды. Муну төмөндөгү салыштырмалуу сандар өзү тастыктайт.


Кыргызстандын ээлеген аймагы 198 500 чарчы км. болсо, Тажикстандын аймагы 143 100 чарчы.км. Калкынын саны жагынан Кыргызстанда 5 550 000 киши катталган болсо, Тажикстанда 7 075 000 эл жашайт. Эки өлкөдө тең аба жолу ачык, темир жол транзити бар, деңиз жолу бек өлкөлөрдүн катарында. Эки өлкө тең Борбор Азия чөлкөмүндө, аймагынын арбынын тоо курчаган, сууга, жаратылыш байлыктарына бай мамлекеттер. Бирок экономикалык көрсөткүчтөрү жагынан буга чейин Кыргызстан алдыга чыкса, акыркы жылдары Тажикстан өнүгүү жолуна түшүп баратат. Президенттик башкаруу формасына карабастан, беш жылда бирден Башмыйзамын өзгөрткөн да жок.
Бюджеттен баштайлы
2015-жылга карата тажик өкмөтүнүн бюджетинин көлөмү 15 млрд. 278 млн. сомони же 3 млрд. 55,6. млн долларга барабар болду. Бюджетинин 50 пайызы социалдык тармакты жакшыртууга жумшалары белгиленген.
Ал эми Кыргызстандын быйылкы бюджетине келсек, 102 млн. 307 миң 700 сомду түзөт. Муну АКШ долларына айлантканда 1,7 млрд. доллардан ашуун сумманы түзүп калат. Демек, тажик өкмөтү Кыргызстанга салыштырмалуу кыйла бай деп айтууга негиз бар.
Ички дүңдөн илгери
Өтүп кеткен 2014-жылдын эсебинен алганда Кыргызстанда ички дүң продукциянын (ИДП) көлөмү 3,6 пайызды түзгөн. Бул улуттук статистика комитетинин расмий билдирүүсү. Андан белгилүү болгондой, ички дүң өндүрүмдүн көлөмү 397,3 млрд. сомго тете. Бул мурдагы жылга салыштырмалуу 1,6 пайыз төмөн дегенди билдирет. Дагы жакшы, бул көрсөткүчкө "Кумтөр" алтын кениндеги баалуу металлды өндүрүү өз таасирин тийгизип турат.
Ал эми Тажикстанды алсак, Бүткүл дүйнөлүк банктын эсептешинче, өткөн жылы ИДПсынын көлөмү 6,2 пайызды түзүп, мурдагы постсоветтик өлкөлөрдүн арасындагы чоң өнүгүүнү көрсөткөн. Айрыкча энергоресурсту экспорттоо жагынан Тажикстан алдыңкы орунду акыркы үч жылдан бери бере элек.
Карызы да бизден аз
Былтыркы 2014-жылдын эсебинен алсак, Тажикстандын сырткы карызынын көлөмү 2,2 млрд. АКШ долларына жакындап барган. Бул болсо өлкөнүн ИДПсынын 21,9 пайызын түзүп, өлкөнүн экономикалык блогун тейлеген министрлер тыбырчылап жиберишти. Коңшулардын бийлик башындагылары да сырткы карызды ИДПнын 20 пайызынан ашырбоого бел чечпей аракеттенишүүдө.
Ал эми ички карызы 464 млн. АКШ долларына чыгып, аны оңой эле төлөй тургандыгын айтышканы бар. Ошондо деле ички-тышкы карызы биригип, ИДПнын 25,4 пайызын түзөт.
Аларга салыштырсак, Кыргызстан каатчылыктын сазына сорулуп бараткандай эле элес калтырат. Айталы, быйылкы жылы Кыргызстандын сырткы карызынын көлөмү 3,7 млрд. АКШ долларын чапчып чыгарын Каржы министрлиги өздөрү моюндоодо. Бул деген сырткы карыз өлкө ИДПсынын 50 пайыздан ашыгын түзүп калды деген өтө кооптуу коңгуроону кагып турат. Дүйнөлүк экономиканын практикасында деле ушул, эгер мамлекеттин сырткы карызы ИДПнын көлөмүнүн 50 пайызын түзүп калса, демек, ал мамлекет экономикалык жактан туңгуюкка кептелген, кудуретсиз өлкө деп табылат. Ошондуктан өлкө бийлиги шайлоодон мурун экономиканы жөлөөгө көңүл бурушу зарыл.
Сырткы соода
Былтыркы жылдын эсебинен алганда Тажикстандын сырткы товар жүгүртүүсүнүн көлөмү 6 млрд. 319 млн. АКШ долларын түзгөн. Соода балансынан алып караганда, бул анчалык деле жакшы ийгилик эмес. Анткен менен былтыр тажиктер Ооганстанга 1 млрд. кВт/саат электр энергиясын экспорттоп, экономикасына чоң киреше алып келе алган. Алар быйылкы жылы Ооганстан аркылуу Пакистанга жана Кыргызстанга да электр энергиясын экспорттоп, анын көлөмүн 20 пайызга көп өндүрүү максатын коюшту.
Ал эми Кыргызстандын өткөн жылкы сырткы соодасынын көлөмү 7 млрд. 361,4 млн. АКШ долларына жеткен. Бул болсо мурдагы жылга салыштырмалуу 7 млрд. тоннага көп жүк жүгүргөндүгүн айгинелейт. А биз болсо Тажикстандай эле энергоресурстарыбыз туруп, коңшу Казакстандан 1 млрд. кВт/саат электр энергиясын 5 сомдон сатып алдык.
Тынчтык АЛТЫМЫШЕВ





а ­е¦Є.НҐй«