"Агым", 28.05.15 Коркунучтуу синдром
"Кара тешикке" айланып бараткан Атамбаев бийлиги

Андан соң сөз алган белгилүү юрист Нурлан Сыдыков да соттор "ВБ" боюнча чыгарган чечимдери үчүн жоопкерчилик тартышы керектигин баса белгиледи. "Соттор доо арыздын мөөнөтү эскиргенине карабай ишти карап чечим чыгарганы менен абдан осол катачылык кетиришти. Жарандык иштин мөөнөтү 3 жыл экендигине карабай, алар 15 жылдан кийин бул ишти кароого эмнени негиз кылышкан? Мен акыйкатсыз чечимдери үчүн соттор кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керектигин ишенимдүү түрдө айта алам" дейт алаканын жайган юрист-агартуучу.
Ал эми ЖК депутаты, "кыргыз мыйзамдардын атасы" аталган Өмүрбек Текебаев "ВБны" тартып алуу аракеттери соттордон мурда аларды башкарган жогорку жактагы бийлик төбөлдөрүнөн көз каранды экендигин ачык айтты. "Көптөр кармалбаган ууруну ууру эмес дешет. Бирок жаратылышта "кара тешик" аталган объект бар. Аны эч ким көрбөйт, бирок баары анын кыйыр белгилерин, анын чоң экендигин, кудуреттүү экендигин билишет. Анын тегерегинде галактикалар тегеренет, Жер шарынын траекториясын алмаштырышат, ушинтип ал "кара тешик" өзүн көрсөтөт. Бүгүн Президенттин бийлиги масштабдуу таасири бар кара тешикке айланып, окуялардын жүрүшүн өзгөртүп, судьялардын тобокелчиликке барып мыйзамсыз чечим чыгарышына жеткирип жатат" деди депутат. Анын ою боюнча "ВБнын" үстүнөн чыгып жаткан сот чечимдерине кимдир бирөөлөрдүн кыйыр тиешеси жок деп айтууга болбойт жана бул процесстер атайын, уюшкандык менен ачык эле жүрүп баратат.
Талкуу учурунда коомдук ишмер, ИИМдин генералы Өмүрбек Суваналиев да сөз алып, бүгүнкү "ВБнын" айланасындагы жүрүп жаткан мыйзамсыз иштер учурдагы бийликтин, анын ичинде Президент Алмазбек Атамбаевдин чөйрөсүнүн беш жылдан берки саясатынын жыйынтыгы экендигин, болгону алар коомчулукту башка нерселер менен алаксытып, мыйзамсыз иштерди адеп келген күндөн тарта эле жасап келгенин айтты.
"Бул жерде "ВБга" чейинки эле мыйзамсыз сот чечимдерин алалычы. Бир канча адам өмүрүн алгандыгы үчүн айыпталып, күнөөлөрү сот тарабынан далилденип, эң жогорку жаза мөөнөтүн алган Эркин Мамбеталиевдин бошотулушу, ошондой эле жоопкерчилик тартып, абакта жаткан кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулуп, чет өлкөгө чыгарылып кетиши. Ушунун баары Президенттин айланасындагылардын каалаганын жасоого ишенимдүү болушуна шарт түздү. Эгер ошол окуяларга убагында эле коомчулук реакция жасап, бул иштердин артында ким тургандыгын ачык айтып, алардан жоопкерчиликти талап кылганда, балким алар эстерине келип, экинчи мындай иштерди көз көрүнөө жасай алмак эмес" деди генерал.
Анын сөзүн кубаттаган "Бир дүйнө" укук коргоо уюмунун башчысы Төлөйкан Исмаилова болсо "ВБны" рейдерлик жол менен тартып алуу - саясый элита менен оппозициянын ынтымагы менен эркин текшерүү экендигин билдирди. "Бүгүн Кыргызстанда деги оппозиция, саясый элита барбы же жокпу? Же баары тең эле Президентке баш ийип, коркуп отурушабы? Азыр абдан оор мезгил, саясый элита элдин ишенимин актап, мыйзамдык рычагдарды пайдалануу менен Президентке, бийликке басым жасай албай отурат" дейт укук коргоочу.
Ошентип талкуу учурунда мурдагы сот, прокуратура өкүлдөрү, медиа эксперттер "ВБнын" үстүнөн чыгып жаткан сот чечимдеринин бири дагы мыйзамга жатпай тургандыгын, алар өтө одоно катачылыктарга жол берип жатканын, муну менен бүгүнкү сот реформасын өзүн актоонун ордуна, кыйла артка кеткендигин ачыктап койгонун билдирип, таркашты.





Коомдук деген атына заты жооп бербеген КТР да четте калбай, "Вечерний Бишкек" гезитинин айланасындагы жүрүп жаткан иштерге абдан батыл аралашып келатканы маалым. Алар да адегенде бийликтин сөзүн сөзмө сөз кайталап, бул ишти "чарбалык талаш-тартыш" деп атап, бирок ошол "чарбалык талаш-тартышты" мамлекеттик деңгээлге бийик көтөрүп чыгып, бир тараптуу маанайда, эч кандай эрежеге сыйбаган тартип менен "ВБны" каралоого алган. "Бизнес на лжи" деген атайын көрсөтүүнү даярдап, анысын бир айдын ичинде үч жолу, болгондо да кечки прайм-тайм маалда "Ала-Тоо" программасынын шапкасын кийгизип туруп коомчулукка сунуп турду. Же автору, же буйрукчусу жазылса эмне? Анда алар "ВБ" "Бакиевдердин чөнтөгү", "мамлекеттик түзүлүштү кулатууга кызыкдар", "АКШнын жашыруун жүгүнө тиешеси бар", "Максим Бакиевдин айтканы менен макала жазган", "мыйзамдуу ээсинен тартылып алынган" басылма катары сүрөттөлгөнүчү?!
Албетте, мындай эл аралык да, улуттук да басма сөздүн эрежелеринен тыш, бир жактуу, атайын "ВБга" каршы коомчулуктун көз карашын өзгөртүүгө багытталган көрсөтүүдөн соң "ВБнын" жетекчилиги КТРдин жетекчилигине, Байкоочу кеңешине (БК) кат жолдоп, бул иш боюнча сунушун киргизген. Ошонун негизинде 22-май күнү БКнын жыйыны болуп, аталган маселе каралды.
Адегенде эле айтып коелу, Кыргызстандын маалымат саясатын жөнгө салат, сөз эркиндигин, калыстыкты камсыз кылат, коомдук каналдын бийликке эмес элге жакын болуусун шарттайт деген БКнын курамы үчүн бул кеңештин жыйыны жоопкерчиликтүү иш-чаралардын катарына кирбейт экен. Муну биз БКнын мүчөлөрүнүн алды жарым, арты бир саат жыйынга кечигип келиши, көбүнүн келбей, кворум болбогону, олуттуу маселеге көңүл бурбай, кол телефондорун кулагынан түшүрбөй, кирип-чыгып отурушу менен негиздейбиз. Атургай бүт Кыргызстандын элине КТР таңуулап көргөзгөн "Бизнес на лжи" деген атайын чыгарылышты айрымдарынын алиге чейин "көрө элекпиз" деп ийин куушурушу деги биз БКга кимдерди ишенип шайлаганбыз деген соболго алып келет экен.
Кыргызда "эшегине жараша тушагы" деген мыкты кеп бар. Анын сыңарындай, БКнын кейпи тиги болсо, КТРдин башкы директору Илим Карыпбековдун түрү кандай болушу мүмкүн? Биз ойлогондон он эсе башкача болуп чыкты. Жыйын башталары менен эле башкарма Илим Карыпбеков "ВБнын" өкүлдөрү юрист Сергей Воронцов менен журналист Нарын Айыпты "суракка алып", "ВБ эле эмне объективдүү жазабы?", "ВБ эле эмне калыстыкты карманабы?", "ВБ эле КТРден укмушпу?" деген сыяктуу суроолорду жаадырып калса болобу? Негизи жыйында "ВБнын" кызматчылары КТРдин жетекчилигине, БКнын мүчөлөрүнө жогорудагы "атайын чыгарылыштын" күнгөй-тескейи туурасында суроо узатып, каттагы сунуштарга жооп алуу үчүн барганбыз. Көрсө, жаш, идеяларга бай Илим Карыпбеков иштин жакшы эмес экендигин мурдатан эле билгендиктен, маселени башка өңүткө буруп, негизги теманы тезинен өзгөртүп, ала салдыруунун аракетин мурда эле көрүп коюптур. Ага БКнын төрагасы Абды Сатаров да макул. Болбосо ошол жердеги БКнын мүчөсү, көз карандысыз журналист Сабыр Мукамбетов талкуудан мурун аталган "атайын чыгарылышты" чогуу көрүп чыгууну сунуш кылганы суу кечет болчу...
Жок, андай болгон күндө башынан аягына чейин калп менен чулганып, атайын каралоонун жогорку ыкмалары колдонулган, качанкы бир окуяга тиешеси жок макалалардын тексттеринин КТРга керектүү жерлери менен жамаачыланган, атайын музыканын, графикалардын үзүмдөрү менен боелгон "атайын чыгарылыш" балким "уйкудагы" БКнын мүчөлөрүн ойготуп жибермектир. Абийирлери бир силкинмек. Ошондуктан Илим "баатыр"демилгени дегеле колунан чыгарбай, "жөө жомокторун" жогорку деңгээлде "көркөм окуп" туруп алды.
Анын сөзүнө ишенсек, "ВБ" боюнча "атайын чыгарылышты" ал өзү даярдаптыр, өзү эле Александр Рябушкинге кызмат кылгысы келиптир. Бейтараптуу кылгысы келип, "ВБга" балдарын чалдырса, аларды "ВБнын" интернет-сайтынын редактору Дина Маслова "вы идиоты" деп сөгүптүр, ага да болбой соцтармактан кат жазган экен, Маслова "шеф силерге ишенбейт, биз пикир бербейбиз КТРга" деп суранычын суутуптур, ага да болбой Карыпбеков "ВБга" журналисттерин жиберген экен, ал жактан "КТРдин штаттан сырт кабарчысын" кимдир бирөө муунтуп, эсин оодарып, көзүн ачса "ВБнын" күзөт кызматы аны кол телефонго видеого тартып ойноптур...
Бирок Илим Карыпбеков канчалык кызыл тилин кайраган чечен болбосун, анын КТРдеги "атайын чыгарылышы" каналдын бадырайып жазылган редакциялык саясатына да, эл аралык басма сөздүн стандарттарына да дал келбегени факт. Экинчиден, Дина Маслова Илим менен жазышканда "ВБнын кожоюну Александр Кимдин КТРге ишенбей турганын, бирок пикирин берүүгө макул экендигин жазганы ачыкка чыкты. Анда тескерисинче, Илим Карыпбеков өзү эле чечим кабыл алып, "ВБ" боюнча экинчи тараптын пикирин угуудан баш тартканы да так турат. Үчүнчүдөн, КТРдин журналисти муунтулуп, уктатылып, аны күзөтчүлөрдүн видеого тартып ойногону да калп болуп чыкты. Төртүнчүдөн, Илим Карыпбеков эң негизги маселеге - "ВБ" боюнча чыгарылышта көп кемчиликтерге жол бергенин мойнуна алды. Демек, "Бизнес на лжи" жалган фактылардан куралган деген эле сөз.
Ошентсе да кворум жоктугун шылтоо кылган БКнын төрагасы Абды Сатаров маселени келерки кезектеги жыйында дагы бир жолу карашаарын, "ВБнын" өтүнүч катына Илим Карыпбеков жазуу түрүндө жооп берерин айтып, жыйынды чукул токтотту. Ошентсе да КТРдин "кара буюртмаларды" аткарып жатышы анын коомдук статусуна шек келтирерин, аталган чыгарылыш үчүн БКнын мүчөлөрү да коомчулуктун алдында жооптуу экендигин БКнын мүчөсү Сабыр Мукамбетов тарс айтып, "Илим, жасаарын жасапсың, бирок кайра-кайра кайталап неге бересиң? Уяттын да чеги болуш керек" деп түтөп турду.
Ал арада жыйынга катышып жаткан Кыргызстандагы "Сорос" фондунун "Эркин маалымат" программасынын менеджери Элина Каракулова "Бизнес на лжи" чылгый эле буюртма материал экендигин, ал эч кандай журналисттик иликтөөгө жатпаганын, коомдук канал бийликтин буйругун аткарып, каралоочу материалдарды чыгарганы үчүн аталган фонд ошол күндөн тартып КТРди колдоочу программаларын токтотоорун белгиледи.
Ошентип шайлоонун алдында, босогодо санариптик көрсөтүүгө өтүү жараяны турганда Илим Карыпбеков "атайын чыгарылыш" даярдай калам деп КТРди чоң материалдык жана маалымат ресурстук жардамдан куржалак калтырып отурат...
Тынчтык АЛТЫМЫШЕВ