presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Революция ушул үчүн болгондой...
Бийлик Мамбеталиевге кызмат кыла баштадыбы?
Кечээ, 27- майда Бишкектин Свердлов райондук сотунда бир кезде Президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы болуп жүргөн Эркин Мамбеталиевдин "Вечерний Бишкек" гезитинен 50 млн. сомду өндүрүп берүүнү сураган доо арызы каралды.


Маселенин чоо-жайын кыскача окурмандардын эсине салсак, ал мындай. 17-апрелде "Вечерний Бишкек" гезити жалпы эле коомдогу анан өзүнүн айланасында болуп жаткан мыйзамсыз иштер боюнча КР Президенти Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жарыялаган. Кайрылуу жарыяланган күндүн эртеси эле Президент анда айтылган нерселерди иликтөө үчүн УКМК менен Башкы прокуратурага тапшырма берген. Ошол эле күнү аталган мамлекеттик мекемелерден "ВБга" атайын "десант" түшүп, редакция кызматкерлерин биртоп убакыт суракка алышкан.
Ал эми Эркин Мамбеталиев болсо эки органдын ишинин жыйынтыгын күтүп отурбай эле, дароо Биринчи май райондук сотуна бул кайрылууда анын адамдык кадыр-баркына жана ишкерлик репутациясына шек келтирилгендигин көрсөтүп, ал үчүн "ВБ" гезитинен 50 млн. сомдук моралдык зыянды өндүрүп берүүнү сурап кайрылган. Биринчи май райондук соту анын арызын Свердлов райондук сотуна түртө салган. Башкы прокуратура болсо Мамлекеттик ветеринардык инспекцияга жана "Кыргыз эт" ассоциациясына кайрылып, ал жактан Эркин Мамбеталиев эт бизнесине "крыша" болгон эмес деген жоопту алышкан.
Кечээ Свердлов райондук сотунун судьясы Калыбек Сыдыков Э.Мамбеталиевдин доосу боюнча ишти карады. "ВБнын" юристи С.Воронцов медиахолдингдин бөлүмдөрүнүн жетекчилерин үчүнчү тарап катары катыштыруу өтүнүчүн келтирди. Мамбеталиевдин өкүлдөрү Элмира Умарова жана Анатолий Сафонов гезитке чыккан кайрылуу боюнча Башкы прокуратуранын иликтөөсүнүн жыйынтыгын кошууну сурады. Сот буларды канааттандырды. Үчүнчү тараптар да доо арыз менен таанышууcу керек болгондуктан, кийинки процесс 5-июнга саат тогузга коюлду.
Соттон чыгып сыртта машине күтүп турсак, кара түстөгү кымбат 12 30 АО номерлүү "мерседестин" айдоочусу бизди ушунчалык кызыгуу менен кол телефонуна тартып жатты. Бизге кызыккан ким болду экен?

Аскер САКЫБАЕВА




Карышкыр төр
Сабыр МУКАНБЕТОВ, КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсү:
"Коомдук канал бир адамдын адвокатына айланган соң,
иштин өлгөнү да…"

- Сабыр агай, өткөн жумада Байкоочу кеңештин (БК) жыйыны болуп, "Вечерний Бишкек" ("ВБ") басылмасынын маселесин кароодо БК мүчөлөрү ич ара кер-мур айтышканыңыздар, сиз айрымдарды сөккөнүңүз тууралуу маалымат таркап кетти. Талаш эмнеден улам чыгып отурат?
- Биринчиден, кворум жок болгондугуна байланыштуу расмий жыйын болбой доомат артып келгендер менен жолугушуу, жөн гана пикир алышуу, талкуу болгон. "ВБнын", "Сорос" фондунун өкүлдөрү, журналисттер катышкан. Айрым БКнын мүчөлөрү уялгандын ордуна даттанып келгендерди беттен алып, Илим Карыпбековго ачык болуша баштаганда мыйзамдуулукту талап кылып, катуу үн чыгарууга туура келди. Биз КТРКнын баш директоруна сын-пикир билдирип, эскертүү берип, бир тараптуулукка жол берилгенин моюндаганыбызда эле туура болмок. Чатак ырбап, "Сорос" фонду каражат бөлүүнү токтотмок эмес. Чуулгандуу репортаждын сырттан келген буйрутма экендиги да, коендой окшош материалдардын мамлекеттик үч каналдан кайра-кайра кайталанышы айгинелеп салды. Илим Карыпбеков да автор жоктугун, күнөөнү өзү моюндаарын айтты.
- БКнын кайсы мүчөлөрү жөнүндө сөз болуп жатканын ачыктап койбойсузбу?
- Тамара Жаманбаева менен Абды Сатаров тууралуу болуп жатат. Бул эки адам өмүр бою ошол КТРде иштеп, "кара жашик" атка конушуна эгебейсиз эмгек сиңирген адамдар. Кудай бул эки адамга укмуштуудай чоң шанс берди, мурунку катаңарды жоюп, КТРди агарткыла, коомдук кылууга салым кошуп, күнөөңөрдөн арылгыла дегендей. Тилекке каршы Тамара Жаманбаева менен Абды Сатаров мыйзамдагы өзүлөрүнүн милдеттерин теңирден тескери аткарып, жабырлануучуларга кырс, одоно мамиле жасашты. Жалпы элдик кызыкчылык үчүн кызмат кыла турган Коомдук каналды жеке адамдын (Рябушкиндин) адвокатына айландырып, бейкүнөө тарапка бир беттей көө жабууга жол берген менеджментти жоопкерчиликке тартуунун ордуна, ачыктан ачык колдоого алып, абдан уят болушту. "Осурган кыз осурбаган кыздын бетин тытат" кылышты. "Абды байке, Тамара эже, уят болуп атасыңар, жок дегенде унчукпай отура тургулачы. БКны уят кылбай" десем болушпайт. Абды байке болсо, "мен уялбайм!" деп ачык эле айтты. Тамара эже "Соростон" келген кызды беттен алып атып, долбоорду каржылоону жаптырганга жетишти. Кыргыз коомчулугу, эл аралык уюмдар "ВБ" боюнча чырды катуу талкууга алып, маселе өтө резонанстуу болуп жатканда БКнын мүчөлөрү бир беткей жеңил баалуу болуп, бетибизге чиркөө жабыштырып алдык.
- Сабыр байке, "ВБ" менен Рябушкиндин ортосундагы чатакка бийликтин тиешеси бар деген пикирлер такай айтылып, Президент Алмазбек Атамбаевдин аты менен да байланыштырылып жатат. Сиз ушул талкууга кеңири катышкан киши катары кандай ойдосуз?
- Бул жерде бийлик структуралары, сот, прокуратура органдары бир беткей "Вечеркага" каршы иш жүргүзүп, Рябушкин мырзаны колдон-буттан алып колдоого алып жатканы ачык-айкын көрүнүп калды. Бирок мен Рябушкин аркылуу Президент "Вечерканын" мүлкүн тартып алып жатат, оозун басып жатат дегенге кошула албайм. Бул чындыкка такыр коошпойт. Алмазбек Атамбаевге "Вечерний Бишкектин" мүлкүнүн бир тыйынча кажети жок. "Вечерканын" оозун жабууга да муктаж эмес болчу. Алар Президентке лоялдуу болчу эле да. Бирок ошого карабастан ушундай чатак башталды. Мен ойлойм, Президенттин тегерегиндеги айрым күчтөр аша чаап иш кылып жатышат. Бул жөн эле бирөөнүн мүлкүнө көз артуудан башталды. Ошолор проблеманы жаратышты, Президентке душман таап беришти. Эми өзүлөрүнүн кылган иштерин актоо максатында, бүт мамлекетти дүргүтүп, "сизге каршы чыккандары үчүн согуп атабыз" дешип, Алмазбек Атамбаевди да алдап, аны мамлекеттик ЖМКларга чейин бир беткей колдонууга барышууда. ЖМКларда, коомдо Президент тууралуу терс пикирлер өөрчүп, кедергиси тийе баштаганы байкалып жатат.
Суроо салган Элиза БЕККОЖОЕВА, "Майдан" гезитинин 27.05.2015-жылдагы (№2) санынан кыскартуулар менен алынды.





Эл көчсө да жер көчпөсүн
Мамлекет кыр-жолдуктарга үй салып берет

Сузак районунун Кыр-Жол айылында 23-майдан 24-майга караган түнү катуу жааган жамгырдан улам жер көчкү жүрүп, беш үй менен айылдык оорукананы басып калды. Жаратылыш кырсыгы түнкү саат экилер чамасында болуп, ылай арасында калган 16 адамды айылдаштары куткарып алышкан. Алардын бешөө азыр ооруканада.
Ал жерде учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) тазалоо иштерин жүргүзүп жатат. Министр Кубатбек Борооновдун айтымында, жабыр тарткан үй-бүлөлөргө президенттик фонддон 100 миң сомдон жана өкмөттөн 50 миң сомдон бөлүнөт. "Мындан сырткары он күн ичинде буларга мамлекет тарабынан 200 миң сом пайызсыз кредит берилет" дейт К.Бороонов. Жергиликтүү тургундардын айтымында, 650 түтүн жашаган Кыр-Жол айылын адистер 1994-жылы эле жер көчкү жүрүүчү аймактарга киргизген. Жергиликтүү жашоочулардын билдиришинче, аларга буга чейин түзөң жерлерден жер бөлүнүп берилбегендиктен аргасыз ал жерде жашап келишкен. ӨКМдин райондук бөлүмүнүн адиси Элдияр Исраилов болсо "Азаттыкка" айылдагы 89 үй кооптуу жерлерде экенин айтып, жакында дагы жер көчкү болушу мүмкүн экенин айткан.
Дүйшөмбү күнү Президент Алмазбек Атамбаев аталган айыл эли менен жолугуп үйлөрү көчкү астында калгандарга мамлекет үй салып берерин убада кылды. Ошондой эле өлкө башчы жер көчкү басып калган беш үй менен кооптуу абалда турган үч үйдү кайра курууга жер участогун бөлүп берүүнү өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлүнө тапшырды. Буга улай эле эл Президенттен коопсуз жерден жер бөлдүртүп берип, Кыр-Жол, Сай, Маркай, Чангет айылдарынын жолдорун оңдотуп берүүнү өтүнүштү. Президент дароо эле Транспорт жана байланыш министрлигине аймактагы 30 чакырым жолду оңдоо маселесин кароону тапшырды.

"Жаңы Агым" - пресс




Коркунучтуу синдром
"Кара тешикке" айланып бараткан Атамбаев бийлиги
Учурда бийлик өзү "чарбалык чыр" деп атап, бирок өздөрү аны мамлекеттик деңгээлге көтөрүп чыккан "Вечерний Бишкек" гезитинин айланасындагы чуу апогейине жетти. Соодаланма соттордун мыйзамсыз чечимдерине учурда аталган басма үйдүн 250дөн ашык кызматкерлери гана эмес, өлкөдөгү болуп жаткан процесстерге сергек караган коомчулук кошо үрпөйүүдө. Себеби "ВБнын" тегерегиндеги талаш-тартыштардын өнүгүшү, болуп көрбөгөндөй тездик менен теңирден тескери чыгып жаткан сот чечимдери өтө коркунучтуу прецедентке жол ачып жатат. Ал басма сөздү муунтуу же адам укугун тебелөө эмес, менчикти тартып алуу эле эмес, мыйзамдын жаназасын окуу!

Ушундан улам өткөн жуманын этегинде "ВБнын" айланасындагы окуялардын мыйзамдык жагын талкуулоо үчүн коомдук угуу Бишкекте өтүп, ага масс-медиа өкүлдөрү, парламент депутаттары, коомдук ишмерлер менен өкмөттүк эмес уюмдардын, эл аралык донор уюмдардын өкүлдөрү катышты. 13 жыл мурун болуп өткөн, КЖКнын беренелерине ылайык кайра кароого жатпай турган, мөөнөтү эскирген ишти кайрадан көтөрүп чыгып, качанкы ишти кайдагы бир суу кечпеген доо-арыздар менен шөкөттөп чыгуу, анан ошол ойдон чыгарылган жомокторду мыйзамсыз түрдө мыйзамга тууралап, сот чечимдерин чыгаруу азыркы күндүн эң эле төбө чачты тик тургузчу окуяларынан экендигин андагылар бир ооздон баса белгилешти.
Маселен, өмүрүнүн көбүн сот тармагына арнап, кыргыз мыйзамдарын беш колундай билген юрист, ЖК депутаты Курманбек Осмонов "ВБ" тууралуу чыгып жаткан сот чечимдери эч бир мыйзамга жатпай турганын, атургай бул иш каралууга да мүмкүн эмес экендигине токтолду. "Айталы, Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмил Аксамаев мурдагы Жогорку соттун судьясы Жаңыл Алиеванын уулу. Кийин ал Соттор кеңешинин мүчөсү катары уулун сотко алып келди. Бул жакшы көрүнүш эмес. Ал эми бул иш боюнча үстүртөдөн эле караганда соттор сот өндүрүшүнүн негизги принциптеринен четтеп, процессуалдык мыйзамдарды бузганы көрүнүп турат. Муну бир инстанциядагы сот беш жыл мурун башка чечим чыгарып, беш жылдан соң ошол ишти ошол эле инстанциядагы сот карама-каршы чечим чыгарганы менен мисал кылсак болот. 2014-жылдын 24-сентябрында судья Эмил Аксамаев мыйзам ченемдерин өзүмбилемдик менен өзү каалагандай чечмелеген. Эгер мен анын ордуна судья болсом, анда мындай чечимди мыйзам боюнча да, абийирим боюнча да чыгармак эмесмин" дейт депутат Курманбек Осмонов.
(Уландысы 4-бетте)










??.??