presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Атамбаев КСДПнын эле президентиби?
Шайлоого шайма-шай даярдыктарды азыр бардык партиялар көрүп жатат. Штабдар кадимкидей иштеп, ар бир партия өз алына жараша коомчулуктун маанайына мониторинг жасап, колдон келсе ар бир район, район эле эмес айылдарга чейин штаб ачып аларды бардык техника менен камсыздап, интернетке кошуп, айтор баары стартты эле күтүп калышкандай. Башка партиялар чын эле өз дараметин парламенттик шайлоодо сынап, колдон келишинче элдин добушун алууга жан үрөп жатса, алар менен кошо Президент Алмазбек Атамбаевдин КСДПсы деле дүрбөй баштады. Алматы көчөсүндөгү "Форумдан" кирген-чыккан үзүлбөй, штаб башында коомчулукка "арыз жазып" бошоп кеткен кадимки шоопур Икрам Илмиянов тургандыгын да ушу партияга тиешелүү ММКлар жазып жатышат. Анан калса Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси Аалы Карашев менен Кыргызстандын Германиядагы элчиси, Роза Отунбаеванын бир тууган иниси Болот Отунбаев да КСДП штабына иштөө үчүн кызматтарын катары менен таштап баса бергендиктерин да ошолор жазып жатышат. Президент өз партиясынан, спикер өз бала, премьер да тилден чыкпай турса, биометриканы да өз партиялашы жасап жатса, демек, болгон административдик ресурс колдо турса КСДП эмнеден кооптонуп, тигилердей "десанттарды" түшүрүп жатат, белгисиз. Ушундай көрүнүштөн улам Атамбаев жалаң эле ксдпчылардын президентиби деген ой келет экен.


"Кыргызстан" кыйлага барабы?
КСДПнын катарынан орун табууга ыктап жүрөт делген Чүйдүн губернатору Канат Исаев, өндүрүшчү Шаршенбек Абдыкеримов, депутат Алмаз Баатырбековдор өз алдынча "Кыргызстан" деген партия түзүп, шайлоого даярдана баштады. Алардын катарында "Ынтымак" депутаттык тобундагы Нурбек Алимбеков, Эльвира Жумалиева, Элмира Иманалиева, Назарали Арипов, Каныбек Иманалиев, олигарх Рустам Маманов, Арзыбек Бурхановдор бар. Ошондой эле булар менен бирге чыгууга Нарындын мурдагы депутаты Канат Муратбеков да баш байлап жатканы айтылууда. Азырынча жаш партия күздөгү шайлоону бутага алып, "эч кимге кошулбай өз алдыбызча барабыз" деп турганынан, демек, булардын катарында аймактагы ташы өйдө кулаган жаш ишкерлер, жетекчилер бар экендигин, күзгө чейин салмактуу саясатчылар да өздөрүн "Кыргызстандын" катарына кошорун угуп жатабыз. Айткандарына туруп аягына чейин барышса экен, орто жолдон ат тизгинин шарт бурса, "аа паланчанын долбоору тура" деп элдин супсуну сууйт да...

Алмаз Абековдун камалышы кимге кызык?
"Мегаком" компаниясын башкарып турган маалда мыйзамсыз түрдө 700 млн. сомду сыртка чыгарып кеткен деп айыпталгандардын арасынан жалгыз Алмаз Абеков абакта жатат. Бирок дээрлик үч жылдан бери ага коюлган айып толугу менен сот тарабынан аныкталып, тиешелүү жазасын ала элек. Ал эми аны менен кошо камалган Азамат Мурзалиев болсо эчак эле бошонуп, атургай КСДПнын саясый кеңешинен орун тапкан. Абактагы Абековдун мени каматууга жогору жактан буйрук болгон дегенин эске алсак, демек, бул жерде да ксдпчылардын бирөөсүнүн колу бардай. Баса, ошол миллиондогон сомдордун чыры чыккан маалда "Мегаком" компаниясын сырттан башкаруучу болуп мамлекет тарабынан кирген Илим Карыпбеков да негедир сурактан сырт калды. Иш реалдуу тергелсе, ортодогу ойнолгон тыйындар үчүн ал дагы жооп бериши керек беле?...

Муралиевдин мөөнөтү узартылды
"Мамлекеттик сырды саткан" деп айыпталган мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин аппарат кызматкери Алтынбек Муралиевди абакка кармоо мөөнөтү дагы узартылды. Соттун жүйөсү боюнча анын күнөөсү толук далилденбей, тергөө аягына чыкпай жатыптыр. Демек, анын күнөөсүнүн бар-жогу да азырынча белгисиз. Мындай болгон соң аны үй камагына чыгарууга атасы Амангелди Муралиев деле жакшылап аракет кылган экен, оңдуу натыйжа чыгара албады. Бир карасаң, кечээ Алтынбектен алты эсе коркунучтуу криминал Азиз Батукаевди деле килемге бастырып узатышпадыбы. Калыстык деген ушундай болобу?

Бийлик - уюшкан кылмыштуу топпу?
Кечээки кримтөбөл Азиз Батукаевдин Орусияга чыгып кетиши менен Ош, Жалал-Абадды калыбына келтирүү боюнча дирекциянын ишмердигин депутат Бакыт Калмаматов уюшкан кылмыштуу топ менен салыштырды. "Эки иш тең бийликтегилердин катыштыгы бар үчүн жасалды жана ошон үчүн бул боюнча эч ким жоопкерчиликке тартылбай турат. Ошондуктан мунун баарын уюшкан кылмыштуу топтор жасады деп айтсак болот" деди каны ичине тарткан Калмаматов.
Логика жактан абдан туура. Ошондо бизди криминал менен байланышта болгон Курманбек Бакиевдикинен да коркунучтуу бийлик башкарып жаткан болобу?

КТР АКШдан алып Орусияга берет
КТР "Азаттыктын" саясый көрсөтүүлөрү үчүн жыл сайын андан 300 миң АКШ долларын алып турары кечээ ачык айтылды. Муну мойнуна алган башкы директор Илим Карыпбеков "мындай болбошу керек эле, мамлекеттик саясатты, идеологияны жүргүзө турган канал башка өлкөлөрдүн каражаты менен жашабашы керек эле" демиш болду. Бирок ал эмне үчүн КТР Орусиянын каналдарын трансляциялоо үчүн тескерисинче аларга миллиондорду төлөп жатканын айткан жок. Ошон үчүн бизде суроо пайда болду. Эмне үчүн АКШ акча берип программасын көрсөтөт да, Орусия акча алып көрсөтөт? Же Кыргызстан эчактан бери эле орустардын колониясы болуп, алардын айткан жагына басып калганбызбы? Акыркы төрт жылда эле КТР аркылуу Россиянын ОРТ телеканалына 150 млн. сом кыргыз өкмөтүнүн бюджетинен төлөнгөнү маалым.

Умаровду "сындыруу" аракетиби?
Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамкызматтын башкармалыгынын башчысы Руслан Умаров буга чейин УКМКнын кызматкерлери катышкан контрабандалык түйүндү ачыкка чыгарып, кийин ал ишти ал кездеги Башпрокурор Аида Салянованын орунбасары Темирбек Бекмаматов калкалап жаткандыгын айтып чыккан эле. Ошондой эле ал Монополияга каршы агенттиктин кызматкерин ишкер Эльвира Сурабалдиевадан көлөмдүү пара алып жаткан жеринен колго түшүрүп, өзүнүн принципиалдуулугун көрсөткөн эле. Бирок "ит күлүгүн түлкү сүйбөйт" болуп, анын дипломуна, аскердик билетине асылып, прокуратура менен УКМК илинчек таба албай койгон.
Ошентсе да кимдир бирөөлөр Русланды моралдык жактан сындыруунун кара жолуна түшкөнбү, айтор, анын уулу Азиз жакында табышмактуу түрдө автокырсыктан көз жумду. Умаровдун жубайы муну атайын уюштурулган иш деп арыз жазып, экспертиза кырсыктаган машинени текшерүүгө алууда. Демек, азыркы заманда коррупция менен чындап күрөшүү ушунчалык кыйынбы?

КСДПчы депутат элди бөлгөндө
КСДПнын катарында беш жыл депутат болуп, анчалык деле өзүн мыйзамчы экендигин көрсөтө албагандардын бири Мурадыл Мадаминов. Бирок карт бөрү Өмүрбек Текебаевге тиш салып, аны менен жакалашкандыгы эсибизде бар. Эмнеси болсо да Мурадыл мырзанын жакынкы бир ишмердиги ичибизди суутту. Айталы, депутаттардын эл менен жолугушуусу болгон маалда ал Баткенде эл менен жолугушуп, сый тамак берет. Бирок мейманга чакырылгандардын бардыгы ичкилик уругунун аксакал-көксакалдары экен. Мейли, ким эле туулган туурун, учкан уясын, уланган уругун сыйлабасын. Бирок иттики, сөз арасында саясат тууралуу кеп кетип, Мурадыл Мадаминов депутат башы менен кесиптеши Чолпон Султанбекова тууралуу айтып, аны "чыкккан кыз чийден тышкары" таризинде келерки шайлоодо колдобоого чакырганы кандай? Атаңдын көрү, ыраматылык Баяман палван ушул аймактан депутат болгонун эстесек, анда Мукебиз бул аймакка даап келе албасы дайын эле го... Эми муну укса карышкыр мүнөз Чолпон айым кантээр экен?

Атахановдун калтырган "мурасы"
Ички иштер министри Мелис Турганбаев кызматка отурганы бүт аймакты кыдырып, милиция кызматчыларын бир сыйра тескеп, бары-жогу, камы-чому менен таанышып келди. Эл менен жолугуп, укук коргоочулардын ишмердиги боюнча болгон маалыматтарды жыйнады. Ушундан улам күзгү шайлоого чейин биртоп ички маселелерди чечип, криминалдык абалды коопсуздандырууга билек түрүп турган чагы. Баса, криминал демекчи, ал күч органдарынын жыйынында мурдагы вице-премьер министр Шамил Атахановду сынга алып, "Атаханов уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгын кыйратып кете берди. Ошонун айынан криминал баш көтөрүп, жазмакерлер менен парламент депутаттарына чейин кримавторитеттерди даңазалап калышты" деп катуу айтты. А Шамил Атахановдон болсо дайын жок. Балким шайлоо алдында КСДПнын тизмесинде пайда болоор...

"Жаңы Агым" - пресс









??.??