presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Сандар сайрайт
Кандуу согушка ар бир төртүнчү кыргыз аттанган...
1941-1945-жылдардагы Улуу Ата мекендик согуш тарыхта, кинодо, китептерде, гезит-журналдарда гана эскерме катары калып келет. Алаамат согушту өз көзү менен көрүп, кан күйгөн майданда душманды жетесине жеткире кууган ардагерлерибиздин катары жыл санап суюлуп баратканы өкүнүчтүү. Анткени алар дүйнө тарыхында кара тамгалар менен калган фашисттик баскынчылык согуштун тирүү күбөлөрү. Учурда республика боюнча 3700 согуш ардагери бар болсо, алардын эң кичүүлөрү 85, эң улуулары 95 жашка келип калышты.


Кыргызстанда түзүлүп, Москваны коргоого катышкан легендарлуу 316-аткычтар гвардиясынын 28 жоокеринин баатырдыгын алалы. Алардын арасында дивизиянын генерал-майору Иван Васильевич Панфилов, Дүйшөнкул Шопоков, Николай Ананьев, Иван Москаленко жана башка ала-тоолук жоокерлер бар эле. Күйүүчү май куюлган бөтөлкө, штыковой мылтык сыяктуу эң жөнөкөй куралдар менен куралданган кыргызстандык 28 баатыр 18 танканы өрттөп, баскынчылардын көзүн тазалап, өздөрү да шейит кетишкен. Алардын бардыгына өлгөндөн кийин баатырдык наам берилген.
Курамында бир да жоокери калбаган 316-аткычтар гвардиясы кийин 8-аткычтар гвардиясы болуп түзүлүп, бул бөлүктүн ишин кайрадан эле кыргызстандыктар улаган. Жүрөгүндө жалы бар кыргыз баатырларынын мындай кадамдарын санап отурсак сөз учугу улана берет.
Кыргызстандыктар согушка кандай жардам беришкен?
Он беш союздук республикалардын башын бириктирген СССРге согуш абалы киргизилгенден баштап, кыргыз эли борбордон келген буйруктун бардыгын эки эселенген көлөмдө аткарып турган. Фрунзедеги механикалык заводдун жумушчулары кайсы саат, кайсы мүнөттө чакырбасын колдоруна курал алып мекенди коргоого даяр экенин согуш башталганда эле билгизишкен. Кадамжай сурьма комбинатынын металлургдары өздөрүн согуштабыз деп эсептеп, согуш жеңиш менен аяктамайын эки эселенген норма менен иштээрин жарыя кылышкан.
Шаардык, райондук аскер комиссариаттарына өз ыктыяры менен фронтко жөнөтүүнү суранып, миңдеген колхозчулар, интеллигенция өкүлдөрү кайрылышкан. Кыргызстанда согуштун алгачкы жылдарында эле 200гө жакын аскердик-машыктыруучу борборлор түзүлүп, алардан 60 миңге жакын жоокерлер, көзгө атар мергендер, пулеметчиктер, истребителдер, минеметчиктер даярдалып фронтко жөнөтүлүп турган.
Мындан сырткары өлкөбүздөн Кызыл Крест, Кызыл Жарым ай коомдорунун мүчөлөрү 1943-жылы 144767 адамга жетип, үч эсеге өскөн. Алар тарабынан 609 талаа медсестралары даярдалган. Ушул эле жылы фронттогу жарадарларга кыргызстандык 2073 мекенчил аял донор болуп кан беришкен.
Эл "Бардыгы фронт үчүн, бардыгы Жеңиш үчүн" деген ураандын алдында, бир кишидей максат, ынтымак менен иштешкен.
Кыргызстан согуш майданынан алыс турганына карабастан, согуш каары ар бир үй-бүлөнү кучагына алган. Ошого карабай кыргызстандыктар согуш болуп жаткан жерлерден эвакуацияланып келген 150 миңден ашык үй-бүлөнү батырып, багып, көчүрүлүп келген 30дан ашык завод, фабрикаларды жыл айлантпай монтаждап, ишке киргизген.
Жалпысынан согуш жылдарында советтик Кыргызстан фронт үчүн 7 миллион тонна көмүр, 177 миң тонна кумшекер, 839 миң тонна нан, 128,6 миң тонна эт, 57 миң тонна картошка, 57,8 тонна жашылча-жемиш, 94,4 миллион банка эт консервасын жөнөтүшкөн.
Кыргызстан ошол кезде өндүрүшү өнүккөн ири чарбага айлана элек болсо да, Армия үчүн 1941-жылдын июнунан 1943-жылдын сентябрына чейин эле 2005 автомашина, 46 казтамандуу трактор, 15819 ат, 1979 араба берген. Ушул жылдар аралыгында Тянь-Шань облусу эле 4292 ат, 89 автоунаа кошумча кылган.
Адам күчүн эсептесек армияга чакырылгандардын эсебинен Кыргызстандын өзүндө бир катар аскер бөлүктөрү, кошуундар түзүлгөн. Алар 385-аткычтар дивизиясы, 40-жана 153-өзүнчө аткычтар бригадасы, 1941-жылдын ноябрында Фрунзе учкучтар мектебинин базасында 660-665-түнкү бомбалоочу авиациялык полктору түзүлгөн. Кыргызстандын жана Казакстандын мыкты жигиттеринен топтолгон легендарлуу 316-, кийин 8-гвардиялык аткычтар дивизиясы уюштурулган. 1941-жылы 13-ноябрда Мамлекеттик коргоо комитети Орто Азия жана Казакстан Республикаларында Улуттук кавалериялык дивизияларды түзүү боюнча токтом кабыл алган. Ошонун негизинде кыска мөөнөттө Кыргыз ССРинин 107-108-109-улуттук атчандар полку түзүлгөн. Кыргызстан булардан тышкары 363 миң жоокер күчүн берген. Ошол кездеги эмгекке жарамдуу кыргызстандыктын ар бир төртүнчүсү кан майданга аттанган. Такталбаган маалымат боюнча алардын жарымынан көбү дайынсыз жоголгон, алар тиешелүү уюмдар тарабынан бүгүнкү күндө да изделип, айрымдарынын дареги чыгууда.
1941-1945-жылдардагы согуш 9-май күнү жеңиш менен аяктап, жыйынтыгында фронтто көрсөткөн өзгөчө баатырдыгы үчүн 100 миң жердешибиз Советтер Союзунун ордендери жана медалдары менен сыйланышкан. Алардын 72 миңи Советтер Союзунун Баатыры деген жогорку наамга татыктуу босо, 21 жоокер 3-даражадагы Даңк орденинин толук ээси болушкан. өкүнүчтүүсү, биздин арабызда бир да Советтер Союзунун Баатыры калган жок. Учурда 3700 гана көзү тирүү ардагерлерибиз калган.
Быйыл Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата согуштун ардагерлери менен Ленинграддын блокадаларына 15 миң сомдон, ал эми аскерде курман болгондордун, көзү өтүп кеткен ардагерлердин үй-бүлөсүнө, тылда иштегендерге 10 миң сомдон бир жолу берилчү жөлөк пул берилди.

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА




Из калтыр бул дүйнөгө
Атанын иши уланат...
Кыргызда "....атага жете, атага тете, атадан өтө" деген сөз балага баа берүүнүн калыптанып, тамырланып, кылымды кыркып келаткан түшүнүктөрүнүн бири болуп мына биздин заманыбызга чейин жетти. Буюрса тил деген дөөлөтүбүз барда бул таамай бутага тийген элестүү ой жашай бермекчи. Мен муну эстей калганым, жакынкы күндөрү улуттук филармониянын чоң залында эл аралык "Руханият" ассоциациясынын негиздөөчүсү, мамлекеттик жана коомдук ишмер Акун Токтосартовду эскерүү, республикабыздын журтчулугуна ошол коомдук уюмдун жаңы жетекчисин тааныштыруу жана жаңы лауреатка сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү.


Бир караганда үчөөнүн ар бири өзүнчө иш-чарага татый турган тема болгону менен бир салтанатка табигый биригип, кыскасын айтканда, иш-чара бийик деңгээлде, кинофотовидео материалдары, концерттик номурлары, эл алдына чыгып сүйлөгөн инсандары, жасалгасына чейин таасирдүү чечилип, бардыгы орундуу көрүндү. Эң негизгиси, зал Акундун кадыр-баркын билген адамдарга толуп, сахна менен көрүүчүнүн ортосунда тыгыз байланыш бир саамга да үзүлбөй, айтылып жаткан ойлорго, угуп отургандардын көкүрөгүндөгү нерселер кошулуп, улам жаңы нерселер менен толукталып турду. Мен дагы акыркы 45-50 жылда Акун Токтосартов менен бирге кызматташ, бирге жолдош болгон адам катары көп нерсени эстедим, бир жагынан эрте өтүп кеткенине бушайман болсом, бир жагынан досумдун өз өлкөсүнө, кыргыз элинин руханий дүйнөсүнө калтырган зор салымына сыймыктанып олтурдум.
Ооба, Акун дос сейрек жарала турган адамдардын бири болчу, андыктан анын бала-чакасы, жакындары, жоро-жолдошу, кесиптештери гана эмес, "Руханият" ассоциациясы да эки жылдан бери жабыркап жетекчисиз, ишсиз аза күтүүнүн үстүндө болду. Башкача болушу да мүмкүн эмес эле. Аска тоодой жетекчисинен ажыраган ассоциация, эртеси эч нерсе болбогондой ишин улантып кетиши акылга сыйбаган иш да! Жашоо мыйзамы ушул - биринин күнү бүтүп иши аксап турса, бу дүйнөгө дагы башкасы келип өз вазийпасын аткарууну баштайт тура. Мына ушундай жагдайларда атанын ак эмгегинен, асыл ойлорунан жаралып, эми жабыркап турган жүгүн ара жолдо калтырбай, аткарылбай калган ойлорун улап кетиш ар бир баланын колунан келе бербейт. "Атанын малы - чатанын малы" деп даяр оокатка жөндөп ээ болууга чамасы жетпей, жыйып-тергенди орунтуктуу уруна албай, тез арада алакан жайып куржалак калгандарды да көрдүк бул заманда. Бул жолу ар бир ак ниет сүйүнө турган окуя болду. Досумдун уулу атасынын нары түйшүктүү, нары чыгымдуу жолун улаганга бел байлап, акчалай сыйлыктын планкасын 100 миң сомго жеткирип, аны татыктуу инсанга тапшырып, бүгүнкү күндө абдан оор жүктү мойнуна алды. Эстей кетсек, мурда сыйлыкка татыктуу болгондорго лауреаттык төш белги, диплом жана Пегастын статуэткасы менен бирге, кимге чепкен жабылып, кимге алдына ат тартылып, кимге колуна куш кондурулуп келген эле, бардыгы жагдайга жараша чечилчү. Мындан аркысы туруктуу суммага токтолгону да ойлонгон адамга көп нерседен кабар берип турат.
Мейли, бул дүйнөдө көрал-бастык, ичтарлык деген адам баласы арылбас дарт бар экен, аны менен ооругандар бул бөйрөктөн да шыйрак чыгарып: "...мамлекеттик сыйлыкка теңеп алыптыр" дешип ооздорун Ошту каратаар, бирөөгө соопчулук үчүн бир сындырым нандык каражат берүү эмес, бирөөгө жакшы сөзүн айтканга жарабагандар билгенин жей беришсин. Мен үчүн Камалитдиндин бул кадамы жигиттик кадам! Чынымды айтсам, көптөн бери мындай сүйүнө элек болчумун. Досум үчүн сүйүндүм, ушундай бир тууганы бар экен деп анын балдары үчүн сүйүндүм, өчкөн оту кайрадан жалбырттап күйө баштаган руханий дөөлөттөрдү жаратуучулар үчүн сүйүндүм! Албетте, баланын аброю атасыныкына жетпей калабы, теңелеби же андан да ашып түшөбү, алдыдагы жылдар көрсөтөт. Ал эми кечээки эл алдына биринчи чыгышы, журтчулугубузга кайрылышы, мамлекетибиздин, элибиздин проблемаларын туура түшүнүп, ага кабыргасы кайышып турушу, ошол эки мүнөттүк сөзүнөн эле байкалды. Бели ката элек жаш бала көпчүлүктүн алдында толкунданып, айта турган ойлорун жөнгө сала албай апкаарып калабы, жетекчиликтин биринчи иш-чарасы эсте каларлык деңгээлге жетээр бекен деген ойлор менен алек болгон кишиге эң сонун өткөндөй көрүндү. Элибиздин баатыры нейрохирург Миталип Мамытовдун, кадырман карыларыбыздын экиден бири Аскар Какеевдин эскерүүлөрү да куттуктоолору да жан сергитти. Буларга Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековдун куттуктоосу, А.Токтосартовдун ишмердигине бийик баа берүүсү иш-чаранын деңгээлин дагы жогору көтөрдү. Ичимде эми ушу менен токтосо, жакшы нерсени маңызы жок бирөө менен бузуп албагай элек деп турганымда, салтанаттын көркүн ача турган дагы бир окуя болду. Белгилүү жазуучу, баатыр замандашыбыз Бексултан Жакиевге "Руханияттын" сыйлыгы тапшырылды.
Кыргызда кул болгон эмес деп баштады сыйлык ээси өз сөзүн. Байы болгон, кедейи болгон, бирок мына кийинки убакта элибиздин аң-сезими бузулуп акчанын кулу, дүнүйөнүн кулуна айланып, ар кими өз колунан келгенин кыла бербей, догурунганга багыт алып баратканыбызды айтканда, ар кимибиздин көз алдыбызга эшигибиздин алдындагы чабылбай турган арык, таштандыга толгон көчөлөрүбүз тартыла түштү. Буга да өкмөттү, бийликти күнөөлүү кылабызбы? Мындай башталыштан кийин Бексултан байкенин ар бир ой, ар бир сөзү кыргыз мамлекети аттуу бийик макамга татыктуу бололу, анын аброюна шек келтирбейли деген чакырык катары кабыл алынып жатты.Чоң программадагы концерти да тема менен байланышып, жакшы өттү.
Жыйынтыгында, залдагылардын дээрлик баарынын эсинде кала турган салтанат пейилге жараша, оңдой берди болуп өтүп кетти десек да болот. Бирок искусстводо да, илимде да кокусунан эч нерсе жаралбайт. Көркөм өнөрдө Рафаэль айткандай, "нукура чыгармачылык артыкбаш нерселерден арылуу" деген теория бар. Ошого кечээги иш-чаранын өтүшү мисал катары колдонулса болот. Көп жакшы нерсе болду, артыкбаш эч нерсе болгон жок. Бул салтанат "Руханият" ассоциациясынын жаңы президенти Камалитдин Акунович Токтосартовдун ишенимдүү кадам ташташы болду. Ак жол сага, аяш уулум!











??.??