presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Ак ийилет бирок сынбайт
Элге актанган бийлик, эси чыккан сот
"Вечерний Бишкек" басма үйү" ЖАКсынын айланасындагы чуу жакын арада басылбай калды өңдөнөт. Анткени жума сайын чыккан гезиттер, интернет сайттар, маалымат агенттиктери бийликтин адилетсиздигин канчалык ачык чагылдырган сайын, бийлик да "Вечерний Бишкек" гезити боюнча маалыматтарды болушунча бурмалап, медиахолдингди батыраак таманына басууга аракет кылууда. Дүйшөмбүдө "Вечерний Бишкек" гезитинин маалымат борборунда белгилүү журналисттер Нарын Айып, Бермет Маликова, "Айкөл эл" партиясынын лидери Эдил Байсалов жана "МК-Азия" гезитинин башкы редактору Улугбек Бабакуловдун катышуусундагы медиахолдингдин айланасындагы ызы-чууга байланышкан тегерек үстөл болуп өттү.

Улугбек Бабакуловдун айтымында, "Вечерний Бишкекке" болгон чабуул бийликтин биринчи эле кадамы. "Кокус "Вечерний Бишкек" бийликтин колуна өтсө Акаевдин доорундагыдай болуп "Вечерний Бишкек" басмаканасында басылып жаткан башка гезиттерге да кысым болот. Айрым гезиттер азыркыдай келишимдик баада басыла албай калышы мүмкүн" дейт У.Бабакулов. Белгилүү публицист Нарын Айыптын пикиринче, парламенттик шайлоонун алдында бийликтин көздөгөнү да жеке типографиясы, элге алынып калган веб-сайты бар "Вечерний Бишкектин" медиаресурсу болуп жатат. "Мурда гезит саясый, финансылык жактан бийликке көз карандысыз болсо, эми гезит басмакана куруп, техникалык жактан да бийликке көз каранды болбой калды. А бул шайлоо алдында өтө кооптуу. Мына ошон үчүн бийлик шайлоого чейин медиахолдингди басып алгысы келип жатат" дейт Нарын Айып. Журналист Бермет Маликованын айтымында, басмакананын басуу, келишүү шарттары, басылган гезиттердин сапаты жакшы болгондуктан мурда мамлекеттик "Учкун" басмаканасында басылчу бир нече гезит "Вечерний Бишкек" басмаканасынан чыга башташкан. "Атургай облустук, райондук гезиттер бизден чыгууга кызыкдар. Анүстүнө медиахолдингдин веб-сайтында маалыматтар оперативдүү жайылтылып жатат. Албетте, мындай күчтүү ишканага бийлик эртерээк ээ болгусу келип жатат" дейт Б.Маликова. Ал эми Эдил Байсаловдун айтымында, эгер Акаев доорундагы Адил Тойгонбаев менен табакташ Александр Рябушкинге бүгүн минтип "Рубиконду" алып берсе, анда бийлик Адил Тойгонбаевге "таандык" мүлктөрдү да кайтарып берүү керек. "Кезинде Акаевге, Адил Тойгонбаевге сатылгандар, балким мүлкүн чындап алдыргандар да толтура болгон. Андан азыркы бийлик шаардын жарымын ээлерине кайтарып бербейби?! Келгиле анда Адил Тойгонбаевден кечирим сурап анын "үлүшүн" кайтарып берели. Анда Акаев да келип бийлик тартып алган мүлктөрүн өзүнө алсын!" дейт Э.Байсалов.
Улугбек Бабакуловдун билдиришинче, бийликтин "Вечерний Бишкекке" кызыгуусуна дагы бир себеп бар. "Шайлоо убагында медиахолдингдин электрондук сайттары негизги ролду ойноп берет. Экинчиден, басмаканадан гезиттерди гана эмес шайлоого керектүү буклеттерди да чыгарууга болот. Демек, бийликтеги партиянын көздөгөнү маалыматтык эле эмес, техникалык да ресурс болуп жатпайбы" дейт Бабакулов. Чындап келгенде У.Бабакуловдун айтканы да маанилүү маселе. Сөз арасында Бермет Маликова коомдогу ачуу бир чындыкты ортого салды. Ал айткандай азыр "коомдукпуз" деген телевидение, радиолор негедир бийликке ыктап, башкача коомдук пикир жаралып калды. "Албетте, мунун баары парламенттик шайлоо алдында кандай максатты көздөп жасалып жатканы жашыруун эмес" дейт ал. "Башкы редакторлор, жарандык коом активисттери - баарыбыз бардык кыргызстандыктарга бийлик кыргыз элине тийиштүү экенин жана ар бир жарандын шайлоого катышууга конституциялык укугу бар экенин ушундай кезде канкакшап турушубуз керек. Эгер баары чечилген, баары сатылып алынган деп жата берсек биз эл ичип жаткан сууга түкүргөн болобуз" дейт Эдил Байсалов. Тегерек үстөлдө Нарын Айып катышуучуларга, коомчулукка кызык суроо койду. "Азыр бийлик тарабынан кысым болуп жатканы жашыруун эмес. Бирок ушундай учурда Журналисттер союзу, Медиаполис институту сыяктуу коомдук уюмдар эмнегедир унчукпай отурушат. Алар ар кайсы гезиттердин макалаларынан эле алып өз сайттарына коюп, жеке пикирлерин айтпай турат" дейт Нарын Айып. Чынында негедир "Вечерний Бишкек" чырына, сөз эркиндигине, журналистикага тиешеси бар уюмдар, атургай бир кезде мурдагы бийликтен кысым көргөн ММКлар азыр үн катпай турушат. Же алар да кимдир бирөөлөрдүн көрсөтмөсүн, эсептешүүлөрүн күтүп жатышабы?
Көрсөтмө демекчи, 23-апрелде Биринчи май райондук соту Александр Рябушкиндин арызынын негизинде "Вечерний Бишкек" басма үйү" ЖАКсынын акцияларын камакка алуу чечимин токуган. Буга макул эместигин билдирген басма үйдүн адвокаты Сергей Воронцов Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз жолдогон. Демейде соттук ишти кароону көпкө созгон шаардык сот бу жолу оперативдүү иштеп, 28-апрелде ишти карап жиберди. Басма үйдүн шаардык сот имаратына топтолгон кызматкерлеринен айбыктыбы же апелляциялык арыз бери болгондо он күн иликтенерин эске алыштыбы, айтор, сот ишти кароону 4-майга жылдырды. Кийинки соттук процесс мындан да кызуу болорун айтып коелу.

Мелис СОВЕТ уулу




Оп, майда
Букмекерлер жабылды
Кыргызстанда букмекердик кеңселер жана тотализаторлорго тыюу салуу боюнча мыйзамды ЖК февралда кабыл алып, апрелдин башында Президент кол койгон. Мыйзам 29-апрелден тарта күчүнө кирип, мындай жайлар ишин токтотууга киришти. Мыйзамдын аткарылышына Мамлекеттик финансылык көзөмөл кызматы көзөмөлдүк кылат. Бул мекемелер казино сыяктуу эле кумар оюндарына кирерин, андан көптөгөн адамдар жабыркап жатканын айтышат. Ал эми 2012-жылдан бери Кыргызстанда бүт казино, кумарканалар жабылган.

Борбордук көчөнүн аты Айтматов
Бишкектин Тынчтык проспектисине Чыңгыз Айтматовдун ысымын берүү демилгеси 2008-жылы эле көтөрүлгөн. Бул демилге Бишкек шаардык кеңешинин чечими менен акыры ишке ашты. Токтом Бишкек мэриясынын жана мэриянын топонимика жана эстеликтерди сактоо боюнча жумушчу комиссиясынын сунушунун негизинде кабыл алынды.

Ажыга сапар башталды
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы быйылкы ажылык сапарга барчу кыргызстандыктарды каттоо иштерин баштады. Меккеге барып зыярат кылууну каалагандар бүт аймактардагы тийиштүү бөлүмдөрдө 25-апрелден 1-июнга чейин каттоодон өтсө болот. Быйыл ажылыкка Кыргызстандан 3600 адам барат. Мекке шаарындагы диний жөрөлгөлөр болжол менен 22-23-сентябрга туш келет. Зыярат баасы быйыл 2550 АКШ долларын түзөт.

Ооруну алдын алуу оңой
Жыл башынан бери Ысык-Көл облусунда кызылча оорусуна чалдыккандардын саны 323кө жетти. Облуска кызылча жана кызамыкка каршы 1600 вакцина бөлүнгөн. Иш-чаранын биринчи этабында 1 жаштан 24 жашка чейин, эгер мугалимдер жана медицина кызматкерлери болсо 24 жаштан 50 жашка чейинкилер алдын ала эмдөөдөн өтүшү керек. Иш-чара учурунда милдеттүү эмдөөдөн баш тарткандар болгон. Бүгүнкү күндө облус боюнча 180 адам балдарын эмдеткен эмес.

Азаттыкка эрте чыкканы үчүн ажалы жеттиби?
27-апрель күнү өлтүрүлгөн кылмыштуу топтун мүчөсү Дамир Сапарбеков 2012-жылдын 16-январында №1 СИЗОдогу башаламандыкты уюштургандыгы үчүн мурдагы мөөнөтүнө дагы беш жыл кошулган. Ошондо мыйзам боюнча ал 2021-жылга чейин абакта мөөнөтүн өтөш керек болчу. Кылмыштуу топтун мүчөсү ким аркылуу, кандай жол менен алты жыл эрте азаттыкка чыкканы азыр көбүн таң калтырууда. Баш-аягы ага 11 кылмыш иши козголгону маалым болду.

Адилетке алтын медаль
Тараз шаарында 24-28-апрелге чейин өткөн өспүрүмдөр арасындагы эл күрөш турниринде биздин жигиттер 8 медалды эңип келишти. Аны жетөө коло, бирөө алтын. 15-16 жаштагы мушкерлер үчүн 15 медаль ойнотулган. Биздин өлкөдөн бардыгы 12 мушкер катышты. 50 килограмм салмактагы мушкерлердин арасынан финалга Адилет Эгемберди уулу чыгып, Өзбекстандан келген атаандашын жыгып алтын медаль тагынды.

Эркектер эрежени көп бузат
Өткөн жылы Кыргызстан боюнча 2575 жол кырсыгы катталып, кандуу жолдон 100 адам каза болуп, 3118 адам жаракат алган. Ал эми 2013-жылы 2900 жол кырсыгы катталып, 126 адам көз жумса, 3534 адам денесинен жабырланган. 2013-жылга салыштырмалуу, 2014-жылы жол кырсыгына кабылгандардын саны азайганы анча-мынча байкалат. Негизи жол кырсыгына аялдарга караганда эркектер көбүрөөк кабылышат экен. Кырсыкка кабылгандардын жаш курагын карасак 18-25 жаштагылар. Жашы өткөндөр жол коопсуздугун жакшы сакташат экен.

"Жаңы Агым" - пресс





Жарыя!
Түгөлбай Сыдыкбековдун эстелиги үчүн 100 миң сом
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-апрелиндеги №123-р буйругуна ылайык, Кыргыз эл жазуучусу, академик, СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Кыргыз Республикасынын Баатыры, коомдук ишмер Түгөлбай Сыдыкбековдун эстелик - скульптурасын Бишкек шаарында орнотууну ишке ашыруу максатында "Жетимен" фонду, "Түгөлбай ата" коому жана "Түгөлбай Сыдыкбеков" атындагы коомдук фонду эстеликтин долбооруна конкурс жарыялайт.
Эстеликтин долбоорун сунуштаган авторлор (скульптор, архитектор) Түгөлбай Сыдыкбековго окшоштуруу менен гана чектелбей, улуттук ар-намысы бийик, улуу жазуучунун көркөм образын элестеткен чыгармасын жаратуулары керек. Айкелдин сынакка көрсөтүлүүчү өлчөмү 50 см кем болбошу керек.
Талапка жооп берген бир гана эмгек калыстар тобу аркылуу тандалып алынат.
Байгеси - 100 000 (жүз миң) сом.
Конкурска сунушталган долбоорлорду кабыл алуу 2015-жылдын 30-августунда аяктайт.
Конкурска катышкандар чыгармаларын жашыруун ысым менен төмөнкү дарекке тапшырат: Бишкек ш., Тынчтык просп.,73/1
Телефондор: (0312) 694919,
(0551) 768776
e-mail: Tugolbay­-­ata@mail.ru, getimen-men@mail.ru, sabyrbek@mail.ru
"Жетимен" фонду
"Түгөлбай ата" коому
"Түгөлбай Сыдыкбеков"
атындагы коомдук фонду










??.??