"Агым", 30.04.15 Турдубаев турганда энергетика бутуна турбайт!
Түш көргөнсүп, төрт жылдан кийин Президент Алмазбек Атамбаев энергетика маселесин Коргоо кеңешине салып талкуулап, анда тармактагы коррупция абалды ушул жерге алып келгенине кейип турду. Биз болсо небактан бери эле энергетиканын эсеп-чотун тактап, кимдер кайсы жерден эмне схемалар аркылуу кирешелерди кемирип жатканын жазып келатканбыз. Андыктан жегендер сиңирип, сиңирмек тургай кайра өздөрү апакай көрүнүп энергетикага айланып келип турган чакта, кара күчкө "камаш керек" деген кантип болсун?! Айталы, азыр "энергосистеманы ишенимдүү башкарууга бериш керек" деп жыландын башын кылтыйткан Кубанычбек Турдубаев өзү деле "ток уурдап", үстүнөн кылмыш иши козголуп, кийин ал иш "аласалдырылып" кетип акталгандардын бири. Ушулар менен энергетиканы оңдойбуз дегенге ким ишенет? Андан да татыктуу кадрлар жок деп күндүзү чырак менен жер сыйпалашканда, булар мамлекетти туңгуюкка кептеп баратканына чындап ишенет экенсиң, эй!


Алинанын абийри парламентте төгүлөбү?
Бир карасаң бийликтин көздөй кадрларына мыйзамдын да, өкмөттүн да да тиши өтпөй, алар өздөрүн ээн жердин бөрүсүндөй эле эркин алып жүрүшөт. Айталы, Мамкаттоо кызматына келгенден бери артынан чуу ээрчиген Алина Шаикова айымга Башкы прокуратура ушу тапта биометрикалык жарак-жабдыктар боюнча тендердин келишимдерин бузгандыгы үчүн кылмыш ишин козгой албай кылчактап турат. Ал арада ЖКнын коррупцияга каршы аракеттенүү комитети Кыргызстанда жасалма паспортту жыртыштай эле таратып жатканы үчүн да Мамкаттоонун жетекчилигин жемеге алып, эми аны парламенттин талкуусуна алып чыкмай болушту. Чындап келгенде азыр Кыргызстанда 100 кишинин жок дегенде 15-20сына жасалма паспорт берүү оңой эле иш болуп калыптыр. Мындай абалга Алина айым уялып, күнөөсүн, тармакты башкара албай жатканын мойнуна алуунун ордуна, эл өкүлдөрүнө каш кайрып, чакчырылып туруп берди. Колдогон кожосу чоң окшойт, ыя?

Икрамдын келгенинен кеткени
Алмазбек Атамбаевдин мурдагы шоопуру, жансакчысы, кийин анын эң ишенимдүү адамына айланып, президенттик аппараттын жетекчи орунбасары болгон Икрам Илмиянов кызматынан кетти. Кызыгы, өмүр баянында бир илип алаар сүртүмдөрү жок ал кызматка келгенде коомчулук бир "дүң" этти эле, кеткенде бир "дүң" этти. Себеби анда шефи айткандай, Султан Ибраимовчолук билим, тажрыйба, лидерлик сапат болбосо дагы, мыкты арыз жазуучулук өнөр бар экен. Кетип жаткандагы арызын уксаң эми бир укмуш. "Айланган тоонун шумкары, ак жерден торго чалынды" дегендей эле ал өзүн эң таза, эң иштерман, калыс, күжүрмөн адам катары көрсөтүп, жалганчылардын курмандыгы болуп жаткандай шөкөттөптүр. Арызды алган Алмазбек Шаршенович деле өтө жашык киши эмеспи, төрт күн бою "бышактап", кол тамгасын койгонго колу барбай туруп, акыры араң отставкасын кабыл алды. Ушунун өзү эле Икрамдын өлкө башчысына кандай таасирдүү экенинен кабар берет.
Баса, анын ордуна кечээ Президенттин жеке жардамчысы Ноокаттын кулуну, 37 жаштагы Улукбек Марипов дайындалды.

"Бетон беттүү" Фарид Ниязов
"Вечерний Бишкек" гезитинин Президентке жазган кайрылуусунан кийин анын аппаратынын жетекчи орунбасары Икрам Илмиянов кызматынан кетүүгө арызын жазса, Ак үйдүн маалыматтык тармагын көзөмөлдөгөн кеңешчиси Фарид Ниязов "мен калың терилүүмүн, терикпейм" деп кызматын караманча таштабай турганын ачыктады. Анысын болсо коомчулук ту-уй, Фариддин бети бетон турбайбы, андай ак болсо кызматка жабышат беле деп түшүнүп турат. Бирок ажонун жанында албырган кеңешчиге баарыбир да, көнгөн ишин жасап, көмүскөдө гезитти тартып алуу боюнча аракеттерин көрүп эле жатса керек. Себеби, бул чыр боюнча сот ишинде судьялардын өздөрүнүн эле үрөйлөрү учуп, кимдир бирөөгө келген жинин катышуучулардан чыгарып, кагылып-согулуп жатканын көрүп жатабыз. Кимдир бирөө кысмакка албаса, судьялар неге мынча күйгүлтүккө түшмөк?

Касиевдин ордуна ким кызыккан?
КР өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча агенттикти эки жылдан бери жетектеп, мыкты уюштуруучулук менен кызматын аткарып жаткан Накен Касиев кызматынан күтүүсүз арыз жазып кеткени баарыбызга маалым. Көрсө, анын орду өкмөттөгүлөргө керек болуп калып, аксакалдын алдына түшкөндөр ага саламаттык сактоо тармагынан бир ылайыктуу орун сунуштап, эптеп макулдугун алышыптыр. Бирок андан бери айтылган убададан дайын жок Накен мырза үйүндө отурганын уктук. Чындыгында бул сокур саясат. Болбосо 2010-жыл өлкөдөгү этностордун ынтымагын бекемдөө кандай зарыл экенин көрсөтпөдү беле? Андай талылуу маселени элге кадыры өткөн, майда улуттардын тарых-тамырын билип, алардын тилин түшүнүп, каада-салтына кайдыгер карабай, тил табыштыра алууга Касиевден өткөн кадр жок болчу. Азыркылар адамды кызматтан алыш же коюшта бирдемени ойлонушабы деги...

Таабалдиев принцибинен тайбастыр
УКМКнын төрагасы Бусурманкул Таабалдиевди коомчулук чыныгы генерал, калыстыкты, тазалыкты туу туткан, саясый оюндардан тыш чыныгы чекист катары баалашат. Ооба, мурда да ушул кызматта турганда орунбасары Жаныш Бакиев оппозиционер Өмүрбек Текебаевдин куржунуна "матрешка" салып жиберип, ошондо Бусурманкул Бүркүтович принципиалдуу түрдө кызматынан кеткени эсибизде. Айталы дегенибиз, азыр да УКМКнын айланасында ар кандай кептер жүрүп, айрыкча Президенттин колбаласы, чекисттиктен тыш Абдил Сегизбаев ар кандай жүрүштөрдү баштап жатканын угуп, Таабалдиев мырза калыстыктан тайбаса экен дейбиз. Мисалы, "Рубикон" ишканасы тууралуу ишти териштирүүнү Президент УКМКга тапшырса, андагы кызматкерлер ошол ачык катта айтылган Ак үйдөгү таасирдүү кишилерди сурагандын ордуна эки жумадан бери "Вечерний Бишкек" гезитинин редакциясында эрикпей-талыкпай отурушат.

Сариев партиясын садага чабабы?
Өкмөт башчылыкка реалдуу кандидат катары Экономика министри Темир Сариевдин аты аталып, көпчүлүк коалициядагылар аны колдоп жатышат. Бирок партлидерлердин ага коюп жаткан бир кызыктай шарты бар. Эгер эртең Темир Аргенбаевич өкмөттү башкарып калса, күздө боло турган шайлоодо ал өзүнүн партиясынан же башка партиянын катарынан депутаттыкка талапкер болуп чыкпашы керек. Бул деген "Ак шумкар" партиясы административдик күчтү колдонуу менен алдыга озуп кетпесин деген эле сактануу эмеспи. Эми буга партлидер макул болуп, жеке кызыкчылык үчүн партиясын садага чабабы же "хоп, майли" деп өкмөт башчылыкка барып, андан соң өз билгенин кылабы, табышмак. Бирок алты айлык мөөнөттөгү техникалык мүнөздө өкмөт башчылык кылса да, мурдагылардан тыңыраак иштейт го деген үмүт бар.

"Жаңы Агым" - пресс





Калптын казаны кайнабайт
Жыпар ЖЕКШЕЕВ,
коомдук ишмер, июнь окуясын иликтеген улуттук комиссиянын мүчөсү:
"Абдылда Капаров улуттук комиссияга келип бүгүнкүдөй сайрабайт беле?"
- Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын мурдагы башчысы Абдылда Капаров маалымат каражаттары аркылуу "2010-жылы Ошко бөлүнгөн 3 миллион долларды Сооронбай Жээнбеков менен Асылбек Жээнбеков алып коюшкан" деген негизсиз айып тагууда. Чын эле ошончо каражат бөлүндү беле?
- Бул аябай эле чоң акча, жөнү жок эле бирөөдөн алып чөнтөккө салып алууга болбой турган сумма. Анын ошончолук деңгээлде жоопкерчилиги бар болчу. Элди тынчтандыруу үчүн атайын акча бөлүндү деп биртоп ызы-чуу болушпады беле, андан кийин муну жөн эле жалаа жабуу деп түшүнсөк болот. Мен бул маалыматка такыр ишенбейм. Анүстүнө ал учурда Жээнбековдордун ээлеген кызматы деле анча чоң эмес болчу. Демек, мындан улам алар ал жерде чоң акча кармаган деле эмес деп түшүнсөк болот.
Асылбек Жээнбековду ошол маалда гана эмес, азыр деле акча алды десе эч ким ишенбейт. Жогорку Кеңештин төрагасы болуп турса да андай акча алууга эч кандай жол берилбейт. Экинчиден, адамдын өз өзгөчөлүгүнө карап да айтууга болот. Ошондуктан мен бул сөзгө такыр ишенген жокмун. Анчалык болуптур, А.Капаров эмне үчүн мунун баарын ошол апрель окуясынан кийин айтып чыкпайт? Жөн гана айып тага берүүнүн чеги да болот эмеспи.
- Ошол эле А.Капаров "Жээнбековдор 145 автомат, 20дан ашык тапанча таратышкан. Аны менен кимди атышты билбейм" дейт. Бул боюнча кандай маалыматыңыз бар?
- Мен ошол Ош коогалаңы боюнча улуттук комиссиянын мүчөсү катары айтып коеюн. Биз териштирип, иликтеп баарын тактаганбыз. Бирок эч кандай акча алуу же курал таратуу боюнча маалымат аныкталган эмес. Эгер ошондой болсо бирөө болбосо бирөө айтып келет болчу. Ал жерде эмне деген сырлардын баары айтылды. Бирок Жээнбековдор жөнүндө эч кандай жаман маалымат айтылган эмес. Бул жерде Капаровдун коомчулукка айыптоосу курулай, кара пиар жасоо максатында болуп жатканын түшүнсөк болот.
- Ошол Ош окуясын иликтөөгө алганда Абдылда Капаровдон да сурадыңыздар беле?
- Андан да сураганбыз, кызыгы, ал эмне үчүн ошол учурда айтпайт да, азыр айтып жатат? Мындан улам, анын бул аракетин шайлоо алдындагы компромат издеп, каралоосу деп түшүнсөк болот. Ал учурда тиешелүү бир да киши калбай баары суралган. Эгер бул чындык болсо Капаров азыркыдай ошол учурда эле сайрап чыкмак.

Тынчтык АЛТЫМЫШЕВ