"Агым", 30.04.15 Каатчылыктын төрт доорун көргөн Батый апа

Ат Башы районундагы Баш-Кайыңды айылынын 93 жаштагы тургуну Батый апа мен көрбөгөн турмуштун оору калган жок деп баштады эскерүүсүн. Ал абышкасы менен турмуш курганда 17 жашта экен. Үйлөнгөнүнө жыл айланбай абышкасы согушка аттанып Батый апа кайындарынын колунда калган. Согуш маалында айылда эмчи айым болуп иштеп согуштан жарадар болгон адамдарды дарылаганы аз келгенсип, айылды кара тумоо каптаганын айтат.
- Бу жашоодо мен көрбөгөн азап калган жок. 1941-жылы согуш чыкканда үйдөгү эр бүлөнүн баарысын алып кетти. 17 жашымда турмушка чыгып, жаш келинбиз деп үйдө жатып албай, чөп чаап чөмөлө салып, ат минип алып соко айдап элдин жүгүн тартып жүрдүк. Согуштагыларга байпак, колкап түйүп кичине тамак жесек анын ырыстуусун аларга жөнөтүп ыйлап-сыктап жүрдүк. Ал согуштун азабы аз келгенсип андан кийин кара тумоо деген оору чыкты. Бир күндө 10-15 киши өлөт. Аларды азыркы Ат-Башыда турган оорукананын капталына узатасынан эле көмүп койчубуз. Согушта канчалаган адамдар өлсө, бизде да бир үй-бүлө бүтүндөй өлгөн күндөр болду. Анда да көмө албай ороо казып эле экиден-үчтөн көмгөн күндөрүбүз болду. Анда мен айылда сестра болуп иштегем. Андан кийин айылды котур каптады. Адамдын денесин бүт жара басып кетип кралинди көп сүйкөп алып күйүп өлгөндөр андан көп болду. Ал азап аз келгенсип айылды чегиртке басып, эптеп айдап алган эгинди бүт чегиртке жеп кетти. Аны таяк менен коюп өлтүрө албай калганда кудайымдын берген ырыскысы кең экен, бир күнү күндүн көзү көрүнбөгөндөй болуп асман толо чыйырчык учуп келген. Анан ал чыйырчыктар чегирткени терип жеп андан калган машакты эл терип жаныбыз калган. Абышкам согушта 6 жыл жүрүп келди. Анан анын бөйрөгүнөн белине чейин таарыгандай эле болуп ок өтүп кетиптир. Абышкамдын алты бир тууганы бүт согушка кетип экөө эле кайтып келди. Ал согуштан келгенден кийин колхоздо иштеп өмүр бою кызматчы болду. Өлгөнүнө быйыл 18 жыл болду. Согуш бүткөндөн кийин деле турмушубуз араң оңолду. Бирок баягыдай жүрөктү өйүгөн согуш жок тынч жашап калдык.
93 жылда мен башыман оор турмуштун төрт убагын өткөрдүм. Биринчиси, кулак деген чыккан, мен анда 5 жашта болчумун. Баш көтөргөн адамдарды кулакка тартып, кедей-кембегалдар калды. Менин ата-энем күрөк менен жер айдап бир нанды бир үй-бүлө жеп жан сактаган күндөр болгон. Андан кийин 1936-жылдан 38-жылга чейин контур деген чыкты. Бул кезде эл биртике оңолуп калган кез болчу. Анда эркек аттуунун баарысын, мейли келесоо болсун, мейли мээси бүтүн митаам болсун, баарысын кармап кетти. Анда бир өлүп тирилдик. Акыйкаттык менен ал контур да басылды. Үчүнчүсү, ушул согуш болду. Согуш чыкканда түндүгүбүз түшкөндөй эле болду. Андан эптеп кутулсак, төртүнчүсү 1990-жылдардагы эгемен алгандан кийинки турмуш. Анда да оңой турмуш болуп кеткен жок. Он жылда араң баш көтөрдүк. Ушундай турмушту узак жашасаң көрөт экенсиң. Азыркы турмушуңарды Кудай силерге кут кылсын. Согуш болбосун, эл кыйналбасын, Кыргызстан оңолсун.
Учурда Батый апанын үч баласы, жети небереси жана чөбөрөлөрү бар. Ал элге тынчтык тилеп, ак батасын айтып айылдын сыйлуу, аксакал байбичеси болуп келет.

Мирлан АБДЫЛДАЕВ,
Ат-Башы району




От кечкен күндөр

Согуштан кайтпай калган шейиттерге, чоң атам Айылчыга, бардык катышуучуларга арнайм, эрдигине таазим этем!
Жыл сайын майдын тогузун райондун борборундагы согуштан курман болгондорго арналган эстеликтин жанында тособуз. Эртең 9-май деген күндөн тартып алкымыма кандайдыр бир нерсе туруп калгандай, же нары кетпей, же бери чыкпай, жумшак десем катуудай, катуу десем бездей болгон бүлкүлдөк тамагымда турат да, турат. Өзүмө өзүм батпай, ары басам, бери басам. Өткөн күндөргө, айларга, жылдарга сүңгүйм. Жылдардын жылоосун силкий берип, кулакка сиңген, көзүм менен көрүп калган согуштун күйүтүн эстеп, күйүтүнө күйгөн бейиши болгур чоң атамды, азабын тарткан айылдаштарды, кайгысын кийген келиндерди, күтүп жүрүп каржалган, үмүтүн үзбөй тиги дүйнөгө узаган апаларды, атага дидары тойбой, "ата" десе алкымын жаш жууган балдарды, бир үйдөн бешөө болуп аттанып, жалгыз кайткан атамды эстей берем…
Бир жолу көздөрүнөн аккан жашты аарчууга пурсаты келбей бир чекитти карап, сенейип катып калган чоң атамды көрүп жанына жакын барып:
- Чоң ата, ыйладыңызбы? - деп колдорунан акырын тарттым.
- Жо-ок кызым, ыйлабайм, Кудайга шүгүр, силер бар, Озом бар, ушунусуна шүгүр, миң мертебе шүгүр!
Озосу менин атам. Атамдар 1942-жыл менен 1943-жылдын аралыгында эле бир үйдөн Кутман, Назармат, Арзымат акемдер, атам Орозалы, Турсун абам (чоң атамдын бир тууган иниси) Улуу Ата мекендик согушка аттанышып, жалгыз атам гана 1946-жылы 1-топтогу майып болуп Ата журтка кайтыптыр. Атам төрт фронтто төрт жолу жарадар болуп, жөө аскерлер полкунда кызмат өтөптүр. Бул аралыкта чоң атам өзү да айылдык өспүрүм бала менен 84 атты коштоп айдап, кээде вагонго салып поезд менен, кээде аттарды откоруп айдашып Украинага жеткирип кайтышыптыр. Алтымыштан өткөн абышка менен он бештеги өспүрүм шыбак эми кылтыйганда кетишип, жүгөрүгө орок тийгенде келишиптир. Алты айчалык узак жолдо экөө жөө-жалаң жүрүшсө да аттарынын ээр-токумун таштабай ала келгенин, чоң атам жөн келбей бир кекиликтин жумурткасын колтугуна сала келип, андан кекиликтин балапанын ачырып, энесиз, агаларысыз, сагынычтан саруулаган кенже кызына белек кылып бергенин айылдаштары кечээ жакынга чейин эле аңыз кылып айтышып, бир чети сыймыктанып жүрүштү.
Жогорудагы үч акемден бала калбады. Турсун абамдын өзү кеткенден кийин төрөлгөн жалгыз уулу былтыр ата деп жүрүп, атасын көрбөй кайгылуу өлүм менен каза болду. Артында балдары, кыздары калды.
Ыраматылык апам "атам келет" деп жүрүп үмүтү өлбөй, өзү өтүп кете берди. Балалыгы жетимчиликтин азабын тарткан апам согуш убагында орок оруп, боо байлап, машак терип, кырманга кызыл толтуруп, аны аскерге жөнөтүп, тылдын оор жумушун чоңдордой көтөрүшүп, мезгилинен эрте жетилип, балалыктын бактысын деле тартпаптыр.
"Биздин балалыгыбыз согушка туш келип, оюн деген эмне экенин билбей өстүк. Орок ордук, машак тердик, кырман бастырдык, тракторго суу жеткирип, деги колубуздан эмне келсе "жок" дебей ошону аткардык. Анан тылдын ветераны, эмгектин ардагери болдук, ушинтип мээнет менен агарып-көгөрдүк" дечү.
Атам токсондон ашып жашады. Өмүрүндө бирөөгө калп айтканын, бир нерсени жашырып жасакерленгенин, бирөөгө кошомат кылганын көрбөдүм. Түз жүрүп, таза жашап өттү. Үч кыз, эки уулдуу болуп, алардан жыйырма небере, беш чебере көрдү. Ата жолун улап тамыр кармап, оорусун аныктап, ошого жараша дарылап айыктырып койчу. Жаш кезинде өлөң да айтчу экен, аны биз укпай калдык, бирок бир жолу жакын тууган агалары өткөндө келиштире кошок айтканда аял-эркек тегиз ыйлап, дем тартпай угуп олтуруп калганын эстеп атамдын түпкүрүндө бугуп жаткан ойлору бар экенин билдик. А темир комузду жетимиш жашына чейин деле сызгырылта какканын муюп угуп, ошого таасирленип өстүк.
Атам Айылчиев Орозалы 1901-жылы Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районундагы Чанач айыл кеңешинин мурдагы Фрунзе колхозундагы Кызыл-Ата кыштагында туулуп өскөн. 1942-жылы 1-апрелде Улуу Ата мекендик согушка аттанып, Сталинград багытында 1242-аткычтар полкунда, 1 сб. 2 с. ротасында кызмат өтөгөн. 1942-жылдын 2-июлунан Борбордук фронтто (Центральный фронт), 1943-жылы 12-ноябрдан Калинин фронтунда, 1944-жылдын 2-октябрынан 2-Прибалтика фронтунда, 1945-жылдын 1-апрелинен Ленинград фронтунда немецтер менен кармашыптыр.
Кичинекей боз аскер белетинде согуштан алган жарааттары да жазылып турат. Биринчи жолу 1943-жылы 12-апрелде, кийинкиси 1944-жылы 18-июлда, үчүнчүсү 1944-жылы 6-февралда, акыркысы 16-сентябрда акырегине ок тийип, осколкадан алган жарааты бутун сыздатып, ошондон улам 1-топтогу майып болуп, 1945-жылы августтун аягында Ата журтуна кайтып келет. Акырегинде алынбай калган октун сыныгы дайыма сыздап оорутуп турарын кээде айтып калчу. Согушта көрсөткөн эрдиги Жогорку Башкы командачынын алкышына татып, "Каармандыгы үчүн", "Берлинди алгандыгы үчүн" медалдары, "Ата мекендик согуш" ордени, бир нече медалдар, юбилейлик медалдарга татыктуу болду.
Атам 1-топтогу майып болуп келгенине карабай, кичине тыңып алып эле колхоздун жумушуна чыгып кетиптир. Бригадир, мурап, малчы, кароолчу, деги кандай жумуш болсо да кара жанын карч уруп иштеп жүрдү. Биз чоңоюп эс тартып калганда пенсияга чыктыңыз, эс алыңыз дегенибизге көнбөй ар кайсы жумуштарда иштеди. Апам экөө пилла куртун өстүрүп, анын жибегин да пландан ашыкча тапшырып сыйлык алышчу. Экөө бизди өстүрдү, окутту, эч нерседен кем кылбай чоңойтушту.
Эскерүүмдүн башын чоң атама арнадым эле, аягын да ошо кишиге арнап бүтүрөйүн. Чоң атам саяпкер, чабандес, эмчи-домчу элдик дарыгер, өлөңчү, дастанчы, анан баатыр ата, көп кырдуу кайталангыс инсан экендигине баа берип, ошол үйүтү кийинки урпактарына өтүп, ата баскан жолду бала басып, эне баскан жолду кызы басып, жокко чөкпөй, барга көппөй, улуу жолдун уучун узартып келе жаткандарына таң берип турдум.
Көктөм келип, чыкпаган жерге чөп чыгып, тал-теректер бүчүр жарып, күздүк эгиндер тегиз жер бетин жапкан маалда төбөдө келгин куштар сайрап, мүлдө аалам жазгы күнгө мемиреп турган ушул май күнүндө ар дайым көз алдыма чоң атам, атам, мен көрбөй калган Кутман, Назармат, Арзымат акемдер, Турсун абамдардын элеси мендей болгон дагы көптөгөн-көптөгөн адамдардын тагдыры тартылып, ошолорго ичимден ыраазы болуп турдум…
Жеңиш күн! Ушул Жеңиш күнүнүн 70 жылдыгында силердин да үлүшүңөр бар. Ар бир өткөн өмүр Жеңиш күнүн алып келүүгө жумшалып, сая кетпеди. Жеңиш үчүн жасаган ар бириңердин эрдигиңер баа жеткис!
Урматтуу шейит кеткендер, эли-жери үчүн өмүрүн бергендер, жаткан жериңер жайлуу болсун! Силер жөнүндөгү элес эч качан жадымдан чыкпайт. Силер жөнүндөгү ойлор кийинки урпактарга, андан кийинкилерге да желдей учуп жөнөй бермекчи…
Тажигүл Орозалиевна МАМАДИНОВА,
Ала-Бука кыштагы