"Агым", 30.04.15 Бекташ ШАМШИЕВ:
"Күздө өтчү шайлоо идеялык эмес, каржылык кармаштарды күчөтөт"

Бүгүн адабиятчы жана публицист Бекташ Шамшиев менен өлкөбүздүн учурдагы саясый абалы туурасында сөз кылабыз. Ал эми кийинки маегинде коом турмушуна сереп салган ойлоруна ортоктош болосуздар.

- Учурда саясый акыбалыбыз тымызын чыңалып, күзүндө өтөр парламенттик шайлоого карата күрөш эрте эле күчүнө киргендей сезилип туру. Бу саам деле саясый атаандаштык өтө ыплас жолдор менен өтчүдөй көрүнбөйбү сизге?
- Кезектеги парламенттик шайлоо ыплас жолдор менен өтөрүн эмитен болжош кыйын, бирок да аябай курч өтөрү, капчыктуулар тиреши мурдагысынан да катуу болорун болжобой деле билсек болот. Партиялардын элге алып чыгар, жамы журтту артынан ээрчитип кетер улуттук үлкөн идеялары жок. Андайда оорчулуктун баары капчыкка гана түшөрү, бай партиялар ортосундагы атаандаштык күчөрү турулуу иш. Мына, бизде 200дөн ашуун саясый партиялар каттоодон өтүп, анын баарысы болбосо да 20-30 чактысы эл сынагына ат салышы мүмкүн. Саны жагынан оголе арбын партиялардын баары коендой окшош, программалык максат-мүдөөлөрүнүн айырмасы дээрлик жокко эсе, айтылуу акын Омор Султанов айткандай, "совхоздун ак койлорундай" баары эле бир түстө, аларды бири-биринен айырмалаш кыйын. Эми алардын арасынан бирин-экини гана парламенттик шайлоодо мөрөйү үстөм чыкпаса, ушу тапта мыйзам чыгаруу бийлигинде жылуу-жумшак отургандардын көбү (көпчүлүк менен азчылыкты түзүп тургандар - Б.Ш.) парламентке кайра эле келиши мүмкүн. Кантсе да алар калк арасына аты чыгып, бири бийлик эгесин эш тутуп, экинчисин ээрчиткен жолбашчы Кыргызстан эгемендик алгандан бери эле саясый күрөшкө катышып, анын көшөгө артындагы ар кыл айла-амалдарын мыкты өздөштүргөн кыйды саясатчылар. Үчүнчүсү Кыргызстанды Орусияга кошуп ийүү демилгесин жандантып чыгышы мүмкүн, мындай сунуш эсил кайран СССР ары карап кеткенден бери түпөйүл жүргөн жашамал шайлоочулардын, өлкөнүн өз алдынчалыгын жактырбагандардын чырагына май тамызып, алардын жапырт колдоосуна татыктуу болушу ыктымал. Алган добуштары арбын болгону менен бийликтен четтетилип калган оппозиция өкүлдөрү, азыркы бийлик атаандаштары шайлоого жалгыз-жарым барыштан чочулап, эмитен биргелешип, чогуу-чаран аракетке киришти.
Шайлоодо кайсы саясый күчтүн мөрөйү үстөм болору элдин көбүнө азыртан эле дайын, жалгыз бизде эмес постсоветтик республикалардын көбүндө мамлекет башчысынын этегине эрмешкен саясый партиянын шайлоодо утуп чыгары чоң жаңылык болбой калган. Ага Кыргызстанга канатташ өлкөлөрдөн эле эмес, өзүбүздөн деле айныксыз мисал таба алабыз. А.Акаев тушунда "Алга, Кыргызстан!" партиясы алдыга чыгып келсе, К.Бакиевдин "Ак жол" партиясы парламенттеги көпчүлүк орунду алып, тек кожокөрсүнгө коммунисттер менен социал-демократтарды отургузуп коюшпады беле. Жаңы Конституция жол бербейт, антпесе азыр деле бийлик партиясынын мөрөйү үстөм чыкмак.
Азыркы бийлик партиясындагылардын көбү ар кошкон саясый уюмдардан чогулгандар, башкалардыкы деле ошондой. Кыргызстанда бир партияны чанып башкасына өтө качыш анчалык деле уяттуу иш болбой калган. Мурдагы "алгачылар" менен "ак жолчулардын" биртобу азыр парламенттеги партиялардын катарында ээн-эркин жүрүшпөйбү. Андан да кайсы бир партиянын ырын ырдап, парламентке келип алган соң позицисын өзгөртүп, башка партия же топ түзүп алгандар деле ушу азыр биртоп го. Иши кылып, күзгү шайлоо идеялык күрөшкө караганда каржылык атаандаштыкка көбүрөк оогон саясый сыноо болгону турат. Анын даярдыгы шайлоо даярдыгына уруксат берчү мезгилди күтпөй эле башталып кетти. Жер-жерлерде эл чогултуп оюн-зоок уюштурмай, айылдыктардын көңүлүн алуунун толгон-токой амалдары майрамдык шаан-шөкөттөргө кошулуп өтүүдө. Баштагыдай ун, чай, арак таратуу калып, азыр айыл чарба техникасын алдыга тартуу, маданий, билим жайларын жасалгалап берүү, чарбалык кем-карчына колдоо көрсөтүү сындуу жергиликтүү бийлик аткарчу социалдык максат-милдеттердин биртобу шайлоо эсебинен ишке ашырылып жатканы деле жашыруун иш эмес. Шайлоочуларга талапкер партиялардын идеялык максат-мүдөөсү эмес, маал-маалы менен бир келип калчу мүмкүчүлүктөн пайдаланып, зарыл иштерин "жасатып калуу" маанилүү. А негизи Кыргызстандагы бийлик алмашуулар шайлоо чатактарынан, добуштар бурмаланып, жыйынтыктардын көзкөрүнөө бузулушуна нааразы болгон көпчүлүктүн каршылыгынан чыгат.
- Элибиз саясый элитанын кан алмашуусун канчалык көксөгөнү менен негедир саясый аренада күчтүү атаандаштык жаратар топтор көрүнбөгөнсүп турат. Же алар шайлоого жакын суурулуп чыгат деп ойлойсузбу? Дегеле четтен билим алып келген идиректүү, жаңы генерациядагы саясый муун ушул жолку шайлоодо тизгин талашка чыгат деп ойлойсузбу? Же аларды баамдай албай атабызбы?
- Саясый элитанын кан алмашуусу табигый өз нугунда жүрө берери талашсыз. Азыр андай күчтөрдүн алдыга суурулуп чыгышына толук шарттар бар. Мына, социализм тактыдан шыпырылары билинип, система кедеринен кете баштаган кезде дал ушу таптагы бийликтин эки тизгин, бир чылбырын уучтап отургандар карапайым калк арасынан суурулуп чыгышкан. Жамы журтка белгилүү ал ишмерлердин атын бул жерде санап отурбайлы. Алардын көбүн пропорционал шайлоо системасы алдыга сүрөп чыккан, өздөрү төрөлүп өскөн жерден көтөрүлүп, бийликтин ачык-тымызын бут тосууларына карабай жердештеринин ишенимине арзышкан. Азыркы партиялык система катарындагы жөнөкөй мүчөсүнүн кадыр-баркын арттырууга караганда жолбашчынын сөзүн көбүрөк сүйлөп, ошонун айткан-дегени менен иштеген саясый уюшма. Ушу тапта жалаң жаштардан куралган саясый партиялар биртоп. Бирок алардын саясый аренадан жарк этип көрүнүшү үчүн кыйла убакыт, талыкпаган мээнет, саясый мүдөөлөштөрдүн чогуу-чаран аракети керек. Анан жалаң жаштардан келсе эле баары мыкты болуп кетет деген азгырмалуу ойго жетелеништин деле кереги жок.
Партиялар өзү бийликке келгенге чейин абдан мамыр-жумур жакшы иштеп келишсе, чоң орунга жеткенден кийин бийликтин азгырыгына кабылып, манчыркай баштаарын биздин парламенттик башкаруу системасы деле көрсөтүп атпайбы. Мамлекет үчүн каруусун казык кылып иштеп беришке дилгир жаңы күчтөр көптүн катарынан суурулуп чыгышы кыйын. Жаңы күчтөрдүн келишине коом өзү муктаж болушу керек. Ага чейин азыркы "саясый зубрлардын" айткан-дегени менен, көрсөткөн жолу менен кетишке мажбурбуз. Албетте, сен айткан идиректүү жаңы муун жаштар арасынан бийлик тизгинине жаңылып-жазып келип калгандар болушу мүмкүн.
- Биз бир эмес эки жолку мамлекеттик төңкөрүштү башыбыздан кечирдик, бирок дале көчүбүздү түзөп кеталбай турабыз. Экинчи жолку бийлик ашмаштыруубуз кандуу окуяга туш кылды. Арийне, ошол кандуу окуя жаңы бийликке келгендерге чоң жоопкерчилик артышы керек эле, тилекке каршы, бүгүнкү күндө эл шүйкүмү кайрадан сууп, коомчулуктагы нааразычылыктар күндөн-күнгө күчөп бараткандай... Учурда парасаттуу ой калчай турган инсандар да же тигил өйүздүн, же бул өйүздүн чындыгына анализ берип, калыс пикир айткан жери жок. Айтса да, мурунку эки президентке салыштырмалуу азыркы бийлик үй-бүлөлүк башкаруусуз жолдо баратканына каниет кылгандай маанайлар бар. Бүгүн бийлигибиз да, оппозициябыз да чабал акыбалда турганда өлкөбүздү тар жол, тайгак кечүүдөн ызы-чуусуз чыгарып кетчү оң жол кайсы деп ойлойсуз?
- Бийликтин азгырыгы бу пенде баласынын жашоо-турмушундагы кылым өтсө ноюбас оорусу окшобойбу. Туңгуч президентибиздин мыкты илимпоздугунда эч кимдин күмөнү жок. Анүстүнө башчыга ылайык киши табалбай карайлап турган "легендарлуу депутаттарга" улуу жазуучубуз өзү сунуштап отурса, демократияга элөөрүгөн элибиз канча жыл "альтернативасыз" А.Акаевди жерге-сууга тийгизбей мактап келди. А кишинин 15 жылдык башкаруусунун жыйынтыгы үй-бүлөлүк башкарууга алып келди. Суутумшук болгон бийлик тактысына келген экинчи президенттин жасагандарын айтпайсыңбы: кан жалаң эле Ак үйдүн жанында төгүлбөстөн, өлкөнүн бүтүндүгү үчүн канча азаматтар бу жарыкчылык менен кош айтышты. Ушуларды көрүп-билип, сезип туруп бийлик сересине умтулган адам биралды өзүн ойлоп, элине, өлкөсүнө эмне кылып бере аларын так аныктап алса. Бизде парламентке көбү бизнесин коргош үчүн, бийлик тарабынан болчу ачык-тымызын бут тосуулардан сактаныш амалында келишет. Мыйзам чыгаруу бийлигинин табиятынан кабарсыз, тек орунду гана ээлеген "балык депутаттар" кийинки парламентте деле арбын болушу ыктымал. Мына азыр парламент "Кумтөр" маселесин бир жаңсыл чече албай, жоопкерчиликтен качып, баарын аткаруу бийлигине оодара салып отурат.
Ал коом ичиндеги шүйкүм өлкөнүн экономикалык жагынан кабелтең өнүгө албай келатышынан чыккан көрүнүш. Республикада экономикалык орто катмар бутуна каз-каз тура албай, бири байлыгын батыра албай атса, экинчиси нан менен чайга кенен жете албаган социалдык теңсиздик үрөй учурчу кылмыштарга жол ачууда, коомго нааразы болгондордун каршылыгы катары көрүнүүдө. Жөнжай адам ишенич арта турган жогорку бийликтин артында антип кандуу окуялар илешип жүрсө, мамлекеттик сезимден куржалак калган бийлик эгедерлеринин жасаган иштерин көрүп-билип турган карапайым адамдан дагы эмнени күтсө болот? Биздин өлкөнү каптаган кризис жалаң эле экономикалык кризис эмес, ушу тапта бийликти өмгөктөмөй, ага апачык эле сес көрсөтүү, кызматтан алынып калганына догурунуп жол тосмой, жөө жүрүштөр уюштурмай, көчө жыйындарын чакырып алуу, деги койчу нааразылык билдирүүнүн түрдүүчө жолдорун колдонушчу болду. Эми биринчи президенттин маңдайына жазылган шорду көрүп-билип, дуулдаган көпчүлүктүн деми менен бийликке келген К.Бакиевдин жасаганын айтпайсыңбы. Өкүнүч менен белгилей кетчү өкүттүү нерсе, эки президенттин бийлик камчысынын канга малынып калгандыгы. Аксыда окко учкан алты азаматтын, 2010-жылкы апааттар бийликке талапкерлерди катуу ойлонтушу керек эле. Ансыз да Ак үйдүн түштүк-чыгышында илинген эстелик такта, анын жанындагы эстелик бийликке умтулгандарга эси-көөндөн кеткис эскертүү болушу керек. Биринчиси, шайлоо укугун талашып чыккан элге ок аттырып алты азаматтын өмүрүн алып тынса, кийинкиси жүзгө жакын эр-азаматты атып, ал аз келгенсип улуттар ортолук жаңжал эчен үй-бүлөнү кара кийгизип, опсуз апааттын өртү Кыргызстанды каптап өттү. Аша чаап кеткен бийликти алмаштыруунун мына ушул опуртал жолу Кыргызстанда эки ирет кайталанды. Негизи өзү бийликтин ыңкылап, күч менен алмаштырылуусу экономикалык жагынан бечел калган өлкөлөрдө гана болчу көрүнүш. Саясый маданияты бийик, жарандык укугун бекем сактаган өлкөнүн калкы окуяны мынчалык курчутуп, куралдын күчү менен бийликти тартып алууга жеткирбейт. Элдин эрки шайлоо аркылуу чечилип, баары мыйзам негизинде жүрөт. А.Акаев атаандашсыз, буга тең келчү киши жок деп көкөлөтүп мактагандар ушу тапта деле жүрүшөт. Кийин К.Бакиевдин мыкты өндүрүшчү экенин мактоодон тажабагандар ушу тапта деле азыркы бийликтин кирпигине чаң жугузбай мактап отурушат. Ошентип чындыкты айта албай, ким бийликте болсо ошонун көзүн караган калк экенбиз. Эки ыңкылап жасайбыз деп аз жерден мамлекетибизди жоготуп ала жаздадык. Эки ыңкылаптан жүрөкзаада болуп калган экенбиз, ушу азыр да жаз келгени элеңдеп эки жагыбызды карап, тарткынчыктап отурабыз. Себеби бийлик элге ишеним бере албай атат. Бийлик азыр деле алсыздык кылууда. Ага нааразы болгондордун жол тосмою, көчө жыйындары, жөө жүрүштөрдү уюштурганы сөзсүз бир себептерден улам жаралууда.
Олжобай ШАКИР