Агым

п»ї

 
Жаратылыш кырсыктары катталууда
26-апрелде болгон катуу шамалдан Кемин районундагы бир катар социалдык объектилер жана турак үйлөр жабыркады. Катуу шамал бул райондогу Боролдой айылындагы мектептин, Кеминдин музыкалык мектебинин, Алтымыш айылындагы мектептин, Ак-Бекет жана Кара-Булак айылдарындагы турак үйлөрдүн шыйпырларын учуруп кеткен.
Ал эми жакында эле нөшөрлөп жааган катуу жамгырдан улам Бишкектеги Арча-Бешик жаңы конушундагы арыктардан суу ашып, сел каптап жети үй сууга толгон. Чукул кырдаал болгон жерге барган куткаруучулар техниканын жардамы менен арыктарды тазалап, суунун нугун башкага бурду.


Аскер кызматкерлери неге капа?
Былтыр күзүндө Коргоо министрлиги көп жылдан бери иштеген кызматкерлерге атайын көп кабаттуу үй салынып, өкмөттөн бекер батир берилди деп кубанып жүрүшкөн. Эми жыл айланбай эле ал батирлер мыйзамсыз бөлүнгөн деп үй албагандар арызданып чыгышты. Алардын айтымында, отуз батир мурда үй алган, акчалуу, социалдык камсыздоого муктаж болбогон кызматкерлерге жөндөн жөн эле берилип кетиптир. Бул ишти колго алган Аскер прокуратурасы баш болуп, Коргоо министри төш болуп иликтеп жатышат.


Алым Токтомушевдин экинчи өмүрү
Шейшемби күнү борбордогу Касымаалы Баялинов атындагы китепканада белгилүү журналист жана акын, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, биздин устатыбыз, маркум Алым Токтомушевдин жаңы эле жарыкка чыккан "Ачылбаган дүйнө" аттуу китебинин бетачары болуп өттү. Бетачарга Алым байкенин калемдештери, анын чыгармачылыгы менен жакындан тааныш замандаштары катышты. Китепти кол жазмадан басмаканага даярдаган Алым Токтомушевдин шакирти, белгилүү акын жана журналист Олжобай Шакир болду.
Ошентип көзү өткөнүнө бир жыл болгон устатыбыздын экинчи өмүрү өз жашоосун улантууда.






 






??.??