"Агым", 23.03.15 Өткөн жумада "Манас" эпосу тууралуу кинорежиссер Эрнест Абдыжапаровдун маалымат жыйында айтканы тууралуу макала жазганбыз. Манасчыларыбыз негедир гезит чыкканы да өз пикирлерин айта алышкан жок. Эрнест мырзанын өмгөгүнө жооп катары бул жолу филология илиминин доктору, Ж.Баласагын атындагы КУУнун профессору Садык Алахандан алынган маекти берүүнү эп көрдүк.

"Абдыжапаров жалган айтып, кыргызга карасанатайлык кылып жатат"

- Садык агай, өзүңүз билгендей, 2012-жылы Бүбү Мариямдын "Айкөл Манас" он томдугун кыргыз элитасы катуу сынга алып, "аны окутканга, жайылтканга болбойт" деген бүтүм чыгарышкан. Жакында белгилүү кинорежиссер Эрнест Абдыжапаров бул он томдукту XXI кылымдын "Манасы" атады. Муну кандай түшүнсөк болот?
- Чынында бул өтө карасанатайлык иш. Жайсаңдын айтуусунда делген 10 баштуу ажыдаар пайда боло баштаганда эле биз мунун түккө турбаган нерсе экенин элге айтууга чогула баштаганбыз. Ошондо аксакал илимпозубуз Омор Сооронов "балдар, бул жолку "Манас" үчүн болгон күрөшүбүз 1952-жылдагы кылчайнашкан күрөштөн алда канча кыйын болот" деп айткан. Көрсө, ал киши өтө терең мааниде айткан экен. Кийин бул он томдуктун болбогон нерсе экенин далилдөө күрөшүндө ошол кыйынчылыкты сездик. Буга чейин "Манаска" каршы чыккандар башка улуттун өкүлдөрү болушса (Петр Балтин, Галим Нуров, Евгений Климович, Павел Берков ж.б.) бул ирет эпосту ээрден жыгуу аракети өзүбүздөн чыккан "мен кыргызмын", "Манастын рухун алып жүрөм" дегендер (Э.Абдыжапаров, Ж.Кадыров, Т.Токтогазиев, К.Исаев ж.б.) тарабынан болгонун көрдүк. Буларга кыргыздын ыйык руху болгон "Манасты" ашмалтай, жасалма чыгарманын деңгээлине түшүргүлө деген тапшырма болгондой сезиле берет бизге. Ошон үчүн булар жаналакетке түшүп күрөшүп жатышат. Акыл-эси жайында болгон кыргыз баласы Эрнест Абдыжапаровчулап Бүбү Мариямдын "Айкөл Манас" 10 томдугун XXI кылымдын "Манасы" дебейт. Себеби, эпос эпикалык доордо гана жаралат. Эгер эпос улам жаңыра бере турган болсо атактуу окумуштуубуз К.Даутов айткандай гректер "Илиада" менен "Одиссеясынын", индустар "Махабхаратасынын" жаңы вариантын жаратып алышпайт беле! Алар эмне бизден келесообу? А Сагымбай, Саякбайдын "Манасынын" бизге чейин жеткенинин себеби кыргыздын эпикалык доору бүгүнкү күнгө чейин созулуп келатат. Муну Ч.Валиханов, В.Радловдор эбак эле айтып коюшкан.
- 2012-жылдан кийинки салгылашуудан соң Бүбү Мариямды колдогондор тынчып калды эле. Бирок Эрнест Абдыжапаровдун азыр да баатыр болуп жатканынын себеби эмнеде?
- Абдыжапаров мурдатан эле ушинтип келатат. Ошол 2012-жылы "Улутман" телеберүүсүндө "Манас" эпосунун салттуу варианты үчүн кылчайнаш болгон. Ошондо "Манас" эпосунун Сагымбай, Саякбай айткан салттуу варианттарын Омор Сооронов, Кадыркул Даутов, мен, Курманбек Абакиров болуп жактап, а "Айкөл Манасты" Кусейин Исаев,Темирбек Токтогазиев, Жумадин Кадыров, анан ушул Эрнест Абдыжапаровдор колдоп чыгышкан. Ошондо алып баруучу Түгөлбай ага Казаков Эрнест Абдыжапаровдон "сизди саентологиянын мүчөсү дешет го" деп сураган. А саентология болсо дүйнө жүзүн бузуп-жарган илим. Ошондо ал кызарып-татарып, миллиондогон телекөрүүчүлөрдүн алдында "ал жерде менин кызым бухгалтер болуп иштейт" демиш болгон. Демек, мунун бузукулугу башынан эле бар. Анын сыры терең катылган. Эл ушуну түшүнүшү керек. Экинчиден, Бүбү Мариямдын оозунан алынды деген он китептин 8-томунда "Кылым көчү" деген коомдук уюмду түзүп алышкан жайсаңчылардын Жайсаңдын арбагына берилген анты бар. Биринчи анттын текстин Шакин Эсенгулов жазса, аны Жайсаңдын арбагы жаратпай коет имиш. Анан экинчисин жиберишсе, аны жаратат. Анда минтип жазылат:
Түз буруп дил-нээтимди Жаратканга,
Ант берем арбагыңа Жайсаң-Ата!
Мына өзүңүздөр күбө болуп турасыздар, жайсаңчылар Алла Таалага эмес, Манас Атага эмес, Жайсаңга ант беришет. Бир-эки күндөн кийин Жайсаңдын арбагы кайра келип, "жалгыз гана Эрнест чыпалагынан кан чыгарып ант берди, эмне үчүн калганыңар ант бербейсиңер?" дептир. Эми бул келесоолук да. Чынында Э.Абдыжапаровдун жүзү таптакыр башка. Муну эл, жаштар түшүнбөй жатышат. Анын паранжысын ачыш керек. Кызыгы, Бүбү Мариямдын текстинде Жайсаңдын арбагы Бүбү Мариямдын өзүнө "сен чабак болсоң, Эрнест жаян балык, Сүзө алат каршы агымды тике жарып" деп айтып жатат. Бул 8-китептин 216-бетинде турат. Ошентип Жайсаңдын тексти менен Э.Абдыжапаровдун каны, жаны аралашып, ити чыгып бүткөн. Анан ушундай адам кыргызга, Сагымбайга, Саякбайга күйөбү?
- Эрнест Абдыжапаров Бүбү Мариямдын "Айкөл Манасын" Саякбай Каралаевдин вариантынан эч айырмасы жок деп жатпайбы?
- Булардын "Жайсаңы" көрүнгөн нерседен алынып чампаланып жасалган. Ал жерде гректер, индустар жүрөт. Ал аз келгенсип булардын эпосунда жайсаңчылардын өздөрүнүн жүргөнүнө не дейсиң?! Чыныгы "Манастын" варианты болуш үчүн анын салттуу сюжеттик түзүмү сакталышы керек. Алар кыргыздардын чабылып Алтайга качышы, Манастын төрөлүшү, Манастын эр жетип чоңоюшу, Нескара, Жолой менен күрөшү, Ала-Тоого келиши, Алманбеттин окуясы, Каныкейге үйлөнүшү, Чоң казат, баатырлардын каза болушу. Албетте, айрым манасчылар кайсы бир сюжетти көркөмдөп башкача айтышы мүмкүн. Бирок Бүбү Мариямдын 10 томдугундагыдай эпоско көрүнгөн нерсени кошуп айтпайт. Булардын аракети улуу эпосубуздун ашмалтайын чыгарып, кыргыздын рухун жоготуу болуп жатат. Түшүнгөн адамга кыргыз ыйык рухунан ажырай турган абалда турат. Аны айрым жаштар эми гана түшүнүшүп, Манас рухун коргоо боюнча аракет кыла башташты. Ыйык "Манасты" эл өзү гана сактап калышы керек.
- Э.Абдыжапаров 2012-жылы Илимдер академиясында өткөн жыйында академиянын президенти "Айкөл Манас" 10 томдугун "Манас" эпосунун бир варианты катары кароого болот деген чечим чыгарган" деп айтты. Ушул чынбы?
- Бул караманча калп сөз. Мына менин колумда ошол күнкү конференциянын чакыруу кагазы, программасы турат. Анда "Манас" Бүткүл союздук конференцияга 60 жыл. 6-10-июнь, 1952-жыл" деп жазылып турат. Бул жерде "Жайсаң" тууралуу ныпым сөз жок. Конференциянын башында академиянын президенти академик Абдыганы Эркебаевич өтө маанилүү баяндама жасаган. Ал баяндамасында 1952-жылдагы конференциянын, кошмо варианттын басылып чыгышынын тарыхый маанилери жана Мухтар Ауэзовдун кошкон салымы тууралуу айткан. Жайсаң тууралуу ооз ачкан да эмес. 10 томдукту Манастын варианты деп Абдыганы Эркебаевич айтарына мен таптакыр ишенбейм. Анткени бул бузуку 10 томдукта Манастын образындагы башкы баатырдык сапаты бурмаланган. Алманбеттин түпкү теги калмак эмес делип айтылып, улуу таланттар Сагымбай менен Саякбайдын варианттарына шек келтирилген жана "аларда айтылгандар жалган" деген бузуку ойду калк ичинде жайылтып жатышат. Чубакты болсо кан майданды таштап качып кеткен чыккынчы, алтурсун өз эли түрк делип баяндалат (5-китеп, 46-51-беттер). Манастын чоң энеси Парвати бир элден бир элге сатылып отуруп Ногойго келип, андан Жакып, Жакыптан Манас төрөлгөндүгү баяндалат. Бул 10 томдукта. Бул деген генеалогиялык бузукулук. Муну менен кыргыздын түпкү тегине шек келтирип жатышпайбы. Бул аз келгенсип, булардын он томдугунда каяктагы Мун-Олуя тууралуу айтылат. Салттуу Манаста Мун-Олуя деген барбы, айланайын? 2011-жылы "Манас" эпосу тууралуу мыйзам кабыл алынган. Анда салттуу "Манасты" бурмалаганга жол берилбейт деп турат. Ошонун негизинде буларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу керек.
- Эрнест Абдыжапаров "Айкөл Манаста" эротика бар дейсиңер, Сагымбай, Саякбайдын варианттарында деле эротика бар болгон. Аны убагында Чыңгыз Айтматов алып салган. Кийин аны Жаныбек Жанызак "Эшек дептер" кылып чыгарды" деп жатат. Буга не дейсиз?
- Бул жүзү жоктук. Мына 1958-60-жылдары "Манас" 2 том, "Семетей", "Сейтек" болуп кошмо варианттар чыккан. Андан кийин 1978-жылы Сагымбайдын 4 томдугу Чыңгыз Айтматовдун "Манас" - байыркы кыргыз рухунун туу чокусу" деген баш сөзү менен жарык көргөн. Кийинчерээк Саякбайдын варианты чыкты. Жакында академиялык басылыштары чыкты. Э.Абдыжапаров эл алдына келип, "ушул томдуктардын баланчанчы бетинде момундай эротика турат" деп көрсөтүп берсинчи. Антип көрсөтүп бералбайт. Ал тек гана көшөкөрлүк, кара беттик кылып жатат. Чыңгыз Айтматов алып салган деп улуу инсандын атына жамынгыдай, эмне, улуу жазуучу эпосту редакциялап жатканда анын жанында отуруппу?! Ал эми Бүбү Мариямдын 10 томдугунун 1-томунун 361-363-беттеринде Алманбетке байланышкан, дапдаана жазылган бир жарым беттик оозго алгыс, ыплас порнография берилген.
- "Айкөл Манас" 10 томдугу Кыргызстанда азыр ачык да, көмүскө да сатылып жатат. Муну көрүп туруп биздин манасчылардын үн катпай жатканы таң калтырат?
- 2014-жылы жайдын соңунда интернетке кире калсам эле "12-августта Ош шаарынын Бабур театрында "Айкөл Манас" 10 томдугунун бетачары болот. Которгон Рахим Карим" деп турат. Көрсө, "Кылым көчүнүн" жайсаңчылары 2012-жылдагы биздин катуу каршылыгыбыздан кийин тымызын иштешип, иритме 10 томдугун өзбекчеге котортуп коюшуптур. Булар ошончо эле элге, кыргызга, "Манас" эпосуна күйсө, дили ак болсо Сагымбай менен Саякбайдын варианттарын котортуп, китеп кылып чыгарышпайбы. Жок, антишпестен, тескерисинче, "Манастын" ашмалтайын чыгарган Жайсаңдын 10 томдугун чыгарышат. Баарынан кызыгы, мен Оштогу туугандар аркылуу ошол өзбекче котормосун издетсем эч жерден таппай коюшту. Ушундай конспирацияга өтүп алышкан булар. Анан бир китебин араң таптык.
А манасчылардын унчукпай жатышканынын да себеби бар. Мен мобул "Улуу "Манас" жана анын фальсификаторлору" деген китепти чыгарарда Бакыт Романовго жардам сурап барайын десем бирөөлөр "ага барба. Ал Таласта "Айкөл Манас" 10 томдугун таратып жүрөт" деп калышты. Мен аларга ишенбей Бакытка барып кол жазманы таштап келдим. Эки-үч күндөн кийин ал "агай, биз тексттерге демөөрчү болуп жатабыз, буга демөөрчү боло албайбыз" деди. Себеби, биздин ал китебибиздин чыгуусу Бакыттын кожоюндарынын жүргүзүп жаткан "иш-чарасына" карама-каршы келип калып жатат. Ал жигит жаш манасчыларга да анча-мынча колдоо көрсөтүп койгондуктан манасчылар анын акырынан жем жеп калып унчуга албай жаткандай сезилет мага. Болбосо Дөөлөт Сыдыков жайсаңчыларга түп орду менен каршы. Касмамбетов аксакал да башынан каршы. А жанагы "Бакдөөлөт", "Кылым көчү", "Айгине" деген уюмдардын жем жеген акыры бир. Булар кыргыздын рухун талкалоочу, чет жактан каржыланган уюмдар экендиги көрүнүп турат.
Мелис СОВЕТ уулу