"Агым", 16.03.15 "Манасты" жамынган манасчыларга баракелде!

"Жаңы Агым" гезити буга чейин Бүбү Мариямдын Жайсаң Үмөт уулунун Манасы делген "Айкөл Манас" 10 томдугу тууралуу көп эле жазып келген. Окурмандардын эсинде болсо 2012-жылы март айында бул томдуктар тууралуу окумуштуу, тарыхчы, акын-жазуучулар катышкан чоң талкуу болуп, анда кыргыз элинин интеллигенция өкүлдөрүнүн басымдуу бөлүгү бул томдуктарды окутууга болбойт деп чыгышкан. Ошол жыйында кандай карама-каршы пикирлер айтылып, "Айкөл Манас" томдуктарынын автору Бүбү Мариямды колдогондорго кандай ачуу сындар айтылганын да сөзмө-сөз келтиргенбиз. Андан кийин да биртоп талаш-тартыштар болуп жүрүп бул тема акырындап тынчып калган. Бирок маал-маалы менен бул томдуктар тууралуу интернет булактарда кеп-сөз болуп, "Айкөл Манас" 10 томдугу башка тилдерге да которулуп жатканы көп эле айтылып келатат. Бул боюнча да биз кезинде коомчулукка кулак кагыш кылып, Кыргызстандын булуң-бурчунда бул томдуктар көрүнөө да, көмүскө да сатылып жатканын жазганбыз. Тилекке каршы, учурда бул боюнча акын-жазуучулар, тарыхчылар, окумуштуулар, Манас ыйык деген манасчыларыбыз да үн катпай турат. 14-апрелде белгилүү кинорежиссер Эрнест Абдыжапаров "АКИpress" маалымат агенттигинде маалымат жыйын кылып, Бүбү Мариямдын "Айкөл Манасын" XXI кылымдын чыныгы Манасы деп атады.

"Азыр Жайсаң Үмөт уулунун "Айкөл Манасы" коргоого эч муктаж эмес. Анткени 2012-жылы мартта окумуштуулар, акын-жазуучулар, Кыргыз эл баатырлары бул китепти окуганга, жайылтканга болбойт дешип чоң жыйын өткөрүшкөн. Май айында окумуштуулар, тарыхчылар, жазуучулар катышкан чоң симпозиум өтүп, анда "Айкөл Манас" китебинин Манастын башка варианттарындай эле өзүнүн орду бар деген тыянак чыгарышкан. Сентябрь айында белгилүү манас таануучу, окумуштуу Болот Юнусалиевдин 100 жылдыгына арналган чоң конференцияда Илимдер академиясынын президенти бул дагы "Манас" эпосунун бир версиясы болууга татыктуу деп бир сөз менен бүтүм чыгарган. Ошондон бери бул тема жабылган. Бирок Манас ызы-чуусунун илеби ушул күнгө чейин жетип жатат. Себеби, менимче Манас бул чоң дарыя. Ар бир доордогу адамдардын интеллектуалдык деңгээлине, байлыгына жараша ар бир Манас кубулуп, өзгөрүлүп турган. Сагымбай Орозбаковду XIX кылымдагы кыргыз элинин аң-сезимин чагылдырган манасчы катары эсептесек, Саякбай Каралаевди ХХ кылым адамдарынын акыл-эсинин деңгээлине жараша манасчы десек, Жайсаң Үмөт уулунун "Айкөл Манасын" XXI кылымдын Манасы деп айтмакчымын. Муну далилдеп бергенге да даярмын. Анткени мунун өзөгүн Манас түзгөн менен бул жерде чоң диний философия турат. Бул жерде бүткүл Евразиянын тарыхы далилденген. Тилчилердин иликтөөсүндө кыргызга жаңы 200 сөз кошулган. Айырмачылыгын айта кетсек, бул Саякбай Каралаевдин Манасына төп келе турган Манас болгон. Анүстүнө бул 10 томдук учурда башаламан болуп турган кыргыз санжырасын, тарыхын оңдоп-түзөп, ага багыт бере турган булак болуп берерин далилдеп бере алам" дейт Эрнест Абдыжапаров. Кинорежиссердун айтымында, Манас жаңы доорго ылайык жаңы көйнөк кийгендиктен XX кылымдагы атеисттик формага сугарылып калган кыргыз элитасы аны көргүсү келбей жатыптыр. "Элитанын да элитасы болот. Кыргыз элитасынын балким 50-60 пайызы эле "Айкөл Манаска" каршы чыккандыр. Калганы өздөрүнүн жакшы пикирлерин жогоруда айткан симпозиумда аргумент, далилдер, салыштыруулар менен айткан. Эротика дейсиңер, эротика Сагымбай, Саякбайдын деле варианттарында бар. Сагымбайдыкын чет өлкөлүктөр эмне дейт деп Чыңгыз Айтматов алып салган. Саякбай Каралаевдикин Жаныбек Жанызак "Эшек дептер" кылып чыгарган. Булардан эмне үчүн уялышпайт да "Айкөл Манастан" уялып калышат? Бул китептерди окубагандар жөн эле жалаа жаап, догурунуп жатасыңар" дейт Эрнест Абдыжапаров.
Анын айтымында, "Айкөл Манасты" эрикпей башынан аягына чейин окуп чыгышыбыз керек экен. Эгер Э.Абдыжапаровдун айтканы туура болсо 2012-жылы Бүбү Мариямды сындаган кыргыз акын-жазуучулары, окумуштуу, тарыхчылары жөн эле догурунгандар экен да.
Бул боюнча кандай ойдо экенин билүү үчүн белгилүү манасчы Таланталы Бакчиевге кайрылдык. Ал бул боюнча эч кандай пикир айта албастыгын билдирип, манасчыларды мындай ызы-чууга аралаштырбаш керек дейт. "Биз бир гана салттуу манас айтылсын деген ойду айтабыз. Андан башка эч нерсе кыла албайбыз. Биз алар менен мушташуубуз керекпи?" дейт манасчылардын башында жүргөн Т.Бакчиев. Башка манасчыларга кайрылганымда да негедир алардан салкын, кайдыгер мамилелерин байкадым. Эгер Манасты ыйык тутуп, манасчылык менен элдин сый-урматына ээ болуп, кыргыз баласымын деп жүргөн кыргыз уулдары ушинтип турса, анда биз неге ЮНЕСКОго чейин барып төш кагабыз? Өзүнүн түз пикирин, оюн айта албаса, ыйык Манас рухун коргоо үчүн оозунун желин, убактысын аяса, мамлекет, кыргыз эли мындай манасчыларды эмнеге алаканына салып сыйлашы керек? Же кыргыз манасчыларына Манаска жаба жугунду куюп, анын ашмалтайын чыгара берсе деле баарыбирби? Же булар эркеги менен эркеги жатып, эшектин этин жеген кыргызга Манас эмне болуп калыптыр дешеби?!

Мелис СОВЕТ уулу




Арбагы бийик Алыкул

Акын Алыкул Осмоновдун 100 жылдык мааракесин өткөрүү боюнча өкмөттө атайын комиссия түзүлгөн. Буга чейин мааракеге арналган биртоп маданий иш-чаралар өткөрүлүп келген. Ал эми 9-апрель күнү атайын марафон өткөрүлдү. Акындын чыгармачылыгын баалаган адам четинен табылаарын, анын кадыр-баркы калкка канчалык салмактуу экени ушул иш-чарада билинди.
Марафондо жалпысынан
7 млн.133 миң сом, 1400 АКШ доллары чогулду. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги марафонго 100 миң сом өлчөмүндө салымын кошту. Түшкөн каражатка кандай иштер бүткөрүлөт, кайсы тармакка жумшаларын Алыкул Осмоновдун 100 жылдык мааракесин өткөрүү боюнча райондук уюштуруу комитетинин тең төрагасы, өкмөттүк комиссиянын мүчөсү Аскарбек Эрматов айтып берди.
Аскарбек ЭРМАТОВ:
"9,5 гектар жер сейил бак болот"
- Бишкек шаары боюнча аткарыла турган иш-чаралар тууралуу төмөнкүлөрдү айтса болот. Биринчи кезекте акындын көп жылдан бери каралбай калган көрүстөнү оңдолуп-түзөлөт. Борбордогу үй-музейде ал өмүрүнүн акыркы күндөрүн өткөргөн. Музей толугу менен оңдолот. Ленин атындагы китепканага акындын ысымы берилди, ал жерде эки чоң окуу залы бар экен. Бирине мурдатан Чыңгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылыптыр, экинчисине жакында эле Алыкул Осмоновдун атын беришти. Залды толугу менен оңдоп чыгып, бир бурчун музей өңдөнтүп жасап чыкканы турабыз. Ошол эле китепкананын айланасына тиешелүү аянтты сейил бакка айлантабыз. Тегерегин тосуп, отургучтар орнотулуп Алыкул Осмонов атындагы сейил багы деген ат берилет. Чолпон-Атадагы үй-музейди оңдоп чыгууга, айланасындагы 9,5 гектар жерди Алыкул Осмонов атындагы сейил бак кылууга өкмөттөн буйрук чыкты. Буюрса ал максат да жакын арада ишке ашат деген үмүт бар. Чолпон-Атага акындын айкелин орнотобуз. Азыркы тапта скульпторлорго сынак жарыяладык, эмгектердин мыктысын атайын комиссиянын курамы тандап алат.
- Акынга арналган энциклопедия канча убакытта даяр болот?
- Алыкул Осмоновдун жаңы китебин чыгаруу үчүн Мундузбек Тентимишев менен жакындан иштештик. Жыйынтыгында үч томдукту түзгөн чыгармаларын басып чыгардык . "Жолборс терисин жамынган баатыр" поэмасы өзүнчө басылды. Ошондо акындын үч томдук китеби кайра баштан басылып чыкты. Буга чейин "Алыкул Осмонов" энциклопедиясы Улуттук илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунун илимий жамааты тарабынан даярдалып чыгарылган. Эми анын адабий варианты 800 барактан турган энциклопедия ушул айдын аягында басмаканадан чыгат.
Кеңешбек КӨКӨЕВ,
Алыкул Осмонов атындагы фонддун жетекчиси:
"Эл үстүртөн баа бергенди жактырат"
- Акындын кичи мекени Каптал-Арык айылында кандай иштер болот?
- Алыкулдун туулуп-өскөн үйү эбак талкалангандыктан Каптал-Арыктагы үй жөн гана мемориалдык музей болуп калган. Музейди толугу менен оңдоп-түзөп чыгабыз. Конференция залын курууга мамлекеттик бюджеттен 29 миллион сом бөлүнмөк. Эгер каражат которулса курулат.
- Акындын үч томдук китебинин баасы өтө кымбат. Мектеп окуучуларына, чөнтөгү жука студенттерге ылайыкталган эмес деп көп айтышууда...
- Башында эки томдук китепти 5000 нускада чыгаралы дегенбиз. Акчанын жетишсиздигинен 1500 нускада чыгып, борбордогу китеп дүкөндөргө таратылды. Андан түшкөн акчага "Жолборс терисин жамынган баатыр" поэмасын басып чыгарганбыз. Мундузбек Тентимишев түзгөн "Алыкулдун энциклопедиясын" миң нускада жана ушул эле эки томдукту кайра кайталап дагы көп нускада чыгарабыз деген оюбуз бар. Кийин юбилейине келген меймандарга да белек катары миңдейи кетиши мүмкүн. Басмаканага оңбогондой көп акча кетет. Китепти түп нускасынан бери жаңыртып, кайра басып чыгаруу да оңой иш эмес. Арзан деп фотоальбомун чыгардык эле аны деле эч ким алган жок. Кээ бир адамдар түшүнбөй, билбей кылган ишке үстүртөн баа беришет экен.
Китеп чыгаруу, музейди оңдоп-түзөө иштеринен сырткары жети дубанда мааракеге арналган бир нече иш-чаралар өтүүдө. Жакында борбордо Медетбек Сейталиевдин "Алыкулга гүлдесте" аттуу спектакли элге тартууланды. Бул чыгарма буга чейин акындын 90 жылдыгында коюлган. Режиссер Орозбек Айдаров "Учур" жаштар театры менен биргеликте спектаклди жаңыча иштеп чыгышкан. Мындан сырткары буга чейин маданий жайларда китеп-сүрөт көргөзмөсү, поэзия кечелери өткөрүлүп келди.
Өткөн жумада Ош шаарындагы шаардык китепканада улуу акын Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгына карата адабий кече өттү. Ушул эле шаардагы "Ынтымак" телерадиоканалынын журналисттери акын Алыкул Осмоновдун ырларын өзбек тилине которуп, видеороликтерди даярдашкан. Ал эми Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин колдоосу менен акындын "Ысык-Көл Нева суунун сүйгөн жары" деген ырлар жыйнагы орус тилине которулуп, 1000 нуска менен басылып чыкты.
Анара ДҮЙШӨНАЛИЕВА