"Агым", 16.03.15 Айткандын оозу…
Өлкөнү өзгөртүүгө Атамбаевдин дарамети жетеби?
24-марттын, 7-апрелдин беш жылдыктары белгиленип бүтүп, азыркы бешинчи жылдын тынч өтүп жатканына кыргыз бийлигинин көңүлү ток. Ошентсе да эл аянтка чыгып, мурдагыдай "кетсин!" деп кыйкырбаганы менен, көпчүлүктүн азыркы бийликтен көңүлү калып турган кез. Себеби Акаев, Бакиев убагында коомдук турмушта, саясат, экономикада кандай бардак болсо, азыр деле булар быкшыган боюнча турат. Кокус эл көчөгө чыгып азыркы бийликти алмаштырган күндө да, бийлик кайра эле азыркылар сыяктуулардын колуна тиерине көз жетип да турат. Атамбаевдин бийликке келгенине беш жыл толсо да, эмне үчүн өлкөдө өзгөрүү болбой жатат, чекесин эле айтууга аракет кылып көрөлү.


Журналисттер эле биздин ишибизди көрө албай, чет өлкөлүктөргө жаман көрсөтүп жатат деген токонаалатка калбас үчүн адегенде жакшы нерселерди баса көрсөтөлү. Ооба, беш жыл ичинде бир дагы саясатчы заказ менен өлтүрүлгөн жок, бир да журналист токмоктолуп же колу-буту таңылып Павлюкчасынан алтынчы кабаттан ыргытылып мыкаачылык менен өлтүрүлбөдү. Жаныш Бакиев же Максим Бакиев сыяктуу бирөөлөр чыгып элдин байлыгын өз чөнтөгүнө топтоп, өлкө экономикасына эч ким ачык рейдерлик кылган жок. Бири-бирине көз каранды эмес, мамлекеттин тагдырын чече турган чечимдерди кабыл алуучу конституциялык бийлик бутактары пайда болгонсуду. Өлкө ичиндеги кандай гана маселе болбосун, коом ачык талкуулап жатат.
Бирок алакушту атынан атасак, беш жыл же андан мурда өлкө алдында кандай маселелер болсо, азыр деле алардын чети оюлбай турат. Тескерисинче, айрымдары боюнча кризис жетээр жерине жетти. Айталы, "Кумтөр" кени жакын арада чечилбей, убакыттын өтүшү менен алтындан же акчадан жок каларыбыз анык болуп баратат. Муну чечүү парламенттеги коалициялык көпчүлүк шайлаган өкмөт башчысына тапшырылганы менен, өкмөт башчы жүз жолу алмашса да аны эч ким чече албасы анык болду. А Президент Алмазбек Атамбаев "Кумтөр" боюнча жоопкерчиликти өз мойнуна албасы небак эле белгилүү болгон. Жоопкерчиликти алмак, эгер "Кумтөрдү" кандай чечүүнү билсе. Кептин баары билбегенинде болуп жатат.
Р.Отунбаева, А.Атамбаев жана Ө.Текебаев бийликке келер алдында ар бир тармак боюнча бүксүп жаткан иштерди элге чемичкедей чагып берип, өздөрү келсе эле кандай реформаларды жасап жиберерин канкакшап айтып элдин көңүлүн алышчу. Булардын бийликте отурганына беш жыл болду, кайсы тармак боюнча реформа башталып, коом үчүн натыйжалуу аягына чыкты? Сот системасындабы, Ички иштер министрлигиндеби, энергетикадабы же билим берүү тармагындабы? Кайсы чиновник мобу тармакта реформа башталып, ийгиликтүү аяктады деп айта алат? Азыр Атамбаевдин көсөмдүгүнөн эмес, аргасыздан, өз алдынча оокат кылуу колдон келбегендиктен Бажы биримдигине кирип бара жатабыз. Алдыда эмне өзгөрүү, кандай жашоо болорун эч ким айта албай, башынан кыргызды Кудай сактап келген деп дагы деле болсо Кудайга ишенип турабыз.
Президенттин 7-апрелде сүйлөгөн сөзү жамы журттун башын бириктирген өлкө башчынын сөзү эмей эле, "апрелчилердин" атаманыныкындай таасир калтырды. Себеби беш жыл бою бизди каралап келген саясатчыларды, журналисттерди, басылма ээлерин өлкөдөн кууп чыгыш керек болчу, биз Украинанын ушунусун жасабай бекер кылыппыз деп өкүнбөдүбү Атамбаев. Президенттин ою боюнча "апрелчилерди" мактап-жактабагандардын баары алардын душманы экен. Азыр Украинаныкындай болбосо да Акаев, Бакиевдердин ыкмасы менен көз карандысыз ММКны соттор, Башпрокуратура аркылуу муунтуп жатканыңар жалганбы? Эми көз карандысыз деле эч ким калган жок, бардык ММКлар ушу тапта мамлекеттик агитпроп үчүн кадимкидей иштеп жатат. Же бу да жалганбы?
Президент 7-апрелде беш жыл ичинде өлкө бюджети эки эсе өскөнүн, мугалим, дарыгер, милиция жана башкалардын айлыктары бир канча эсеге көбөйгөнүн, майыптардын жөлөк пулу үч эсе, орточо пенсия 4600 сомго чыкканын так сандар менен оозун толтура айтып, элдин курсагын жел менен "тойгузду". Ошол эле учурда инфляция канча эсе өскөнүн, өлкөнүн тышкы карызы 4 млрд. долларга чаап барганын, бул ИДПнын 60 пайызына жакындап калганын, күнүгө чек арадан миңдеген мигранттар өз жерине өтүп, жумушсуздардын саны буга чейин болуп көрбөгөндөй өсүп жатканын айткысы келбейт.
Дегеле Атамбаев бийлиги сынды быякка кой, өлкөгө жакшылыгы тийип калаар деп айтылган сунуш, пикирлерди да адекваттуу кабылдоого жөндөмсүз экен. Жакында эле ага чейин да далай айтылып келген сунуштарды экс-өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов дагы бир жолу көтөрүп чыкты. Бабанов азыркы бийлик системасы жоопкерсиздикти жараткандыктан, өлкө чукул конституциялык реформага суусап тургандыгын, биринчи кезекте Президент өкмөт башчысынын милдетин аткарган президенттик башкаруу зарылдыгын, өкмөт башчысына министрлерди алып-коюу укугу толук берилишин, өкмөт башчыны кызматтан алуу татаал болуусун, Жогорку соттун жетекчилигин дайындоону Президент менен Жогорку Кеңеш чечпеши керектигин, дегеле сот бийлиги аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийликтеринен көз каранды болбостугун камсыз кылууну айтып чыкты. Азыр сормо сазга сорулуп бараткан "Кумтөр" маселеси Коргоо кеңешинде чечилиши керектигин, анүчүн жоопкерчилик алыш керектигин билдирди. Эми ушул айтылгандардын жок дегенде бирөөнү кабыл алып, өлкө кызыкчылыгы үчүн батыл ишке ашырууга Атамбаевдин эрки жетеби? Эрки жетпейт го, себеби бизде парламенттик башкаруу, Конституция, мыйзамдар боюнча бийлик аларда деген даяр шылтоо бар эмеспи. А иш жүзүндө ушу тапта болгон бийликтин бардыгы Президенттин колунда экендиги бешиктеги балага да белгилүү болуп калган.
Эмне үчүн Кыргызстан жыйырма жылдан бери туташ кризистен чыгалбай келатат, эмне үчүн экономикада өнүгүүгө карай секирик жасалбай жатат деген суроолорду Президент Атамбаев өзүнө берет болду бекен? Себебин издеп көрдү бекен? Ал азыркы коомдун, кийинки муундун эсинде 7-апрель үчүн гана маашырланган, өзүнүн президенттиктен кетер күнүн саат, секундуна чейин санап отурган, коомду кардиналдуу өзгөртүүнү билбеген бечара бирөө катары гана калабы? Өлкөнү кардиналдуу өзгөртүү, экономикада чыныгы өсүш - секирик жасоо үчүн адегенде мамлекеттик системаны өзгөртүү зарылдыгын айта берип тил тешилгендей болду. Кыргызстан өнүккөн Европа өлкөлөрүнүн парламенттик башкаруусун киргизди деп көкүрөк какканыбыз менен, анын сырткы эле көрүнүшү парламенттик, а ички маңызы мурдагыдай эле президенттик боюнча калып, демек система эскиче эле жашап жатканын, ошондуктан азыр кызматка ким келбесин эч нерсе өзгөртө албай турганын ким жокко чыгара алат? Демек, системаны өзгөртө албаган же өзгөртүүнү каалабаган, жок дегенде өзгөртүүгө аракет кылбаган адамдын өлкө башында тура беришине чыдаш же чыдабаш керектигин коом өзү чечиш керек. Коомчулуктун аң-сезими алдыга кеткен, башкаруучулардын аң-сезими артта калган өлкөлөрдүн алды биз болсок керек.
Кайсы бирин айталы, эшек этин жеп, наристелерди зордуктап, кыргыздын өзөгүн кармап турган "Манасты" бузуп, булгап, ушулардын бардыгына маңыроо карап турган эки буттуу айбандардын коомунда жашап жаткандайбыз…

Аскер САКЫБАЕВА




"Жаңы Агым" сага айтам...
Ахунбай Кошоев, ишкер:
"Атамбаевге караганда Путиндин кабылдамасы оперативдүү иштейт"

- Ахунбай агай, сиз Владимир Путиндин администрациясы менен кат жазышып турасызбы?
- "Жыргагандан жылкычы болуптурмунбу" дегендей, Владимир Путинге кат жазуумдун себеби деле биздин бийликтин жүргүзүп жаткан бир жактуу саясатынан улам болду. Өзүң билесиң, мен биртоп жылдан бери Бишкек Эркин Экономикалык аймагынын (СЭЗ) башкаруучулары менен кармашып, андагы ондогон ишкерлердин кызыкчылыгын коргоп келе жатам. Айрыкча СЭЗге КСДПнын мүчөсү Орозбек Нусувалиев келгенден бери андагы ишкерлик жүргүзүп жаткан адамдарга мыйзамсыз салыктарды салып, төлөмдөрдү киргизип, өзү билгендей саясат жүргүзө баштагандыктан, мындай мыйзамсыз аракеттерге чыдап тура албадык. Экинчи жагынан, азыркы СЭЗдин башчылары ал мекемени коррупциялык бир органга айлантып, бир канча мыйзамга сыйбай турган каржылык катачылыктарды кетиргени да далилденген эле. Мен акыркы эки жылдан бери ошол иштердин артынан түшүп, бир сумкеге батпаган документтер, далилдүү фактыларым менен күч органдарына, бийлик бутактарына кайрылып отуруп чарчадым.
- Кыскасы, ББга кирип баратканда Кыргызстандагы коррупциянын күчүн билип алсын деп орус президентине кайрылдыңызбы?
- Жок, бул жердеги болуп жаткан иштер мамлекеттин ички иши. Биздеги коррупциянын деңгээлин орус бийлиги менсиз эле көрүп турса керек. Менин Владимир Путинге жазган катымдын негизги мааниси таптакыр башка. Ага кимдир бирөөнү жамандап, датымды айткан жокмун. Бажы биримдигине кирип баратканда жергиликтүү элдин, ишкерлердин кызыкчылыгы корголушу керектигин гана билдирдим. Ооба, азыр интернеттин заманы эмеспи, интернеттен Орусия Федерациясынын Президентинин жарандар менен уюмдардын кайрылуулары менен иштөө башкармалыгынын электрондук дарегин таап алып, ага жогорку маанидеги катымды жолдогом. Аз өтпөй эле ал жактан менин дарегиме "Уважаемый Ахунбай Кошой! Ваше пожелание на имя Президента Российской Федерации, принятое с электронным документом получено" деген башкармалыктын кеңешчиси Н.Стефанюктун колу коюлган жооп келди. Андан кийин экинчи катымды жаздым, ага да жооп алдым.
Бул жерде айтайын дегеним, мен Бишкек СЭЗи боюнча биздин Президент Алмазбек Атамбаевдин каттар менен иштөө бөлүмүнө 100дөн ашык жолу кайрылып, бир жооп ала албаганымды айткым келет. Электрондук дарек аркылуу да, почта аркылуу да, факс аркылуу да нечен ирет кайрылдым, менде каттын жөнөтүлгөндүгү тууралуу каттоо номурлары, төлөгөн төлөмдөрдүн дүмүрчөктөрүнөн бери сакталуу. Тилекке каршы, Ак үйдүн жетинчи кабатындагылар, Президенттин аппараты, УКМК, Башкы прокуратура, Эсеп палатасы сыяктуу органдар каттарга текши реакция жасап, жарандарга бирдей мамиле жасабай, өз жана жат деп бөлөт көрүнөт. Болбосо Бишкек СЭЗиндеги мыйзамсыз аракеттер, андагы жүргүзүлүп жаткан саясат керек болсо өкмөткө көлөкө түшүрүп, эл аралык соттордон утулуп жатканы өз учурунда көңүл бөлүп, тиешелүү жоопторду бере турган, алдын ала иш-чараларды көрө турган чоң эле фактылар.
Бирок партиялык система деген өздөрүнүн кишилерин көрсө дө көрмөксөн, билсе да билмексен кыла берүүчү түзүлүш болуп калды көрүнөт.
- Жаңы келген Башпрокурорго кайрылдыңызбы?
- Ооба, өткөн жумаларда ишкерлер чөйрөсү менен өкмөттүн жолугушуусуна Башпрокурор Индира Жолдубаева катышып, ишкерлердин укуктары боюнча баяндама жасады. Ошол отурушта мен СЭЗ Бишкектин башчылыгына карата козголуп, кайра жабылып келе жаткан төрт кылмыш иши боюнча толук документтерди өз колуна тапшырдым. Угушумча, ал ошол төрт ишти кайра козгоп жаткан имиш. Эгер аягына чыга алса ал накта Курманжан апабыздын жолун улаган калыс, чечкиндүү айым катары таанылат. А эгер ал дагы кимдир бирөөлөрдүн нускоосуна макул болуп, ишти чаң бастырып койсо, анда өз карьерасына эртелеп балта чапкан болоор.
Тынчтык АЛТЫМЫШЕВ