"Агым", 16.03.15 Оп, майда
Балдарды баалайлычы
Турмуштун оордугунан, ата-энелердин жоопкерсиздигинен улам акыркы эки-үч жылда окуучу улан-кыздардын өз жанын кыюулары өтө көбөйүп кетти. Быйыл жыл башынан бери эле ондон ашык өспүрүм өз жанын кыйып жиберди. Өткөн жекшемби күнү да Жумгал районунун Чаек айылында 16 жаштагы кыз асынып, аны апасы сактап калган. Кыздын апасынын айтымында, жалгыз кызынын бул кадамына күйөөсүнүн күнүгө мас болуп чыр чыгара бериши себеп болгон. Учурда ооруканада жаткан кыздын акыбалы оор. Ал терезеден секирип кетүүгө аракет жасагандыктан ушу тапта аны апасы карап, багып жатат. Кызынын психологиясы бузулгандыктан ооруканадан чыкканда аны атасынан алыс кармарын айтат кыздын апасы М.Клара.


Нарын каскадына каражат келет
Буга чейин биртоп ММКлар Жогорку Нарын каскадынын курулушу каражаттын жоктугунан токтоп калганын жазып чыгышкан эле. 14-апрелде "Жогорку Нарын гидроэлектрстанциясы" ЖАКсынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн өкүлү Петр Черняк каскаддын курулушуна акча бөлүү май айында чечилерин кабарлады. Белгилей кетсек, төрт ГЭСти камтый турган каскадды Россиянын "Русгидро" ишканасы менен Кыргызстандын "Электрстанциялары" АКсы куруп баштаган. Бирок каскаддын куруу долбоорун каржылоону толугу менен Россия тарап өз мойнуна алган болчу.
Россиянын азыркы абалын эске алганда, бул чоң курулуш башталарына баарыбир ишенич жок.


Баурдастар баш тартышты
Казакстанда насвайды колдонууга тыюу салган мыйзам кабыл алынды. Бул мыйзам 18-апрелде күчүнө кирет. Эми тартип сакчылары насвайды конфискациялап, аны саткандарды административдик айыпка тарта алышат. Казакстанда насвайга тыюу салуу аракети мурда да көп ирет болгон. 2014-жылы өлкө окумуштуулары насвайдын курамында никель, хром, коргошун, мышьяк бар экенин далилдешип, коомчулукка алып чыгышкан.


Кадыралиеванын, тоюс, КСДПнын кадыры
Жеке ишкер Сактан Келдибаевдин үй-бүлөсүнүн арызы менен Ош шаардык прокуратурасынын прокурору, КСДП фракциясынын депутаты Ыргал Кадыралиеванын агасы Канжар Кадыралиев 18-ноябрда кызматынан алынган. Тергөө аны зөөкүрдүк кылуу, акча өндүрүү жана ээнбаштык боюнча сыртынан айыптаган. 20-ноябрда ага атайын издөө жарыяланып, аны тартип сакчылары такыр таппай коюшкан. Көрсө ал качпай-этпей эле карындашы Ыргал Кадыралиеванын үйүндө жашынып жатыптыр. Жакында ал өз эрки менен тергөөгө келген. 28-мартта Октябрь райондук соту аны камоо санкциясын чыгарган. Жума башында Бишкек шаардык соту аны оорусуна байланыштуу үй камагына чыгаруу чечимин чыгарды. Кызыгы, Кадыралиевге коюлган диагноз сокур ичеги экен.


Жаратылыш сыноосу жакшы эмес
Быйыл табигат кыргызстандыктарды биртоп сынаганы калды окшойт. Жаз эрте келди деп сүйүнүп жатсак, март айында кар жаап, үшүк жүрүп, өлкөнүн түштүгүндөгү гүл ачкан өрүктөрдү мойсоп кеткен эле. Андан калган алма, өрүк эми гүлдөй баштаганда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 16-17-апрель түнү өлкөнүн көп аймактарында жаан жаап, айрым жерлерде абанын температурасы минус 2 градуска чейин төмөндөөрүн кабарлады. Негизги кирешеси өрүктөн болгон Баткенде, Жалал-Абадда өрүккө кейип жатса, Нарында, Көлдө малын жуттан аман алып калуу менен алпурушуп отурушат.


Базарда сатылган оюнчуктар кооптуу
Кыргызстанда оюнчуктардын 90 пайызы балдардын ден соолугуна зыяндуу дейт интеллектуалдык менчик кызматынын кызматкерлери. Биздин өлкөдө базарларда сатылып жаткан оюнчуктардын дээрлик бардыгы сырттан ташылып келет жана анда ден соолукка зыяндуу химиялык заттар бар. Кыргызстанга аткезчилик жол менен көбүнесе оюнчук, тамак-аш жана дары-дармек кирерин кошумчалады. Негизи Кыргызстанга оюнчуктар Кытайдан алынып келет. Буга чейин Оштогу санэпидемкызматы базарларда текшерүү жүргүзүп, оюнчуктарда ден соолукка зыяндуу формальдегид жана фенол заты ашыкча экендиги аныкталган.


Жаратылыш кырсыктары көбөйүүдө
Кыргызстанда жаан-чачындын көп жаашынан улам жаз жана жай мезгилинде табияттын күтүүсүз кылдаалдары болушу ыктымал экенин Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов маалымдады. Анын айтымында, быйыл жыл башынан тартып үч жолу табият кырсыгы болуп өттү. Февраль айында Талас облусунда абанын температурасы кескин жылып кеткендиктен кар эрип, үйлөрдү сел каптаган. Он күн мурда Таластын бир нече районунда ылдамдыгы секундасына 25-30 метрге жеткен катуу шамал болуп, бир нече үйлөр менен социалдык объектилердин, оорукананын архивинин чатырын учуруп кеткен. Бир апта мурда Ошто катуу жааган жамгырдан улам бир нече үйлөр менен социалдык объектилерди суу каптаган.


Кээ бир банктар насыя берүүнү токтотту
Кыргызстанда ипотекалык насыя берген банктардын саны жетишээрлик эле. Бирок азыркы учурда Кыргызстандагы бир катар ири банктар ипотека берүүнү убактылуу токтотуп жатат. Себеби банкирлер доллардын наркы жогорулап жаткандыктан ушундай чечим жакшы деп эсептешет. Көпчүлүк карыз алуучулар негизги кирешесин сом менен алышат. Банктан насыя алган учурда алар валюталык тобокелдиктерди эске алышпайт жана доллардын өсүп жатышынан улам карыз алуучулар карызын бере албай калган учурлар көп болуп жатыптыр. Мындай жагдайды түзбөш үчүн жана башка көйгөй жараткан насыялардан качыш үчүн айрым банктар доллар менен ипотека берүүнү токтотуп жатат.


Жолдор 194 адамдын өмүрүн алды
Кыргызстанда жыл башынан бери жол кырсыгынан 194 адам каза болгон. 2015-жылдын I кварталында бардыгы болуп 1 миң 200 жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 194 адам каза болуп, 1700 адам ар кандай жаракат алган. Статистикалык маалыматка таянсак, балдардын жол кырсыгына кабылуусу 22ге кыскарган. Жыл башынан бери балдардын катышуусунда 185 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 11 бала каза болуп, 204 бала ар кандай деңгээлде жараат алган.


Коңшу аялды милиция неге аткан?
Өзгөн районунун милиция кызматкери 42 жаштагы айымды тапанча менен тамагына жана өзүн башка аткан. Күзөт кызматында иштеген 1993-жылы туулган жаран 12-апрель күнү саат төрттөр чамасында Мырзаке айылындагы үйүнүн жанында коңшу жашаган айымга ок чыгарып, андан соң өзүн башка аткан. Мындан улам алар ооруканага жеткирилген. Бирок ошол күнү кечинде жабыркаган милиция кызматкери каза тапкан. Ал эми дарыгерлердин айтымында, аялдын өмүрүнө коркунуч жок.


Эркин экенбиз
Кыргызстан сөз эркиндигинин рейтинги боюнча 180 өлкөнүн ичинен 88-орунду ээлегенин "Чек арасыз кабарчылар" эл аралык уюму жарыялады. 2012-2013-жылдары 106-орунда болчу. Биринчи беш орунга Финляндия, Норвегия, Дания, Нидерланды жана Швеция чыккан. Ал эми Эритрея бул тизмеде акыркы турат. Постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен Казакстан 160, Өзбекстан 166, Түркмөнстан 178, Орусия 152, Беларусь 157-орунду ээлеген. Бул рейтингде плюрализм, журналисттин эркиндиги жана коопсуздугу, маалымат каражаттардын көз карандысыздыгы, укуктары жана шарты эсепке алынган.

"Жаңы Агым" - пресс