газета "Агым" на кыргызском языке • №14, 16.04.15. • "Агым" гезити, кыргызча...
Элчилик ташыган сырдуу жүк
Бишкектеги АКШ элчилиги Араб Эмираттарынан "сырдуу жүк" алганын "Дело №..." гезити жазып чыкты. Басылманын маалыматына таянсак, Украинанын "Антонов авиалиниясы" авиакомпаниясынын АН-124 үлгүсүндөгү учагы 28-30-мартта эки жолу "Манас" аэропортуна конгон. Эки рейстин тең дипломатиялык статусу болгондуктан текшерилген эмес. Учак 28-мартта жалпы салмагы 78 тонна болгон 7 контейнер, 30-мартта 74 тонна турган 5 контейнерди алып келген. Жүктү үч америкалык коштоп келип, аны АКШ элчилигинин 14 кызматкери тосуп алып, аэропорттон 6 машине менен алып чыгып кетишкен. Мындай маалыматты жарыялаган басылма Украинадагы башаламандык болор алдында да Америка Украинага ушундай "дипломатиялык почта жүгүн" алып келгенин баса белгилейт.


Төрт жашар баланы ким кое берген?
Кечээ интернет булактарына Майлуу-Суу шаарындагы бала бакчадан төрт жашар бала качып кетип, сууга агып кеткени тууралуу маалымат чыккан. Андан көп өтпөй эле ИИМ бул окуя тууралуу маалымат таратты. Министрликтин маалымдашынча, 13-апрель күнү кечинде шаардын жашоочусу баласынын жоголгонун айтып кайрылган. Укук коргоо кызматкерлери териштире келгенде баланы бала бакчадан анын туугандары алып кеткени, бала ал жактан өз үйүнө кетип баратып сууга агып кеткени тастыкталган. "Бала үйүнө жалгыз кеткендиктен жана көпүрөнүн эки жагында тосмолор болбогондуктан ал сууга кулап кеткен" деп билдирет ИИМ. Баланын денеси кийинки күнү үйүнөн үч чакырым алыстан табылды.