presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Убада байкуш убара
Парламент,
өкмөт буйругу, Кулматовдун куйругу

Кыргызда ит итти, ит куйругун жумшайт деген кеп бар. Анын сыңарындай, акыркы кезде парламент өкмөткө, өкмөт губернатор, акимдерге шылтап отуруп, өлкөдө такыр эле иш жүрбөй калды. Алсак, Бишкектин четиндеги Калыс-Ордо жаңы конушунун мектебинин курулушу 2009-жылы жакшынакай эле башталган. 2010-жылдагы революциядан соң мектепке бөлүнгөн 80 млн. сом кумга сиңген суудай жок болуп, курулуш токтоп калган. Парламенттин билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиев 2014-жылдын 14-майында калыс-ордолуктар менен жолугуп, элдин арыз-муңун уккан. Андан көп өтпөй 7-октябрда комитеттен жаңы конушка мектеп куруу боюнча тиешелүү чечим чыгарылып өкмөткө тапшырылган.
Өкмөт 2014-жылдын 13-ноябрында Калыс-Ордо конушуна эксперименталдык мектепти куруу боюнча №502 буйругун чыгарган. Кийин Энергетика министрлиги менен кытайлык ТВЭА компаниясынын ортосунда "Бишкек шаарынын ТЭЦин модернизациялоо боюнча" долбооруна кол коюлуп, анын алкагында мектептерди курууга грант катары кошумча 2 млн. доллар каралган. Бул каражаттын эсебинен Калыс-Ордо конушундагы мектепти долборлоо жана куруу маселеси аныкталган эле. Атургай мектепти курууну Президент өзү көзөмөлгө ала тургандыгын Бишкек мэриясы сүйүнчүлөгөн болчу. 2014-жылдын 7-декабрында Калыс-Ордо мектебинин курулушуна капсула салынып, ага депутат К.Осмоналиев, мэр К.Кулматов баштаган мэриянын аткаминерлери катышкан.
Бирок мектеп куруу кечеңдей баштаганда эл кайрадан ЖКнын билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетине кайрылып, комитет 2015-жылдын 27-декабрында мектепти курууга тиешелүү структура жетекчилерин жыйнап, мектепти куруу механизмдерин аныктап берип, аны тездетүү чечимин чыгарган болчу. Бүгүнкү күндө 1-мартта башталчу мектептин курулушу башталбай, долбоору бүтсө да улам кечеңдетилип, Кытай мамлекети берчү акчаны бөлүп-жарып жеп кетүү оюндары ачыкка чыгууда. Буга Биринчи май районунун акими Аскербек Алиевдин, жаңы мектепти курууга 4-5 жылдан бери тоскоолдук жаратып жүргөн №86 орто мектептин директору Саламат Көлбаеванын, Бишкек мэриясындагы айрым мамчиновниктердин катыштыгы бар экени ачык айтылып, элдин нааразычылыгын жаратып жатат. Мэр Кубанычбек Кулматов болсо көрүнгөн жерде Калыс-Ордого 1500 (750 орундан эки нөөмөт) орундуу мектеп курулат деп жар салып келатат. Баарынан кызыгы, 2 млн. доллардан 300 миңди кемите коюшкан аткаминерлер элдин толкундоосунан улам аны кайра албай турган болушкан. Эми мектептин жаңы долбоорунда 260 окуучу оруну кыскартылып, анысы аз келгенсип мектеп сентябрда башталат деген шылтоо айтыла баштады.
Эгер Жогорку Кеңештин, өкмөттүн чечимин мэрия, акимияттагылар каалаганындай кескилеп, бурмалай берсе, анда бизге парламент менен өкмөттүн зарылчылыгы канча? Же алардын иштөө мөөнөтү аз калды деп майда чиновниктер тоготпой жатышабы? Же бир мектеп салдырыш үчүн сөзсүз эле эл митингге чыгыш керекпи?
Мелис СОВЕТ уулу





Коңшунун тынчы жакшы дечи…
Каримов 82 жашка чыккыча президент болот
Өткөн жекшемби күнү Өзбекстанда президенттик шайлоо болуп өттү. Ушу жуманын ичинде чыккан жыйынтыктарга караганда, өлкөнүн азыркы башчысы дагы беш жылга президент болуп шайланды.

Өзбекстандын кезектеги шайлоосунан соң президенттик мөөнөтүн "мыйзамдуу" узартып алган Ислам Каримов 77 жашта. Аялы Татьяна, кыздары Гүлнара, Лола жана неберелери бар. Ислам Абдуганиевич биринчи жолу 1990-жылы Өзбекстандын президенти болуп шайланган. Ошондон бери өлкө Конституциясын өзү каалагандай өзгөртүп, бирде беш жылга, кийинкиде жети жылга президент болуп шайланып келет. Бул жолку шайлоодо анын жеңишке жетишине кызы Гүлнаранын өлкөнүн миллиарддаган байлыгын басып алгандыгына байланыштуу чыр-чатактар, эл аралык соттордо жүрүп жаткан процесстер көлөкө да түшүрө алган жок.
Каримовго атаандаш катары бийлик тарабынан атайын коюлган Акмал Саидов, Хотамжон Кетмонов жана Нариман Умаров сыяктуу "президенттикке талапкерлер" болгону Каримов үчүн жакшы бутафория болуп беришти. Шайлоо учурунда алыскы, жакынкы чет өлкөлөрдөн миңдей байкоочу катышты, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү шайлоодо чыныгы атаандаштык болбогонун, бардык кызмат бир гана адам үчүн иштегенин бир ооздон белгилешти. Бирок алардын айтканы ошол жерде кала берди. Өзбекстанда партиялардын номиналдуу эле аты бар, а чыныгы бийлик бир гана адамдын - президенттин колуна топтолгон. Либерал-демократиялык делген партиянын атын жамынып чыккан Ислам Каримов партияларды шайлоо учурунда эле көз жазгыруу үчүн колдонот.
Ошентип 30 миллиондой калкы бар Өзбекстандын 17 млн. 122 миң 957 шайлоочусунун добушун алган Ислам Каримовду Кытайдын, Россиянын, Казакстандын ж.б. жамааттык шериктештикке кирген бардык өлкөлөрдүн президенттери кайра шайланышы менен текши куттуктап чыгышты.
Ал эми Өзбекстанга четтен көз салып турган эксперттер негизинен бул шайлоодон башкача жыйынтык күтүшпөгөнүн билдиришти. Мындан ары азыр үй камагында отурган Гүлнара Каримованын тегерегиндеги окуялар кандай өнүгөөрү, дегеле мунун аягы эмне менен бүтөөрү Өзбекстанга назар салгандар үчүн кызыктуу тема. Муну менен бирге акыркы убакта Ислам Каримовдун тегерегинде эки топ өзгөчө бөлүнүп чыкканын да белгилешет эксперттер. Биринчиси, жалаң күч структураларынын жетекчилеринен турган топ болсо, экинчиси, финансылык булактарды кармап турган топ. Эки топтун ортосундагы тымызын атаандашуу биртоптон бери жүрүп келатат. Эгер Ислам Каримов жаңы шайланганына карабай кокус бирдеңке болуп кетсе (кантсе да жашы 77де да), өлкөдө бийлик үчүн негизги так талаш да ушу эки топтун ортосунда болору божомолдонуп келет.
Ошол эле учурда чет өлкө-лөрдө жашаган диссидент өзбек саясатчылары, укук коргоочулары болуп өткөн шайлоодон түңүлгөндүктөрүн, эл аргасыз күч менен гана кармалып турганын айтып чыгышты. Швейцарияда жашаган публицист Алишер Таксанов Өзбекстан бул шайлоодо эркиндикти стабилдүүлүккө алмаштырды деп билдирди. Эгер шайлоочулар ондогон жылдар бою өнүгүүнү тушап келаткан режимден кутулгулары келсе, бюллетендеги төрт талапкердин тең тушуна "каршы" деген белги коюшса болмок. Жок дегенде ушундай жол менен Каримовдон кутулууга мүмкүн эле. Каримовду дагы бир жолу президент кылып шайлоо менен анын бийликти дагы узурпация кыла берүүсүнө гана кеңири жол ачылды деп эсептейт Алишер Таксанов.
Ушул эле учурда Афганистандын түндүк жагында Өзбекстандын ислам кыймылынын боевиктери Ислам өлкөсүн куруу үчүн ант берип, афган бийлиги менен каршылашып жаткан кези. Булар эртеби-кечпи Өзбекстан үчүн коркунуч жаратпайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Демек, мындай шартта стабилдүүлүк бул өлкөгө аба менен суудай зарыл.
Бирок беш жылдан кийин Өзбекстанда кандай бийлик болот?
Интернет булактарынан




Айтарым бар
Ат-Башы эли азапта, өкмөт деген каякта?

Беш ай бейиште, жети ай кейиште жашаган Ат-Башы эли былтыркы кургакчылыктын азабын быйыл катуу тартып жатышат. Жаан-чачындын аздыгынан бул райондо былтыр жем, чөп өтө аз жыйналган эле. Кыштын узактыгын эске алган ат-башылыктар Кочкор, Нарын райондорунан, Чүй облусунан күз, кыш айларынан бери эле чөп сатып алышууда. Район тургундарынын айтымдарында, күздөн бери ат-башылыктардын алды 200 миң сомго, арты 30-40 миң сомго чөп сатып алышкан.
"Күзүндө Ат-Башы базарына Чүйдөн, Кочкордон чөп келип 250 сомдон сатышкан. Андан бери чөп кымбаттап отуруп азыр бир түк чөп 320 сомго чыкты. Кургакчылыктан улам талаадагы бээлер кеч күздө эле бала салып салышкан. Быйыл койлордун көбү да кысыр болуп чыкты. Кээ бирөөлөрдүн жылкылары кышында эле көтөрүм болуп баштаган. Азыр Ат-Башы районунун айылдарында түтүнмө-түтүн чөп сатып алып жатышат. Айрымдарында төрт-бештен эле түк чөп турат. Айыл өкмөт башчылары чөптү Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бекер тартып келип берет, бир түккө 180 сомдон чогулткула дешкен. Эл сүйүнүп акча чогултушса Чүйдө чөп кымбаттап кетиптир деген шылтоо менен анысы да болбой калды. Базарга мал алып чыксак таптакыр эле арзан. Айла жок эл процентке акча алып, чөп сатып алып жатат. Алды 800-1000 түк чөп сатып алышса, арты 100-150 түк чөп сатып алышты. Жер эми ачылайын деп келатканда минтип кайра кар очойто түштү. Эгер апрель айы ушундай болсо бир аз малдан кол жууп калабызбы деп коркуп турабыз. Өздөрүнө керек учурда эле Ат-Башыга жетип келчү чоңдор ушундай убакта элге жардам кылса сонун болот эле. А район акими менен анын орунбасары элге жыйналыш кылганы эле болбосо, башка эч нерсе кыла алгыдай эмес" дейт Ат-Башы районунун тургуну Болотбек Турдалиев.
Бейпил убакта элди жамынган Теңир-Тоо азаматтары, депутаттары, кыргыз өкмөтү, парламент ушундай оор кырдаалда Нарын элине кол сунбай эмне менен алектенип жүргөнү белгисиз.
Мелис СОВЕТ уулу





Эгеси жок
Энергетика:
суу көп, сарамжалдуулук жок!

Кыргыз өкмөтү акыркы эки жылдан бери оозун куу чөп менен сүртүп эле "кургакчылык" деген сөздү көп пайдаланып калышты. Алар энергетикалык кризисти экономикалык себептер менен пайда кылып алгандыгын мойнуна алгандын ордуна, бул каатчылыкты экологияга байлап, "кар аз түштү, жамгыр жаабады, өзөндөргө суу аз түшүп, суу сактагыч толбой жатат" деп ыйламсырашса жанына киши тура албайт. Мисалы, Экономика министрибиз Темир Сариев суунун аздыгынан улам электр энергиясы тартыш болуп, Талды-Булак Сол-Жээк алтын комбинаты ишке кирбей жатканына кейисе, вице-премьер Валерий Диль "Кыргызстандагы суу тартыштыгы күндүн активдүүлүгүнө байланыштуу болууда. Мен окумуштуулар менен бирге суунун аздыгынын себептери боюнча макала даярдап жатам. Биздин илим күндүн ысышынын активдүүлүгүнөн улам суунун аздыгы пайда болгону тууралуу жыйынтык берди. Бул цикл 11 жылга уланат экен" деп чакан ГЭСтер боюнча жыйында "балп" эттирген эле.
Бирок КР Илимдер академиясынын окумуштуусу, Суу маселелери жана гидроэнергетика институтунун кызматкери Лариса Бажанова Кыргызстандагы суунун аздыгы тууралуу пикирлерди четке какты. "Биздин изилдөөлөр боюнча 2020-жылга чейин Кыргызстанды кургакчылык коркунучу жок. Айталы, 1970-жылдан бери өлкөдөгү өзөн, дарыялардагы суунун агымы жылына 3 куб километрге чейин көбөйгөн. Бул деген жыл сайын 6 пайыз суу арбыган дегенди билдирет. Буга кошумча, 2001-2012-жылдар аралыгындагы Кыргызстандагы суу ресурстарынын көлөмү жалпысынан алганда 52 км/кубду түзгөн болсо, 2012-2020-жылдар аралыгында 53,6 км/кубга чейин жетиши күтүлүүдө. Ал эми климаттын тездикте ысып жатышынан улам кургакчылык пайда болду деген пикирлерге да жообубуз бар. Биздин институттун изилдөөсү боюнча Кыргызстандын суу ресурстарынын башкы жана негизги куймасы болгон Нарын, Тянь-Шань тоолорунда аба ырайынын кескин ысышы байкалбайт. Мисалы, акыркы 50 жыл аралыгында аба ырайынын жылышы болгону 2 градус цельсийди түзөт" дейт окумуштуу. Ал институттун иликтөөлөрүн энергетика адистеринин алдына жайып жатып, "энергетикалык кризис кургакчылыктан, суунун аздыгынан келип чыкты деп айтпасаңар. Ал экологиялык эмес экономикалык маселе, силердин өзүңөрдүн эле маселеңер" деп кашкайган чындыкты кабыргасынан койду.
Кызык, Валерий Диль макаланы кайсы окумуштуулар менен жазып жатты экен?..









??.??