"Агым", 02.03.15 Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ, ЖК депутаты:
"Ош шаарынын инфраструктурасын комплекстүү кароо керек"
1989-жылы демилгелүү кыргыз жаштары "Ашар" козголушун баштап, Бишкектин айланасынан өз үй, өлөң төшөккө ээ боло баштагандан бери дээрлик чейрек кылым өтүптүр. Андан бери Ош, Бишкек шаарларынын жака-белдеринде ондогон жаңы конуштар пайда болуп, 100 миңдеген кыргыз жарандары үйлүү-жайлуу болушту. Бирок өкүнүчтүү жагы, ошол айрым жаңы конуштар кайсы бир саясатчылардын мыйзамсыз аракеттери, жашыруун-жабык оюндарынын аркасында пайда болуп, андагы жашоочулар күнү бүгүнкүгө чейин турак-жайларына мыйзамдуу документ ала алышпай, анын арты менен социалдык камкордуктан сыртта калган.


Албетте, жерди мыйзамсыз басып алуу - кылмыш. Бирок ондогон жылдардан бери отурукташып калган, тагыраагы, 2012-жылдагы жерге мораторий жарыяланганга чейин жер үлүшүнө ээ болгон жарандарга жерлерин мыйзамдаштырып берүү керек. Анткени андан башка жол жок. Ошол учурдагы саясатты эми түздөп, азыркы учурдагы социалдык абал менен жүз миңдеген жарандарды үй-жайынан көчүрүүгө дегеле мүмкүн эмес. "Ата мекен" фракциясынын депутаттары дал ушул позицияда "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" жана "Өзүмбилемдик менен 2012-жылдын 3-августуна чейин тургузулган, жеке турак үйлөрү курулган жер участокторун легалдаштыруу жөнүндө" деген эки мыйзам долбоорун демилгелешүүдө. Муну үй-жайынын документи жоктугунан баласын бала бакча менен мектепке бере албаган, өздөрү ооруканага көрүнө албаган, жеткиликтүү жарык менен жылуулукка, тыңыраак жолго зар болгон миңдеген жарандар колдоп чыгышууда.
27-мартта "Интербилим" эл аралык фонду тарабынан Ош шаарынын башкы планын бекитүү боюнча кереге кеңеште да бул маселе козголду. "Ата мекен" парламенттик фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев баш болгон депутаттар экинчи борбор шаардын башкы планы азыркы талапка жооп бербей жаткандыгы, курулуш иштери, Ош шаарын айланта курулуп жаткан жаңы конуштардын көйгөйлөрү жөнүндө кеп кылышты.
Өмүрбек Текебаев Ош шаарынын жаңы башпланында шаардын аянтын кеңейтүүгө көбүрөөк көңүл бурулганын белгилеп, башкы план алыскы мерчемге белгиленип чийилиши керектигин айтты. Мындан тышкары ал Ош шаарын курчап турган адыр-тоолорду изилдеп, ал жерлерге суу жеткирип, шаардын аймагына кошуп шаардыктардын жашоо-тиричилиги үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү керектигин кошумчалады. Ошондой эле Ош шаарынын борборунда социалдык объектилердин жокко эсе экендигин, келечекте бала бакчалары жана балдар ойноочу аянтчалар дагы эске алынышы керек экендигин айтып, турак-жай көйгөйүнө мамлекеттик деңгээлде комплекстүү кароого мезгил жеткенин эскертти.
"Ош шаарынын башкы планы 1950- 1970-жылдарга таандык болуп, анда калктын турак-жай укугуна көңүл бурулбай, шаардыктар, райондордон келген жарандар маселелерин мыйзамсыз үйлөрдү куруп чечишкен. Азыр аларды бузуп салууга болбойт. Бул тарыхый реалдуулук.
"Ата мекен" парламенттик фракциясы Бишкек, Ош жаңы конуштар маселесине 4-5 жылдан бери такай аралашып, парламентте маселе көтөрүп келет. "Ата мекенчи" депутаттар "Ош шаарынын статусу жөнүндөгү" мыйзамды иштеп чыгууда жана кабыл алууда чоң кызмат өтөгөн" деди лидер.
Ош шаарынын калкы буга чейин 250 миң деп эсептелгени менен азыр шаарда 600 миңден ашуун калк жашап жатат жана жыл сайын өсүүдө. Ош шаарынын жаңы башпланы боюнча шаар 14 миң гектарга чейин өсүп, эл аралык каттамдарга ар тараптуу жооп берген жаңы аэропорт курулат.
Талкууга катышкандардын башпланга карата өз ой-пикирлеринде шаарды кеңейтүү жагы гана каралып калгандыгын баса белгилешип, планда карапайым калктын турмуш-тиричилигине ылайыкташкан инфраструктуралык жагдайлар, таза суу, көрктөндүрүү, автотыгындар боюнча өздөрүнүн сунуш-пикирлерин башпланды иштеп чыккандарга билдиришти.




Эгеси жок
Энергетика:
тариф кымбаттайт!

27- мартта өткөн "Энергетиканын маселелери жана чечүү жолдору" деп аталган жыйын учурунда Кыргызстанда 2015-жылдын 1-апрелинен тарта жылуулукка болгон төлөмдөр, 1-июндан тартып электр энергиясына болгон төлөмдөр жогорулай турганы маалым болду. Бул тууралуу КР Энергетика жана жылуулук министрлигинин алдындагы Отун-энергетикалык комплексин көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Нурбек Элебаев билдирди. Анын айтымында, учурдагы электр энергиясынын тартыштыгы тарифтерди дагы бир жолу карап көрүүгө аргасыз кылууда. "Өкмөт бизге тарифтерди кайрадан карап чыгуу боюнча тапшырма берген. Биз тариф саясатын карап чыгып, чындыгында бул маселени саясатташтырып отурбай, чыныгы экономикалык көз караштан алып, экономикалык жагдайды, инфляцияны эске алуу менен жана калктын жашоо-турмушун да эстен чыгарбастан жаңы тарифтерди бекитип жатабыз" деди ал.
Ошону менен өлкө жарандары 2015-жылдын 1-апрелине чейин 1 Гкал жылуулук үчүн 917 сом 78 тыйын төлөп келген болсо, мындан ары алар 1 Гкал жылуулук үчүн 1134 сом 56 тыйындан төлөшмөкчү. Бул мурдагы тарифтен 23,6%га жогору экендигин көрсөтөт. Ал эми жылуулукту өндүрүш үчүн пайдаланган абоненттер мурда төлөп келген 1557 сом 25 тыйындын ордуна 1-апрелден тартып 1695 сом 1 тыйындан төлөөгө мажбур болушат.
Ал эми электр энергиясын күнүмдүк керектөөгө пайдаланып келген жарандар учурда 700 кВт/саатка чейин 70 тыйындан, 700 кВт/сааттан ашкан ар бир кВт/саат электр энергиясы үчүн 1,82 тыйындап төлөп келишсе, ушул жылдын 1-июнунан тарта 700 кВт/саат электр энергиясы үчүн 84 тыйындан төлөй турган болушту. "Азырынча биздин агенттик менен өкмөт биргелешип, 700 кВт/сааттан ашык электр энергиясын колдонгондор үчүн кандай тариф коюларын эсептеп жатабыз. Жакын арада ал белгилүү болот. Биз мында инфляциянын көлөмүн эске алабыз. Ал эми электрди өндүрүшкө колдонгон абоненттер азыр 1 кВт/саат энергияны 1 сом 97 тыйындан алып келишсе, 1-июндан тарта алардын тарифи да өзгөрөт" деди Нурбек Элебаев.
Ошентип Жогорку Кеңештен тариф саясатын өзүнө тартып алган өкмөт билген буламыгын чалып, тарифтерди эки жыл аралыгында төрт жолу өзгөртүүгө барып отурат. Башкаруу системабыздын башында турган парламент болсо унчукпайт...





Биометрика бүлгүнү
Таза шайлоонун тамтыгы чыгабы?

Гезитибиздин өткөн эле санына ЖК депутаты Улукбек Кочкоров маек куруп, анда азыркы бийликтин биометрикалык маалыматтар аркылуу таза шайлоо өткөрүү аракетиндеги биртоп чекиликтерди санап өткөн. Ошону менен катар эле ал "жарандардын биометрикалык маалыматтарын флешкаларда алып жүрүү бир жагынан коопсуздукка коркунуч жаратса, экинчи жагынан алар атайын шайлоодо колдонулуучу схемаларга колдонулушу мүмкүн" деп айткан болчу. Айтып оозубузду жыйганча эле Сокулук районундагы жарандардын биометрикалык маалыматтары топтолгон флешканын жоголгону тууралуу чуу чыкты. Кырк күнгө жетпей кылыгы билинген бул кыңыр иш менен кошо азыркы өкмөттүн шалаакылыгы ачыкталып, "таза шайлоо өткөрөбүз" деген таттуу убадалары да кыйрап түштү көрүнөт.
"Ооба, чындап эле жарандардын биометрикалык маалыматтары сакталган флешканын жоголгону тууралуу факт катталды. Азыр бул боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Жакынкы үч-төрт күндүн ичинде флешканын жоголушу кандай түрдө болгону, кимдер жоопкер экендиги такталат. Бирок ал жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн эле колунда деген божомол бар" деди Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымынын орунбасары Дастан Догоев. Ал эми өкмөттүн басма сөз кызматынын өкүлү Мелис Эржигитов болсо бул фактыны саясатташкан мүнөздө болгон деп эсептейт. "Бул флешканын жоголушу алдыдагы шайлоону эскиче өткөрүүнү каалаган айрым кызыкдар саясый оюнчулардын атайын жасаган аракети экендиги айдан ачык. Бирок ал жоголгон флешкада биометрикалык маалыматтар болгон-болбогону да так эмес. Ошондуктан биринчи вице-премьер Тайырбек Сарпашев бул ишти Ички иштер министри Мелис Турганбаевге жеке көзөмөлгө алууну тапшырды. Эми буюртмачылар менен аткаруучулар ачыкка чыгышы керек" дейт ММКларга берген билдирүүсүндө.
Ошентип өкмөт өкүлдөрү канчалык далбастабасын биометрикалык маалыматтарды топтоо, алар аркылуу таза шайлоо өткөрүү, жарандарды бирдиктүү мамлекеттик каттоого алуу жараянындагы кемчиликтер оркоюп ачыкка чыгып калды. Бул фактыдан улам коомчулук да козголуп, социалдык тармактарда бийликти сынга алып, миллиондогон жарандардын өздүк маалыматтарын коопсуз сактоого алып, алардын келечегине коркунуч жараткан фактыны айыптап жатышат. Ал барып-барып жарандардын биометрикалык маалыматтарын тапшыруусун токтотууга чейин жеткириши ыктымал. Анда алдыдагы шайлоолордо өткөндө биз белгилегендей "шайлоого укуктуу жарандар" менен "шайлоого укуксуз жарандар" ортосунда теңсиздик пайда болору анык. Өкмөт биометрикалык маалыматтарды чогултуу менен гана кызуу алектенип, ошол эле убакта анын сакталуусуна, колдонуусуна көңүл бөлбөгөнүнө укук коргоочулар да нааразы.
"Учурда 2,5 миллион жаран биометрикалык маалыматтарын тапшырышкан. Бирок өкмөттүн персоналдык маалыматтарды коргоо боюнча жоопкер орган жок дегени мени тынчсыздандырат. Азыркы учурда Мамкаттоо менен УКМК убактылуу гана жоопкер экен. Ошол эле мезгилде биометрикалык маалыматтарды бир базага топтоочу Германиядан келген аппаратты ким жасаганы, кандай коопсуздук механизмдери бар, андагы маалыматтардын виртуалдык түрдө сыртка чыгып кетпешине кепилдик бар экендиги тууралуу маалыматтарыбыз жок. Дегеле азыркы бийлик маалыматтык технологиялар жана андагы коопсуздук боюнча билиминин тайыздыгын көргөзүп жатат" дейт "Прецедент" укук коргоо уюмунун башчысы Нурбек Токтакунов.
Кыскасы, өкмөт башчынын орунбасары Тайырбек Сарпашев менен Мамкаттоо кызматынын башчысы Алина Шаикова шайлоого чейин бул жараяндын ишпалдасын чыгарып, иттен чыгарганы калды окшойт.
Бетти даярдаган
Тынчтык Алтымышев