presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Китепкана

Агым
Үмүт жана үмүт...
Европа: "Бизден акча, сизден адам укугу!"

Ошентип кечээ өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин Европа мамлекеттерине болгон саякаты аягына чыкты. Ооба, коомчулукта Алмазбек Атамбаевди бир тараптуу сындап, аны Орусиянын көзүн караган бир векторлуу саясатчы катары карап жаткан маалда, анын Евробиримдиктин курамындагы белдүү мамлекеттер менен түзгөн алакасы жемиштүү эле болду. Швейцария, Бельгия, Австрия , Франция жана Германиянын президенттери, Европарламенттин мүчөлөрүнүн, эл аралык каржы уюмдарынын башчылары менен жолугушуусу негизинен ырааттуу жүрүп отурду.
Жашырганда не, биз чет өлкөгө иш сапарлаганда алардан эң биринчи каржылык колдоону үмүт этет эмеспизби. Ал жагынан алганда азырынча Алмазбек Шаршенович бул жолу куржунун жакшы толтуруп келгени туру. Айталы, Швейцария Кыргызстандагы келе жаткан шайлоолорду өткөрүүгө колкабыш катары 1,8 млн. швейцар франкын бөлүп берүүнү убада кылды. Ошондой эле алар шаарлардын инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн 74 млн. швейцар франкын жеңилдетилген грант катары бөлүп берет деген жаңылык бар.
Мындан тышкары Европа биримдиги уюмдун капчыгынан 30 млн. евро өлчөмүндө каражат бөлүп, Кыргызстандын социалдык коргоо тармагына жардам кылары белгилүү болду. Бул келе турган акчаны өкмөт башчынын орунбасары Валерий Диль ошол жактан эле бөлүштүрүп, негизинен мектеп жашына чейинки балдарды тарбиялоого, билим берүү менен саламаттык сактоого жумшаарын айтып жиберди.
Бирок бул берилип жаткан каражаттардын артында мурда белгилүү болгондой эле чо-оң сурагы бар. Тагыраагы, Алмазбек Атамбаев Европага аттанып жатканда эле эл аралык адам укугун коргоочу "Хьюман райтс вотч" уюму Европа лидерлерине кайрылуу жасап, кыргыз парламенти көтөрүп жаткан бачабаздыкка каршы жана бейөкмөт уюмдардын ишмердигин жөндөө боюнча мыйзамдарды Кыргызстандын Президентин колдобоого чакырууну талап кылган болчу. Андыктан бул маселе Алмазбек Атамбаевдин иш сапарында көтөрүлүп, ага өлкө башчысы "бизде парламент өз алдынча орган. Алар айтылып жаткан эки мыйзам долбоорун кабыл алып мага жолдошсо, мен аны эл аралык стандарттардын негизинде карап чыгам. Албетте, эл аралык эксперттердин элегине салып талкуулап чыгам. Балким ал мыйзамдын түпкү маани-маңызы парламент тарабынан өзгөртүлүп кабыл алынышы да мүмкүн" деп жооп айтып кутулду.
Эми аталган талаштуу мыйзамдын тагдыры кандай болот, күтөлү. Милллиондогон евролордун айынан Президент жана ага баш ийген парламент аталган мыйзамдарды аягына чыгарбай таштап коебу же улуттук кызыкчылыктын урматына коомчулуктагы адаттан тыш көрүнүштөргө тыюу салып, коопсуздукка басым жасайбы?
Тынчтык АЛТЫМЫШЕВ




"Азаттыктан" алынды
Мына силерге 7-апрель!
Кимден: Адилет Каяктан: Кыргызстан

Отургандардын копчулугу Максим Бакиевдин кайын журту, бир тууган Кененбаев Болот менен Темирбектин балдары, Максимдин кайынагасы Арслан Кененбаев ошол эле учурда Гулмира Исаковна Отунбаева менен Адамкалый Чыныбаевдин куйоо баласы, дагы бир катышуучу Айбек Жангазиев Максимдин бажасы жана жакында козу откон Карыбек Молдобаевдин озу чонойткон жээн небереси жана шаардагы элитный BELAJIO-БЕЛАЖИО ресторанынын кожоюну, ал эми виновник торжества Мурат Усенов да Кененбаевдердин куйоо баласы жана Максимдин бажасы, атасы Кыргызстанды тоноп бай болуп, кесилгенине карабай, копкон баласы "Колунардан эмне келет" деп тайрандап, керек болсо атайлап 7-апрелдин астында орусча айтмакчы ВЫЗОВ ОБЩЕСТВУ жасап, ыйык сахнада кутуруп атат, демек булар бул жерде биринчи жолу чогулуп жатышкан эмес. Ал эми министр Калык Султановдун баласы менен Жумабек Салымбеков учурда акчага копкон, коздорун май баскандар... Театрдын залындакы килем-дорожкалардын ахвалын коргон нормальный адам ал жерде кутурбайт, акчалары батпай атса ошол килемдерди алмаштырып койсо , театрга келген чет элдиктердин алдында жузубуз жарык болот эле го.
(Тексттин стили, грамматикасы өзгөртүүсүз берилди)





Бейөкмөттүн "бейиши"
Кайрымдуулук кылган католиктер, кармалган "хизб-утчулар"...

Өткөн жумада өзүмбилемдик менен диний кырдаалды иликтеген материал жыйнап жүргөн жеринен АКШнын жараны, өзүн журналист атаган Умар Фарук деген адам укук коргоочулар тарабынан кармалган эле. Анын жанынан "Хизб-ут Тахрир" уюмундагылар менен башка да диний террористтик уюмдардын мүчөлөрүнө козголгон кылмыш ишин тергеген материалдардын көчүрмөсү, диний-экстремисттик маанайга чакырык жасаган басылмалар, электрондук маалымат сактоочу буюмдар табылган. Ошондой эле Оштогу "Бир дүйнө Кыргызстан" укук коргоочу бейөкмөт уюмунун кызматкерлеринин визиттик карточкалары табылып, аларды ошол уюмдун кызматкерлери бергени такталат.
Мындан соң УКМКнын кызматкерлери аталган уюмдун диний-экстремисттик уюмдар менен байланышынан шек санап, текшерүү максатында алардын кеңсесин тинтүүгө алышкан. Ошол окуядан соң "Бир дүйнө Кыргызстан" уюмунун кызматкерлери Валерьян Вахитов менен Хусанбай Салиевдер маалымат жыйын өткөрүп, күч органдарынын тинтүүсүн "мыйзамсыз болду, алар биздин бардык маалыматтарды алып кетишти" деп айкырык салышууда. Көрсө, алардын минтип чырдоосуна негизинен каржылык жааттагы сырларынын ачыкка чыгып кетиши себепчи болуп жаткандай.
Айталы, ММКлар аталган уюмга 2013-2014-жылдар аралыгында чет элдик уюмдардан жалпысынан 233 миң 912 АКШ доллары келгенин жазып чыгышты. Аларга таянсак, "focus.kg" cайтындагы маалымат боюнча "Stichting ICCO" эл аралык уюмунан (Церковдор аралык кызматташуу координациялык комитети, Голландия) 2013-жылдын 5-июлунда 40000 доллар которулган. Ушул эле аталган уюмдан андан кийин дагы эки жолу акча каражаты келген. Биринде 22384 доллар, экинчисинде 31852 доллар. Ал эми "Secours Catholique" эл аралык уюмунан ("Каритас" католиктик кайрымдуулук фонду, Франция) 2013-жылдын 16-июлунда 20000 доллар, 2014-жылдын 10-февралында 41000 доллар, 2014-жылдын 25-февралында 31852 доллар которулган. Мындан тышкары "КРдагы ОБСЕ борбору" эл аралык уюмунан 2014-жылдын 7-мартында 22320 доллар алышыптыр. Ошондой эле "Stichting Hivos" эл аралык уюмунан да 24500 доллар "Бир дүйнө Кыргызстан" укук коргоо уюмунун эсебине келип түшкөн.
Кызыгы, жогоруда көрүнүп тургандай, укук коргоо уюмунун алган жардамдары эл аралык диний фонддордон болуп жаткандыгы. Ушундан улам ЖКда каралып жаткан "бейөкмөт уюмдарды чет элдик агент катары кароо" мыйзамы керекпи деген ойго келесиң, эй.
Тынчтык АЛТЫМЫШЕВ





Жазганга кайра кайрылабыз
Аялдар борбору өз миссиясын аткарып жатат



Кыргызстан Аялдар Конгрессинин алдындагы "Диалог" фондуна тиешелүү Шопоков шаарындагы билим берүү, бала бакча, психологиялык, юридикалык жардам берип жана чет тилдерди үйрөтө турган аялдар борборунун тегерегиндеги Жогорку Кеңеш депутаты Айнуру Алтыбаеванын маалыматы түрдүү пикирди жаратты. Белгилеп кое турган нерсе, аталган имараттын мурдагы, кийинки абалына, ар түрдүү жардам алып жаткан аялдар, анда тарбияланып жаткан жаш жеткинчектерге эмес, Транзиттик жүк ташуулар борборунун бул имаратты оңдоого бөлгөн 750 миң долларга өзгөчө көңүл бурду.
Жогорудагыдай маалыматтар ачыкка чыккандан кийин Кыргызстан Аялдар Конгресси, Шопоков мэриясы бул имаратка тиешелүү төмөнкү маалыматтарды берди. Шопоков шаардык кеңешинин ХХ сессиясынын (29-август 2003-ж.), Шопоков шаардык мэриясынын №279 (24-сентябрь 2003-ж.) чечимдеринин негизинде бизнес инкубатор түзүү үчүн Шопоков шаарынын Победа көчөсү №1 "А" дареги боюнча жайгашкан имарат 80 сотых жер тилкеси менен "Диалог" коомдук фондунун балансына өткөрүлүп берилген. Бул чечимдердин негизинде Мамлекеттик каттоо кызматынан мыйзамдуу документтер алынган.
Бул имарат убагында Сокулук райондук ооруканасынын балансында болуп (2003-ж.), бирок эскилиги жетип, өз багыты боюнча беш жылдан бери пайдаланылбай калган. Сокулук райондук ооруканасынын жетекчилиги өздөрүндө имарат жетиштүү экендигин, жогорудагы имарат таланып жок болгуча шаар үчүн пайдалуу жайга айланса жакшы болорун билдиришкен. Ошол мезгилдеги (1996-2003-ж.) медицина тармагынын реформасынын негизинде тонолуп, авариялык абалдагы имарат Шопоков шаарчасынын балансына өткөрүлүп берилген.
Азыркы учурда бул имарат "Диалог" фондуна тиешелүү бойдон өз статусун өзгөрткөн жок. Ошондуктан аны бирөөлөр приватташтырып өз менчигине өткөзүп алды деген маалымат чындыкка дал келбейт. Экинчиден, Аялдар Конгресси бул имаратты өз күчү менен ремонттоп, 2004-жылдан баштап бизнес инкубатор ачып иштете баштаган. Транзиттик жүк ташуучулар борборунун өкүлдөрү бизнес инкубатордун иши менен таанышканы келишип, имараттын шыбынан компьютерлерге тамчы тамып жатканын көрүшөт да, биз толук ремонттоп берели деп сунуш кылышат. Ушундан кийин расмий тендер жарыяланып, "Мегалит" аттуу ишкана аны жеңип алып, имаратты толугу менен ремонттон өткөзөт. Конгресс 750 миң долларды көрмөк турсун, курулушчуларга бир нерсе айтканга да акысы жок болгон. Мунун бардыгы Транзиттик борбордун иш алып баруу протоколуна туура келет. Үчүнчүдөн, Аялдар Конгрессинин төрайымы Замира Акбагышева жогорудагы имаратты бизнес инкубаторго гана эмес, балдар бакчасына жана муктаж адамдарга жардам берүүчү, тилдерди үйрөтүүчү жайга айлантканы, шаарда жашагандар үчүн көп пайда алып келгенин шопоковдуктар ырастады. Учурда бул жердеги бала бакчада 80 бөбөк таалим, тарбия алып жатат жана аялдар борбору Шопоковдун маданий борборуна айланган.
Атайын кабарчы











??.??