"Агым", 02.03.15 Жоомарт Оторбаевдин жолу болбоду
Ушул жумада өкмөт парламенттен сурап алган "Кумтөр" маселесин бир жаңсыл кылуу боюнча мөөнөт аягына чыкты. Ооба, биз күткөндөй эле кенди иштетүүнү реструктуризациялоо жараяны ишке ашпай калды. Мындан соң кыйчалыш убакта Жоомарт Оторбаев баштаган өкмөт отставкага кетчүдөй болуп турат. Ооба, Көк үйдөгү өздүк булактарыбыздын шыбырына кулак түрсөк, канадалыктар биздин өкмөттүн талаптарына каршылыкты катуу коюп, биз айткандай кыласыңар, айлаңар барбы, болбосо билгениңерди кылгыла, жеңиш биз тарапта болот деп басып кетиптир. Ал эми алтын маселесин чечүүдө эми парламент чындап сыналганы туру. Дагы бир акылдуулары чыгып, дагы бир жолдорду сунуштап киреби же "Ата мекен" фракциясын алдыга коюп алып, улутташтыруу жараянына барабы, карап туралы. Тайгак кечүү, тар жол...
Европадан көңүлү көтөрүңкү келген Президент не дээр экен?

Коррупциянын жашын сурабайт
Сырттан билим алып келген жаш кадр, мыкты менеджер, заманбап жетекчи катары Чыңгыз Шамшиевди эки жыл мурун Президенттин алдындагы башкаруу академиясына алып келишкен. Бирок окуу жайдагы окумуштуулар жамааты жаш ректорду кыргыз тилин басмырлайт деп күнөөлөп, акыры ал кызматынан кол жууган. Эми болсо УКМКнын антикоррупциялык кызматы ага "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекеттин чөнтөгүнө 300 миң сомдон ашык зыян алып келген" деп кылмыш ишин козгоп отурат. Алардын маалыматы боюнча Чыңгыз Болотович окуу жайга тиешелүү ашкананы ижарага берүү менен жеке колдордон чөнтөгүнө акча жымырып жүрүптүр. Азырынча ал иш иликтенгенче үй камагында калтырылды. Кызык, коррупция десе эле көзгө курсагы чоң, ээги эки кат чиновниктер тартылчу эле, көрсө, аның жашка деле карабайт тура.

Токтосун Токтогулду толкутуп туру
Токтогул районунун борборундагы ишемби күнү болчу мал базарда "электр энергиясына 9 тыйындан ашык төлөбөгүлө" деген баракчалар таркатылганы маалым болду. Бул чакырыктарды кимдер уюштуруп жатканы белгисиз. Бирок өткөн жумалардагы вице-премьер министр Тайырбек Сарпашевди токтогулдук жердештери талоонго алып, аны сүйлөтпөй койгонунда бир мандем бар. Угушубузга караганда, азыр бул чөлкөмдүн саясатын көшөгө артынан ишкер Токтосун Мадияров мырза башкарып жаткандай. Алардын билдиришинче, келерки шайлоодо Токтогул районунан кайсы бир партия менен депутаттыкка аттанган ал жигит Сарпашевдер менен салгылашууга даярданып жаткан имиш. Деги тынч болгой эле. Так талашып атышып, азыркы парламентте да бир депутаты жок калышкан...

Дастан акенин дүбүртү
Өткөн жумаларда өкмөт бир дагы мамлекетке караштуу имараттан жыйын курууга жай бербеди дешип, 400гө чамалаш жарандар борбордогу "Алтын-Дан" чайханасында элдик курултай өткөрүштү. Ага катышкандардан бир карасаң мамлекеттик кызматкер, бир карасаң бейөкмөтчү Сапар Аргымбаев электр энергиясынын кымбатташына карата каршы пикирин айтып, өкмөттүн коррупциялашканын сынга алган. Кызык, андай болсо өзү неге миллиарддаган акчанын сайда санын таппай жаткан "Түндүкэлектр" ишканасында түпкүчтөй ийрилип айлык алып, директорлор кеңешинин мүчөсү болуп отурат?
Дагы бир кызык, жыйында "Кумтөр" маселесин элдин пайдасына чечүү талабы айтылды. Бирок курултайдын негизги уюштуруучусу бир кездеги "Кыргызалтын" концернинин президенти Дастан Сарыгулов экен...

КТРге кимдер барат?
Көптөн күткөн кыялы ишке ашып, акыры КТРКнын жетекчилигине бекиген Илим Карыпбеков эми каналдын жетекчилигин жаңы кадрлар менен алмаштыруунун үстүндө иштеп жатыптыр. Угушубузча, жакын арада теле тармагын тейлөөчү орунбасар сырттан дайындалат экен. Ошондой эле радио тармагын жетектеп жаткан Кайрат Иманалиев да кызмат ордун сырттан барган кадрга бошотуп бериши күтүлүүдө. Азырынча тапталып жаткан "десанттардын" аттарын атабай эле туралы, ансыз да каналды каптаган интрига ишин кылып кетпесин. Андан тышкары КТРКдагы каржылык директор, аппарат жетекчи дегендер да иштен айдалабы, өздөрүнчө эле отурарга орун таппай, күнү-түнү күдүңдөшүп, жаңы жетекчинин тилин таппай убарага түшүп жатканын уктук.

"Ата мекен" бир боор элең...
Күзгү парламенттик шайлоо депутаттыктын далай кыныгын алган саясатчылардын шаштысын кетире баштады. Азыртадан эле кийинки креслонун камын ойлоп, түн уйкусунан азып, түшүн жорутуп, төлгө тартып киришиптир. Кээ бири айрым аттуу-баштуу партияларды айланчыктап турушат. Айталы, КСДПнын эң эски мүчөлөрүнүн бири Дамира Ниязалиеваны "жаңы" партиялаштары акырын сүрүп чыгарып, кийинки талапкерлердин тизмесинен чийишкенин укканы башка партияга ыктап жаткандай. Ак үйдөгү өздүк булактарыбыздын айтымында, азыр социалдык блокту бажарган вице айым "ата мекенчилер" менен ат тезегин кургатпай жолугуп, кийинки шайлоого бирге чыгууга план куруп жаткан шекилдүү. "Көздүү мончок жерде калбайт" демекчи, Өмүрбек Чиркешович Дамира Абаскановнанын даңкын ченеп-бычып жатса керек...

Сариеванын чечимин университет саргая күтөт
Билим берүү министри Эльвира Сариеванын эмне иш кылып жатканы тууралуу коомчулукка кабар жетпей жаткансыйт. Мисалы, ЖОЖдордогу коррупция боюнча комиссиянын жыйынтыгы чыкканы менен, ал боюнча чара көргөн-көрбөгөнүн уга элекпиз. Аңгыча мектептер аралык олимпиаданы чыр коштоп, анын да аки-чүкүсү иликтенбей чала калды. Өлкө боюнча мугалимдердин психологиялык абалын текшере коебуз деди эле, ал жараяны Бишкектен ары узабаптыр. Башкасын коелу, бул жаш министр Кыргызстандагы ЖОЖдордун флагманы делген Кыргыз улуттук университетинин ректорлугуна же жаңы шайлоо жарыялап, же эски шайлоонун жыйынтыгы менен Алтай Бөрүбаевди ректор кылып дайындабаганы эмнеси? Балким алдыдагы шайлоолордо административдик чоң ресурс болчу окуу жайга кыязы КСДПдан "партизан" жөнөтүлбөй, ошону күтүп отурбасын?..

Батыралиев баягылардын эле жолуна түштүбү?
Саламаттык сактоо тармагынын "баш сакчысы" Талантбек Батыралиевдин ишине да дарыгерлердин ичи чыкпай турат. Жалындуу сөз сүйлөп, жагымдуу идеяларды айтканы менен ишке келгенде, айрыкча башкаруу жагын бажара албай жатат дешет. Мисалы, репродуктивдүү ден соолукту коргоо борборунун башчысы Аида Токтоматованын илимий докторлук иши талашка түшүп, бул документтин плагиат экендигин Кыргызстандагы Борбор Азиядагы Америка университетинин президенти да айтып, Жогорку аттестациялык комиссияга кат жолдогону белгилүү. Бирок Талантбек мырза бул чырга чекит коюп, оорукана башчысын ордунан жылдыра албай кылчактап турат. Сыягы, Курманбек Бакиев учурундагы командалаштарын жамандыкка кыйбай жаткандай...
Дагы бир маселе, учурда өлкө боюнча балдарды кызамык, кызылчага каршы эмдөө бүтүп калды. Бирок ушу тапта эмдөөлөрдөн баш тарткандарды да сөзсүз эмдөө алышыңар керек деген кыйноолор башталды. Балким чет өлкөдөн дарыны өтө көп алып алышып, ошону "сиңире" албай жатышабы деп ойлойт экенсиң.
"Жаңы Агым" - пресс