газета "Агым" на кыргызском языке • №13, 02.04.15. • "Агым" гезити, кыргызча...
Бир бүркүм…
Мамлекеттик желектин авторлорунун бири, "Кызыл кар" повестинин автору Маматбек Сыдыков көз жумду.

Түркиянын 44 ири шаарлары менен аймактары электр энергиясыз калды. Муну өлкөнүн премьер-министри Ахмет Давутоглу теракт менен байланыштырды.

Сокулукта Ирандан Европага кетүүчү 125 килограмм героинди алып бараткан машине кармалды.

"Шин-Лайн" ишканасында мөөнөтү өткөн балмуздактарды сатыкка чыгаруу ачыкка чыкты.

Кыргызстандагы мектептердин 85 пайызы авариялык абалда экенин Билим берүү министри Эльвира Сариева билдирди.

Жалал-Абадда 15 миңден ашык окуучунун ата-энеси сыртта жүргөндүктөн алар туугандарынын кароосунда.

30-мартта болгон катуу шамал Ысык-Көл облусундагы мектептердин, үйлөрдүн чатырларындагы биртоп шыйпырларды учуруп кетти.

Бүгүн 7-апрель революциясынын катышуучулары менен баатырларынын жыйыны болот.

2015-жылы капиталдык салымдардын эсебинен 271 объект куруларын Архитектура, курулуш агенттигинин директору Турдубек Мамбетов билдирди.

"Курманжан датка" тасмасы Россия кинематографиялык искусство академиясынын "Ника" киносыйлыгын албай калды.

"Кудайберген" базарынын ээси Эльвира Сурабалдиевадан пара талап кылган Мамлекеттик антимонополдук көзөмөлдөө агенттигинин кызматкери Нургали Кудаяров 5 жылга эркинен ажыратылды.

Метеорологдордун билди-рүүсүнө караганда, апрель айы жаан-чачындуу болот.

Ошто 36 жаштагы прокуратура кызматкери иш кабинетинде отуруп каза болду.

Берлинде "Немистер Кыргызстан тарыхында" аттуу көргөзмө өтөт.

"Жаңы Агым" - пресс