"Агым", 26.03.15 Шайлоону "шайтан" коштойбу?
Улукбек КОЧКОРОВ, ЖК депутаты:
"Келаткан шайлоо деле ыплас
өткөнү калды..."

- Улукбек Тойчубаевич, парламент эки окуудан өткөргөн Шайлоо кодексине байланышкан мыйзам долбоору алдыдагы парламенттик, президенттик шайлоолордун ачык, таза өтүшүнө жол ачат деп ишенесизби?
- Бул мыйзам негизинен биометрикалык белгилер боюнча шайлоону өткөрүүгө багытталган. Анын эң негизги максаты - шайлоону ачык-айкын, таза, калыс өткөрүү жана мүмкүн болушунча жарандарды көбүрөөк шайлоого тартуу болчу. Мен биометрикалык шайлоо процесстери боюнча Монголияда, Грузияда презентацияларга катышып, чындыгында эле ушул шайлоо системасы бизге кирсе, Кыргызстан алдыга бир кадам жыла турганына, шайлоолордун таза өтүшүнө абдан ишенип колдогон элем. Бирок азыркы бийликтин парламентке сунуштаган шайлоо механизми тилекке каршы көп мүмкүнчүлүктөрдү өзүнө камтыбай калганы абдан өкүнүчтүү. Мисалы, Монголияныкына салыштырмалуу биздеги эң чоң кемчилик бул - биометрикалык маалыматтардын базасы системалуу башкарылбагандыгы. Айталы, эртеңки шайлоодо мен Бишкектеги кайсы бир шайлоо участкасынан таң эрте добушумду берип, түштөн кийин Балыкчыга барып кайра добуш берүүгө кайсы бир шайлоо участкасына кирип арыз берсем, менин Бишкектен добуш бергеним ал жактан чыкпай калып, дагы бир жолу бюллетень салууга укуктуу болуп калышым мүмкүн. Анткени азыр өкмөт биометрикалык маалыматтарды коопсуздук шылтоосу менен жалпы бир базага топтобой, ар участоктор боюнча флешкаларда сактайбыз деп жатат. Бул деген мурдагыдай эле бюллетендерди ыргытуу, карусель ыкмасына жол ачып жатат. Анткени шайлоо участогундагы кызыкдар кызматкерлер кайсы бир жарандардын биометрикалык маалыматтарын башка бир участоктогу топтолгон биометрикалык маалыматтарына кошуп, флешкалардан оодарыштырып албайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Ошондуктан эртең Бишкек шаарында бир канча жүздөгөн адамдардан турган атайын топтор түзүлүп, алар мурдатан даярдалган схемалык маршруттар боюнча шайлоо күнү 15-20 участокко кирип добуш берип чыгып кетишине жол ачык калып жатат. Ошондуктан мен буга каршымын. Бирок баарынан таң калычтуусу, биометрикалык маалыматтарды топтоо боюнча өткөрүлө турган тендердин техникалык шарттамасында мунун баары бар болчу. Республика боюнча биометрикалык маалыматтар атайын базага киргизилип, сервер аркылуу системалуу иштеши көрсөтүлгөн. Андай болгондо мен Баткенден добуш берип, кайра Кызыл-Кыядан добуш бергени кирсем, система менин жолумду жаап, мурда добуш бергеним ачыкка чыгып калмак. Ошондуктан мен тендер боюнча Мамкаттоо кызматынын башчысы Алина Шаиковага кылмыш иши козголушу мүмкүндүгүн айттым. Себеби, эч ким миңдеген адамдардын биометрикалык маалыматтарын флешкага салып көтөрүп жүрүүгө акысы жок. Бул деген улуттук, мамлекеттик коопсуздук.
- Бул шайлоого мурдагыдай эле паспорт менен эле кирет экенбиз, андай болсо миллиондорду коротуп биометрикалык маалыматтарды жыйноонун эмне зарылдыгы бар эле?
- Жарандардын шайлоого киришин жалгыз гана паспортко байлап жатканы да одоно катачылык. Эмнеге башка документтер менен кирүүгө жол бербей жатасыңар, себеби өлкө боюнча жүздөгөн окшош аттар, фамилиялар болгону менен биометрикалык маалымат деген бирине-бири окшобойт да. Адам келди, аппаратка бармагын басты, биометрикалык маалымат чыкты, кире бериши керек эмеспи деп сурадым. Көрсө, балакеттин баары айланып келип эле тендердин туура эмес өткөндүгүндө болуп жатат. Анткени булардын сатып алган программалык камсыздоосу адамды биометрикалык маалыматтар аркылуу тааныбайт экен. Бул дагы тендердин техникалык шартын бурмалоо. Бул да кечээ анык болду. Себеби "ридер" деп коет, аппараттагы окуп санай турган машина паспорттогу ПИН сандар аркылуу адамдарды таанып, сүрөтүн мониторго алып чыгат деп түшүндүрүштү. Мамкаттоонун башчыларынын билдиришинче, адамды биометрикалык маалыматтар аркылуу тааный турган программалык камсыздоо өтө кымбат турат экен жана ал бир адамды тааныш үчүн 5-6 мүнөт издеп, убакытты алат имиш. Ошондуктан булар адамдардын манжаларын машинага формалдуу түрдө түшүрүп койгону менен паспорттогу атайын ПИН сызыкчаны окумайын тааныбайт экен. Бул деген жарандарды алдоо, укуктарын бузуу, биометрикалык маалыматтар менен шайлоо өткөрүүнү жокко чыгаруу деген эле сөз. Биз максатыбызга жетпей калдык.
- Эртең өкмөт жарандарды "шайлоого укуктуу жаран" жана "шайлоого укуксуз жаран" деп экиге бөлгөнү калды. Бул жарандын конституциялык укугун тебелөө эмеспи?
- Ооба, азыр өлкөдө миграциялык абал курч. Ушундан улам биометрикалык маалыматтарын убагында тапшыра албай калган, бирок шайлоого паспорту менен келген жарандардын шайлоо укугунан ажыратылышы чынында Башмыйзамга каршы келчү маселе. Бул боюнча атайын кызыкдар тараптар иштеп, Конституциялык палатага арыз менен кайрылышкан. Эми алар акыркы жоопту бериши керек. Бирок парламент Шайлоо кодексине өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизген мыйзам кабыл алып койгон да. Демек, акыркы чечимди аталган палата чыгарат.
- Эми добушту саноого келели, жаңы мыйзам боюнча санактан шек кетпейби?
- Алдыдагы шайлоодо электрондук урналар колдонулат. Ал урна ар бир бюллетенди эсепке алып турат да, шайлоо бүтөрү менен кызматкер урнаны жапканда автоматтык түрдө канча бюллетень салынды, канчасы жарактуу, канчасы жараксыз, анын ичинен кайсы партияга канча добуш түшкөнүн санап, принтерден жыйынтыкты чыгарат. Бирок бул акыркы жыйынтык эмес. Участоктогу шайлоо комиссиясы урнаны ачып, кол менен бирден санап чыгып, андан соң протокол толтурулат. Бирок бул мыйзамдагы бир чийки жагдай - бир участоктон бир бюллетень ашык чыгып калса, ошол участоктогу жалпы добуш жокко чыгарылат деген эреже кетип калды. Бул өтө коркунучтуу жыйынтык берет. Себеби, эртең кайсы бир участоктогу дээрлик 99 пайыз эл оппозициялык партияга добуш берсе, муну жокко чыгарыш үчүн административдик ресурска болгону бир бюллетенди санап жатканда кошо салуу эле жетиштүү болот. Буга жол бербеш үчүн биз ошол электрондук урналар ар бир салынган бюллетенге белги коюу мүмкүнчүлүгүн жасаш керек деп жатабыз. Ошондо гана сырттан атайылап бюллетень ыргытууга бөгөт коюлат. Анткен менен Шайлоо кодекси жогоркудай чийки коштоолор менен кабыл алынып жатканы абдан өкүнүчтүү.
- Алдыда мыйзам долбоору үчүнчү жолку окуудан кабыл алынат да?
- Негизги кошумча-алымчалар биринчи, экинчи окууда киргизилиши керек болчу. Үчүнчү окуу бул болгону формалдуулук.
Тынчтык АЛТЫМЫШЕВ