"Агым", 19.03.15 "Суфлёр" - классика үлгүсү
Эл жылдан жылга театрга каттачу жолду унутуп баратат. Элдин азыр күнүмдүк оокат табар жолу кайсы болсо, каттаган жолу ошол. Базарга барчу жолду билет, жамандыкка барчу жолду билет, той-ашка барчу жолду билет... Анан поездге же самолетко белет алып, бөлөк эл, бөтөн жерге аттанып жумуш табар жолду гана билгилери келет. Негедир соңку кезде Кыргызстандын жашоосуна тойдум деген маанайдагылар көбөйүп бараткандай. Албетте, социалдык турмуш соккусу кайсы коомду болбосун кыйгап өтпөгөнүн адамзаттын басып өткөн тарыхынан билебиз. Арийне, азыркыдай өткөөл заман кыргыздын эле башынан өтүп аткан жок, зулум тарых канчалаган улутту алмуздактан бери эле камгактай удургутуп келген. Дагы удургутат. А кайсы калк туруштук берсе, өз тагдырын улап кетет. Жайнаган курт-кумурскалардын деле кайсынысы жан багып кетүүгө жөндөмдүү болсо, жашоо жыргалы, жашоо түйшүгү ошонусуна буюрат. Жаратылыштын заң-закүнү ар бир улутту да күрөш жолу менен сынайт, чыңайт. Тарыхта кайсы эл эң оор жолду басып өткөн болсо, ошол элдин турмуштук тажырыйбасы, жөндөмү, маданияты, адабияты укмуштай калыптанган. Адамзаттын байтактуу дөөлөт-мурасын калыптаган андай улуу элдердин баары бүгүнкү биз көргөн кыйын кезеңден өткөн шор турмушту кечип келген. Өзгөчө еврей улутундай тарыхта нечен кылымдап эң оор сыноолорду башынан кечирген кайсы калк бар? Кара курсак, кара жандын амандыгын тилеген еврей улуту башынан кандай оор тагдырды кечирсе да эч качан илим-билим, искусство, адабият, маданият, ж.б... жаратмандык жолдон чыккан эмес. Алар ошонүчүн бүгүнкү күндө дүйнөнүн саясат, экономикасынын гана эки тизгин, бир чылбырын колго албастан, адабият, маданият, искусство тармагынын да дүйнөлүк "администратору" болуп отурат. "Жамандыксыз жакшылык болбосун" нечен даанышман какшап келгени ошол. Кыргыздын эгемендик турмушундагы басып өткөн азап-тозоктуу жолу бизге эмнени берди, дагы эмнени берет - биз бүгүн ушул туурасында ой калчоого милдеттүүбүз. Артта калган жылдар чыныгы адабият, искусство жаратмандарынын муунун тарбиялай алдыбы, жокпу?..
Албетте, канчалаган сүрөткерлерибиз совет доорундагыдай ырааттуу жана өндүрүмдүү чыгармачылыкты аркалай албай келди дегенибиз менен, коомдо болуп өткөн социалдык оор маселелерди чагылтып берер чыныгы сүрөткерлерден кол жууп калбаганыбызга өткөн жумада премьерасы болгон жазуучу, драматург Султан Раевдин "Суфлёр" аттуу спектаклинен кийин толук ынандым. Аталган чыгармадан улам С.Раевди чыныгы драматург, тубаса режиссер катары таанысак болот. Чыгармадагы белгилей кетчү эң башкы өзгөчөлүк - классикалык үлгүдөгү жаңы формада сахналаштырылган бийик эстетикалуу искусствонун жаралышы. Албетте, буга чейин кыргыз театр өнөрүндө француз драматургу Жан Коктонун "Адам үнү" аттуу моно-спектакли коюлуп келгени белгилүү. Бирок бул эки чыгарма тең формасы жагынан бири-бирине жакын болгону менен өзөктөрү эки башка. Арийне, адабияттагы кара териңди шорголотуп, жантениңди сууруп алчу эң оор жанр драматургия экени дайын, ал эми Жан Коктонун "Адам үнү" же болбосо Султан Раевдин "Суфлёр" аттуу пьесасындай чыгармаларды жаратуу дүйнөлүк драматургияда да андан бетер азаптуу машакат экенин театр тарыхын изилдеген көркөм эстетиктердин бири калбай белгилеп келген. Себеби диалогсуз спектаклдеги окуяны өөрчүтүү, көрүүчүнү психологиялык конфликтиси жок моно-спектакль менен залда былк эттирбей кармап отуруу үчүн сахнада ойногон жалгыз актер же актриса жеткен маскарапоз болушу керек же ошончолук магниттүү драмалык оюн көрсөтүлүүгө тийиш. Болбосо аудиторияны сахнадагы жалгыз актриса көрсөткөн оюн үчүн кармоонун өзү өтө опурталдуу, өтө тобокелдүү иш. Негизинен адам баласынын табияты бирдеңкени тиктеп отурганда курч окуяга күбө болууну сүйөт. Мисалга рингде мушташкан эки боксер он эки раунд бою бирине-бири үстөмдүк көрсөтмөйүн көрүүчүнү зериктирип жиберет, экөө бири-биринин көзүн көгөртө муштап же бири-биринин тумшугун канжалатмайын; эки гладиатордун кылычы жалаңдап, бирин-бири кызыл жаян кылмайын көрүүчүлөрдүн эч качан көксөөсү суубайт, чери жазылбайт, кумары таркабайт. А түгүл эки корозду уруштурганга чыгарып коюп тиктеп отургандар да короздун бири экинчисин кызыл жаян болгуча тепкилемейин көрүүчү оюнга ыраазы болбойт. Эки короз аёосуз урушмайын көрүүчү наалыйт. Ушул сыңары эле театр көрүүчүсү да сахнадан адамдын ыйына, адамдын драмалык тагдырына күбө болгусу келет. Андай курч драмасы жок спектакль театр репертуарынан тез эле алынып калары турган иш. Ал эми Султан Раевдин калемине таандык бул чыгарма театр репертуарында далай муун алмашкан сайын жаңыра береринен күмөнүм жок.
Орустун орошон ойчулу Герцен: "Театр - турмуштук суроолорго жооп берчү жогорку инстанция" экенин айтса, С.Раевдин "Суфлер" спектаклиндеги чындык да дал бүгүнкү турмуш маселебизден чыккан философиялык негиздүү чыгарма. Башка көрүүчүлөрдү билбейм, мен үчүн авансценадагы бирде суфлердун, бирде актрисанын образына сүңгүп кирген Назира Мамбетованын сахнадагы чеберчилиги көрүүчүнү бир сааттын аралыгына чейин байлап, матап алгандай, спектаклди бир дем менен башынан аягына жеткиче карап отуруп, контексттен кыргыз театр өнөрүнүн улуу актрисалары Таттыбүбү Турсунбаева менен Бакен Кыдыкееванын тагдыры көз алдыга тартылып отурду. Бир эсе сахнада ойноп аткан актрисанын чеберчилигине суктанып отуруп, каңырык түтөйт. Себеби жалпы эле Назира Мамбетованын бүтүндөй чыгармачыл мууну баштан кечирген өлкөнүн эгемендикке ээ болгон жылдары ичинде канчалаган актёр-актрисалардын сахнадагы багы ачылбай келди?! Канчаларынын чыгармачылык потенциалы катылган бойдон калды. А театр өнөрү артисттердин өмүр курагына, чыгармачыл баралы жетилгенине жараша өнүгөт, өсөт. Бирөө "жыргаганыман жылкычы болуптурмунбу" деп түтөгөндөй, канчалаган мыкты актерлор жыргаган турмуштан улам тамада болуп кеткен жок. Алардын көбү бүгүнкү күндө чыгармачылык формасынан чыгып да калышты! "Күлүк күнүндө, тулпар тушунда" жарышка салынбаса, кандай трагедия? Талант тагдыры деле ошол сымал кеп. Эгерде Ч.Айтматов, Т.Абдымомунов, Б.Жакиев, М.Байжиев, М.Гапаров ж.б... өңдүү драматургдарыбыз чыкпаганда М.Рыскулов, С.Жумадылов, Б.Кыдыкеева, Д.Күйүкова, С.Күмүшалиева, Б.Бейшеналиев, Т.Турсунбаева, А.Өмүралиев, А.Жангорозова, А.Куттубаев, К.Медетбеков, Н.Кытаев, Г.Дуулатова өңдүү театр корифейлеринин таланттары ачылат беле, жокпу? Жогорудагы улуу ысымдардын соңунан келаткан канчалаган театр таланттарыбыз баралына келип турган кезде өнөр өстөнүн өксүткөн жокчулук заман театр, кино, адабият, искусство тармагынын жашоосун токтотуп койгондой мезгилге туш келди. Эми минтип маданият жаатындагы жаратмандыктар уланып, театрга эл каттай турган чыгармалар кайрадан көрүүчүлөрдүн алаканын чаптырып турганга не жетсин.
Негизинен театр, адабият жана жалпы эле искусствонун эстетикалык баалуулугун тартуулаган көркөм чыгармалар акыркы жыйырма жылдан бери өтө эле аз санда жаралып келгени баарыга дайын. Чыныгы көркөм дөөлөт ар дайым жеке культтан бийик экенин унутуп келдик! Буга чейин жалпы элдин мүдөөсүн канааттандырбаган канчалаган "баатырлардын", "тарыхый инсандардын" мааракесине арналган спектаклдер коюлуп, том-том китептер жазылды, бирок алардын көбү элди театрдан да, адабияттан да жаа бою качырган гана "чыгармалар" болду. Мисалга ошол эле С.Раевдин калемине таандык Исхак Раззаков же Курманжан даткага арналып жазылган пьесалары театр репертуарында бүгүнкү күндө барбы? Жок. А бирок соңку жаратылган "Суфлёр" спектакли Н.Мамбетованын чыгармачылык горизонталын толугу менен жайылтып ачып берген бирден-бир көркөм образ, көркөм чыгарма катары кыргыздын алтын казынасын толуктаар мурастардын бири болуп калаарына шегим жок. Ал бирде көздөрү ойноктоп, ойношторунун кумарына канбаган актриса; бирде актриса да, режиссер да, атүгүл гример да эмес, жөн гана суфлёрдун ролундагы каарман. А бирде турмуштун ак-карасын түбүнө жете түшүнгөн үчүн баарынан көңүлү калып, көз жаштан арылбаган философ катын көрүнсө; бирде баёолугу менен энөөлүгү калалек, күлкүсү таза суфлёрдун образына ооп кеткен сахна чебери катары көрүүчүлөрдүн бүйүрүн улам кызытып, өз баянын улам кызыктуу монологго айландыруу менен театр сүйүүчүлөрүнө тартууланган спектаклдин негизги өзөгүн жеберине жеткире ачып берди десек болот.
Олжобай ШАКИР


Пьесадан бир шиңгил
Суфлер да бир азга стулга олтуруп көзү илеше кетет. Ал бир маалда "дирт" чочуп кетет. Телефондун чырылдаган узун үнү. Караан суфлерго кол телефонду алып келип, колуна берет. Суфлер сүйлөшө баштайт. Сүйлөшкөн сайын анын өңү өзгөрө баштайт.
СУФЛЕР: - Алло!.. Алло!.. (Актриса селейип калат. Үн-сөзсүз селейип калат. Пауза..) Спектаклдин алдында жүрөгү кармап калды... өзүнүн бөлмөсүндө... гримерный бөлмөсүндө... күзгүнүн алдында... Бир бетинин жарымын гримдеп, экинчисин гримдегенге жетпей... жүрөгү кармаптыр... Гримделген бетинин тең жарымында бир тамчы көз жаштын изи... Бир тамчы... Бетинин тең жарымы грим, тең жарымы гримделбей... Өмүрү да ушундай өттү жарымы грим, жарымы гримсиз...
Актриса өлүптүр... (Терезенин сыныгындай катуу үн чыгат.)... Жүрөк кан тамыры жарылып өлүптүр... Кана, актрисанын өлүмүн күткөндөр, артынан сөз айтып, бүжүңдөгөндөр, аны сүйүп, артынан чуркаган эркектер, анын даңкы уйку бербегендер, силердин көчөңөрдө бүгүн майрам... Актриса жан берди... азыр эле моргдон телефон чалышты... Мен силердин кубанычыңарды, куйкасы кайышкан жүзүңөрдү көрбөй турам, силердин көчөңөрдөгү майрамыңардын музыкасын укпай жатам... (Суфлердун бут алдына гүлдөр келип түшөт.) Эми силердин гүлүңөр ага кереги жок... Эми силер анын бут алдына ыргыткан розаңардын тикенеги да анын таманына кирбейт... Силер аны жеңем дедиңер, бирок анын атын, даңкын эч качан жеңе албайсыңар... (Пауза.)
Улуу Актриса өлдү...
Бүгүн оюн болбойт...
Жарыкты өчүргүлө...
Жо-жок! Сахнаны жаппагыла анда актрисанын жаны, руху жүрөт...
(Султан Раевдин "Суфлер" пьесасынан)