"Агым", 19.03.15 Шайлоону утурлай
Текебаев Теңиртоодо

"Ата мекен" партиясы Нарын облусунда кезектеги пландык иш-чараларынын алкагында 14-мартта Ак-Талаа районунда, 15-март күнү Нарын шаарында конференцияларды өткөрдү. Буга чейин белгилүү болгондой аталган партия Кыргызстандын бардык аймактарында партиялык ар түрдүү иш-чараларын белгилеп келишсе, облустук партконференцияны Нарындан башташты. Мунун да өз себеби бар. Анткени 2005 -2010-жылдардагы саясый чоң митингдерде, эки жолку революцияда Нарын эли сап башында туруп социалдык теңдик жана адилеттүүлүк үчүн үй-бүлөлүк режим менен күрөшүп келгени анык. Мындан улам төлгө катары облустук конференцияны Нарындан баштап жатканын партия лидери өз сөзүндө белгилеп өттү. Конференциядан кийин жергиликтүү эл көйгөйлүү маселелер, күзгү шайлоо, аймактык квоталар боюнча суроолоруна жооп алышты. Өлкөдөгү козу карындай жайнаган 199 партиянын баары эле мамлекет үчүн, эл үчүн иштээрине күмөн санаган нарындыктар өлкөдөгү бир-эки гана туруктуу партияны, анын ичинен "Ата мекен" партиясын колдой тургандыктарын айтышты. Андан сырткары "Кумтөр" маселеси боюнча мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн керек болсо улутташтыруу керек деген "Ата мекен" партиясынын позициясы колдоого аларлык экенин белгилешти. Мына ушундай кызуу талкуудан соң партия лидери Өмүрбек Текебаев "23 жыл мурун партия түзүлүп жатканда биз элдин социалдык теңдиги үчүн, жаркын келечек, эгемендүү өлкөнү түзөлү деп керек болсо жаныбызды берүүгө даяр болчубуз. Ал эми учурда түзүлүп жаткан партиялардын айрымдары ижарага берилип, кээ бирлери сатылып бизнеске айланып жатат, алар коомдун көйгөйүн, мамлекеттин өнүгүшүн кантип көтөрөт? Мындан улам шайлоо келгенде ийри отуруп түз кеңешип, жети өлчөп бир кескиле" деген сөзүн айтты.





Чындык. Чалма. Чыңырык.
Жыл башында мурдагы Башпрокурор Аида Салянованын күтүүсүз кызматтан кетиши кыргыз коомчулугуна чоң чуу жаратса, эми анын күйөөсү Бакыт Абдыкапаровдун айланасындагы айгак кептер андан бетер резонанс жаратып туру. Коомчулукта айтылып, ММКлардагы жазылып жаткан кабарларга көңүл буруп, УКМК таратып жаткан кылмыш иши кызыккан жанга бу Бакыт Абдыкапаров аялы Аида Жеңишбековнаны эле башкарбай, бүтүндөй Башпрокуратураны башкарып алгандай таасир калтырып жатат. Расмий жагынан алганда ал жөн эле мамлекеттик майда кызматкер, болгону бир министрдин кагазын ташып, папкесин көтөрүп, кийимин ала чуркаган, элпек, кичи пейил жардамчысы. Ооба, ошон үчүн аны жакшы көрөрүн экс-министр Алмамбет Шыкмаматов ачык эле айтып, "мен аны кызматтан албайм, ал болгону кагаз ташыган жардамчы, анын андай иштерге барарына түк ишенбейм" деп тыбырчылап жиберген эле.


Бирок факты деген факты. Укуктун укуругу узун демекчи, УКМКнын изкубарлары Бакыт Абдыкапаровдун баскан изине чөп салып отуруп, анын "Тазалык" ишканасынын кылмыш иши козголгон мурдагы башчыларынан ошол ишти кыскартып берем деп 50 миң АКШ долларын алганын таап, "алдамчылык" беренеси боюнча иш козгошту. Ошондо эле биз бул анын үстүнөн козголо турган иштердин бирөө эле экенин, дагы толгон токой кылмыш иши ачылышы күтүлүп жатканын укканыбызды жазганбыз. Айтып оозду жыйганча эле УКМК Бакыт Абдыкапаровго карата "ири зыян алып келген афералык аракетти уюштуруучу" катары экинчи кылмыш ишти козгоду. Ооба, бул күтүлүп жаткан, Аида Салянова Башпрокурор кезинде эле чети кылтыйып барып жок болгон, 2014-жылы Бишкек ТЭЦин көмүр менен камсыз кылуу боюнча тендерлер жокко чыгарылып, мыйзамсыз түрдө казакстандык "Жезказган энергосбыт" компаниясынан сапатсыз көмүрдү сатып алуу менен мамлекет 13 млн. сом зыян тарткандыгы боюнча кылмыш иш эле. Ал боюнча Башпрокуратуранын башкармалыгынын башчысы Нуртазин Жетибаев камакка алынган. Көрсө, ал "башкарма" мурдагы футболист, Аида Салянованын чукул аяшы, тагыраагы, Бакыт Абдыкапаровдун досу болуп чыкпаспы?! Ошондуктан Бакыт Абдыкапаров Башпрокуратурадагы досун пайдаланып, ал аркылуу "Электрстанциялары" ишканасы менен Бишкек ТЭЦинин жетекчилигинин жүрөгүнүн үшүн алып, өздөрү каалаган оюнду курушкан тура. Баса, ошол сапатсыз көмүрдү саткан казак компаниясы болсо айтылуу эл аралык олигарх, кагазды ушалап акчага айландырган шылуун Александр Машкевичке караштуу экенин да айтып коюшубуз керек. Кызык, анча-мынча адамдардын колу жетип, духу даабаган Машкевичке "анча-мынча унаа сата калган" жөнөкөй бизнесмен, кагаз ташыган жардамчы кантип карым-катнашка жарап калды, ыя? Буга жооп издей келсек Бакыт Абдыкапаровдун кадыры менен капчыгы өзү эле көзгө уруна түшөт экен. Анткени ал Юстиция министрлигинде жардамчы катары кирип-чыгып жүргөнү менен бизнести эчак эле гүлдөтүп коюптур. Мисалы, 2012-жылы Аида Салянова улам бир саясатчыга иш козгоп, жылдызы жанып турган маалда Бакыт Абдыкапаров кайнагасы Калый Салянов менен бирге Бишкек шаарынын Жибек Жолу көчөсүнүн боюнан 13 млн. 200 миң сомго жер аянтын сатып алып, ал жерге техникалык сервиси, алып-сатуу кеңсеси менен кошо "Бимоторс" аталган автосалон курушат. Салонго жалаң жылы жаңы жолтандабастарды чет өлкөдөн алып келип сатыкка чыгарышчу. ММКлардагы эсептерге таянсак, азыр жогорку аты аталган эки кожоюнга таандык 330 автоунаа бар экен. Ар бир жолтандабасты болбой калды дегенде эле 40 миң АКШ доллардан эле сатса, буларың азыр 13 млн. 200 миң АКШ долларын басып жаткан болуп жатпайбы. Демек, Аида Салянованын партия түзүүгө, эртеңки шайлоого аттанууга толук шарты да, шансы да бар турбайбы! Бакыт Абдыкапаров деген министрге жардамчы миллионердин сүйүктүү айымы катары ал саясый партияларды миллиондордун күчү менен жөн эле артка калтырып, эртең парламентти "басып" алса деле болчудай!
Ошону менен катар эле унаа бизнесине байланыштуу дагы бир кызык фактыларды кечээки гезиттер эстетип коюшту. Ооба, 2011-жылдагы Башпрокурордун отчетун алып жаткан айрым парламентарийлер Аида Салянованын баасы 2 млн. 279 миң 890 сомго "Лексус GX 470" жолтандабас сатып алышы мыйзам бузуу деп чыгышкан. Атургай УКМКнын антикоррупциялык кызматы да бул унаа Башпрокуратуранын жаңы имаратын оңдоого бөлүнгөн акчага алынганын, бул каржылык мыйзам бузуу болорун, анткени тендер жарыяланбаганын, анан калса 1 млн. 500 миң сомго кымбат алынганын иликтегени белгилүү болгон. Бирок бул факты да "туула элек жатып, туна чөккөн". Жакын арада УКМК ушул "ара төрөлгөн" ишти да "тирилтип" чыгары турган иш.
Кыскасын айтканда, Аида Салянова ар кимге телефон чалып, жолдошу Бакыт Абдыкапаровдун "саясый оюндардын курмандыгы" болуп калбасы үчүн жардамга чакырганы менен фактылар улам оркоюп чыгып турган кези. Атаганат, аялдык кылып жолдошуна өзү эле баш ийбей, бүтүндөй бир көзөмөл органын башкартып салганы эле болбосо, Аида Салянованын абалына деле түшүнсө болот...

Тынчтык АЛТЫМЫШЕВ




Баягынын аягы
Кармалбаган Кадыралиевдин кадыры ушунча чоңбу?

Окурмандардын эсинде болсо буга чейин КСДП фракциясынын депутаты Ыргал Кадыралиеванын Ош прокуратурасында иштеген бир тууган агасы Канжар Кадыралиев боюнча көп жазганбыз. Ага Ош облусунун тургуну Аширали Келдибаевдин арызы менен Кылмыш кодексинин "коркутуп акча алуу", "бейбаштык" жана "өзүмбилемдик" статьялары боюнча кылмыш иши козголуп, 2014-жылы 18-ноябрда кызматынан алынган. А 20-ноябрда болсо ага издөө жарыяланып, ошондон бери Кадыралиев таптырбай келатат. Атургай Кадыралиевди таппаганы үчүн ИИМ жетекчисинин буйругу менен Ош облустук ИИБ начальнигинин эки орунбасары, Өзгөн РИИБинин начальниги Станбек Бакировдор кызматтарынан алынган. Келдибаевдер менен Канжар Кадыралиевди тааныгандар анын Кыргызстанда эле жүргөнүн айтышса, ИИМ аны интерпол менен издеп таппай койду. Ал ортодо Кадыралиевдин жакындары митинг уюштурушуп, Кадыралиев эч жакка качпай эле апасынын үйүндө экенин, тергөө мыйзамдуу боло турган болсо ал суракка келерин да жар салып жиберишкен эле. Андан бери туура төрт ай болгону менен Кадыралиевдин жанжөкөрү Абдисалам Аманов (Сашка) гана кармалып, Кадыралиев дагы деле жоопко тартыла элек.
Түшүндүрө кетсек, өзгөндүк Аширали Келдибаев уул-кыздары, жубайы менен Бишкекте маалымат жыйын кылып, алардын үйүнө 30-август түнү беткапчан балдар кирип, өзүн, жубайын таңып, ишкер уулу Сактанды сабап 12 миң долларды алып кеткенин айткан эле. Буга улай эле ал муну Канжар Кадыралиев менен анын балдары жасаганын, ошондуктан Башкы прокуратура, Президент бул ишти өз колуна алып кылмышкерлерди жазалап берүүсүн суранган болчу. Андан көп өтпөй эле Өзгөн районунун дагы бир тургуну Абдымитал Бекташев "Кадыралиев мени опузалап жеримди тартып алууга аракет кылган" деп арыз жазып, кийин негедир айткандарын карандай танып, арызын кайра кайтарып алган. Келдибаевдердин айткандарын жалганга чыгарган КСДП депутаты Ыргал Кадыралиева болсо агасынын үстүнөн козголгон кылмыш иштеринин баары саясый куугунтуктоо экенин билдирген эле. Бул боюнча Канжар Кадыралиевдин өзүнө байланышканыбызда да ал Келдибаевдердин айткандары жалган экенин, буга чейин эч кимди уруп, коркутуп акча албаганын айтып актанган.
Андан бери бул чуунун аягы басылбай, Кадыралиевдер боюнча ар кандай кептер айтылып келаткан. 17-мартта Оштун дагы бир тургуну Мирлан Жолдошев "Канжар Кадыралиев Ош шаарындагы кафемди мыйзамсыз ээлеп алган" деп айтып чыкты. Анын айтымында, 2012-жылы ал Ош автобекетинин жанына "Улан" деген кафе салган. Ошол жылы каражат жагынан кыйналган Жолдошев Канжар Кадыралиевге кафесин ижарага берип, оозеки макулдашуу менен эле жылына 36 миң доллар алып турмак болгон. Кийин Кадыралиев ага 4,5 миң доллар берип, буга кошумча шаардын турбазасынын жанынан 6 миң сомдук жер участогун да берген. Ал жерге там салган М.Жолдошев Россияга иштегени кеткен. Жолдошев Россияда иштеп жүргөндө Кадыралиевдер анын үйүн, кафесин мыйзамсыз алып коюшкан. "Мен бул боюнча укук коргоо органдарына арыз жазгам. 23-февралда мени белгисиз адамдар шаар сыртына алып чыгышып, Кадыралиевдин тынчын ала берсем аягы жаман болорун айтышты. Алардын жанында менин кош бойлуу аялым болгондуктан мен арга жок тосмо арыз жазып бердим. Аялым төрөгөн соң 2-мартта кайра прокуратурага арыз жаздым" дейт Мирлан Жолдошев.
Ушинтип ар кимди сыздаткан Канжар Кадыралиев төрт айдан бери кармалбаганына караганда бул жерде бир сыр бардай. Же КСДПга кирип алган Ыргал Кадыралиеванын колунда бир кезде өзү айткан Алмазбек Атамбаевге байланыштуу чоң компромат барбы?

Мелис СОВЕТ уулу