"Агым", 13.03.15 Кадыр МАЛИКОВ:
"Пайгамбар азыр жашаса костюм-шым кийип, галстук тагынмак"
Гезитибиздин өткөн сандарында дүйнө жүзүн коркутуп жаткан ИГИЛ уюму жөнүндө жазганбыз. Бул уюм ислам мамлекети деген атты жамынып алып көп жаман иштерди жасап жатат. Бул маселе боюнча Кыргызстандагы саналуу эксперттердин бири Кадыр Маликовду кепке тарттык.


- Кадыр мырза, сиз жакында эле ИГИЛ Орто Азия аймагында өзүнүн таасирин кеңейтүү максатында ири суммада каражат бөлдү деп айтып чыктыңыз. Негизи эле бул уюм боюнча эмне айта аласыз?
- Жалпысынан айтканда башаламандык коркунучу бир эле бизде эмес жалпы дүйнө жүзүндө болуп жатат. Өз-өзүнчө иш алып баргысы келген блоктордун карама-каршылыгы буга негиз болуп жатат. АКШ менен НАТО өзүнчө саясат жүргүзсө, Кытай, Россия жана башка тараптар өзүнүкүн таңуулашып, баары өзүнүн чындыгын издегендиктен ортодо кагылышуулар пайда болуп жатат. Дүйнөдөгү согуштардын баары азыр кызыкдар тараптардын башка өлкөлөрдүн жашоосуна кийлигишүүсүнөн болуп жатат. Жеке менин пикирим боюнча ИГИЛ - бул долбоор. Кызыкдар бир тараптын долбоору. Мындай пикирди айтканга да бир канча себептер бар. Кимдин долбоору экенин азырынча так айта албайбыз жана билбей да калышыбыз мүмкүн. ИГИЛ Сирия согушунун натыйжасында пайда боло калды. 2011-жылдан тарта Сириядагы башаламандыктын жемишинен чыкты. Ага чейин Сирия башка өлкөлөр сыяктуу эле тынч жашоосун өткөрүп жаткан, өнүгүп бараткан мамлекет катары белгилүү эле. Бул деген Сириянын тагдыры бардык мамлекеттердин башына түшүп калышы мүмкүн дегенди билдирет. Анткени учурда ИГИЛ күчтөнүп, каражатын көбөйтүп, өзүнүн кулачын жаюу максатында атайын кагылышуу очокторун издеп турган учуру. ИГИЛ башында Башар Асаддын режимин кулатуу үчүн күрөшкөн топту сырттан каражат, курал-жарак менен камсыздоонун негизинде түзүлсө, кийинчерээк калп эле баш бербей автономдуу иш алып кеткен уюм катары бизге кабыл алдырып жатышат. ИГИЛдин жаралыш тарыхы "Аль-Каиданыкына" аябай окшош. Анүстүнө жакында эле Ирактын атайын кызматтары тарабынан ИГИЛде башкы кеңешчи болуп иштеп жүрүшкөн атуулдар кармалды. Алардын жанынан АКШ, Израилдин жарандары экенин тастыктаган документтер чыккан. Бул бир жагы. Экинчи жагынан оппозиция үчүн деп келген жүктүн ичинде ИГИЛге барчу курал-жарак чыкканы мындай шектин пайда болуусуна далил болуп бере алат. Дагы бир далил, орозо башталганда Израиль тарап Газа секторунда согуштук аракеттерин баштаган. А буга ошол убакта халифин жаңы шайлаган ИГИЛ жооп катары бир дагы ок чыгарышкан жок. Эгер согуштук аракетти биринчи баштаган Израиль тарап чын эле душмандары болсо, жооп кайтарышы керек эле да. Дагы бир шилтеме кыла турган нерсе, Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху өз өлкөсүнүн парламентинде сүйлөп жатып ИГИЛдин бар болгону Израилдин кызыкчылыктарына төп келет деп айтканы бар.
- Ислам мамлекети делген бул уюм ислам дининин принциптери менен иш алып барабы?
- Дүйнөнүн аттуу-баштуу 100дөн ашуун дин аалымдары биригишип ИГИЛдин башчысы Абу Бакир Аль-Багдадиге кат жолдошуп, силер ислам динине көө жаап жатасыңар, мусулмандарды жаман көрсөтүп жатасыңар деп кайрылышкан. Сауд Арабиясы болсо бул уюм жөнүндө кеп кылганда жөн эле мамлекет же уюм деп кайрылышат. Аларда ислам мамлекети деп айтууга тыюу салынган. Анткени аларда ислам принциптери такыр бурмаланган.
- ИГИЛдин кулач жайышына эмне түрткү берет?
- Мындай кадамга региондордогу алсыздык, туруксуздук шарт түзүп берет. Афганистан, Орто Азия, Африка өлкөлөрүндө кагылышуу болоору менен ал жерде ИГИЛдин мүчөлөрү жандана баштайт. Учурда ар бир өлкөдө ИГИЛдин фанаттары бар. Бизде да саналуу болсо да ИГИЛ дегенде жанын аябаган жаштар бар. Алар уюм үчүн кызмат кылууга ант беришип буйрук күтүп уйкуда жатышат. Анүстүнө ИГИЛ террористтик топтордун тарыхындагы эң көп каражат чогулткан уюм катары белгилүү болду. Учурда булардын чөнтөгүндө миллиарддаган долларлар бар. Болжолдуу түрдө 10 миллиарддан ашса керек. Керектүү нерсенин баары колунда турат. Бош турган акча жумшалышы керек да. Ошол каражаттар уюмдун таасирин кеңейтүү максатында коротулат.
Эгер идеологиялык жактан алсак, ИГИЛдин максаты лабораториялык шарттарда иштелип чыккан мыкты идеология катары кабыл алынышы мүмкүн. Анткени учурда дүйнөдө глобалдык түрдө калыссыздык өкүм сүрүп келет. Коррупция, ыймансыздык, алдамчылык, байлар менен кедейлердин ажырымы. Мунун баары калыстык издеген жаштар үчүн ыңгайлуу кыймыл, уюм болуп жатат. Анткени алар ошол нерселерге каршы күрөшүп жатышат. "Аль-Каида" менен талибандардан ИГИЛдин айырмасы кайсы? Булар иш жүзүндө айткан нерсесин аткара алаарын далилдеп жатышат. Конкреттүү территориясы, жетекчиси, командасы бар, коюлган максаттары акырындык менен ишке ашып жатат. Муну көргөн жаштар, бир нерсеге фанат болуп берилип кетип, идея үчүн күрөшүп бул өмүрүн бир максатка арнагысы келген адамдар бул уюмга мүчө болуп кирип жатышат. Алар бир улуу нерсени ишке ашыруунун катышуучусу болгусу келишет.
- ИГИЛди түзгөндөргө ал кандай пайда берет?
- Эсхатология деген түшүнүк бар. Бул акыр замандын келишинин кабарын билгизген түшүнүк. Ошондой белгилердин бири Иса пайгамбардын кайра жаралуусу жана улуу согушка жетектеп барган Махдинин пайда болушу деп айтылат. Ал согушта мусулмандар жеңет деп айтылат. Менимче, ИГИЛ долбоорунун артында бир гана геосаясый максатты көздөгөндөр эмес, эсхатологиялык максатты көздөгөн үчүнчү күчтөр турушу мүмкүн. Алар мусулман журтчулугун ошол айтылган нерсеге ишендирип, баарын ушул уюмга чогултуп туруп айтылган божомолду, тарых нугун буруп ийүү аракетин көрүшү мүмкүн. Анткени Ислам халифаты деп аталган бурмаланган аракеттерди көргөн жасалма уюм аркылуу чыныгы исламды жек көрүүгө алып келүүгө түрткү болгусу келишет. Алардын корккону, мусулмандар илгертен айтылган чыныгы халифатка кошулуп кетпесин дешкени. Ошол себептен алдын ала өздөрү башкарган жасалма халифат түзүп жатышы мүмкүн. Ал эми бул уюмга кошулуп жаткандар, ошол халифат курулуп жатат деген ойдо кошулуп жаткандар.
- Ислам дини жөнүндө сөз болуп, беш убак намаз окуган адам арабдардай болуп кийинип жүрүшү керек деген талаш башталганда сизди көпчүлүк заманбап эле кийинип жүрөт деп мисал келтирип жүрүшөт. Ислам дини негизи тышкы келбетке кандай шарттарды караган?
- Ислам дини - бул чыныгы демократия. Мусулман баласы төрөлгөндө эле эркин укуктарга ээ болуп төрөлөт. Хадистерде айтылат, адамды намаз оку, мындай бол, тигиндей бол деп кыйнай албайсың. Антип кыйнаган да кабыл болбойт. Адам качан гана даяр болгондо өзү чын дили менен көңүл коюп беш убак намаз окуп жана башка эрежелерди сактап калат. Ал эми кийим боюнча айтсам, авраат деп коет, уяттуу жерлерин жаап кийинсе кандай гана кийим болбосун кийгенге боло берет. Эркектин аврааты киндигинен баштап тизесинин ылдый жагына чейин болот. Ошол жагы сөзсүз жабылуу болуш керек. Аял кишинин аврааты билегинен өйдө бетинен башка эч жери көрүнбөшү керек. Аял кишилерге кийим кийүү жагы кичине кыйыныраак. Анткени дайыма эл алдында бетинен башка жагын көрсөтпөй жүрүшү керек. Бирок ал сөзсүз түрдө хиджап же паранжа болушу шарт эмес. Заманбап кийимди кийип, мойнуна шарф ороп, бетинен башка жагын жаап жүрсө деле боло берет. Мисал үчүн кыргыздын улуттук кийимдеринин баары эле авраатын жаба турган кийимдер. Байкасаңыздар, башка диндерде деле сыйынуучу жайларга барган аялдар жоолук салынып, узун юбка кийип уяттуу жерлерин жаап барышат. Алардын диний кызматкерлери деле мусулман эркектериндей сакал өстүрүп, уяттуу жерлерин жаап кийинишет. Биздеги туура эмес маалымат алган адамдар өзүнүкүн таңуулашып ушундай пикир жаратып салышкан. Эгер пайгамбарыбыз биздин заманда жашаса ал деле биздей эле кийинмек. Анткени хадисте айтылгандай, адам кийими менен башкалардан өзгөчөлөнбөшү керек. Ал кезде арабдар ошондой кийингендиктен, пайгамбар эл сыяктуу кийинген. Бүгүн пайгамбар тирүү болгондо костюм-шым кийип, галстук тагынышы деле мүмкүн болчу. Мен Иорданияда мусулман өлкөсүндө окугам. Ал жакта арабдардай болуп узун кийинип, бирок христиан динин кабыл алгандар деле бар болчу. Индия, Малайзия деген өлкөлөрдө деле жалпы улуттук кийим болгон арабдардыкына окшогон кийимди кийип башка диндерде жүргөндөр толтура. Андыктан кийим маселесинде сөзсүз түрдө ушундай кийинүү керек деген түшүнүк туура эместигин айта кетейин.
Негизи ислам дини ар бир улутка жараша, анын каада-салтын бузбай аралашып кете турган ийкемдүү дин. Мисалы, ислам дини улууларды сыйлоого тарбиялайт. Кыргызда илгертен улууларды сыйлоодо оң колду көкүрөккө коюп учурашуу, улуулар келгенде тура калуу сыяктуу өзүбүзгө таандык учурларыбыз бар. А башка улуттарда улууларды сыйлоонун дагы башкача көрүнүшү бар. Бул деген исламда негизги максат сакталып, улуттун өзүнүн өзгөчөлүгү, каада-салты бузулбай уланаарын далилдеп турат. Биз ушундай түшүнүксүз, талаш-тартыш учурларды элге кеңири туура жана жалпак тил менен жеткирүү максатында ушул айдан тарта "Умма" деген журнал чыгара баштадык. Үч айда бир чыкчу бул журнал аркылуу биз карапайым калкка ислам дининин жалаң жакшы жактарын чагылдырып, түшүнүксүз, талаш-тартыш маселелерди туура чечмелеп берүүгө аракет кылабыз деп турабыз. Азырынча бул журнал биздин демилгебиз менен жеке каражатыбызга чыгып жатат. Балким кийин демөөрчүлөр чыкса кеңири тарай баштайт. Бул журналда биз көбүрөөк эксклюзивге көңүл бурабыз. Мисалы, Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров менен маек, Россиянын муфтиятындагы белгилүү инсандар, араб өлкөлөрүнүн жашоосу, кыскасы, кыргыз ММКлары кеңири орун бербеген маселелерге көңүл буруу каралган.
- Дагы бир маанилүү нерсе, кээ бир майрамдарды мусулмандар майрамдабаш керек деген маселе талаш болуп келет...
- Бул маселе көбүнчө жаңы жыл боюнча козголот. Айрым христиан дининдегилер деле бул майрамды майрамдашпайт. Бул язычниктердин майрамы болуп саналат. Мусулмандардын атайын майрамдары бар. Эмне себептен биз пасханы майрамдабайбыз? Анткени ал диний майрам. Ошол сыңары диний эмес, расмий майрамдарды майрамдоого уруксат. Мисалы, Сауд Арабиясында деле мамлекеттин күнү белгиленет. Ошол сыңары жалпы мамлекет майрамдаган майрамдарды майрам катары кабыл алууга уруксат берилет. Бирок жүрөк менен кубанып кабыл ала турган, Алла Таалага шек келтире турган майрамдарды белгилөөгө тыюу салынат.

Кудрет ТАЙЧАБАРОВ