presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Чолпонбектей бийчи чыгаар бекен...

Кыргыз балет жылдызы, айтылуу балет бийчиси Чолпонбек БАЗАРБАЕВди тааныбагандар аз болсо керек.


Ал 1949-жылы Нарын облусунун Кочкор районундагы Чолпон айылында туулган. 1967-жылы М.Күрөңкеев атындагы музыкалык жана хореографиялык окуу жайын бүтүп, 1993-жылга чейин А.Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театрынын солисти, генералдык директору, 1993-96-жылдары Кыргыз Республикасынын Маданият министри, 1996-жылдан тарта КР Билим берүү, илим жана маданият министринин биринчи орунбасары, ошол эле учурда Кыргызстан театр ишмерлер союзунун жетекчиси болуп иштеген. Чолпонбек Базарбаев улуттук жана классикалык бийдин техникасын мыкты өздөштүрүү менен балет спектаклдеринде ар кыл мүнөздөгү образдарды психологиялык жактан терең ачып берген. Кыргызстан Ленин комсомолу, эл аралык "Мин Ои" (Япония, 1995), эл аралык Ч.Айтматов атындагы сыйлыктардын лауреаты, КР эл артисти, СССРдин эл артисти. Чолпонбек Базарбаев балет өнөрүндөгү жигиттердин арасынан жалгыз СССРдин эл артисти наамын алган атактуу балет бийчиси болгон. Анын операдагы ар бир ийкемдүү кыймылы, ар бир окуяга байланыштуу каармандардын кулк-мүнөзүн өзгөчөлөнтүп, кандай гана роль болбосун аны ушунчалык ишенимдүү ачып берчү.
Анын өзгөчөлөнгөн талантын көргөн Орусия Федерациясынын президентинин маданият боюнча кеңешчиси Михаил Швыдкой эскерүүсүндө Чолпонбек Базарбаевди "Бийдин кудайы" деп баасын берген. Чолпонбек Базарбаев жубайы Надежда менен 8 жашында таанышып, экөө М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайында бирге окуп, кийин баш кошушкан. Надежда анын талантын учурунда баамдап, өмүр бою жубайы эле эмес, насаатчысы катары да көп милдет өтөгөн.
Замандаштары
эскеришет
Чолпонбек Базарбаевдин замандаштарынын эскерүүсүнө көңүл бурсак ал балет өнөрүндөгү зор чеберчиликке, атак-даңкка талыбаган эмгеги, өжөрлүгү менен жеткен. Чолпонбек өтө эмгекчил болчу. Бий дегенде жанын дагы аячу эмес, ичкен ашын жерге койчу. Репетиция учурунда алка-шалка тер кетип абдан татаал кыймылдарды тынбай кайталап, оор партияларды аткарганга аракет кылчу. Анын артистиги дагы күчтүү эле.
Айтылуу бийчи Айсулуу Токомбаева Чолпонбек Базарбаев экөө 1966-жылдан баштап 1987-жылга чейин опера жана балет театрында бирге өнөктөш болуп бийлеп, далай ролдорду дүйнөлүк сахналарга алып чыгып, убагында чолпон жылдыздай жанышкан. Алардын акыркы гастролу Филиппиндин борбору Манилада австриялык композитор Людвиг Минкустун "Баядерка" спектаклин бийлөө менен аяктаган эле.
Чолпонбек Базарбаев дайыма кабагым-кашым дебеген жайдары мүнөзү, тамашакөйлүгү менен жоро-жолдошторунун арасында дагы кадыр-барктуу болгонун, досчулукка бекемдигин азыркыга чейин замандаштары эскерип келишет.
Чолпонбек Базарбаевдин бир тууганы, учурда КР Социалдык өнүктүрүү министри кызматын аркалаган Кудайберген Базарбаев агасын эскерди:
- Негизи байкемдин туулган күнү 4-февраль. Жыл сайын туулган күндүн урматына опера жана балет театрында ар кандай иш-чараларды өткөрүп турабыз. Былтыр опера балет театрында балет искусствосу боюнча эл аралык фестиваль өткөрүп, чет өлкөдөн бийчилер келип катышты. Чолпонбектин артында анын жолдогон окуучулары, шакирттери калды. Бир тууган инисинин эки баласын байкем кичинекей кезинде эле балетке алып келип үйрөткөн. Ошол балдардын бири азыр Испанияда, экинчиси Владивостокто алдыңкы бийчилердин катарын толуктайт. Ал эми өзүнүн небереси болсо Бишкектеги хореографиялык окуу жайында окуйт.
Үй-бүлөдө сегиз бир тууган элек. Тилекке каршы, экөө илгери эле каза болуп калгандыктан эң улуубуз Чолпонбек байкем эле. Биздин атабыз Базарбай 1910-жылы туулуп, 1940-жылы Базар-Коргондо райОНОдо иштеп жүргөндө согушка чакырылган экен. 1946-жылы согуштан келгенде аны билимдүү кызматкер катары Нарындын Кочкор районуна элдин билимин өркүндөтүү үчүн РайОНО кылып жиберет. Ошол жерден биздин апабыз Самара менен таанышып Чолпонбек байкем Чолпон айылынан төрөлгөн экен. Кийинчерээк атам кызмат абалына байланыштуу Ат-Башыда, Чүй, Токмок, Кочкордо иштеп калды.
- Чолпонбек ага кантип балетке барып калган?
- Атамдын кызмат абалына байланыштуу Ат-Башыда жашап жүргөнбүз. Ошол кезде Фрунзеден жаш таланттарды издеп айылга комиссия келет. Алар байкемдин искусствого шыктуу экенин байкап, алып кетели дешкенде атам жибербей койгон. Экинчи жолу комиссия дагы келет да, байкемдин шыгы бар экен деп айтып аны алып кетели дегендиктен апам ортого түшүп, акыры жиберишкен. Анын бийге шыгы, таланты болгону менен бою кичирээк эле. Эгер бир жылдын ичинде боюң өспөсө анда окуудан чыгарабыз дешкен. Бирок бир жылдын ичинде Чолпонбек байкемдин бою 17 сантиметр өскөн.
Окуу жайды аяктагандан кийин театрдагы ошол кездеги белгилүү чоң балет бийчилери, артисттери менен атаандашып бийлеген. Анын бийлегени өзгөчө эле...
Бир тууган катары айтсам анын мүнөзү алтын эле. Кары-жашка кичипейил, ким болсо дагы колунан келген жардамын аябаган жоомарт, бирөөнү кемсинтмек түгүл үнүн чыгарып, катуу айтпаган өтө маданияттуу адам болгон. Үй-бүлөдө эң улуусу болгондуктан бизди окутуп жашоого жол көрсөткөн ошол байкем болгон. Туугандардын, таякемдин балдарынын баары байкемдин үйүндө өскөнбүз. Бир убакта он беш кишиге чейин эки бөлмө үйүндө жашаганыбыз эсимде. Жеңебиз Надя да кабагым-кашым дечү эмес.
Тилекке каршы, ал 2002-жылы 53 жашында жол кырсыгынан каза болду. Анын артында эки баласы калган. Улуусу Нурлан, экинчиси Таалай. Байкем каза болгондон кийин уулу Нурлан да кайтыш болуп калды. Хореографиялык окуу жайда окуп жаткан кыз Нурландын кызы.
Экинчи уулу Таалай дипломат болуп эмгектенет. Индияда, Англияда элчиликте иштеп келди.
Жеңебиз Надежда тува улутундагы айым. Абдан түшүнүктүү, кыргызча түш жоруйт. Жеңем да балетте иштеген. Экөө училищада бир партада отуруп, бирге окушкан. Жеңем да абдан тырышчаак, таланттуу эле. Бирок экөө үйлөнүп, баш кошкондон кийин жеңем байкемдин өсүшүнө өзүн арнап койгон. Ал байкем үчүн өзүнүн карьерасына чекит койгон. Антпесе Надя жеңем да балетте биртоп чоң ийгиликтерге жетише алмак.
Чолпонбек Базарбаев атындагы балет өнөрүн өркүндөтүү боюнча атайын фонд ачканбыз. Азыр бул фонд балет искусствосундагы пенсиядагы адамдарга жана окуу жайдагы алдыңкы бийчилерге стипендия төлөп турат.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА











??.??