"Агым", 13.03.15 "Атамбаевдин бийлиги Акаев, Бакиев жолоюна түштү"
Жарым жылдан бери "Маалымат KG" сайтынын жетекчиси, журналист Дайырбек ОРУНБЕКОВ "жалган маалымат таратты" деген кине боюнча бийлик менен соттошуп келет. Ал азыркы өз абалы боюнча төмөндөгүдөй пикирин билдирди.
- Чубактын кунундай чубалган сотуң аягына качан чыкчудай болуп турат? Дегеле бул сот тууралуу окурмандарга кененирээк маалымат берсең?
- Мага карата 2014-жылдын 29-октябрында Башкы прокуратура тарабынан "жалган маалымат таратты" деген шылтоо менен Кылмыш-жаза кодексинин 329-беренеси менен кылмыш иши козголгон. Буга менин "Отунбаева көз жумуп, Атамбаев эске албаган Ош коогалаңына качан саясый баа берилет?" деген аталыштагы макалам себеп болгон. Ал макалада 2010-жылдагы Ош жана Жалал-Абаддагы кандуу июнь коогалаңына убактылуу өкмөт күнөөлүү деп тийиштүү маалымат булактарындагы жарыяланган маалыматтарга таянып жазгам. Бул макаламда ВВС сайтына чыккан кыргыз-өзбекти чабыштырган, негизги күнөөкөр деп аталган сепаратист Кадыржан Батыровдун берген маегине анализ кылгам. К.Батыров берген маегинде июнь коогалаңынан кийин "Атамбаев Кадыржан аке азырынча сыртка чыгып туруңуз, жашай турган жериңиз жок болсо Москвадагы квартирама барыңыз, а болбосо Түркиядагы үйүмө жашаңыз" деп айткан" деген маалыматты айтып жатат. Мен ушуга, убактылуу өкмөт жана учурдагы бийлик Ош коогалаңына Кадыржан Батыровду күнөөлөйт. Бирок анын чыгып кеткенине Атамбаев жардам бергенин Батыров өзү айтып жатат. Демек, Ош коогалаңына Атамбаев жана убактылуу өкмөттүн да тиешеси бар экен да деген ойду айткам. Бул ойду мен гана эмес, бир канча адамдар да айтып келген. Экинчиден, дагы бир Странгер деген сайтка Ө.Текебаев, А.Атамбаев жана К.Батыровдун сүйлөшүүсү деген стенограмма жарыяланган. Ал жерде үчөө сүйлөшүп, берки экөө Кадыржан Батыровго түштүк аймакты автономия кылып беребиз деп убадалап атканы бар. Ал үчүн жаңжал чыгаруу керектигин пландашып, Атамбаев деп аталган стенограммадагы адам "5-6 келесоо өлүп калса эч нерсе болбойт, кийин акча төлөп берип коебуз" деп айтканы бар. Мен ушул булакты да өзүмдүн жазган макалама колдонгом. Мына ушуларды негиз кылып бүгүнкү бийлик мага куугунтук кылып, негизсиз кылмыш ишин ачып жатат. Эгер ал маалыматтар туура эмес болсо, анда эмнеге Башкы прокуратура ВВС менен Странгер сайтына чара көрбөйт?
- Жалган маалымат таратып, менин абийириме шек келтирип жатат деп сотко Атамбаев же Текебаев арыз менен кайрылдыбы?
- Кызыктын баары мына ушул жерде болуп жатпайбы. Эч кимдин арызы жок. Болгону Лейла Саралаеванын "Жаңы жүздөр" деген гезитине Анара Юсупова деген жасалма атка жамынган журналист мага карата сын материал жарыялап, ал жерде "Дайырбек Орунбеков убактылуу өкмөттү негизи жок каралап, Атамбаевдин абийирине шек келтирип жатат, ошол себептүү аны камаш керек" деген таризде макала жазган. Ал макаланы Атамбаев окуп, анан Башкы прокуратурага Орунбековго чара көргүлө дегендей кат жиберет. Атамбаевдин "салам катын" алган Башкы прокуратура мага эч кимдин арызы жок, Башмыйзамдын принциптерин тебелеп, мыйзамды одоно бузуу менен кылмыш ишин козгоп, тергөөнү УКМКга өткөрүп берген. УКМК чала-була териштиримиш болуп ишти Биринчи май райондук сотуна 26-январда өткөрүп берген.
- Соттук териштирүүдө сени камакка алынсын деп жазган Анара Юсупова сотко келдиби?
- Анара Юсупова деген журналист жок. Ал Лейла Саралаеванын псевдоними деп ойлойм. Күбө катары суракка чакырылган Лейла Саралаева да келген жок, кийин түшүнүк кат жазып "биздин почтага Анара Юсупова дегенден ушул макала келген экен чыгарып койгонбуз. Анараны тааныбайм жана көргөн эмесмин" деп күбө өтүүдөн баш тартты.
- Конституциялык палата 329-берене менен журналисттерге кылмыш ишин ачууга болбойт деген чечимин чыгарды эле, буга сот эмне деп жатат?
- Ушул чечимге таянып жана козголгон кылмыш ишинин негизсиз экенин, менин макаламда келтирилген маалыматтар алгач башка булактарда жарыяланганын эске алып, менин жактоочум сотту кыскартуу тууралуу өтүнүч келтирген. Бирок сот муну канааттандырган жок. Менин ишимди карап жаткан сотко биз ишенбөөчүлүк келтирдик, учурда сот убактылуу тыным алды. Кийинки сот апрель айынын башында же марттын аягына белгиленет.
- Аслан Сартбаевдин камакка алынышы боюнча эмнелерди айта аласың?
- Башканы билбейм, бирок Аслан Сартбаев убагында бакиевдик режимге каршы күрөшкөн, азыркы бийликте отурган Атамбаев баш болгон бир канча саясатчыны гезити аркылуу колдоп, акыйкаттык орносо экен деген инсандардын бири болчу. Кийин бул бийлик да жарытпай, элге кыянатчылык кыла баштаганын катуу сынга алып, чындыкты жазган курч журналист катары жеп-ичкич, коррупционерлердин түн уйкусун бузуп жүргөн. Эми Четимбаев деген досу экөөнүн ортосунда чыккан достук чырын шылтоо кылып, аны камакка алып, коркунучтуу кылмышкердей СИЗОдо кармап жатканы абдан кейиштүү. Четимбаев тосмо арыз жазса да аны камакка кармап отурганы Аслан Сартбаевге карата болгон бийликтин журналистти коркутуу аракети.
- Азыр бийлик "Вечерний Бишкекти" да басып алууга аракет кылууда, бул боюнча жеке пикириң?
- "Вечерний Бишкекти" рейдерлик жана үстөмдүк менен тартып алуу аракети коомчулуктун абдан кыжырын келтирип жатат. 2010-жылдагы бийлик басып алуу алдында азыркы бийлик сөз эркиндигин биртоп саясый очко катары пайдаланып, Бакиевдин бийлиги бир катар басылмаларга куугунтук кылып жатат деп көздөрүнө жаш алып айтышчу. Эми өздөрү да ошол Бакиевдин кетирген катачылыгын ашыра кайталап, сөз эркиндигине доо кетирип, жарандардын демократиялык укуктарына чек коюп жатышат. Тилекке каршы бул бийлик да өткөнүн унутту.
- Эгер журналисттерге ушундай кысымдар күчөй берсе, анын жыйынтыгы сенин оюңча кандай бүтөт деп ойлойсуң?
- Акаев, Бакиев дагы бийлиги кулаар алдында журналисттерге жана ММКларга катуу чабуул жасап, сындагандарды жок кылууга ашыгып калган. Бул бийлик да ошолордун кадамы менен бара жатат. Эгер булар да эсине келип, сындагандарды сындырганга шашылбай, кайра ошол сын менен түзөлөлү десе дурус болмок.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА