газета "Агым" на кыргызском языке • №10, 13.03.15. • "Агым" гезити, кыргызча...
Оп, майда
Абдыкапаровдуку али алдыда

Экс-Башпрокурор Аида Салянова кызматынан ана кетет, мына кетет болуп жатканда анын жолдошу Бакыт Абдыкапаровго "Тазалык" ишканасынын жетекчилеринен бирөөлөр менен келишип алып ири суммадагы пара алган деген айып менен кылмыш иши козголгон эле. Бул иш боюнча Бакыт Абдыкапаров суракка чакырылганда Аида айым жолдошунун буга тиешеси жок экенин, ал жөн гана күбө катары чакырылганын коомчулукка билдирген. Андан бери прокурор айымдын жолдошу тууралуу түркүн кептер айтылып, анын акча жегени чын экен деген имиштер да жайыла баштаган. 10-мартта Башкы прокуратура Бакыт Абдыкапаровго козголгон кылмыш иши Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна жолдонгонун кабарлады. Райондук сот канцеляриясы болсо аталган иш келип түшкөнүн тастыктап, бирок аны кайсы судья качан карары азырынча белгисиз экенин билдирди. Б.Абдыкапаров буга чейин убактылуу камалып, өлкөдөн сыртка чыкпоо тил каты менен кое берилген болчу.


Беларустар Кыргызстанда тергешет

Белоруссия Тергөө комитети Минскиде өлтүрүлгөн Алманбет Анапияевдин өлүмү боюнча кылмыш ишин иликтөө максатында Кыргызстанда тергөө жана процессуалдык иштерин жүргүзүүгө кызыкдар. "Тергөөчүлөр тарабынан кылмыштын мүмкүн болгон бардык версиялары ар тараптуу текшерилип жатат. Өлтүрүлгөн адамды жакындан тааныгандар, анын чөйрөсүнө аралашкандар суралууда. Ушу тапта беларусь укук коргоо кызматкерлеринин Кыргызстандагы тергөө иштерине катышуу маселеси каралып жатат. Муну ишке ашыруу максатында Тергөө комитети Кыргызстандын тиешелүү органдарына укуктук жардам берүү сунушун жөнөттү" делет Белоруссиянын Тергөө комитетинин интернет булактарына чыккан билдирүүсүндө.
Бирок 11-мартта болгон ИИМдин 2014-жылга жыйынтык чыгаруу жана 2015-жылга карата пландар боюнча жыйынында Ички иштер министри Мелис Турганбаев министрликке Минскиден эч кандай кайрылуу түшпөгөнүн билдирди. Ошондой эле министр ИИМ Белоруссиянын тийиштүү структураларына документтер пакетин жөнөтүшкөнүн, бирок алар алышпаганын билдирди. Министрдин айтымында, ИИМ азырынча кылмыш ишине күбө болгон Гүлжигит Абилазизовдун версиясы менен гана чектелет.
"Жаңы Агым" - пресс