Агым

п»ї
 
"Жаңы Агым" бейшембиде чыгат

"Жаңы Агым" гезитинин редакциясы өз окурмандарына мындан ары гезитте боло турган өзгөрүүлөрдү алдын ала кабарлап коюну чечти. Гезит кийинки жумадан тарта бейшемби күнү, 16 бет менен басылып чыгат. Телеканалдардын программалары мындан ары басылбайт. 16 беттен турган гезиттин бардык беттеринде өлкөбүздүн, дүйнөнүн булуң-бурчунан маалыматтар, коомдук турмуштун бардык тармагындагы жаңылыктар, көйгөйлөр окурмандарды тажатпай турган көлөмдө чагылдырылып турмакчы. Өлкөбүздүн бардык аймактарындагы окурмандарды да активдүү иштешүүгө чакырар элек.
Гезиттин мындай форматка өтүшүнүн бирден-бир себеби - экономикалык каатчылык, себеби гезит басылуучу кагаз, боек, башка керектүү шаймандын баары чет өлкөдөн келет. Жаңы жылдан тарта булар кескин кымбаттады. Ошондуктан гезиттин редакциясы да өз ишин азыркы шартка ылайыктоого аргасыз болууда. Окурмандар бул шартты түшүнүү менен кабыл алышат деген ишенимдебиз.


Эми өлбөдүкпү Гонконг эшек этине келишим түзбөптүр

Кыргызстанда союлган эшектердин учу кай жакка барып такалары азырынча белгисиз. Бишкек шаарына жакын Манас айылындагы сарайда эшектин эттери чыгары менен буга тиешеси бар "Кай-Тал" акционердик коомунун өкүлдөрү маалымат жыйын кылып, эттер түзүлгөн келишим боюнча Гонконгго Түркия аркылуу жөнөтүлмөктүгүн жар салып, эшек эти Кыргызстан ичинде таратылбаганын айтып чыгышкан. Атургай бул мекеменин өкүлү Марат Эркесариев "АКИpress" маалымат агенттигине шаршембиде Кыргызстандагы "Solax Trading Ltd" ЖЧКсы менен Кытайдын Гонконг шаарындагы "Quest Win Limited" компаниясынын ортосундагы келишимдин көчүрмөсүн да көрсөтүп жиберген. Бул келишим боюнча кыргыз компаниясы Гонконгго 24 тонна эт жөнөтмөк экен.
Ушул эле күнү аталган маалымат агенттиги "Quest Win Limited" компаниясына байланышып, компания буга чейин эч бир өлкөдөн эт импорттобогонун аныктаган. Компания өкүлү телефондон аталган компания уй териси менен гана иштээрин билдирген. Юстиция министрлигинин маалыматына таянсак, "Solax Trading Ltd" ЖЧКсынын кожоюндары Виктория Судемир менен Сердар Латыфсес. Түркиянын бир басылмасы бул эки адамдын "Себат" лицейинде эмгектенерин жазып, лицей өкүлдөрү ал басылманы сотко берүүдө.




 






??.??