"Агым", 27.02.15 "Каралар" кармашы
Алманбет Анапияевди ким өлтүрүшү мүмкүн?

Өткөн жума аягында кыргыз элинде буга чейин эки ача пикир жаратып келаткан "Алыш" бел боо күрөш федерациясынын президенти, Ички иштер министрлиги таасирдүү криминалдык авторитет катары издөөгө алган Алманбет Анапияевдин Минскиде мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү тууралуу маалымат тарады. Бул кабар тараганы эл арасында ал тууралуу кызуу талкуулар болуп, Алманбет өлгөн жок, бул жөн гана инсценировка дегендер да чыкпай койгон жок. Ал ортодо Алманбет Анапияевди ким өлтүрүшү мүмкүн деген суроо да ар кандай божомолдорду жаратып, анын өлүмүн айрымдар криминалдык топтордун таасир талашуусуна такаса, дагы бирөөлөр муну Медет Садыркуловдун өлүмүнө байланыштырып Анапияевди Жаныш Бакиев тындым кылдыртып коюшу мүмкүн дешүүдө. ИИМ болсо азырынча тергөөнү Белоруссия тергөө комитети жүргүзүп жатканына байланыштуу бул боюнча эч кандай маалымат бере албайбыз деп турат. Аталган комитеттин билдиришинче, 18-февраль күнү Минск шаарынын Карл Либкнехт көчөсүнөн "Мерседес" үлгүсүндөгү унаанын ичинен бычакталып өлтүрүлгөн адамдын денеси табылган. Өлгөн адамдын чөнтөгүнөн 1974-жылы туулган Россия жараны Шакиров Алмазбек Мийзамовичтин сүрөтүнүн ордуна Алманбет Анапияевдин сүрөтү чапталган паспорту алынган.

ИИМге ишенбегенде кимге ишенебиз?
КР Ички иштер министрлиги ойду-келди маалымат тарата бергидей оюнчук орган эмес. Ким болбосун бул органдын тараткан маалыматына ишенет. ИИМ да бир нерселерге таянып, факты, далил менен маалымат берет. Эми ошол ИИМдин Алманбет Анапияев тууралуу тараткан маалыматына токтололу. Эске салсак, ИИМ 2011-жылы Интерпол аркылуу Анапияевге издөө жарыялап, 2013-жылы ИИМдин Уюшкан кылмыштуу топко каршы күрөшүү башкы башкармалыгы (ГУБОП) анын кылмыштуу иштери боюнча маалымдама тараткан. Маалымдамада "1974-жылы туулган Ош облусунун Алай районунун тургуну, ага чейин криминалдык чөйрөдө аты чыгып калган Алманбет Анапияев 2000-жылы кримлөгү Камчы Көлбаевге колдоо көрсөтүп, Рысбек Акматбаевге кол салуу үчүн курал таап берген. Кийин өз таасирлерин кеңейтүү үчүн Көлбаев, Анапияевдер өз тобуна криминалдык репутациясы бар жаштарды тартышып, ишкерлерди коркутуу, барымтага алуу, каракчылык кол салуулар, тоноо, контрабандалык иштерди жүргүзүү жана башка оор кылмыштар менен криминалдык таасирлерин кеңейтип, кылмыштык кирешелерин көбөйтүп турушкан. Андан ары А.Анапияев Көлбаевдин түштүк регионундагы өкүлү болуп дайындалып, ал жакта анын таасирин кеңейтүү менен аталган кылмыштуу топту байыта баштаган. Киреше табуу максатында ал жеке өзү Хорог-Ош маршруту аркылуу Батыш өлкөлөрүнө кетүүчү наркотрафикти "смотрящий" Болот Маматов (кличкасы "Поке"), Ош облусу жана Ош шаары боюнча "смотрящий" Кадырбек Досонов ("Дженго") жана Жалал-Абад облусундагы "смотрящий" Канат Сыдыковдор аркылуу көзөмөлдөп турган. (ГУБОПтун маалымдамасында бул "смотрящийлердин" кылмыш иштери да саналып өткөн) Анапияевдин тобу казино, ресторан, көңүл ачуучу клубдардан, эс алуучу жайлардан салык чогултуп, мүлктөрдү, объектилерди басып алууларды активдүү жүргүзүп турушкан" деп жазылат. Буга улай эле ГУБОП бул маалымдамада Алманбет Анапияевдин Бакиевдер менен да тыгыз байланышта болгонун ачыктаган. "Агитациялык иш-чараларды колдоо үчүн ар кандай криминалдык кызматтарды көрсөтүү менен Анапияев Бакиевдердин айланасындагы чиновниктердин ишенимине кирген. Акыры Анапияев менен Мамлекеттик кайтаруу кызматынын экс-башчысы Жаныш Бакиевдин ортосунда ажырагыс достук союз түзүлгөн. Буга далил катары Анапияевдин каракчылык кол салуу, адамдарды барымталоо, адам өлтүрүү фактылары (Лейлек, Ош шаарындагы жатакана) боюнча кылмыш жоопкерчилигинен кутулганын мисал кылууга болот. Буга албетте, Жаныш Бакиев шарт түзүп берип турган. Анапияевдин криминалдык ишин колдогон айрым коррупцияланышкан чиновниктер аны спортко аралаштырышып, акыры ал "Алыш" федерациясынын президенти болуп калган. Муну менен алар Бакиев башкаруусун колдогон формалдуу эмес уюм түзгүлөрү келген" делет маалымдамада. Ошондой эле бул документте Анапияевдин июнь окуясындагы криминалдык иштери да көрсөтүлгөн. "Алынган маалыматтар боюнча А.Анапияев июнь окуясында оор кырдаалдан пайдаланып коркутуу жолу менен жабырлануучулардын үйлөрүн, мүлктөрүн башка адамдарга каттаттырган. Ошондой эле ал элдин кымбат баалуу машинелерин тартып алып Тажикстанга саткан. Бул тууралуу кезинде Тажикстандан тартип сакчылары оперативдүү маалымат беришкен. Кийин мындай документи, номуру жок машинелер экстремисттик маанайдагы топтор көзөмөлдөгөн райондорго жиберилери анык болгон. Ошондон улам Анапияевдин Афганистандагы, Тоолуу-Бадахшандагы экстремисттик топтор менен байланышы бар деген тыянак чыгарууга болот" деп айтылат ГУБОПтун маалымдамасында. ИИМдин бул маалымдамасынан соң Анапияевдин адвокаттары министрлик эч далилсиз эле Анапияевди кылмыштуу топтун мүчөсү кылып жатканын айтышып, нааразычылыктарын билдирген. Буга удаа эле айрым ММКлар аркылуу А.Анапияев өзү интервью берип, кылмыштуу чөйрөгө эч кандай тиешеси жок экенин айткан. Бирок ал айтылгандар мыйзам чегинде далилденген эмес.

Жаныш жайладыбы же Батукаев бастыбы?
Анапияевдин өлүмүн учурда кримлөк-төрү Азиз Батукаев менен Камчы Көл-баевдин тирешүүсүнө да байлагандар бар. Анткени Азиз Батукаев Кыргызстандан кеткен соң анын ишин "Карышкыр", "Сакал" аттуу каймана аттары бар адамдар улантып келаткан. 8-февралда дал ушул "Сакалдын" тобу менен Алмамбет Анапияевдин "Чач" деген криминалдык лидеринин балдары Москвада атышып кетишкен. Бул окуяда бирөөлөр жарадар болуп, адам өлүмү да болгонун Россия ИИМи маалымдаган. Ошого байланыштуу криминалдык териштирүү болуп, Батукаевдин адамдары Анапияевди жок кылып коюшу мүмкүн деген да версия бар.
Ошондой эле ИИМ жума башында Анапияевдин жансакчысы, анын өлүмүнө шектүү делген Гүлжигит Абилазизов суракта Анапияевди Рустам Сайдуев менен ГУБОПтун экс-жетекчиси Айбек Абдразаков өлтүрүшү мүмкүн экенин айтканын билдирди. Эске салсак, бул эки адам тең Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча айыпталгандар жана Жаныш Бакиевдин бир кездеги жан-жөкөрлөрү. Демек, ГУБОПтун эки-үч жыл мурунку Анапияев менен Жаныш Бакиевдин байланышы бар деген билдирүүсү жөн жерден чыккан эмес. Анүстүнө ошончо мамлекеттин ичинен Анапияев Бакиевдер жүргөн Белоруссияга, болгондо да Минск шаарына неге барды? Бул суроонун артында да чоң табышмак жаткандай. Себеби Анапияев буга чейин Дубайда эмес эле Минскиде жашап турган деген маалыматтар да бар. Дагы бир маани берүүчү жагдай, Анапияев паспортун алып жүргөн Алмазбек Шакиров Баткен шаарынын тургуну. Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчисинин орунбасары Элдияр Убалиевдин айтымында, 2014-жылы апрель айында А.Шакиров паспортумду жоготуп алдым шылтоосу менен Баткен паспорт үстөлүнөн экинчи паспортун алган. А мурдагы жоголгон паспорту менен Алмазбек Шакиров россиялык паспортун алыптыр. Так ошол россиялык паспорт менен Анапияев Россиядагы бизнестерин каттатканы айтылууда. Паспортун, аты-жөнүн Анапияевге бере салгыдай Шакиров деген ким? Көрсө, Шакиров илгери эле Анапияевдин Москвадагы кылмыштуу тобунун мүчөсү катары каттоого алынган экен. Ошол себептен жаңы жыл алдында россиялык полиция Шакировду профилактикалык суракка чакырган. Демек, Алманбет Анапияев "пластикалык терезе чыгарып эле" Дубайда жаткан эмес.

Акты ак, караны кара эле дейличи
Албетте, Алманбет Анапияевди Манас бабабызга чейин теңеп, жерге-сууга тийгизбегендер Кыргызстанда жүздөп, миңдеп саналат. Анткени акыркы жылдары Анапияев өзү Камчы Көлбаевдей акталам деген ой менен кайрымдуулук иштерин жасап, жетим-жесирлерге, кары-картаңдарга жардам берип, мечит, көпүрөлөрдү курдуртуп, ММКлар аркылуу өзүн чыныгы мекенчил кыргыз уулу катары көргөзгүсү келген. Азыр да Анапияевди баатыр эсептеп, аны мамлекеттик деңгээлде акыркы сапарга узатуубуз керек дегендер чыгууда. Кезинде Баяман Эркинбаев, Рысбек Акматбаев, Санжар Кадыралиевдерди да ушинтип баатыр кылганбыз. Бирок алар өз ажалы менен эмес криминалдардын колунан өлүм тапты. Демек, алар өз аракеттерине жараша жооп алышты. Таба эмес, тобо. Айрым кесиптештер баатыр кылган Анапияев криминал эмес, ак эмгеги менен акча тапкан катардагы адам болсо аны ким бычактап өлтүрмөк эле?! Кылмыш дүйнөсү деген кылмыш дүйнөсү. Ага бир аралашкан адам миң агаргысы келсе да оңой менен андан таза чыга албайт. Буга көп эле кылмыш өкүлдөрүнүн жашоосу, өмүрү, өлүмү далил.
Буга чейин Анапияевди Малик Осмонов, Тынчтык Шайназаров, Улукбек Кочкоров сыяктуу депутаттар актоо үчүн Президентке да кайрылуу жолдошкон. Айрым депутаттардын ал кайрылууга кол коерун коюп алышып, кийин "мен байкабай коюп алыпмын" деп актанып жиберишкени да бар. Азыр канчалык аны баатыр кылбайлы, болор иш болду. Крим чөйрөнүн өз мыйзамдары мурдагыдай эле жүргүзүлө берет. Болгону биз криминалды криминал деп, бизнесменди бизнесмен, спортчуну спортчу дегенге көнсөк жакшы болор эле.
Сөзүмдүн аягында жөнөкөй эле суроо койгум келет. Эгер Анапияев таза, элин ойлогон бизнесмен болсо АКШ неге аны "Братский круг" аталган евразиялык кылмыштуу тобуна кошту? Эмнеге өзү далалат кылып эл аралык спорт түрүнө кошкусу келген бел боо күрөшүн алдыга жылдырып, анын үзүрүн көрө албай киши колдуу болду?

Мелис СОВЕТ уулу