"Агым", 27.02.15 Сууң болбосо соолуйсуң
Төрт айылдын көйгөйүнө айланган суу сактагыч

Акыркы жылдары өлкөбүздөгү кургакчылык, сугат суунун жетишсиздиги дыйкандарыбыздын үнүн кудайга жеткирүүдө. Мындай оорчулукту жон териси менен сезип, талаа менен малдын көзүн караган Тоң районуна караштуу айыл тургундары баары бир ооздон белгилешти. Себеби, райондогу 1972-жылы ишке берилип, бир нече айылды сугат суусу менен камсыздаган Төрт-Күл суу сактагычы толук иштебей келет. Тактап айтканда, анын сыйымдуулугу 1 миллион 412 миң куб метр сууну батырууга ылайыкталса, бүгүнкү күндө ага болгону 600-700 миң куб метрдей суу гана толтурууга мүмкүн болуп калган. Анткени анын түбүнө көлөмү 500 миң метр куб тегерегиндеги баткак агып кирип, сыйымдуулугу азайган. 6-7 жыл мурда өкмөт тарабынан бөлүнгөн каражатка анча-мынча тазалоо иштери жүргүзүлүп, суу сактагыч 10 миң куб метр чөгүндүдөн гана арылтылган. Ал эми ири көлөмдөгү ишти жасоого каражат табылбай, Тоң, Төрт-Күл, Күн-Чыгыш жана Болот Мамбетов айыл аймактарынын 4300 гектар айдоо аянттарын сугат суу менен толук камсыздоого мүмкүн болбой калган. Бул тууралуу айыл тургундарынын барбаган жери калган эмес. Бир гана "Кумтөр" ишканасы көйгөйдү чечүүгө каражат бөлүп, техникаларын жөнөтүп, 28-январдан бери суу сактагычты тазалоого киришкен. Буга чейин жарытылуу жардам чыкпай, жаздан күзгө чейин суу талаш менен күн өткөрүп келе жатышканын айткан Төрт-Күл айыл аймагынын башчысы Канатбек Арпачиев "бизге караштуу 2200 гектар айдоо жери бар. Суу сактагычты толтуруш үчүн Тоң, Күн-Чыгыш айыл аймактары менен суу талашабыз. Ошондуктан суу сактагычтын мааниси абдан чоң. Анын учурунда тазаланып жатканы абдан жакшы болууда. Анткени мөңгүлөр азайып баратат, суу тартыш. Азыр биринчи сугатка жете турган сууну толтуруп алсак, жазында коңшу айылдар менен суу талашпай калабыз" дейт.

Чыгымга учураган дыйкандар эгин айдоону азайтышкан
Айылдыктардын айтымында, суу сактагыч чөгүндүгө толуп калгандыктан, анда топтолгон суу биринчи сугатка жетпейт. Кайра толтуруп алууга убакыт болбойт. Анткени жогору жактагы айылдардын сугатынан суу ашпай калат да, суу талашып чырдашканга чейин барышат. Ары тартышып, бери тартышып отуруп, биринчи сугаты тээ июнь айына чейин созулуп кеткендиктен эгин кеч себилип, кээде бышпай чыгымга учураган айылдыктардын арманын түшүнсө болот. Мындан улам, дыйкандардын көбү эгинди, жашылчаларды экпей, суу азыраак талап кылган чөп өстүрүүгө аргасыздан өтө башташкан. Былтыр биртоп жерлер айдалбай бош калган.
Быйыл суу сактагыч тазаланып, ага 1 миллион кубдан ашык суу топтолот деген үмүттө турган айыл башчысы "суу жок жаман. Уруш-талаш. Эми суу сактагыч тазаланып жатканы көйгөйдү чечет деген үмүт бар. "Кумтөргө" жана анын кызматкерлерине ыраазыбыз. Мындан сырткары ишкана көптөгөн айыл өкмөттөрүнө техникаларды алууга, мектептерди, бала бакчаларды, спорттук комплекстерди куруп, оңдой турганын оңдоп, абдан көп жардам берүүдө. Эмне кем карчыбыз болсо, кайрылсак кол сунушат. "Кумтөрдөн" бөлүнгөн каражаттар кайда, канча жумшалганын толугу менен элге ачык-айкын маалымдалып турат. Мына ушундан улам каражаттар максаттуу жумшалып, иштер бүткөнүнө күбө болгон элде нааразычылыктар жок" деген кебин айтты.

Былтыр чөп жок, азабын быйылкы жылы тартуудабыз
Өткөн жылы талаадагы чөбүн өз маалында сугарууга мүмкүн болбой, өстүргөн бедеси ойдогудай болбой калган Төрт-Күл айылынын тургуну Урматбек Турдуманов "суу маселеси былтыр абдан курч болду. 1,5 гектар аянттагы бедемди эки сапар гана сугарууга мүмкүн болду. Биринчи чабыктан болгону 100 гана түк беде алсам, экинчи чабыгынан 80 түк чыкты. Мурда 150дөн жогору түк жыйнап алчумун. Чөп да тартыш болуп, анын баасы да ушул күнгө чейин кымбат болуп, мал-жандууларга кыйын болуп жатат" дейт.
Айылдыктардын көйгөйлөрүн чечүү милдетин мойнуна алгандардын бири Төрт-Күл айылдык кеңештин төрагасы Акимжан Анарбеков "Кумтөр" ишканасына ыраазычылык билдирип өттү. Ал "көйгөйдү чечүүнүн жолун издеп көп жерлерге кайрылдык. Биздин үнүбүздү "Кумтөр" ишканасы уккан экен, минтип чоң жардам көрсөтүп жатат. Бардык керектүү техникаларын бир күндүн ичинде эле алып келип, кечки саат алтыда жумушту башташкан. Буюрса тазалоо иштери аяктап калды. Түнкүсүн уктап жатып албай кезектешип иштеп жаткан кызматкерлерге да рахмат. Айылыбызга көрсөткөн жардамы үчүн ишканага ыраазычылык гана айтабыз" дейт ал.

Абай Алыкулов




Майрамдык салтанат
Эр жигиттер эсен болсун!
23-февраль Ата мекенди коргоо күнүндө борбордо аскерлердин салтанаттуу жүрүшү болуп өттү. КР Куралдуу күчтөрүнүн Генштабынын башчысы Асанбек Алымкожоев башында турган бул жүрүшкө үч жүздөн ашуун аскер кызматкерлери катышты.


Мекен сакчыларынын майрамы 21-февраль күнү эле башталды. Ушул күнү Т.Абдумомунов атындагы кыргыз драмтеатрында аскерлердин салтанаттуу жыйыны болуп өттү. Генштабдын башчысы Асанбек Алымкожоев кызматынан өзгөчөлөнгөн, башкаларга үлгү көрсөткөн аскер кызматкерлерине ыраазычылык билдирип, "Аскердик эрдиги үчүн", "Аскер кызматындагы өзгөчөлүктөр үчүн" деген дипломдор менен бирге акчалай сыйлык, кымбат белектерди тапшырды.
22-февраль дем алыш күн болгонуна карабай "Жеңиш" аянтынын айланасында чогулган шаар тургундары арбын. Жоокерлердин жөө жүрүшүнө күбө болгусу келгендер таң эрте чогулушуптур. Эртең менен саат он бирде Бишкек гарнизонунун толук курамы Манас проспектисинен тарта Фрунзе көчөсү менен салтанаттуу жүрүштөн өтүштү. Түшкү саат бирде 300дөн ашуун аскер "Жеңиш" аянтына келип өчпөс отко гүлчамбар коюшту. Мекенчил ырлар менен коштолгон жүрүш "Ала-Тоо" аянтынан жыйынтыкталды. Мекен сакчыларынын күнү менен аскер кызматкерлерин Коргоо министри Абибилла Кудайбердиев, Генштаб башчысы Асанбек Алымкожоев куттуктап, алар өз сөзүндө мекендин тынчтыгы, коопсуздугу, келечеги катардагы жоокерлердин колунда экенин баса белгилеп, мындан ары да мыкты көрсөткүчтөрдү күтөрүн билдиришти.


Анара ДҮЙШӨНАЛИЕВА